ТУУРА ТААЛИМ – ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

  • 02.10.2015
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин III съездинин делегаттарынын бири Гапыр МАДАМИНОВ, Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназиянын деректири, курултайдын төрүнөн орун алган агай:

— Республика мугалимдеринин курултайы мыкты уюштурулду. Көптөгөн орчундуу маселелер каралды, жакшы ойлор айтылды. Мага да сөз беришти. Мен тарбиянын сапаты окутуунун сапатына, окутуунун сапаты сабактын деңгээлине, сабактын деңгээли мугалимдин ишине, мугалимдин кесипкөйлүгү студенттерге билим берүү сапатына көз каранды экендигине көңүл бурдум. Бул себеп-натыйжа байланышында баланын билим, таалим алуусу үчүн үй-бүлөнүн жоопкерчилигин өзгөчө белгилеш керек. Анткени эгер үйдөн билимге дилгирлик, устатка сый-урмат калыптанбаса, мектепте алтын баштуу академиктер сабак берсе да балдарга билим жукпай калышы мүмкүн. Ошондуктан үй-бүлөгө бүтүндөй коомчулук көңүл буруп, бала тарбиялоо маданиятын жайылтышыбыз керек.

Биздин Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназияда 19 жылдан бери Эне мектебин иштетип келем. Жыл сайын жыйырмадан окуп, азыркыга чейин 500дөн ашуун эне билим алып чыгышты бул мектептен. 60 сааттык атайын программа боюнча билим алган энелердин балдарынын тарбиясы да, билими да башкалардан кескин айырмаланат экен. Бир класстан 14 бала медакадемияга өткөн жыл да болду бизден. Бүтүрүүчүлөрүбүз Кыргыз-түрк «Манас» университетине, политехкежалаңбюджеттикорундарга, атүгүлЯпониянын, Германиянын, Американынж.б.  өлкөлөрдүнокуужайларынадаөтүпжатышат.

Съездде ата-энелер үчүн атайын гезит ачуу зарылдыгын айттым. Баланын инсан катары калыптанышы үй-бүлөдөн башталат эмеспи. Гигиена, адеп, сөз маданияты, дилгирлик, сергектик, боорукерлик, намыстуулук, жоопкерчилик – дегеле адам үчүн эң маанилүү сапаттардын баары бөбөк кезинде калыптана баштайт. Эгер ата-энелерге абдан пайдалуу, зарыл билимдерди кеңири жайылтып турсак, окуучулардын, студенттердин билими, таалими алда канча жакшы болору анык.

Эне мектеби боюнча сунушумду кесиптештерим жакшы кабыл алышты. Экинчи күнүөкмөт башчы Темир Сариев да бул идеяны жактырып, муну ар тараптан колдоо, бүтүндөй республикага жайылтуу керек деп сүйлөдү. Бул үчүн мен абдан ыраазы болдум. Дагы бир маселе – маалымат агымы күргүштөп каптап жаткан азыркы кезде балдарга баалуулук багытты туура бербей жатканыбыз. Ушул кенемтени толтуруу үчүн 1991-жылдан бери «Акылэмгегининмаданияты» дегенжаңысабактыкитебин, программасынжазыпкиргизип, гимназиядаокутупкелебиз. Булсабакдабалдарыбыздындүйнөтаанымынөстүрүүгө, билимсапатынжогорулатуугаөбөлгөтүзүүдө. Бирсөзменен айтканда, бул сабакта өздөштүрүлгөн көндүмдөр татаал билимдерди ырааттуу, оңой жол менен алууга, туура колдонууга жардам берет.

Мурдагы съездде да айттым эле, мугалимдер жөнүндө, бала тарбиясы, инсандын өсүшү жөнүндө фильмдерди көбүрөөк көрсөтүп, жаңы тасмаларды тартууга, теледен көрсөтүп турууга чакырар элем. Азыр көбүнчө зордук-зомбулукту даңазалаган, байдын, министрдин эсирген баласынын «махабатын» тамшанасүрөттөгөнфильмдержайнапкетти. Алэмиайылдагы, шаардагымугалимдинэмгеги, түйшүгүжөнүндө көркөм тасма жок бизде, Ч.Айтматовдун «Биринчимугалими» боюнчачыкканфильмденбашка.

Съездде бир нече жыл мурун берилиши токтоп калган «Элмугалими», «Эмгексиңиргенмугалим» наамдарынберүүнүжандандырууталабыдатууракоюлдудепэсептейм. БектурИсаков, Исак Бекбоев сыяктуу чыгаан педагогдорго Даңк медалын, Кыргыз эл баатыры наамын берсе, мугалимдердин кадыр-баркы, сөзүнүн таасири жогорулайт эмеспи.

Сөзүмдүн акырында ушул курултайды уюштурган өкмөтүбүзгө, министр Эльвира Сариевага, жалпы эле уюштуруу комитетинде чуркап иштегендердин баарына алыскы айылдардан келген мугалимдердин атынан терең ыраазылык билдирип, иштерине ийгилик каалайм. Өлкөбүздүн жалпы мугалимдерине, жаштарыбызга, ата-энелерге бардык жакшылыктарды тилейм. Окуучуларыбыз, студенттерибиз ыймандуу, акыл-эстүү, өз ишинен баар тапкан кесипкөй инсандар болушун каалайм.

— Эне мектебин уюштурууңузга каржылык колдоо көрсөткөндөр барбы?

— Бул мектепти коомдук негизде, б.а. бекер уюштуруп келем. Июнь айында 12 күн ичинде 60 сааттык окууга энелерди чакырабыз. Акырында экзамен тапшырып, ошондон кийин балдарын гимназияга өткөргөнгө укук алышат. «Ата-энелер, сиздерүчүн» китебин 2000-жылыжаздымэле, былтырэкинчибасылышычыкты. Азыркыкездевице-премьер-министрДамираНиязалиева, Оштунвице-мэриИльичбек Салиев колдоп, бул китептин нускасын көбөйтүп, республикадагы бардык мектептерге, ата-энелерге жеткирүү маселесин карап жатышат.

 Ж.Турдубаев

Поделиться

Комментарии