УЛУТ СЫЙМЫГЫНЫН УЛУУ СЫЙЛЫГЫ

  • 24.07.2015
  • 0
УЛУТ СЫЙМЫГЫНЫН  УЛУУ СЫЙЛЫГЫ

Республиканын билим берүү жана тарбия тармагынын жүз миӊдеген өкүлдөрү ушул жылдын күз айларында педагогика илимдеринин доктору, профессор, КРнын улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз билим берүү академиысынын академиги КРнын Эл мугалими Исак БЕКБОЕВДИН 85 жылдыгын белгилегени турганда улут сыймыгы болгон бул кайталангыс инсан дагы бир улуу сыйлыка татыктуу болуп олтурат. Илимий кадрларды максаттуу даярдаганы үчүн Россия табияттаануу академиясы (РАЕ) өткөн айда окумуштуулар кеӊешинин чечими менен Исак Бекбоевге төш белгисин жана анын дипломун тапшырды. Таза күмүштөн жасалган төш белгисинин салмагы да кыйла бардай. Буга кошумча “Илимий мектептин негиздөөчүсү” деген сертификат берилди. Исак Бекбоевичтин айтымында, буга чейинки алган сыйлыктары менен наамдары бир теӊ, мына ушул наам бир теӊ экен.

Арийне, Исак Бекбоевич тууралуу республиканын газета-журналдары абдан  эле көп жазышты, ал боюнча тартылган теле берүүлөр менен радио уктуруулар деле ондоп саналат. Бул ирет ошол жазылгандарды кайталабай, билим берүү менен илим, тарбия тармагында опол тоодой эмгек жасаган агайдын бейнесине айрым гана сүртүмдөрдү жасасак деген тилекти жетелендик, а экинчи жагынан, агайдын алдагы сыйлыгы тууралуу жаамы журтчулук али кабардар эмес.

Улуттук педагогиканын устаты, “мугалимдердин мугалими” атыккан, эми болсо “устаттардын устаты” деген сыймыктуу атка татыган бул инсан тууралуу мурда-кийин жазылгандарды: басма беттеринде жарыяланган макала, очерк, китепчелерди иргеп, ирээтке салсаӊ өзүнчө бир салмактуу томдук болчудай. Агай жөнүндө ким гана жазбады, анын шакирттеринин бири, профессор С.Байгазиевдин “Улуттук педагогиканын улуу устаты” аталыштагы педагогикалык портрети агайдын окумуштуулук да адамдык да бейнесин ачууда өзгөчө мааниге ээ. Мына ошондогу “Лектор И.Бекбоев угуучунун көзү менен” аталыштагы чакан бөлүмчөдө КРнын Эл мугалими Асан Заркуновдун эскергени (“Кутбилим” гезитинен) келтирилген. Макаласында автор “И.Бекбоевдей инсандан окуу, билим, тарбия боюнча омоктуу, даана айтылган ойлор менен кыябын келтире сүйлөй алган, кымындай да ашык, керексиз сөз катыштырбай, айтаарын кыска, нуска бере алган нагыз чеченди көргөм, берилип уккам. Сөздү адам сесимине жеткире, ынандыра сүйлөй алган, логикасы күчтүү, педагогикадан, дегеле бардык илимдер тармагынан өздөштүргөн маалымат-наамалары мол, тереӊ адамды көргөм, уккам. Өзүӊдөгү билимди ошо сүйлөгөн менен эле тыӊдап отурган адамынын акылына жуктура алган баа жеткис касиетин баамдагам… Менден билим, тарбия алган, мүлдө республикага белгилүү инсандар деле болду, алардын ичинде жаагын жанып, өзүнө магниттей тарта сүйлөгөн чечендер бар. Антсе да мага Исак агай эле жеткен чечен катары элестеп, ар качан жадымда”, — деп агынан жарылып эскерет. Өмүрүнүн алтымыш жылын билим берүү, тарбия ишине арнап, Эл мугалими наамына татыктуу болгон ошол Заркунов Асан агайды мен да билип, он беш жылдай пикирдеш, санаалаш болуп калдык эле. Элетте жүрүп алып эле балдарга арналган эки-үч китебин басмадан чыгарып, Тыныбек манасчынын варианты боюнча үч окуу куралын (мен бу кишини мектептен университетке тартып, илимий иштин темасын аныктап берген элем) жарыялап, соӊунда кандидаттык диссертациясын да коргогон. Эми ушундай өзү алда качан устат болуп калган агайды суктандырып олтурган Исак Бекбоев мугалимдердин мугалими, устаттардын устаты болбой анан…

Алтымыш жылдан ашыгыраак үзүрлүү эмгектенген И.Б.Бекбоевдин илимий ишмердүүлүгү (буга чейин ал мектепте иштеп баштаган) Кыргыз педагогика илим изилдөө институту, кийин Кыргыз билим берүү институту, азыркы Кыргыз билим берүү академиясы менен тынымсыз байланышта болду. Анын өткөн кылымдын элүүнчү жылдарынан баштап бүгүнкү күндөргө чейинки узак жылдар бою тынымсыз жарыялаган макалаларында педагогиканын, анын ичинде математиканы окутуунун актуалдуу маселелери: окутуунун практикалык баалуулугун өркүндөтүү; окутуу процессин турмуш менен, өндүрүш менен айкалыштыруу; окутуу процессин гумандаштыруу; инсанга багытталган окутуу теориясы; окутуудагы компетенттүүлүк мамиле; окутуунун жана тарбиялоонун заманбап технологиялары сыяктуу орчундуу маселелер системалуу мүнөздө чагылдырылат. Мына көп жылдар бою И.Бекбоев арасында болгон (90-жылдарга чейин жетектеген) окумуштуулар жамааты мазмуну менен формасы учурдагы илимдин өнүгүү деӊгээлине жана турмуштун талаптарына ылайык келген актуалдуу маселелерди чечүү, илимдин фундаменталдык түшүнүктөрүнүн системасын жана дүйнөгө нагыз илимий көз карашты калыптандыруу, окуучулардын өз алдынча иштөөсүн уюштуруу, предметтер аралык тыгыз байланышты камсыз кылуу, окутуу технологияларын жекелештирүү жана дифференцациялоо, билим берүү менен тарбия иштерин гумандаштыруу, аларды инсанга багыттап жүргүзүү сыяктуу иштерди жүргүзүп келет. Ие, жакшы жамаатын шарапаты шык берет эмеспи, Исак агайынын идеяларын ишке ашырган шакирттери, кесиптештери С.Байгазиев, К.Добаев, Э.Мамбетакунов, Ж.Байсалов, А.Муратов, С.Рысбаев, А.Алимбеков, К.Төрөгелдиева, С.Калдыбаев, М.Субанова, А.Абдиев, С.Иптаров, Б.Кособаева, М.Иманкулов, К.Жунушалиева, Д.Акматов, Ж.Дүйшеналиев, Б.Абдухамидова, Б.Мурзаибраимова, дагы ондогон шакирттери учурда да ийгиликтүү иштеп жатышат. Булардын ийгилигине Исак агайы дем, келечекке багыт көрсөткөн маяк сыяктуу.

Исак Бекбоев кыргыз педагогикасынын, дидактикасынын, математиканы окутуу методикасынын мектебинин негиздөөчүсү болуп калганына көп жылдар болду. Аталган тармак боюнча илимдин 9 докторун, 25 кандидатын даярдоо, жалпы билим берүүчү орто мектептердин математикасынын биринчи класстан тартып он биринчи класстарына чейинки окуу китептеринин автору болуу оӊой-олтоӊ жумуш болбосо керек. 700 термин-түшүнүктөн турган “Кыргыз педагогикалык энциклопедиясы” сөздүгүнүн алгачкы чыгарылышын уюштурган да ушул И.Бекбоев экендигин баары эле биле бербесе керек. Балким, агайдын талыкпаган окумуштуу, дасыккан устат катары уникалдуулугу мына ушундадыр, балким, улуу согуштун зардалы али таркай элек кезинде, 1948-жылы орто мектепти күмүш медаль менен аяктаганы, же болбосо, 1948-1952-жылдары студент Исак Бекбоев Сталин атындагы персоналдык стипендияга татыктуу болуп окуганы себеп болгон чыгар, балким, сырын чечип салуу кыйын. Илимий, педагогикалык, уюштуруучулук жана коомдук жумуштарды жуурулуштурган Исак Бекбоев “Ардак Белгиси”, “Манас” ордендери менен, “Даӊк” медалы менен, КРнын Жогорку Кеӊешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Түрк киноматографисттери улуу Осмон империясынын улуулугун даӊазалаган көп сериялуу фильм тартып, анысын “Даӊазалуу доор” деп аташыптыр. Жумуштан чарчап кечкисин үйүнө кайткан калк айлап ошол сериалды көрүп түгөткөнүнө аз эле убакыт болду окшойт. Жол энеси из болот деген накыл кепти эстеп көрчү. Жараткан жакшылыгын жалгап агайыбызга дагы он беш жыл өмүр берсе, артынан даӊазалуу из калтарган жүз жылдык өмүрү доор өлчөмүнө теӊелип, Исак Бекбоевдин билим берүү, тарбия тармагындагы даӊазалуу доору болмок… Ылайым, өмүр берсин…

А.Турдугулов,

Филология илимдеринин доктору, профессор, КРнын Эл агартуу отличниги

Поделиться

Комментарии