ТЫНЫМСЫЗ ИШ-АРАКЕТ — ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ

  • 26.02.2016
  • 0

Айтылуу акын, көрөгөч көсөм, олуя даанышман Арстанбек Буйлаш уулунун ысмын алып жүргөн Нарын шаарындагы №8 мектепте бүгүнкү күндө Усубалиев Ашырбек директор болуп үзүрлүү эмгектенүүдө. Ашырбек агайдын билим  берүү тармагында жасап жаткан эмгеги мактоого арзыйт. Анын билим берүү тармагында бел чечпей үзүрлүү эмгектенип келатканына 23 жылга аяк басыптыр. Аталган мектепке директор болуп дайындалганына бир жарым жыл толуп олтурат. Ал ушул кыска аралыктын ичинде мектептин инфраструктурасын толук оӊдоп, жаӊыртканга жетишти.

Жакшы жетекчи — жарым ырыс

 Ашырбек Усубалиев 1970-жылы Тянь-Шань районуна караштуу Миӊ-Булак айылында төрөлгөн. Аталган айылдагы Т.Байсалов атындагы орто мектепти жакшы окуп бүтүргөн соӊ, 1987-жылы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин көркөм графика факультетин ийгиликтүү аяктайт. Ортодо Советтик Армиянын катарында  да кызмат өтөйт. Алгачкы эмгек жолун 1993-жылы Нарын шаарындагы Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектепте мугалим болуп иштеп баштайт. Андан соӊ, мектептин чарба иштери жана класстан тышкаркы уюштуруу иштери боюнча да директордун орун басары кызматтарын ийгиликтүү аркалайт жана бул мектепте жалпы 19 жыл иштеп элге алынат. 2012-жылы Нарын районуна караштуу Миӊ-Булак айылындагы А.Тыныбеков атындагы орто мектепке директор болуп дайындалат. «Жакшыдан башчы койсо элди түзөтөр, жамандан башчы койсо элди жүдөтөр» дегендей, Ашырбек Усубалиев бул мектептин босогосун жаӊыдан аттаган мезгилде, мындан тээ 70 жыл илгери курулган мектептин жедеп эскилиги жеткендиктен темир мештери жылыбай, эшик-терезелеринен суук аркырап кирип, башталгыч класстын окуучулары менен мугалимдери сырткы кийимдерин чечпестен сабак окууга аргасыз эле. Мектептин ашканасы да эскирип, суу түтүктөрү иштен чыгып, тамак-аш бышырууга кыйынчылыктарды жаратып келген. Алгачкы жумушту эски мектептин ичине таза суунун түтүктөрүн киргизип, кафелдерди чаптап, Мерсико уюму менен алакалаш иш жүргүзүшүп, ашканага керектүү бардык жабдууларды алып келип орнотууга жетишкен.

Мектеп ишине ата-энелер да кол кабыш кылышат

 Директордун демилгеси менен айылга эмгеги сиӊген, көзүөтүп кеткен алдыӊкы адамдардын жана мугалимдердин ысымдарын унутпай эскерип жүрүүүчүн автордук кабинеттер да ачылган. Мыкты окуучуларга стипендия да берилип турат. Каникул учурларда жакшы окуган алдыӊкы окуучуларды областтын аймагындагы тарыхый-маданий жайларга экскурсияга алып барып, эс алуусуна ыӊгайлуу шарттар түзүлгөн. А.Усубалиевди убайымга салган көйгөй, мектептин жылуулук системасын кантип оӊдоо эле.   Себеби ошол учурдагы балдардын үшүп-шишип олтурган абалын көрүп туруп көз жумуп коюуга эч мүмкүн эмес болчу. «Көп түкүрсө көл болот» деп айтылгандай, алгач окуучулардын ата-энелерин чакырып, ийри олтуруп түз кеӊешип, болгон акыбалды көргөзүп түшүндүрөт. Ата-энелер жана эмгек жамааты да колдоо көргөзө башташат. Ата-энелердин күчү менен 200 миӊ сом акча каражатты топтоп,  күнү-түнү жапа тырмак иштешип, бир аптада жылуулук системасын толук жаӊыртып, салдырууга жетишет. Ошентип, кышкы каникул учурунда жумушту толук бүтүрүшкөн соӊ, ата-энелерди, коомчулукту   ачылышына чакырып, ысык класстарда тердеп олтурушуп, ырыс алды — ынтымакта экендигине ынанышат. Ал эми мектептин отканасына кандай гана сапаттагы көмүр болбосун жакса күйө берген жаӊы мешти орнотуп ишке беришет. Мектептин санитардык гигиеналык абалы да өтө начар акыбалда калган эле. Ошондуктан, автордук кабинеттерди ачып жатканда, демөөрчүлөргө мектептин терезелерин толук пластик койдуртуп, эшиктерин, парта, доскаларды да жаӊыларына алмаштыртып, ички жасалгаларын да заманбап кылып ремонттотуп алууга жетишет.

 Ага-Хан фондусуна жазган долбоорлору өтүп жалпы 700 миӊ сомго мектептин ашканасынын, спорт залдын, окуучулар кол жуучу жайдын жана 1-2-3-кабаттагы ички дааратканалардын канализация системасын жаӊы алмаштырып ишке беришти жана сыртка чыгуучу суулары да борбордук канализацияга кошулду. Окуучулар да жакшы ийгиликтерди жаратышып, республикалык олимпиадага катышышып, байгелүү алдыӊкы орундарды камсыз кылышууда.

Аракет кылсаӊ берекет

 Ашырбек Усубалиев мыкты уюштургуч жетекчи катары бир катар сыйлыктарга жана ардак грамоталарга да ээ болгон. КР «Билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгисинин ээси. Биз  А.Усубалиев менен жолукканда, ал төмөндөгүлөргө токтолду:

— Биздин мектепте 117 тажрыйбалуу мугалим  эмгектенет. Бүгүнкү күндө 1720 бала окууга тартылган. 760 бала эки нөөмөт менен ысык тамак ичип турушат. Мугалимдерибиздин арасында мыкты ийгиликтерди жаратышкандар да арбын. Жакында англис тили мугалими Абдыраева Жайнагүлдүн жазган долбоору ишке ашып, 1750 АКШ долларына 3 комплект теннис столу, 10 даана футболдук топ, 5 даана баскетбол тобу, 5 даана волейбол тобу, 20 даана тогуз коргоол тактасы жана 10 даана шахмат такталары алынып келинди.  Биздин мектеп өткөн кылымдын 1988-жылы салынып пайдаланууга берилгенден бери бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. Мына ушул көйгөйдү эске алуу менен билим берүү министрлигинин алдындагы «Курулуш жана инвестиция» департаментинен 15 млн. сомдук долбоорубуз өтүп, куруучулар келип иш башталып, кубанып жатабыз. Бул жумуштар график боюнча быйылкы жылдын апрель, май айларында толугу менен бүткөрүлүшү керек. 2010-2012-жылдары Германиялык техникалык борбордун колдоосу менен 16 миӊ долларлык жыгач иштетүүчү станоктор, столярдык жабдуулар алынып келинген. Азыркы тапта окутуучу мастерлердин жардамы менен окуучуларыбыз өз колдору менен жыгач буюмдарды, ар кандай оюнчуктарды жасашууда. Окуучулардын бирдей формага өтүүсү боюнча да, ата-энелердин демилгеси менен  жаӊы окуу формасы менен камсыз кылдык. Булардын арасында колдоого муктаж 30дан ашык баланы форма тиккен фирма менен сүйлөшүп, бекер  кийинтип алдык. Быйылкы 2016-жылды Президентибиз тарабынан «Тарых жана маданият» жылы деп жарыялангандыктан, биздин мектепке ысмы коюлган тарыхый улуу инсан Арстанбек Буйлаш уулунун өмүр таржымалын, басып өткөн жолун элге кеӊири таанытып жеткирүү максатында облустук деӊгээлде семинар-кеӊешмени өткөрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз, — дейт мектеп директору биз менен болгон маегинде.

Ушундан улам бийик тоолуу Нарындын мекенчил, ак жүрөк мугалимдеринин   иштерине ийгилик каалап кетели.

Кадыркул Бугубаев, Нарын областы 

 

Поделиться

Комментарии