ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА КЕСИПКӨЙЛҮКТҮ КАЛЫПТАНДЫРАТ
- 21.05.2013
- 0

Ж.Баласагын атындагы КУУнун проректору Н.Ишекеев Бишкек шаарындагы №91 мектептин директору Ч.Чекировага Ыраазычылык барагын тапшырып жаткан учуру.
“Мугалим – адамдардын жан дүйнөсүнүн жаратын өзүнө
билгизбей айыктыруучу дарыгер”
Б. АЛЫМОВ
Ж. Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунда педагогикалык практиканы жыйынтыктоо жана КУУнун 80 жылдыгына карата уюштурулган “Мугалим – билимдин, акыл-эстин саяпкери” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага чогулган айыл өкмөттөрүнүн башчылары, мугалимдер, институттун бүтүрүүчүлөрү педагогикалык практиканын маанилүүлүгүн көрсөтүп, мындан ары да тыгыз байланышта иштөө керек экендигин баса белгилешти. Жогоруда аталган окуу жай менен иш алып барып, студент-практиканттарга иш-тажрыйбасын бөлүшүү менен мыкты насаатчылык көрсөткөндөрүүчүн айрым мектеп директорлору, айыл өкмөтүнүн башчылары окуу жайдын Ыраазычылык барактарына татышты. Ошондой эле практика учурунда өзүнүн чыгармачылыгын, интеллектуалдык потенциалын, методикалык колдонмолорду пайдалана алгандыгы үчүн эӊ мыкты студенттер деп табылган 45 бүтүрүүчү институттун Ардак грамотасына ээ болушту. Жыйынтыгында келген конокторго чакан концерт тартууланды. Анда эмесе, ушул иш-чарада айтылган ой-пикирлерге окурмандардын көӊүлүн бурабыз.
Рахат СУЛАЙМАНОВА,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты:
«Мугалимдерди даярдаган институттун келечеги кеӊ»
— 80 жылдан ашык тарыхында азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) өлкөбүздүн социалдык-экономикалык жана руханий-маданий өсүп-өнүгүшүнө, билим берүү системасына чоӊ салым кошо алды. Университет өзүнүн түзүлгөн күнүнөн тарта кыргыз элинин агартуу ишин колго алып, өсүп келе жаткан муундардын сабатсыздыгын массалык түрдө жоюу маселесин ишке ашыруу үчүн калкка мугалим адистерди даярдоо максатында ачылганы анык. Тарыхка жана аны изилдеген окумуштуулардын пикирине кайрылсак, 1924-жылдын 14-октябрында Кыргыз автономиялуу областы түзүлгөндөн кийин, Ташкент жана Алма-Ата агартуу институттары ачылган соӊ, автономиялуу областтын администрациясы 1925-жылдын 25-октябрында Кыргыз агартуу институтун ачуу жөнүндөгү чечимин кабыл алат. Бул токтом ошол мезгилдеги педагогикалык адистерди даярдоо маселесин чечүү мүмкүнчүлүгүн берген. Автономиялуу областтан тышкаркы жерлерде билим алуу орто жана жогорку квалификациялуу мугалим адистерди жетиштүү деӊгээлде камсыз кыла алган, бирок ал жалпы өлкөүчүн педагог адистерди даярдоо маселесин чече алган эмес. Андыктан, автономиялык областтын аймагында титулдук улуттагы жарандардын арасынан мугалим адистерди массалык түрдө даярдоо үчүн педагогикалык окуу жай түзүү зарылдыгы келип чыккан. Окуу жайда иштөөүчүн биринчи контингент Ташкент жана Алма-Ата шаарларынан окуп келген кыргыз улан-кыздарынан түзүлгөн.
1928-жылы автономиялуу республиканын чечими менен Кыргыз агартуу институту республикалык маанидеги Кыргыз борбордук педагогикалык техникуму болуп өзгөртүлгөн. Кыргыз педагогикалык техникуму кыргыз улуттук интеллигенциясын калыптандырууда, республикада маданий революцияны ишке ашырууда баа жеткис роль ойногон. Педтехникум толук эмес орто мектептер үчүн мугалимдерди даярдаган. Бара-бара анын төртүнчү курстарында студенттер тил, математика, тарых боюнча да адистеше башташкан.
1932-жылдын 13-январында РСФСР Эл комиссарлар советинин токтомуна ылайык, автономиялуу республиканын өкмөтү Фрунзе шаарында борбордук педагогикалык техникумдун базасында биология, физика-математика, адабият жана коомдук илимдер сыяктуу төрт факультети бар педагогикалык институтту ачуу тууралуу чечим кабыл алган. Институт өзүнүн биринчи окуу жылын 1932-жылдын 3-октябрынан баштаган. Ал эми Кыргызстандын алгачкы жогорку окуу жайы болгон педагогикалык институттун салтанаттуу түрдө расмий ачылышы 1932-жылдын 5-ноябрында болгон.
Бүгүнкү күндө улуттук университеттин курамында институт, борборлордон, факультеттерден тышкары, классикалык 9 факультет (кыргыз филологиясы, орус жана славян филологиясы, чет тилдер, математика, информатика жана кибернетика, физика жана электроника, химия жана химиялык технологиялар, тарых жана чөлкөм таануу, география жана экология) бар. Аталган факультеттерде негизинен республиканын бардык мектептери үчүн педагогикалык адистер даярдалып келет. Бирок акыркы убактарда бул факультеттердеги даярдалган адистиктердин квалификациясы түздөн-түз мугалимдикке эмес, академиялык кызматкерге ылайык атала баштаган. Мындан бул адистиктердин окуу пландарындагы педагогикалык-психологиялык, методикалык дисциплиналардын, педагогикалык практиканын азайышы келип чыккан. Ал эми бүгүнкү мектептер чыгармачыл, усулдук жактан тереӊ даярдыктагы, өз кесибин сүйгөн мугалимге муктаж болуп турган учурда жогорудагыдай көрүнүштүн келечек муундарга билим берүү тармагы үчүн анчалык ылайык эместиги келип чыгат.
Кыргыз Республикасындагы билим берүү системасындагы буга чейинки болуп жаткан реформалардын жыйынтыгы, жогорку окуу жайлардын негизинен өзүн-өзү каржылоо жолуна түшүүсүөлкөдө педагогикалык окуу жайлардын жок болушуна алып келди. Анткени акыркы мезгилдердеги мугалимдин статусунун төмөндөшү, айлык акынын аздыгы, бирок жоопкерчиликтин түйшүктүүлүгү мугалимдик адистикке болгон кызыкчылыктын тарашына алып келген. Андыктан жалаӊ мектеп мугалимдерин даярдаган И.Арабаев, К.Тыныстанов атындагы жана башка республикадагы жогорку окуу жайлар «педагогикалык» деген статусунан баш тартып, өзүн-өзү сактап калуу үчүн жаштар кызыккан, «модалуу» заманбап башка адистиктерди кошо даярдаган окуу жайларга айланышкан.
Мына ушундан улам республикада мугалим адистерге болгон муктаждык кескин түрдөөсүп, жер-жерлерде алардын жетишсиздиги келип чыккан. Мунун жыйынтыгы мектепте адистиги туура келбеген бүтүрүүчүлөрдүн иштөөсүнө, эки ставкадан ашык жумушчу жүгүнүн бөлүнүшүнө, пенсиялык курактагылардын өтө басымдуулук кылуусуна, атайын билими жоктордун иштөөсүнө жана бир эле мугалимдин бир канча предметтерден сабак берүүсүнө алып келген. Жыйынтыгында мектептеги билим берүүнүн сапаты өтө начарлап, анын кедергиси жалпы дүйнөлүк деӊгээлге чыкканда ачык көрүнүп турат.
Советтер Союзу учурунда биздин республикадагы 11 жогорку окуу жайдын ичинен алтысы педагогикалык болуп, алар бүтүндөй өлкөнү мугалим адистер менен камсыз кылууда ашыктык кылбаса, ал эми азыр 2200дөй орто мектеп болуп, калкыбыздын саны барган сайын өсүп жаткандыгына карабастан, өлкөбүздө бир дагы педагогикалык атайын окуу жайы жок. Мына ушул сыяктуу кыйчалыш кырдаал, көйгөй жараткан маселелердин келип чыгышынан улам республикада атайын жалаӊ гана мугалимдик адистикке максаттуу даярдаган жана жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн, билим берүү башкармалыктарынын социалдык заказын канааттандырып, алар менен биргеликте иш алып барган окуу жайдын ачылышы замандын талабы болуп калган.
Жогоруда белгиленген ойлорго жооп катары Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту республикалык маанидеги өлкө ичиндеги билим берүү тармагындагы заманбап жана атаандаштыкка туруктуу педагогикалык борбор катары калыптанып жана өнүгүп келе жатат. Институт Чүй областынын администрациясынын жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосунда 2009-жылдын 16-мартында түзүлгөн келишимдин негизинде жана «Кыргызстанда билим берүүнү реформалоо концепциясын» ишке ашыруу максатында Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен, Ж.Баласагын атындагы КУУнун курамында университеттин азыркы ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор И.Ч.Исамидиновдун жаӊычыл идеялары болгон көрөгөчтүгү жана реформатордук демилгеси менен уюштурулган.Тарых кайрадан кайталангансып, институт өзүнүн биринчи окуу жылын 2009-жылдын 5-октябрынан баштаган. Институттун ачылышынын эӊ негизги себеби, өлкөнүн мектептеринде мугалимдердин жетишсиздиги өтө чоӊ маселеге айлана баштагандыгына байланыштуу болгон. Алдын ала жүргүзүлгөн талдоолорго салыштырганда бир эле Чүй областы боюнча 2009-жылкы маалыматтар боюнча эки миӊдей мугалимдин жетишсиз экендигин көрсөткөн. Андыктан, мектеп үчүн келечекте чыныгы мугалим болууну самаган жаш муундардын курамынан турган жалаӊ педагогикалык адистиктеги институттун ачылышы замандын талабы болгондугун ошол тарыхый кырдаал өзү ырастап турат.
Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту жогорку жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча педагогикалык адистерди 12 багытта даярдайт. Алдына коюлган максаттуу педагогикалык программаларды аткарууда төмөндөгүдөй принциптерди иш жүзүнө ашырат:
— азыркы күндөгү экономикалык жактан оор шартта билим алууга мүмкүнчүлүгү чектелген, таланттуу жана педагогикалык адистикке ынтызар улан-кыздарды айыл өкмөттөрүнүн эсебинен каржылоо аркылуу кесиптик жактан даярдоону иш жүзүнө ашыруу;
— билим берүүдө окуу жай, мектеп, ата-эне жана жергиликтүүөзүн-өзү башкаруу органдарынын ортосунда адисти даярдоо боюнча кызматташууну ишке ашыруу;
— жогорку жана орто кесиптик педагогикалык окуу жай менен мектептин, теория менен практиканын ортосундагы байланышты чыӊдоо, адистерди өз жерлерине практикага жиберүү менен алардын кийинки жумушчу ордун бекемдөө;
— педагогикалык практикага басым жасоо;
— институттун базасында жогорку жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу менен үзгүлтүксүз, ырааттуу педагогикалык билим берүү;
— мугалимдердин кадыр-баркын жогорулатуу жана максаттуу даярдалган сапаттуу педагогикалык кадрлар менен элет жерлерин камсыздоо.
2009-жылы институтка алгачкы 808 абитуриент, ал эми 2010-жылы 626, 2011-жылы 798, 2012-жылы 997 абитуриент кабыл алынган. Азыркы күндө институтта окушкан 2414 студенттин контингенти төмөндөгүдөй эки топко бөлүнөт:
— жогорку кесиптик билим берүү бөлүмүндө 1051 студент;
— орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө 1363 студент.
Институт түзүлгөн алгачкы жылы борбор калаадагы жана улуттук университеттин ичиндеги алдынкы педагогдор жана окумуштуулар кызматташууга чакырылган. Алсак, ф.и.д., профессор, «Манас таануу» курсунун автору С.Байгазиев, мамлекеттик желектин автору С.Иптаров, философия жана саясат таануу илимдеринин доктору М.Т.Артыкбаев, педагогика илимдеринин докторлору, профессорлор Н.А.Асипова, А.Алимбеков, С.Рысбаев, А.С.Раимкулова,тарых илимдеринин кандидаттары, доценттер А.Божоноев, Т.Шейшеканов, Р.Жолдошев, география илимдеринин кандидаты, профессорлор К.Сагындыков, З.Алиев, М.Кадыркулов, биология илимдеринин кандидаттары, доцент Э.Нуржанов, С.Тоялиев, химия илимдеринин доктору, профессор Р.К. Сарымзакова, химия илимдеринин кандидаты, доцент К. Жумабекова, филология илимдеринин кандидаттары И.Султаналиев, Б.Оторбаев, Б.Баймырзаев, психология илимдеринин кандидаты М.Камчыбеков ж.б. Эгерде алгач ачылганда институтта 70 окутуучу иштеген болсо, ал эми бүгүнкү күндө институтта 217 окутуучу- профессорлор эмгектенет. Алардын 35%га жакыны илимий даражага жана наамдарга ээ. Сабактар окутуунун жаӊыча технологияларын колдонуу менен чыгармачылык негизде өтүлөт.
Студенттер педагогикалык практиканы Бишкек шаарынын толук орто билим берүүчү мектептеринде (мектептерде, гимназияларда) жана мектеп-интернаттарында өткөрүшөт. Айыл өкмөттөрүнүн жолдомосу менен келип, окуп жаткан студенттер педагогикалык практиканы айыл өкмөтүнө тиешелүү мектептерде Билим берүү жана илим министринин уруксаты менен жүргүзүлөт.
Педагогикалык практиканы айыл жерлериндеги мектептерде өтүү андагы мугалимдердин жетишсиздигин жоюуга, алардын ошол мектепте бекитилип калуусуна, келечекте иштей турган коллективи менен студент кезден аралашуусуна мүмкүндүк түзөт. Педагогикалык практиканын жетекчилери студенттер практика өтүп жаткан ар бир шаардык жана айылдык мектеп менен педагогикалык тармакта тыгыз байланышта болуп турат.
Институттун дагы бир өзгөчөлүгү — студенттер окууну бүткөндөн кийин институттун жетекчилиги айыл өкмөттөрү менен бирдикте дипломго ээ болгон жаш адистерди жумушка орноштурууда ар тараптан жардам көрсөтөт. Педагог адистерди даярдоодогу окуу жай, ата- эне, жергиликтүү айыл өкмөттөрү, билим берүү башкармалыктарынын биргелешип кызматташуусу жакшы натыйжаларды берерин белгилеп кетүү керек. Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын 3-мууну жаралып жаткан учурда алардын мазмуну дал ушул нерсенин зарылдыгын камтып, жеткилеӊ адисти даярдоодогу алардын ар биринин орду чоӊ экендигин билдирип, маанисин баса көрсөтөт.
Азыркы педагогикалык билим берүүнү модернизациялоодо баарыдан мурда, окутуунун субъектиси катары окуучуга багыт алууга артыкчылык берилет. Бул болсо окутуунун активдүү формаларын издөөнү, окуу процессин дифференциациялоону шарттайт. Жаӊы реформаларга байланыштуу билимдин мазмуну гана жаӊырбастан, тарбиялоонун мазмуну да жаӊыртылат. Тарбия процессинде инсанга багытталгандык менен катар, тарбиянын маданият таануучулук жана адеп-ахлактык нарк- дөөлөттөргө болгон баалуулук принцибине артыкчылык берилет. Билим берүү тарбиядан ажырагыс экендиги белгилүү, анткени билим берүүнүн түпкү маӊызында адамдын образын же инсандын инсандык турумун жаратуу дегенди билдирет. Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту дал мына ушул талаптарды аткарууга багытталган келечектүү институт.
Назаркул ИШЕКЕЕВ,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун проректору:
— Ааламдашуу процессине каалайбызбы, каалабайбызбы, баары бир аралашыбыз керек. Бирок кандай жол менен? Ошондо ар бир инсан ойлонот, толгонот, ой багат. Ошого кирүүнүн жолун, ыкмасын, деӊгээлин аныктаган бир чоӊ түшүнүк бар — категория деген. Бул – билим, илим жана маданият. Эгерде билимге, маданиятка, илимге ээ болсок, анда ааламдашууга акыл-эстүүлүк, тереӊдик менен өзүбүздү сактап калуу аркылуу аралашабыз. Ушундай зор агымда бизди колдоп, коргоп турган – билим берүү системасы.
Бүгүнкү республикабыздын ийгилиги дагы, кемчилиги дагы Улуттук университет менен байланыштуу. Маселен, Жогорку Кеӊеште иштеп жаткандардын 60тан ашыгы биздин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү, 90 жакыны кандайдыр бир деӊгээлде университет менен тагдырлаш. Андыктан КУУнун 80 жылдыгы катардагы окуя эмес, бул — улуттун, мамлекеттүүлүктүн тагдырындагы өзгөчө маани бериле турган, өзгөчө ой чайкай турган окуя.
Академик В. Вернадскийдин жакшы сөзү бар: ”Классикалык университет болуш үчүн үч критерий сакталыш керек” деген. Биринчиси, мыкты билим, экинчиси, мыкты илим, үчүнчүсү, ал окуу жай маданий баалуулуктардын ордосу болуш керек. Үч критерийден алып караганда, биздин университет ушул үч миссиясын үзгүлтүксүз, жигердүү өтөп келатат. Белгилей кетүү керек, улуттук университет жаӊылануунун, өзгөрүүнүн кан жолунда. Анын ачык фактысы катары Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институттун ачылышын айтсак болот. Бул окуу жай базар экономикасына ыкчам ылайыкташып, тездик менен чыгармачылыктын алкагына чыкты. Ал эмне менен түшүндүрүлөт? Биринчиден, элдин турмушу кескин төмөндөдү. Ошонун натыйжасында, материалдык жетишсиздиктин айынан элеттик балдар окуй албай калышты. Ошондо айыл өкмөтү, институт жана ата- эне болуп, т.а. үч сызыктуу келишимдин негизинде балдарды окутканга жетишишти. Экинчиден, бүтүрүүчүлөр болочоктогу кызмат орду менен камсыз болуп атат. Муну менен биз утушка ээ болдук. Ошентип, абдан кыска мезгилде институт уӊгулуу, нускалуу тарыхын чийип атат.
Педагогикага негиз салган Я. Коменскийдин:” Билим берүү жаратылышка окшош болуш керек” деген жакшы теориялык түшүнүгү бар. Ал эмне деген сөз? Жаратылыш көп түстүү, көп боектуу. Азыр Ала-Тоо көрккө келип турат, жаратылыш кулпунуп турат, жылдызы жанып турат. Көрсө, улуу окумуштуу билим берүүнү дагы көп түстүү, көп боектуу болушун каалаган экен. Ошол эле мезгилде ушул ойду айтуу менен ал: “Табият кандай фундаменталдуу болсо, билим дагы ошондой болсун” деген. Ушул жагынан алып караганда, институт абдан жигердүү иштеп жатат. Практика билим берүү системасындагы категория. Мисалы, Англияда 32 жума педагогикалык практиканы өтпөгөн бүтүрүүчүнү мектепке киргизбейт.
Педагогикалык практика биздин чыгарган продукциябыздын витринада турган көрүнүшү. Бизден бүтүп жаткан балдардын билими, педагогикалык чеберчилиги кандай, келечекте кандай мугалим болот деген сөзгө толук жооп бере турган билим берүү процессинин эӊ уӊгулуу категориясы – педагогикалык практика. Институтта педагогикалык практика үзүрлүү өтүп жатат. Себеби педагогикалык практикага алып бара турган окуу комплекстери толук иштелип чыккан, окуу нормативдери толук жетекчиликке алынган. Экинчи өзгөчөлүгү — бул жерде иштеген мугалимдердин баардыгы мектепте иштеп, мектеп программасында бышып, такшалып келгендер. Ушул эки компонент болочоктогу мугалимдерди даярдоодо олуттуу таасирин тийгизип жатат.
Дайырбек МУСАКУЛОВ, КУУнун Практика жана карьера борборунун кызматкери, педагогикалык практиканын башчысы:
— Улуттук университет боюнча педагогикалык практикага тогуз факультет, бир институт барат. Башка факультеттерге салыштырмалуу Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту практикага абдан чоӊ көӊүл бурат. Негизинен жогорку окуу жайларда практикага аз гана саат бөлүнгөн. Ошондуктан көп учурда теориялык жактан алган билимдер бышыкталбайт, толукталбайт ж.б.у.с. кемчиликтер бар. Кийин бүтүрүүчүлөр мектепке барганда тажрыйбасы аз экени көрүнүп турат. Ал эми Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунда практикага саат көбүрөөк бөлүнгөн. Бул жакшы көрүнүш. Негизинен практика учурунда теоретик -мугалимдер менен практик-мугалимдердин көзөмөлдөөсү аркылуу студенттер бир топ ийгиликтерге жетише алышты. Менин баамыма караганда, жож менен мектеп тыгыз иштегендиктен, бир максатты көздөп, бир багытта баратышат.
Кипариса КУЛБОЛДИЕВА, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун практика-жетекчиси:
— Бүгүнкү иш-чара КУУнун 80 жылдык мааракесине арналды. Ошондой эле 3-курстун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн студенттеринин өткөн мамлекеттик практикасынын жыйынтыгы чыгарылды. Мыкты насаатчылык кылган мектептерге, айыл өкмөт башчыларына, мугалимдерге институттун Ыраазычылык барактарын тапшырдык. Институтта алган теориялык билимин биздин студенттер практика учурунда ишке ашыра алышты. Практикага барган 300 студенттин ичинен 45и мыкты деп табылды. Анткени берген ачык сабактарында алар келечекте мыкты адис боло тургандыгын далилдеп беришти. Биздин балдар мугалимдик кесипти анын кыйынчылыгына, татаалдыгына, айлыгынын аздыгына карабай тандап алышкан.
Самыйбек ЭСЕНБЕКОВ, Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы:
— Биринчи эле ата-энеӊ жана күчтүү мугалим эсте калат. Мугалимдин орду 20 жыл мурда кандай татыктуу болсо, азыр да ошондой болуш керек. Эгерде силер окуткан окуучуӊар ата-энеси менен келатып, баары чогуу учурашса, анда ал өз кесибиӊердин ээси болуп, ордуӊарды тапканыӊардын белгиси.
Нурбек АКИБАЕВ, Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы:
— Менин ата-энем дагы мугалим болгон. Андыктан мугалимдик кесипти жакшы билемин. Олимпиадаларда сыйлыктуу орунга жетишкен окуучуларга 10-20 миӊ сомго чейин сыйлык катары берсек, ал эми сынакка катышып, байгелүү орундарга жетишкен мугалимдерге үй салуу үчүн жер берип жатабыз. Дегеле мугалимдерге колдон келсе бардык шарттарды түзүп бериш керек.
Шарипа КОЙЛУБАЕВА, №85 мектептин социалдык педагогу:
— Практикага келген студенттердин билим деӊгээлдери жетиштүү деп айтуу кыйын. Андыктан практикант-студенттердин кетирген кемчиликтерин айтып, оӊ жолго салганга бардык шарттарды түзүп бердик. Маселен, мүнөзү оор балдар менен кандай иштөө керек жөнүндө жардам бердим. Анткени практиканттар жаштык кылып, балдардын психологиясына доо кетирип алышы ыктымал. Бизде жаӊы конушта мигранттар көп. Андыктан энелик мээримге муктаж балдар жок эмес. Алар менен күнүгө иштөөгө туура келет. Мен практиканттарды ата-энелер менен тааныштырып, келбеген окуучуларды мектепке кантип тартканды, ата-энелер менен иштөө багытын көзөмөлдөп жаттым. Эгерде мектеп менен жогорку окуу жай байланышып, бири-бирибиздин кемчилигибизди толуктап, айтып, көпүрө болуп турбасак, жакшы адистерди уядан учура албайбыз.
Жыпара КАРЫБЕКОВА,
№84 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими:
— Биздин мектепке сегиз студент бөлүнүп, үч ай бою практикадан өтүштү. Эки студент абдан жакшы деген баага татышты. Институтта алган теориялык билимдерин мектепте пайдаланышты. Бирок билбеген жактары көп болгондуктан, биз кеӊешибизди айтып, балдар менен иштегенди үйрөттүк. Бир сөз менен айтканда, практика студенттерди аябай такшалтты жана бышырды. Чыныгы мугалим болуучулар бар экен. Жүргөн-турганы, сүйлөгөн сөздөрү дагы мугалимдик кесипке дал келишет.
Мээрим АСЕК кызы, 3-курстун студенти:
— Мен №33 гимназияда англис тили боюнча практикадан өттүм. Бул мектептин мугалимдери абдан сылык экен. Биз билбеген ыкмаларды үйрөтүштү. Ошондой эле окуучулар менен кандай сүйлөшүш керек, кантип сабакка даярданыш керек, кантип ар кандай кырдаалдан чыгыш керек д.у.с. нерселер менен бизди сугарышты десек ашыкча болбос. Негизинен практика мага абдан жакты.
Гүлнара АЛЫБАЕВА
Комментарии