ТАЛАНТТУУ МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

  • 01.04.2016
  • 0

Кыргыз Республикасынын Тарых жана маданият жылына жана республикалык «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын 2 жылдыгына арналган «Мугалим — коомдун күзгүсү — 2016» кароо-сынагы жыйынтыкталып, өлкөнүн төрт бурчунан келген чыгармачыл мугалимдердин таланттуулары алдыга суурулуп, баалуу белектерге татышты. Сынактын «Улут жүзү» номинациясын жана бай байгени Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, жаш акын Максат Жангазиев жеӊип алды. Ал 400 долларлык телевизор, Lion дүкөнүнөн үч миӊ сомго бут кийим алууга чек жана «Мугалим» журналынын диплому менен сыйланды.

Окурмандардын эсине сала кетсек, «Мугалим — коомдун күзгүсү — 2016» республикалык кароо-сынак мугалимдер арасында  өткөрүлдү.  Сынактын  максаты —  чыгармачыл мугалимдерди табуу жана аларды жалпыга таанытуу менен аларды жаштарга үлгү катары көрсөтүү; өнөрлүү, таланттуу мугалимдерди колдоо, жаӊы кесиптештерди табууга   жана тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүү; республикадагы чыгармачыл мугалимдерди топтоо жана аларды «Мугалим»  илимий-педагогикалык журналынын «Таланттар» рубрикасына чагылдыруу; мугалимдик кесиптин ар тараптуулугун жана кызыктуулугун арттыруу жана мугалимдик кесипти даӊазалоо, мугалимдердин аброюн, кадыр-баркын көтөрүү, улуу кесипке жаштарды тартуу жана кызыктыруу болду.

Сынакка интеллектуалдык потенциалы бийик, сымбаттуу, келбеттүү, жылдыздуу, таланттуу, ар тараптан өздөрүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланган, ажарлуу, төгөрөгү төп келген мугалим айымдар жана мырзалар катышып, ар бири өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ар бир катышуучунун интеллектуалдык деӊгээлине, өнөрүнө, чыгармачылыгына, өӊ келбетине, мугалимдик имиджди сактай билүүсүнө жараша калыстар тобу баа беришти. Өзгөчө, Жалал-Абад колледжинин башталгыч класстарды окутуу адистигинин мугалими Абубакир Маматумаров Касым Тыныстановдун образын кадимки профессионал актердой ачып бергени көрөрмандардын купулуна толду. Ал эми Бишкек шаарындагы №46 мектептин жаш адиси Бекзат Каныбек уулунун ар бир критерий боюнча так жана мазмундуу аткарганы кимди болбосо кайдигер калтырган жок. Бул жаш мугалимдин талантын өзгөчө белгилеп кетүү парз. Мектеп босогосун аттап, чыгармачылыгын көрсөтө билгендиги үчүн аз убакыттын ичинде ал директордун орун басарлыгына чейин жеткен. Өзүнүн дареметине ишенген үчүн тажрыйбалуу мугалимдер менен катар ат салышканы дагы мактоого арзыйт. Бекзат сыяктуу таланттуу жаштарды коомчулукка таанытып, чыныгы мугалимдердин уучу кур эмес экенин көрсөтүү ар бирибиздин милдетибиз.  «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей, Бекзат өз колу менен күнү-түнү отуруп ширенкенин талынан эринбей үйдүн макетин куруп чыгыптыр. Анысын да калыстар тобу баалашты. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун музыка мугалими  Чолпонай Жалилова  созолонто ырдаганда биздин опера ырчыларын алыска таштагандай сезилди. Анын бийик, уккулуктуу үнү баарыбызды өзүнө тартып алды. Эгерде Чолпонай опера ырчысы болгондо Болот Миӊжылкыев, Кайыргүл Сартбаевалардай Кыргызстандын даӊкын далайга жеткирмек окшойт. Ошентип, сынакка катышкан ар бир катышуучу өзүнчө сөзгө алаарлык талант экенине күбө болдук. Ар тараптуу, чыгармачыл, таланттуу мугалимдерден билим алган окуучулардын бактысы тоодой экенине ынандык. Келген конкурсанттардын баарын «Мугалим» журналынын уюштуруучулары кур кол кетиришкен жок. Он алты катышуучу теӊ бири да калбай Lion дүкөнүнөн үч миӊ сомго бут кийим алууга чек алышты. Ал эми «Даанышман» номинациясын жана 1-орунду багынткан алыскы Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлбарчын Мамытбекова эки камералуу муздаткыч, «Мугалим» журналынын 1-даражадагы дипломуна татыды. «Чыгармачыл мугалим» номинациясын жана  2-орундун ээси Бекзат Каныбек уулу Бишкек шаарындагы №46 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими. Ал газ плита жана 2-даражадагы диплом менен сыйланды. 3-орунга эки мугалим чыкты, алар: «Келишимдүү мугалим» номинациясын жана 3-орунду багындырган Баткен облустук мектеп-интернатынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Алтынбек Деванаев кир жуугуч машина жана 3-даражадагы диплом менен сыйланса, Бишкек шаарындагы А.Токтоналиев атындагы Финансы-экономикалык колледжинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлжан Касмалиева «Ажарлуу мугалим» номинациясын жеӊип алып, кир жуугуч машина жана 3-даражадагы дипломго татыды. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун окутуучусу Чолпонай Жалилова, Лейлек районунун К.Казыев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Жеӊишбек Абдиназаров жана Жалал-Абад колледжинин окутуучусу Абубакир Маматумаровдор Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук профсоюз уюмунун атынан Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо алышты. Ал эми «Интернет жылдызы» номинациясын жеӊип алган Бакай-Ата районундагы Чалдыбар мектеп-интернатынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Мирбек Рахматильдеев смартфон телефону менен сыйланды. Бул катышуучу социалдык тармакта башка атаандаштарынан алдыга чыгып, 2500дөн ашык колдоо тапкан.

Баса, «Мугалим» журналынын 2 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин  президенти Замира Акбагышева  гуманизм  жана тынчтык идеалдарын ишке ашыруудагы эмгеги жана лидерлик сапаттарды көрсөткөндүгүүчүн «Мугалим» журналынын башкы редактору Рахат Сулайманованы жана журналдын шеф-редактору, ошол эле кезде «Кутбилим» гезитинин мектептер бөлүмүнүн редактору Гүлнара Алыбаеваны эл аралык маанидеги «Лидерлик үчүн» алтын медалы менен сыйлады.

DSC_1100Жангазиев Максат —

«Улут жүзү» номинациясынын ээси

 Биздин каарманыбыз Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими.

Максат Жангазиев  1992-жылы Токтогул районунда жарыкка келген. Ал мектепте жакшы окугандыктан кичинесинен эле мугалимдик кесипке ыктап, жаштайынан ыр жандуу болуп өсөт. 2010-2015-жылдары ал  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кыргыз филологиясын ийгиликтүү аяктайт. Ошол эле жылы ал Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейине мугалим болуп орношот. Жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезде эле идиректүү жигит  КТРКнын “Түнкү белес” радиосунда алып баруучу, андан соӊ www.imp.kg сайтынын кабарчысы болуп эмгектенет.  Ар бир минутасын текке кетирбей, жумуштан чыккандан кийин “Нурборбор” чыгармачыл академиясына келип, акындар менен жолугушуп, жан дүйнөсүн байытып, тажрыйба алып турат. Ал өз кезегинде ырга шыктуу окуучуларына да  жардам берип,  келет. Максат “Нурборбор” чыгармачыл академиясынын мүчөсү, анын “Жүрөк үнү” аттуу ыр китеби жарыкка чыккан. Ал ар бир ишке жоопкерчилик менен карайт. Чөйрө менен бат тил табышат, ачык, алдыга койгон максатына жете билет.

 

— Максат, «Мугалим — коомдун күзгүсү —  2016» сынагынан «Улут жүзү» номинациясын алуу оӊойго турдубу?

— Оӊойго турган жок. Себеби бул конкурс республикалык деӊгээлде уюштурулганы үчүн жалаӊ тажрыйбалуу мугалимдер катышты. Бул бир чети. Экинчи чети, өзүм мугалимдик кесипке жаӊы гана кадам таштадым. Андыктан бул жоопкерчиликтүү кесиптин ээси болгон атаандаштардан алдыга озуу бир топ эмгекти, аракетти талап кылды. Максатым – жеӊиш эмес, өзүмдү сыноо болгон. Бирок бул сынактагы баш байгени жеӊгеним  күтүлбөгөн жеӊиш. Жеӊиш болуп эле токтолбой, мойнума артылган чоӊ жоопкерчилик десем болот.

— Заманбап мугалим кандай болушу керек?

— Заманбап мугалим – кадимки дасыккан устаттардан билим алган, өзүнүн кесибине жоопкерчилик менен мамиле кылган, кесибин сүйгөн жана окуучулары менен кесиптештеринин сый-урматына ээ, алдыга  көптөгөн максаттарды койгон, улам жаӊычылдыкка умтулган, чыгармачыл мугалимди элестетем.

— Мугалимдин образын сахнада көрсөтө алдым деп ойлойсуӊбу?

— Негизи эле мугалим болуу кыйын. Кыйын кесиптин образын көрсөтүү ого бетер кыйын экен. Мен андыктан мугалимдин образын толук көрсөттүм деп айта албайм. Ал үчүн мага алдыда дагы далай эмгектенүү, мол тажрыйба керек. Мен болгону сахнада чыгармачылыкты кесипке айкалыштырып, өзүмдүн колумдан келген гана аракетимди көрсөттүм.

— Сынак боюнча сунуш-пикириӊ?

— Бул сынак аз да болсо мугалимдин кадыр-баркын көтөрүүгө салым кошкон сынак болду. Менин эле эмес, жалпы элдин купулуна толду. Учурдан пайдаланып бул сынакты уюштурган «Мугалим» журналынын эмгек жамаатына ыраазычылык билдирем. Себеби өлкөнүн ар жеринен келген мугалимдердин башы биригип, бири-бири менен тажрыйба алмашкандыгы өзү  жеӊиш. Сынак республикалык деӊгээлде мыкты болду. Эми буюрса, жыл сайын дагы мындай иш-чара, сынактар улана берсе, дагы жаш мугалимдер чыгып, бул кесипке болгон жаштардын кызыгуусу артса керек. Себеби коомду агартуу – мугалимдердин эле эмес, баарыбыздын моюнубуздагы милдет.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии