ШАМШИЕВ ТОЙЧУБЕК АГАЙЫБЫЗДАН АЙРЫЛДЫК 

  • 05.11.2020
  • 0

 И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде орду толгус жоготуу болду. Университеттеги практикалык иштердин жетекчиси, физика-математикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин физика жана аны окутуу технологиясынын доценти Шамшиев Тойчубек Сатыбаевич 52 жаш курагында мелгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Тойчубек Сатыбаевич аз жашаган өмүрүндө студенттерге талыкпай, татыктуу билим берип, жаш муундарды өстүрүүгө эбегейсиз зор салымын кошо алды.

Качан болбосун колунан оор кара сумкасын түшүрбөй, кагаздарын жайнатып, ишке берилип иштээр эле.

Мээнеткеч, ишине так инсан болчу. Аттиң арман, ажалдан арачалап кала албайт экенбиз. Адам өмүрү Кудайдын колунда экен.

Кесиптешибиздин туугандарына, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

И. Арабаев атындагы КМУнун ректораты

 

 

 

Поделиться

Комментарии