СТАМБУЛ ЖЕРДИН ЖҮРӨГҮНДӨЙ

  • 04.09.2015
  • 0

Өткөн жумада Кыргызстандагы журналисттердин жоон тобу Түркия элчилигинин жана «Түркия аба жолдору» авия компаниясынын чакыруусу менен Стамбул шаарына барып кайттык. Иш-сапарында Стамбулдун айтылуу тарыхый, маданий жайларын кыдырдык. Мындан тышкары аталган компаниянын ишмердүүлүгү менен кеӊири таныштык. Бизди авия компаниянын өкүлү Селим Кахрыман коштоп жүрдү. Төмөндө ошол өркөнүөскөн өлкөдөн алган таасирлер туурасында сөз кылмакчыбыз.

Алыскы жана жакынкы Стамбул

Түркияга, өзгөчө Стамбул шаарына Кыргызстандыктар көп каттайт. Ал жактан базаргабы, конокобу, окуугабы же жөн эле саякаттап учуп жүргөн кыргыздарды жолуктурбай койбойсуӊ. Ошондонбу, Стамбул бизге жакындай туюлат. Бул шаар жөнүндө көп жазылып, көп айтылса да улам жаӊырып, улам сыры ачыла берген кенч шаар дээр элек. Асман айдын арасында, булуттуу жээктин көктөмүндө беш саат бою тынбай кымгуут шамалын сүрөй учкан учакта жер-эненин бетинде адам буту баспаган чөлү да көп экендигин, ошондуктан суусу, деӊизи, тоосу бар адамга жайлуу жер үчүн кылымдап кырылышып келген согуштарды эстебей койбойт экенсиӊ. Ушундан улам адамзат өзү жашаган мекенин душмандардан коргоп келгени бекеринен эместир. Муну айтып жаткан себебим, боордош Түрк элинин кылым башында Чанакеледеги кандуу согуштагы жеӊиши алардын кайра жаралуу доору десе да болот. Ошол улуттук боштондук согушунда Ата Түрк баштаган армия өз элин коргоп, салгылашта жеӊишке ээ болуп, Осмон империясынан кийин, 1923-жылы жаӊы республика жарыялап, дүйнөдө туруктуу өнүгүүгө өткөнүнө тарых күбө. Ушул байыркы байлыгын, ооматын заманбап кезде да оожалта кармап, өнүктүрүп өстүргөн Стамбул шаарына таӊ менен кошо учуп жеттик. Айтылуу Наполеон Француз армиясын тизип, чабуулдаган күндөрү дүйнөнү багындырган соӊ, борборун Стамбул кылам деп жөн жеринен айтпаса керек. Эми мына ал айткандай Ата Түрк аэропортунан ар бир беш мүнөттө бирден учак учуп, ошончо учак конуп турат. Дүйнөнүн аба транзитине айланган бул аэропорт жердин жүрөгү эмей эмне. Анын кан тамырдай жолу бир тынбайт, бир көз ирмем да токтобойт. Мындай мүмкүнчүлүк Түркиянын экономикасына зор өбөлгөсүн түзүп келет. Ааламдын жол тоомунда жайгашкан Стамбул шаары алардын бактысына жаралгандай…

Учкучтардын уясы  

Биз Мармара (орусчасы Мраморное) деӊизинин жээгине салынган беш жылдыздуу “Чынар” мейманканасына жайгашып, эс алган соӊ, эртеси болочоктогу учкучтарды даярдоо борборуна алып барып тааныштырышты. Мында борт инженерлер, стюардессалар теориялык билимдерин практикада бекемдешет. “Түрк аба жолдору” компаниясына караган техникалык парк аба технологиясынын адистерин даярдаган бирден-бир ири окуу жайы деп эсептелет. Бул борбордон дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн, анын ичинен Бишкектеги авиа тармагы да атайын окуудан өтүшөт. Паркта кадимки эле учуп жүргөн учактар коюлуп, алар асманда кандай учса ошондой жагдайды жаратып, келечектеги учкуч өзүн чынында эле асманда учуп бараткандай сезет. Ошол эле учурда түрдүү кырдаалдарда кандай чараларды көрүү керектиги да каралган. Биз ал учактардын ичинде олтуруп, абада авариялык учурду баштан кечирдик. Учактын ичи тез эле түтүнгө толуп, учак катуу калдактап чуу  башталганда, үстүӊөн уу газдардан сактоочу шаймандар ачылып, кадимкидей үрөйүӊ учкан жагдайга туш болдук. Деӊизге кулаган учактын капталдарында 50-60 тан киши баткыдай чоӊ кайыктары автоматтык түрдө чыга калат. Учак ичинде өзгөчө кырдаалдарда эмнени биринчи ирээт жасоо керек жана кандай коргонуу зарыл деген багытта практикалык сабактар өтүлүп жатканына күбө болдук. Бул окуу борборунун техникалык жабдуусун өз көзүбүз менен көрүп жатып, “Түрк аба жолдору” компаниясы адистерди даярдоодо дүйнөнүн алдыӊкы сабында турары бекеринен эмес экен дедик.

Асман тамагы же DO&CO компаниясы жөнүндө

Бул компания дүйнөнүн үч континентинде иштейт. Негизги максаты — асман учактарындагы жүргүнчүлөргө тамак жасоо. Карамагында 10 миӊден ашуун адам эмгектенет. Башка тамактарды айтпаганда бул компания күнүнө жер-жемиштерден эле 25 тонна апельсин керектейт экен. “Түрк аба жолдорунун” жөнөкөйүнөн  “бизнес класс” делчү өзгөчө багытта тейлөөчү жүргүнчүлөрүнө чейин ушул компаниянын колунан жасалган тамактар берилет. Ал тургай компания дүйнөлүк олимпиадаларда футбол спортчулары, кадимки “Формула-1” да DO&COнун колунан тамак жээрин билдик. Бул ири компанияда эӊ мыкты делген тамак-аш технологдору иштейт. Компания жүргүнчүлөрдүн атайын тапшырыгын эске алып, ден соолугуна жараша ар кандай диетадагы жүргүнчүлөргө ылайык тамактарды да даярдап бере алышат. DO&COнун колунан чыккан тамак-аштын түрү бир калыпка түшкөнү жана сапаты жагынан дүйнөлүк стандартка жооп бергени эле көп нерсени айтат. Анын тамактарына кардарлардын 90 пайызы ыраазы. Аталган компаниянын тамагы «Түрк аба жолдорунун» түбүн түптөп, бекемдеп берет. Себеби, буга чейин аба тамак ашы боюнча бул фирмада эч кандай өзгөчө учурлар болгон эмес. Тамактын сапаты да, сакталыш нормасы да бийик талапка жооп бергендиктен DO&COнун дүйнөлүк маркасы эӊ эле бийик турат дешти. Биз бул компаниянын ичине кирип, тамак-аш кандай жасаларын өз көзүбүз менен көрүп чыктык. Өзүнчү эле бир конвейир иштеп жатат. Ичи таза, салкын, бирдей температурада кармалат экен. Сыртка чыксак, узун чубалган элдин кезегин көрдүк. Булар экинчи нөөмөткө келе жаткан жумушчулар дешти. Арасынан кыргыздар бар бекен деп издесек көрүнбөдү.

«Түркия аба жолдору» дүйнөдө эӊ алдыӊкы орунга чыгат

Ошол эле күнү биз «Түркия аба жолдору» авия компаниясынын вице-президенти  Мустафа  Догандын кабыл алуусунда болдук. Дүйнөгө таанымал ири компаниянын жетекчилигинде жүргөн Мустафа мырза жөнөкөй, кичи пейил, маданияттуу адам экен. Журналисттерге убактысын кенен бөлүп, авия компаниянын иштери туурасында кызыктуу баян куруп, суроолорубузга жооп берип, бирден учактын макетин эстелик-белек кылды.

«Түркия аба жолдору» авия компаниянын тарыхы 1933-жылдан башталат. Бул компания 1955-жылдан тартып жергиликтүү жана чет элдик капиталдардын негизинде акционердик коом катары кайра түзүлгөн. 1990-жылдан тартып мамлекет жеке авия компанияларды ачууга уруксат бере баштаган. Азыркы учурда жер тургай Кара деӊиздин үстүнө аэропорт салганга жетишкен Түркия авиациясы мындан ары да өнүгүп жаткан кези. Аэропорттор боюнча дүйнөдө Дубайдан кийинки төртүнчү орунга чыкса, кийинки жылы жаӊы салынып жаткан аэропорту ишке кирсе дүйнөдө Пекинден кийинки эле экинчи орунду камсыз кылышарын «Түркия аба жолдору» компаниясынын өкүлү Мустафа Доган сыймыктануу менен билдирди.

— Биздин «боссубуз» да, башчыбыз да, сыйлаарыбыз да — жүргүнчүлөр. Максатыбыз — аларга коопсуз учууну камсыз кылуу. Ушул тилегибиз менен өткөн жылы Түркия боюнча 123 миллион жүргүнчүгө өсүп жеттик. «Түркия аба жолдору» жылына 70 пайызга өнүгүү жолуна ээ болуп келе жатабыз. Дүйнөлүк авиациянын өндүрүшүнөн алып караганда биз эки эсеге көп өнүгүүгө ээ болуудабыз. Бул эӊ жакшы көрүнүш, — дейт Мустафа мырза.

Аэропорт демекчи, Ата Түрк аэропортундагы бизнес-ланчы эле үч кабаттан туруп, жасалгасы көздүн жоосун алат. Бул жерде учакты күткөн адамдар өзгөчө шартта эс ала алышат. Жада калса душка түшүп, гольф ойноп, уктап, гезит окуп, музыка угуп, интернетке кирип, тамактын, суусундуктардын,  ичимдиктин көптөгөн түрлөрүнөн ооз тийип, өзүнчө эле бейиштин ичинде жүргөндөй болушат. Мындагы тамактарды жогоруда аталган DO&CO компаниясы даярдайт. «Түркия аба жолдорундагы» жүргүнчүлөрдүн өзгөчө бизнес-класс деп аталчу бөлүгү менен учкандар 30 пайызын түзгөн менен киреше бөлүгүнүн дээрлик көпчүлүгү ушундан түшөт экен. Албетте, каражаты барлар бизнес-класстын ырахатын көрүп, маашырлангыдай шартты ким каалабасын, бирок аталган компаниянын жөнөкөй жүргүнчүлөрүнө деле эӊ сонун шарттар түзүлгөн. Алар деле сапаттуу тамак, жылуу-жумшак мамилеге, ыӊгайлуу шарт менен коштолуп, өздөрүн сыйда отургандай сезишерине компания толук кепилдик берет. «Түрк аба жолдору» бүгүнкү күндө дүйнөнүн 260 мамлекетине учат. Америкадан Африкага, Австралиядан Азияга, Европадан Түркияга чейинки миӊдеген чакырымдарды бир көз ирмемге жакындаткандай шартты түзгөн бул компанияга ыраазы болбой койбойсуӊ.

Улам алдыга озуп, Түштүк Европа боюнча сапаты жагынан алдыӊкы орунда бараткан «Түркия аба жолдорунун» учактары эӊ жаӊы, колдонулганына алты жылдан ашпайт дешти адистери. Мунун өзү учуучуларга ишеним жаратпай койбойт. Дүйнөлүк маркада бул эӊ жакшы көрсөткүч делинет. 2014-жылы 261 учагы болсо, быйыл 303гө жетип, компаниядан учууну каалагандардын саны 63 миллионго өсүп, ааламдын чар-тарабына байма-бай учуп турган кези.

            (уландысы бар)

Майрамбек Токторов,

Бишкек-Стамбул-Бишкек   

Поделиться

Комментарии