ЖАМУнун жыйырманчы жазы

  • 22.04.2013
  • 0

ЖАМУнун жыйырманчы жазы

Жалал-Абад мамлекеттик университети КР Президентинин Указы менен 1993-жылы 2-апрелде түзүлгөн. 1993-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Токтомунун жана Билим берүү министрлигинин 15-майдагы буйругунун негизинде университет болуп уюшулган. Анын түзүлүшү өзгөчө тарыхый мааниге ээ. Анткени окуу жайдын курамына 1926-жылы ачылган СССРге белгилүү Кыргызстандагы эң алгачкы орто окуу жай катары эсептелип келген А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайы, 1947-жылы түзүлгөн жалпы Союздук масштабда белгилүү болгон Жалал-Абад зооветеринардык техникуму, Фрунзе политехникалык институтунун 1963-жылдан бери иштеп келе жаткан Каракөл жана 1981-жылы түзүлгөн Таш-Көмүр шаарларындагы кечки факультеттери, 1984-жылы түзүлгөн Кочкор-Ата электрондук жана 1965-жылы түзүлгөн Майлуу-Суу шаарындагы Электромеханикалык техникумдары кирген. Ошондуктан университет облустагы өзүнүн тарыхы бар, улуттук уникалдуу материалдык, рухий баалуулуктарга ээ, педагогикалык салттары бар эң алгачкы окуу жайы болуп калган. Окуу жайдын ачылышы аймактагы көп улуттуу элдердин уул-кыздарынын, жалпы эле илим-билимге ынтызар жаштардын жогорку билимге жетишүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди.

ЖАМУ ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮНҮН 20-ЖЫЛЫНДА

ЖАМУ жыйырма жыл ичинде чоң тагдыр жаратуунун башатында турду десек жаңылыштык болбос. Аны турмуш өзү далилдеп келе жатат. Жыйырма жыл! Муну атоо оңой болгону менен эмне деген окуяларды, эмгекти, сыноону, өзгөрүүлөрдү, кайра түзүүлөрдү, жаратууну, өнүгүүлөрдү ичине камтыды.

Азыркы шартта билим берүүнүн максаты жана маңызы базар экономикасынын мамилелери менен аныкталып баратат. Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы бул принциптин бардык инсандарга бирдейлигин далилдөөдө. ЖАМУ азыр студенттердин саны, күч кубаты жагынан республикадагы алдыңкы беш университеттин катарына кирет. Биздин ураан: «Сапаттуу билим берүү». Университеттердин арасында атаандаштыкта өз ордубузду ээлеп, алдыга озуп чыгуу. Биздин студенттер олимпиада, конференцияларды, «Студент жазы», «КВН» өңдүү конкурс, фестивалдарда, спорттук таймаштарда байгелүү орундарды алышат, илимий изилдөөлөргө активдүү катышышат. Университет Европалык университеттер менен тыгыз кызматташат: окутуучулар, аспиранттар, студенттер Европадан стажировкадан өтүүдө, алардын профессорлору бизге келип лекция окушууда.

Окутуунун сапатын камсыз кылууда китепкананын жана окуу залдарынын ролу чоң экендиги талашсыз. ЖАМУнун борбордук китепканасы курамына кирген окуу жайлардын китепканаларынын негизинде борборлоштурулган китепкана болуп түзүлгөн. Алгачкы китеп фонду 11148 даананы түзгөн болсо, азыркы учурда университеттин китепкана маалымат борборундагы фонддо 700 миңге жакын китеп бар. Анын негизги бөлүгүн окуу китептери түзөт. 2006-жылдын 1-сентябрынан бери китепкана Бишкектеги И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин китепканалары менен биргеликте, Евросоюздун TACIS программасынын бюджетинен каржыланган «Кыргызстандын университеттик китепканаларынын арасында китепкана-маалымат ресурстарынын тармактарын бириктирүү» Эл аралык биргелешкен Евродолбоорго катышып иш алып барат.

Учурда ЖАМУда 13 миңден ашуун студент, 700дөн ашуун профессордук-окутуучулук курам иштейт. Алардын ичинен штаттагы илимдин докторлору – 15, илимдин кандидаттары 100дөн ашуун. Адистерди даярдоодо: жогорку билимдүү 53 адистикте; орто билимдүү 18 адистикте жүргүзүлүүдө. Университетте 10 факультет, алты колледж жана эки институт ийгиликтүү иш алып барууда. ЖОЖдогу чыныгы окутуучу ар кандай тажрыйбалардан маңыздуу идеяларды бөлүп алып, стандарттуу эмес маселелерди чечүүгө аракеттенип, улам алдыңкы педагогикалык ачылыштарга жиреп кирип, чыгармачылык менен пайдалануунун үстүндө иштөөгө умтулган, ар тараптан өнүккөн инсан болушу шарт. Студенттерди, деги эле жаштарды илимий ишке тартуу, конкреттүү айыл, эл чарба көйгөйлөрүн чечүүгө түздөн-түз катыштыруу биздин учурдагы милдетибиз. Илимий-техникалык прогрессти тездетүүдө тиешелүү интеллектуалдык база даярдоо учурдагы негизги талаптардын, милдеттердин бири.

ТАЛАП ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКИРЕТ

Алдыга коюлган милдеттерди кагаз жүзүнөн, оозеки жүзүнөн иш жүзүндөгү реалдуу көрүнүшкө айлантыш үчүн күрөш, азыр активдүү түрдө жүргүзүлүүдө. Бирок ошол тарыхый, социалдык-экономикалык эл чарбалык мааниси өтө чоң милдеттерди жогорку окуу жайларынын илимий потенциялын толук пайдаланмайынча, айрыкча, жаштардын, студенттердин илимий чыгармачылыгын жаңы сапаттык деңгээлге көтөрмөйүнчө турмушка ашыруу кыйын маселе экендиги талашсыз.

Кептин нугун педагогикалык багыттагы адистиктердин студенттерине буруп, ошол багыттагы жогорку окуу жайларындагы илим-изилдөөнүн өзгөчөлүктөрүн эске салууга өтсөк. Бул максатта ЖАМУда 2012-жылы «Билим берүүнүн көйгөйлөрү жана эл эңсеген жаңы муун» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болгон. Мындай конференциялар жыл сайын апрель, май айларында өткөрүлөт. 2012-жылкы конференцияга катышуучулардын географиясы өтө кеңири болгондугун белгилөөгө болот. Нарын мамлекеттик университетинен п.и.д., профессор Т.Сияев баштаган окумуштуулар командасы, Талас мамлекеттик университетинен г.и.к., доцент Г.Донбаева баштаган, ОшМУдан б.и.к., доцент А.Таджибаев жетектеген, КУУдан п.и.д., профессор Ж.Чыманов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, студенттер, баардыгы болуп 300гө чукул адам катышкан. ЖАМУдан п.и.д., профессор С.Токтогулов, б.и.к., доцент Б.Турдубаева, п.и.к., доцент Ж.Аванова, ага окутуучулар К.Ураимов, А.Термечиковалар бүгүнкү күндүн талабына ылайыктуу илимий баяндамаларды жасашты. Белгилей кетчү нерсе, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү техн.и.д., профессор Б.Исмаилов жана п.и.д., профессор Т.Сияев учурдагы, билим берүүдөгү эң керектүү болгон, актуалдуу илимий баяндамаларды жасашкан.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан алынган билим берүүнүн эки баскычтуу системасын киргизүү жөнүндөгү саясий чечими — ЖОЖдордогу башкаруу системасын өзгөртүү, окутуу-тарбиялоо процессин жаңыча уюштуруу, тиешелүү материалдык-техникалык базаны түзүү жана башка маселелерге көңүл бурууну талап кылат. Студенттин адис катары калыптануусунда комплекстик (философиялык, социалдык, педагогикалык, психологиялык) анализди талап кылгандыктан, жогорку окуу жайдын ички чөйрөсүн Болон системасынын шартында долбоорлоо, ишке ашыруу, өркүндөтүү проблемалары боюнча иштерди жүргүзүү милдети турат. Адистин кесиптик маданиятын, жекече өсүү мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга шарт түзүүчү, ЖОЖдун ички чөйрөсүн долбоорлоодо, илимий-методикалык негиздерди түзүү зарыл экендиги эске алынат. Чынында илим — акыл-эстин шам чырагы, билим булагы. Ааламдаштыруу доорунда жаштардын билим алуусу, тарбиялануусу, окутуунун натыйжалуулугу, сапаты түздөн-түз мугалимдин кесиптик жактан илимий-методикалык даярдыгына байланыштуу. Заман талабына ылайыктуу адисти тарбиялоого, билим берүүгө арналган «ЖАМУ инновациялык өнүгүүнүн 20-жылында» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция 26-апрелде өтөт. Ал Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 20 жылдык мааракесине арналат.

ИЛИМ — АКЫЛ-ЭСТИН ШАМ ЧЫРАГЫ

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ачылышы республиканын түштүк аймагында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө жакшы шарт түзгөн. ЖАМУга чакырылган илимдин докторлору жана кандидаттары, университеттин алгачкы илимий иштер боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор С.Кыдыралиевдин жетекчилиги менен аймактын актуалдуу маселелерин, темаларын аныкташып, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү багыттарын уюштурушкан. Андан кийин илимий иштер боюнча проректор болуп, техника илимдеринин доктору, профессор У.Чотонов, техника илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Б.Боркоев, медицина илимдеринин доктору, профессор Ш.Сулаймановдор да алгылыктуу иштерди алып барышкан. 2005-2009-жылдары илимий иштер боюнча проректорлук кызматта техника илимдеринин доктору, профессор А.Каримов иштеген. 2009-жылдан бери айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Т.Аманкулова илим-изилдөө жана гендердик саясат проректору болуп иштеп келе жатат.

Биздин максат – илимий-практикалык, маданий жана нравалык деңгээли бийик, жогорку квалификациялуу кесип ээлерин даярдоо. Албетте, мындай кадрларды даярдоо үчүн окутуучуларыбыз, алардын жетекчилери жана башкаруу системасынын адамдары жогорку билимдүү гана эмес, сөзсүз илимий даражалуу болуусу зарыл. Учурда ЖАМУдагы бардык окутуу структураларында, аспирантурада илим-изилдөө иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары илимий изденүүчүлөр, илимий чарба келишим менен иштегендер, эл аралык долбоорлорго катышкандар, жеке гранттар менен иштегендер бар. Демек, ЖАМУнун профессордук-окутуучулук жамааты толук илимий иштер менен алектенишет.

Мамлекеттин каржылоосу менен (ГАНИС, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Инновация жана илимий-техникалык маалыматтар башкармалыгы) он эки жылда ЖАМУ тарабынан 4,7 миллион сомдук илим изилдөө иштери аткарылган болсо, 2012-жылы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржылануучу Илим жана инновациялар башкармалыгы менен түзүлгөн келишимдин негизинде беш миллиондон ашык суммадагы акча каражаты каралган. Университет боюнча жети темада 122 адам илимий иш аткарууга тартылган, 2013-жылга тогуз темадагы илимий долбоор министрликке жөнөтүлгөн.

1994-жылы ЖАМУда 16 адистик боюнча аспирантура бөлүмү ачылган. 2012-2013-окуу жылында аспирантуранын күндүзгү бөлүмүнө эки, сырттан окуу бөлүмүнө тогуз аспирант, сегиз изденүүчү кабыл алынды. Бүгүнкү күндө аспирантуранын күндүзгү бөлүмүндө 10, сырттан окуу бөлүмүндө 34, өз алдынча изденүүчү 63, бардыгы болуп 107 аспирант-изденүүчү илимий изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Илим изилдөөчүлөргө республикадагы алдыңкы жогорку окуу жайлардын профессорлору, академиктери жетекчилик кылышат.

ЖАМУнун жыйырманчы жазы

Президент Алмазбек Атамбаевдин Жалал-Абад мамлекеттик университетине барган учуру

ЖАШ ОКУМУШТУУЛАР — ЖАҢЫ АЧЫЛЫШТАРДЫН ЭЭЛЕРИ

ЖАМУнун аспиранттарынын, изденүүчүлөрдүн, кызматкерлердин жана студенттердин илим изилдөө иштерин уюштуруу жана багыттоо максатында Илимий-техникалык кеңеш иш алып барат. Кеңеште диссертациялар, илимий эмгектер талкууланып, докторанттардын, аспиранттардын, изденүүчүлөрдүн отчеттору каралып, курстан курска көчүрүлөт. 20 жыл ичинде илим жана аспирантура бөлүмүн техника илимдеринин доктору, профессор А.Аширалиев, ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент Э.Оганов, биология илимдеринин кандидаты, доцент Э.Алыбеков, физика илимдеринин кандидаты, доцент Г.Токоева, химия илимдеринин кандидаты, доцент Б.Эрназарова, биология илимдеринин кандидаты, доцент Ж.Орозбаевалар жетектешкен. ЖАМУда 20 жыл ичинде 16 докторлук, 88 кандидаттык диссертация корголгон. Жалпысынан 70тен ашык илимий-теориялык, илимий-практикалык конференциялар өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө бөлүмдү экономика илимдеринин кандидаты А.Карбекова жетектейт. Аспиранттар менен улуу окутуучу Р.Нусупова иш алып барат. Тарыхты карасак, 2000-жылы техника илимдеринин кандидаты, доцент К.Усенов жаш окумуштуулар жана студенттер арасында мыкты илим изилдөө иши үчүн КР Президентинин сыйлыгына жана III даражадагы дипломго ээ болгон. 2001-жылы техника илимдердин кандидаты А.Алибаев жана К.Усенов Кыргызстандын жаш окумуштууларынын арасында III даражадагы диплом менен сыйланышкан. 2002-жылы Астана шаарында Орто Азиянын пульмонологдорунун эл аралык конгрессиндеги «Жаш окумуштуулар» конкурсуна аспиранттар Н.Төрөева, А.Жуманалиевалар катышып, II даражадагы диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышкан. ГАНИС программасы боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү «Эң жакшы илимий иш» конкурсуна катышып, 2003-жылы техника илимдердин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Б.Боркоев, 2004-жылы химия илимдеринин кандидаты, доцент Б.Эрназарова Ардак грамоталар менен сыйланышкан. Ушул эле программа боюнча 2003-жылы медицина илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу А.Сулайманов Кыргызстандын жаш окумуштууларынын ичинен III орунга ээ болсо, 2005-жылы биология илимдеринин кандидаты, доцент А.Эгембердиева жаш окумуштуулар арасында 1-орунду алган. 2004-жылы аспиранттар Д.Канетова, С.Шараповдор илимий изилдөөдөгү жетишкендиктери үчүн «XXI кылымдын кадрлары» Президенттик билим берүү программасы боюнча Президенттик стипендияга жана дипломго ээ болушкан.

2009-2012-жылдары КР өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар (Кыргызпатент) тарабынан студенттер А.Мирзаилов жана Рустам уулу Ильясбек акчалай сыйлыкка ээ болушкан. 2010-жылдын 10-ноябрында Бишкек шаарында биринчи ирет «Кыргыз Республикасынын жаш окумуштууларынын I форуму» өтүп, ага профессор А.Аширалиев, ИИГС проректору Т.Аманкулова, Б.Эрназарова, А.Досбаев жана студенттер катышып, «Электр менен камсыздоо» кафедрасынын улуу окутуучусу А.Досбаев өзүнүн ойлоп тапкан конструкциясы боюнча жарманкеге катышып, «Ойлоп табуучу» катары КР 1-улуттук телеканалынан билдирүү жасады. Форумда ЖАМУдан «Эң мыкты илимий изилдөө иши» аттуу конкурстун негизинде жеңүүчү деп табылган химия илимдеринин кандидаты, доцент Б.Эрназарова КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасына, энергетика жана транспорт факультетинен Б.Белекова, Б.Белековдор КР Жаштар министрлигинин Ардак грамотасына татыктуу болушкан.

ОКУУ ЖАЙДЫН ОЙЛОП ТАПКЫЧТАРЫ

2011-жылдын 3-4-ноябрында “Кыргызпатент” жана “GLOBAL” фонду уюштурган «Борбордук Азияда технологиялык ишкердикти өнүктүрүү» аттуу семинарга ЖАМУдан техника илимдеринин доктору, профессор А.Аширалиев, химия илимдеринин кандидаты, доцент Б.Эрназаровалар сертификаттарды алышкан. 2012-жылдын 8-10-ноябрь күндөрү КР Улуттук илимдер академиясынын Технопаркында “Инновация — 2012” көргөзмөсү өткөрүлүп, ага ЖАМУдан биология илимдеринин кандидаты, доцент Ж.Орозбаева, техника илимдеринин кандидаты, доцент З.Раев, улуу окутуучу С.Боркошовалар катышып, техника илимдеринин кандидаты Р.Орозовдун илимий ойлоп табуусу жана С.Боркошованын биологиялык активдүү кошулмалары (тундурмалар, эритмелер жана жашартуучу маскалар) жогору бааланып, алар көргөзмөгө активдүү катышкандыгы үчүн Ардак грамота менен сыйланышкан.

Жаш окумуштуулардын арасындагы “Эң мыкты илимий иш” конкурсунун катышуучусу техника илимдеринин кандидаты З.Асиловага 2012-жылы “Академик У.Асаналиев атындагы сыйлыктын лауреаты” деген наам ыйгарылып, сыйлыкты КР УИА Президенти, комитеттин төрагасы академик А.Эркебаев өзү тапшырды. Окуу жайдан жыл сайын профессор-окутуучулардын, студенттердин илимий-изилдөө иштерин колдоо максатында 100 сомдон ашык каражат бөлүнүп турат. Окуу жайда «Эң мыкты илимий монография», «Эң мыкты илимий макала», «Эң мыкты окуу китеби», «Эң мыкты окуу-усулдук колдонмо», «Эң мыкты аспирант-изденүүчү» жана «Эң мыкты ийрим» конкурстары жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул конкурстун жеңүүчүлөрүнө 2012-жылдын 29-ноябрында өткөн Илимий-техникалык кеңештин чечими менен I орунга 5000 сом, II орунга 4000 сом, III орунга 3000 сомдон төрт номинация боюнча жеңүүчүлөргө 48 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Ошондой эле I орунду ээлеген жеңүүчүлөргө «Эң мыкты илимий монография» номинациясы боюнча А.Карбекова, «Эң мыкты илимий макала» номинациясы боюнча З.Сакбаева, «Эң мыкты окуу-усулдук китеп» номинациясы боюнча Т.Аманкулова, «Эң мыкты докторант, аспирант-изденүүчү» номинациясы боюнча А.Аскаровалар дипломдор менен сыйланышты.

Акунжан Абдрашев, 
ЖАМУнун ректору, саясий илимдеринин кандидаты, профессор, 
Эл аралык “Руханият” сыйлыгынын ээси

 

Куттуктоо

Урматтуу Акунжан Баказович!

Сизди жана Сиз жетектеген Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы жамаатын 20 жылдык мааракеңиздер менен чын дилден куттуктайбыз!

ЖАМУ түштүк жергесинде азыркы заман талабына жооп бергидей жогорку билимдүү кадрларды даярдап жаткан окуу жай катары кеңири таанымал болуп калды. ЖАМУ бүгүнкү күндө республикадагы интеллектуалдык, маданий, илимий борборлордун бирине айланганына баарыбыз күбөбүз. Анда окуган адистер өлкөнүн эл чарбасынын өсүп-өнүгүшүнө зор салымын кошууда.

Университет сапаттуу билим берүү үчүн эл аралык мамилени кеңейтип, жаңы маалымат технологияларын, окутуунун эң алдыңкы усулдарын киргизип, илимий-изилдөө иштерин да жигердүү жүргүзүп жатканына кубанабыз.

ЖАМУнун 20 жылдык мааракеси эки эселенген жоопкерчиликти арттырып иштей турган мезгилге туш келип олтурат. Буга чейинки жетишкен ийгиликтер менен эле чектелбестен, окуу жайы мындан ары да жаңы бийиктиктерди багынта берет деп ишенебиз. 

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков,
Билим берүү жана илим министрлигинин
статс-катчысы К.ШАДЫХАНОВ

Урматтуу Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жамааты!

Урматтуу Акунжан Баказович!

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитети сиздердин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 20 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайт.

Жалал-Абад өрөөнүндө өзгөчө тагдырга, тарыхка ээ болгон чоң суунун башталышынан сызып чыккан кичинекей булак сыңары, университеттин түптөлүү башаты Кеңеш Өкмөтүнүн алгачкы жылдары башталган. Тарыхка көз чаптырсак, ЖАМУга 90 жыл болду десек дагы туура болчудай. Себеби 1923-жылдары түптөлгөн Жалал-Абад педагогикалык окуу жайы азыркы университетибиздин пайдубалынын негизги бөлүгү болуп саналат.

КР Президентинин указы менен 1993-жылы апрель, май айларында түзүлгөн университет өзүнө камтыган өрөөндөгү бир нече окуу жайлар ЖАМУнун пайдубалын түзүп, алар дагы кыргыз элине зор кызмат кылгандыгы белгилүү, мына ошол окуу жайлар жасап кеткен баалуу иштерди татыктуу улап кете алдыңыздар. Окуу жайдын ачылышы өнөр жайлуу областагы көп улуттуу элдердин уул-кыздарынын, жалпы эле илим-билимге ынтызар жаштардын жогорку билимге жетишүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди.

 Кыска убакыттын ичинде университеттин мезгил талабына ылайык адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгү артып, профессордук-окутуучулук илимий потенциалы, окутуунун техникалык каражаттар жана жабдуулар менен камсыз болушу кескин жогорулап, алдыңкы окуу жайлардын катарына кошулду.

Урматтуу Акунжан Баказович, Сизди жана Cиз жетектеген педагогикалык жамаатты университеттин 20 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап, келечектин жаш адистерин даярдоодо албан-албан ийгиликтерди, кажыбас кайраттуулукту каалап, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү университеттин илимий-окутуучулук курамы зор ийгиликтерди жаратат деген ишеничтебиз.

Сиздерди урматоо менен,

А.Токтогулов,
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы,
Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы

 

Урматтуу Акунжан Баказович!

Кыргыз билим берүү академиясынын эмгек жамааты Сизди жана Сиз аркылуу Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эмгек жамаатын сүйүктүү окуу жайыңыздардын чоң мааракеси менен чын дилден куттуктайбыз!

Кыргызстанда билим берүү системасында өз орду жана аймактык билим берүүдө өзүнүн заманбап сапаттуу билим берүүсү менен өзгөчөлөнгөн окуу жайлардын бири – Жалал-Абад мамлекеттик университети экендиги талашсыз. Бүгүнкү күндө университетте ондогон илим докторлору жана кандидаттары чыгармачылык менен иштеп жаткандыгы кубандырат.

ЖАМУда КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен 16 адистик боюнча аспирантура бөлүмү ачылганы да жакшы жөрөлгө. Анда жүздөн ашык аспиранттар, изденүүчүлөр илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, кандидаттык, докторлук иштерин ийгиликтүү жактап, илимпоздордун катарына кошулууда. Атап айтканда, 20 жыл ичинде 17 докторлук, 90 жакын кандидаттык диссертациялар корголгону — университет үчүн чоң жетишкендик.

Урматтуу Жалал-Абад мамлекеттик университеттин жамааты, Сиздерди университеттин түзүлгөнүнүн 20 жылдык, окуу жай катары түптөлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеңиздер менен дагы бир ирет куттуктайбыз! КР Президентинин Өнүгүү стратегиясынын приоритеттүү багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн мындан ары да жемиштүү эмгектене берүүңүздөргө тилектешпиз!

Сиздерди терең урматтоо менен,

Кыргыз билим берүү академиясынын эмгек жамаатынын атынан КББАнын президенти А.Мамытов,
Профкомдун төрагасы С.Субанов.

Поделиться

Комментарии