ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН ЗАРЫЛДЫГЫ ЭМНЕДЕ?

  • 05.02.2016
  • 0

(Экинчи макала)

Ой жүгүртүү – өнүгүүнү камсыздайт

 Биринчиден, табият таануу предметтери илимий теориялардын, закондордун, принциптердин философиясын (маӊызын) түшүндүрүү аркылуу окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүнөн интуициялык ой жүгүртүүгөөтүп, көрө билүү (көсөмдүк) деӊгээлде ой жүгүртүү менен аналитикалык сапатка ээ кылаарын билебиз. Биз билгендей ой жүгүртүүнүн башталышы болуп логикалык ой жүгүртүү эсептелет. Ой-жүгүртүүлөр ылдамдыктары боюнча айырмаланышат. Логикалык ой жүгүртүү ылдамдыгы боюнча, интуициялык ой-жүгүртүүдөн төмөн, ал эми интуициялык ой жүгүртүүнүн ылдамдыгы көрө билүү ой жүгүртүүсүнөн төмөн турат. Ылдамдыгы боюнча көрө билүү (озарение) бардык ой жүгүртүүлөрдөн чоӊ. Мектепте ой жүгүртүүнүөнүктүрө албасак, сапаттуу билим берүүгө мүмкүн эмес. Өз алдынча ой жүгүртө албаган адам “кетмени жок дыйкандай” эмеспи. Ой жүгүртүү – өнүгүүнү камсыздайт. Ошондуктан биз окуучуга билим берүүүчүн алгач ой жүгүртүү көндүмүнө ээ кылуубуз баарынан маанилүү экени белгилүү болуп калды. Андыктан ой жүгүртүүгө ээ болгон адам мезгилдин акыбалын көрө билип, коомдун экономикалык-социалдык жактан өзгөрүү, өнүктүрүү багытын талдай алат.  Ал көрөрман (көсөм) адам жалаӊ эле табият, коом эмес, чоочун адамды деле жүрүм-турумунан, пикиринен ал адамдын ким экенин бат эле байкап коёру бышык.  Ошол эле учурда алар коомдун экономикалык–социалдык абалына, өнүгүүдөгү багытына талдоо жүргүзүү менен өнүгүүнүн конкреттүү механизмдерин сунуштай алышы да чындык. Ошондуктан билим берүү тармагынын кызматкерлери  жана мугалимдер табият предметтерин жана математиканы окутууда окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүнөн, көрөрмандык деӊгээлдеги ой жүгүртүү бийиктигине жеткирүү зарылдыгын турмуш тастыктады. Азыр таалим-тарбиялоо процессинде биздин бирден–бир милдетибиз ушу болуп калды.

Көрө билүү — ой  жүгүртүүнүн эӊ жогорку тепкичи

 Бул тепкичке ээ болгон инсан эӊ жогорку ылдамдыкта (оперативдүү) ойлонуп, негиздүү бүтүм-тыянак чыгара алат. Бул ой  жүгүртүүнү табият предметтери жана математика гана камсыздайт. Анткени ой жүгүртүүгө түртчү суроолор, схема, график, диаграмма, таблицалар, конкреттүү кубулуштарды, процесстердин өнүгүүсүн практикум, эксперименталдык изилдөө менен илимий чындыкка жетүү, жыйынтык чыгаруу, туӊгуюктуу кубулуштарга байкоо жүргүзүү, анализдөө, өз алдынча жекече илимий–теориялык, практикалык изилдөө иштерин жүргүзүү, бул предметтердин табиятына шайкеш келет. Эӊ негизгиси аларды салыштырып, турмуш менен айкалыштыра билүүгөүйрөнүшөт. Азыр биз, мугалимдер, ушул процессти сабакта турмушка кандай деӊгээлде ишке ашырып жатабыз, кеп ушул жерде жатат.

Ал ой жүгүртүүдө көрө билүү деӊгээлине чыккан адамдар чөйрөдөгү окуя, фактыларды, кризистерди, коомдун өнүгүшүндөгүөзгөрүүлөрдү рыноктун абалын аргументтер менен далилдейт, ал эле эмес аба-ырайынын өзгөрүшүн, Жер планетасындагы глобалдык жылуулануу процессинин башталышын, ж.б. прогноздоп бере алышат. Анткени, аларда табият кубулуштарындагы, коомдогу, турмуштагы окшоштуктарды, айырмачылыктарды, мыйзам ченемдерди ар түрдүү эксперименттер менен реалдуу талдап салыштырууга, жалпылоого фундаменталдык билимдери, далилдей алчу каражаттары бар, кесиптик жөндөмдөрү да жетиштүү. Мисалы, табият илимдеринин бири болгон физика предметинин окуучулардын ой жүгүртүүсүнө тийгизген таасирин карап көрсөк. Жөнөкөй эле бөлүкчөлөрдүн башаламан кыймылын карайлы: физикада молекулалардын башаламан кыймылынын (хаотикалык же Броун кыймылы) мыйзам ченемдүү себептерин, закондорун окутабыз. Ал кубулушту көзгө көрүнүктүү, окуучу ишенимге ээ болуу үчүн тажрыйбалардын негизинде (сууда эрүүчү ар кандай түстүү порошокторду пайдаланып) майда бөлүкчөлөрдүн (молекулаларга салыштырып) кыймылынын ылдамдыгы жылуулуктан көз каранды экенин демонстрациялап көрсөтүү, салыштыруулар менен окуучуларды ынандырууга болот. Ушул эле кубулуштун “Кыргыз революциялары” менен болгон окшоштуктарын, айырмачылыктарын салыштырып, жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрдү төмөндөгүдөй суроо-жооптор аркылуу аныктоо үчүн окуучуларга сунуштоого да мүмкүн. Албетте, физика илиминин коом, турмуш менен байланыштырган класстан сырткы иштерде (кечедеби, дискуссиялык клубдабы) ж.б. хаотикалык кыймыл менен коомдогу тарыхый окуяларды салыштырып көрсөк: окшоштуктары бар, албетте, айырмачылыктары да жок эмес, бирок жалпы жонунан өзгөрүүдөгү кыймылынын мыйзам ченемдери жакын эмеспи.

1. Коомдогу жана Броун кыймылындагы башаламандыктын белгилери кайсылар?

2. Экөөндө теӊ башаламандыктын келип чыгуу себептерин айтыӊызчы.

3. Экөөндө теӊ башаламандыкты уюштуруучулар кимдер, эмнелер?

4. Бөлүкчөлөр менен коомдогу башаламан кыймылдардын айырмасы барбы?

5. Коомдогу башаламан кыймыл  менен бөлүкчөлөрдүн башаламан кыймылынын өзгөчөлүктөрү барбы?

6. Бөлүкчөлөрдүн башаламан кыймылы менен коомдо болгон башаламандыктын оӊ жана терс жактарын тапкыла.

7. Экөөндө теӊ башаламандыктын аягы эмнелерге алып барат, эмне үчүн?

Мындай салыштырып ой жүгүртүү аркылуу окутуу окуучунун биринчи кезекте өз алдынча ойлонууга, көрө билүүчүлүк сапатка ээ кылат. Ойчул – аналитик сапаттарды калыптандырат, көкүрөгүн ойготот, көзүн ачат, чыгармачыл, чечкиндүү-реформатордук сапаттарды  жаратып, илимий көз караштарын өнүктүрөт. Ал эми табият илимдери математиканын тили менен өлчөөлөрдү, изилдөөлөрдү жүргүзүп, далилдерди, анализдерди тактап, сандык жана сапаттык жыйынтыктарды чыгарат. Албетте ал изилдөөлөр, математикалык анализдер, эксперименталдык жыйынтыктар омоктуу ой-жүгүртүүгө, илимий көз караштарды өнүктүрүүгө объективдүү бүтүм-тыянактарды чыгарууга шарт түзөт. Табигый илимдер жана математика деп бөлүп айтылганы менен илимде, практикада, турмушта алар бир бүтүндүктү түзүп турушат. Табият илимдериндеги ачылыштарды математикалык методдор менен изилдөөдө, эксперименттердин жыйынтыктарын далилдөөдө, жалпылоодо өзгөчө каражат катары кызмат кылат. Ошондуктан табигый предметтер жана математика жаштардын ой жүгүртүүсүн, аналитикалык мүмкүнчүлүгүн кеӊейтип, коомдун өнүгүү процесси боюнча илимий түшүнүктөрүн, көсөмдүк менен адамдарды жаӊы багытты карай жол көрсөтөт, жетелейт, ага жогоркудай фундаменталдык негиздер бар.

Илимий көз карашты өнүктүрөлү

 Табият таануу предметтеринин негизги максаттарынын бири адамдардын илимий көз караштарын өнүктүрүү болуп саналат. Билим берүүдөгү илимий көз караш табият илимдеринин бир өзөктүү бөлүгүн түзөт. Биз окуучуларды илим аркылуу табият кубулуштарынын, процесстердин пайда болуу, өзгөрүү, айлануудагы тереӊ сырларын жан дүйнөсүнө ынанымдуу толук жеткире албай жаткандыктан, жаштар диний даваатчыларды ээрчип кетип жатышпайбы. Жөнөкөй эле мисал, кандайча жамгырдын жаарын тажрыйбада таӊ калтырып окуучуларга көрсөтө албасак, кургак оозеки түшүндүрөм деп аракет кылымыш этсек, окуучу кайдан бизди ээрчийт. Албетте, приборлор, каражаттар жок дешибиз мүмкүн, бирок ошол эле химия кабинетинен, жакын мектептерден пробка, колба, спиртовка штативдерди сураштырып табуу кыйынчылыкты жаратпайт го.

Ооба, диндин ыйман саясатын ким колдобойт, а бирок баардыгы Кудайдын колунда деген догматикалык көз караштан элементардык эле далилдөөлөр менен чыксак болбойбу. Маселен, техника, технологиянын өнүгүшү адамдын илимий билиминин колунда болуп жатпайбы. Ал эми адамды ким жараткан деген түшүнүккө, биологиялык микроорганизмдердин пайда болуп өнүгүшүн ультра кызгылт көк нур менен топуракты нурдантканда пайда болоорун америкалык окумуштуулар Юр-Миллерлер далилдешпеди беле. Микроорганизмдердин калган өнүгүү процесси эволюциялык жол менен  ишке аша берери баарыбызга белгилүү да.

Албетте, тереӊдей берсек илим менен диндин ички көп карама-каршылыктары бар. Ал антогонисттик карама-каршылык эмес, позитивдүү, илимдин өнүгүүсүнө жол аччу, түзүүчүлүк мүнөзгө ээ. А карама-каршылыктар илимдин алдына жаратмандыкты, жаӊы милдеттерди жүктөйт. Тескерисинче илимге жаӊы максаттарды белгилеп берет. Бирок ал карама-каршылыктарды чекесинен илим далилдеп келе жатканын ким тана алат. Ал эми адамдын рух дүйнөсү менен байланышкан проблемаларды, догмаларды электромагниттик толкундардын, кванттык теориянын  касиеттери чечмелей баштабадыбы. Ошондуктан окуучуларды ар кандай иллюзия, мистикалык көз караштардан илимий көз карашка, далилденген илимий чындыкты пир тутууга, ага багыт алууга маани берүүбүз керек. Андыктан, биз өзүбүздүн үстүбүздө да иштешибизди турмуш эскертип жатат. Турмуштагы экстремисттер, террористтердин пайда болуп жатышы, жалпы билим берүүдөгү мүчүлүштүктөр жана өзгөчө табият илимдер менен байланышканы жалган эмес. Ошондуктан мектепте окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүүчүн өзгөчө табигый предметтерди жана математиканы окутууга приоритет берилиши керек деп ойлойм… Мезгил чындыгы ушундай!

Дүйшөн Султанкулов,

КББАнын ага окутуучусу

 

Поделиться

Комментарии