ОшМУнун студенттери «Биримдик кербенин» уюштурат

  • 16.04.2013
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин алдыңкы, өнөрлүү студенттеринен куралган топ өлкөнүн ыйык жерлерин кыдырган жүрүш уюштурат.

Жүрүш Ош шаарындагы ыйык Сулайман Тоосунан башталып, Талас шаарындагы Кыргыз Улуттук «Манас ордо» комплексинде уланып, борбор калаадагы «Ата бейит» мемориалдык комплексинен аяктайт.

ОшМУнун жаштарынын атынан жүрүшкө жыйырмага жакын эң мыкты окуган, активдүү жана таланттуу студенттер тартылат. Иш-чаранын максаты — Кыргызстан элин биримдикке, ынтымакка чакырып, элдин ыйык туткан жерлерин даңазалоо болуп саналат. Жүрүш убагында ОшМУнун студенттери жол ката жергиликтүү эл менен жолугушууларды уюштуруп, концерттик программаларын тартуулап, эмгекчилдикке, биримдикке, боорукерликке чакырган кайрылууларды жасашат.

Мындан сырткары, «Биримдик кербенинин» катышуучуларынын Талас шаарынын жаштары жана Бишкек шаарындагы айрым жогорку окуу жайларынын студенттери менен жолугушуусу пландалууда. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз катчысы Керим Калыкулов билдирди.

Чолпон Кийизбаева

Поделиться

Комментарии