ОЛИМПИАДА — 2018: ЭРЕЖЕЛЕР ЖАНА ТАЛАПТАР

  • 08.02.2018
  • 0

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын облустук этабы 26-февралда башталат. Сынак эки: теориялык жана парктикалык тур менен эки күн өтөт.  Бул этаптан рейтинг боюнча окуган классына карабай 1-2-орунду алгандар март айында Бишкекте өтө турган республикалык этапта ат салышышат. Бул жылы олимпиаданын облустук жана республикалык этабын Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ЦООМО) өткөрөт.  

Быйыл Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын билим жарышын жогорку деңгээлде өткөрүү максатында олимпиаданын жобосун кайрадан иштеп чыгып, бир катар өзгөртүүлөрдү киргизген. Жаңы жобого ылайык, олимпиаданын акыркы эки этабын көз карандысыз уюм өткөрмөк. Ал үчүн министрлик атайын тендер жарыялап, натыйжада олимпиада өткөрүү мүмкүнчүлүгүн Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ЦООМО) утуп алды. Учурда бул борбор тарабынан олимпиаданын тапшырмалары даярдалууда.

Коюлган талаптар

Олимпиада башталганда алгач окуучулар тапшырма аткаруу эрежелери менен тааныштырылат, аларга тапшырма аткаруунун техникалык жагы боюнча инструктаж өткөрүлөт. Конкурсанттарда кошумча материалдын (көркөм адабият тексттери, түрдүү сөздүктөр, окутуу-методикалык адабият, мобилдик байланыш каражаттары, компьютер, интернет ж.б.) болушуна жол берилбейт.

Олимпиадада чалууларга жана социалдык тармактардагы коммуникацияга, олимпиада катышуучулары тарабынан тапшырмалардын талкууланышына жана орток аткарылышына тыюу салынат. Бул шарттар бузулганда окуучу олимпиада катышуучуларынын курамынан чыгарылат. Тапшырмаларды орток аткаруу же көчүрүү фактылары байкалган иштер аткарылган тапшырмалардын сапаты жана санына карабастан «0» деген упай менен бааланат.

Иштер алдын ала коддолот. Иштерге код берилгенден кийин анын кимге таандык экендиги калыстарга дагы, уюштуруучуларга дагы белгисиз болот. Баалар упайлар түрүндө берилет. Эгер катышуучу черновик колдонгон болсо, аны иш менен бирге тапшырат. Калыстар таза кагаздагы жазууларды баалайт. Черновиктер текшерилбейт. Жыйынтык упай ар бир тапшырма үчүн алынган упайларды кошуу жолу менен аныкталат жана атайын протокол түзүлөт. Ал протоколдо иштин шифри, упайлар жана калыстар тобунун бүткүл мүчөлөрүнүн кол тамгалары орун алат. Окуучулардын эң мыкты иштери үлгү катары олимпиада өткөргөн уюмдун жана министрликтин сайтына жүктөлөт.

Төмөндө олимпиаданын жүрүшү боюнча бардык предметтердин талаптары сунушталат.

Кыргыз тили, адабияты жана орус тили, адабияты боюнча

Эне тили катары кыргыз жана орус тилдери, экинчи тил катары кыргыз жана орус тилдери боюнча, ошондой эле кыргыз жана орус адабияттары боюнча олимпиаданын 1-күнүндө катышуучулар тил боюнча тапшырмаларды жазуу түрүндө аткарышат жана бир адабий чыгармага карата пикир жазышат. Тапшырманын ар бир тиби белгилүү упай саны менен бааланат. 2-күнүндө катышуучу тандаган чыгарманын же андан алдын ала даярдалган бир үзүндүнү көркөм окуп, тандоонун негизделиши менен чыгарманы талдап берет. Андан сырктары адабий чыгармаларды жатка көркөм окуп берип, жөндөмүн көрсөтүшөт. Адабий чыгарманын көркөм окулушун баалоо менен бирге окуучулардын бул чыгарманы эмне үчүн тандаганын, анда кайсы көркөм баалуулуктар камтылганын сабаттуу, негиздүү, кеп маданиятынын талаптарына ылайык түшүндүрүп берүү жөндөмү да бааланат.

Тапшырма аткаруу убагы: жазуу этабы – 4 саат (тил тапшырмасын аткарууга 2 саат жана адабий чыгармага карата пикир жазууга 2 саат). Оозеки этап экинчи күнү өткөрүлөт. Жазуу этабында катышуучулар бир столго бирден жайгаштырылат.

Тапшырмалардын мүнөздөмөсү

Тил тапшырмалары. Конкурсанттарга сунуш кылынган тил тапшырмалары тил илиминин бардык бөлүмдөрүн чагылдырат жана окуучулардын жөн гана билимге түз жетүүсүнө эмес, билимин чыгармачылык менен колдонуусуна жана сабактарда калыптандырылган (лексика, грамматика, пунктуация, окуу жана түшүнүү боюнча) жөндөмдөрдү көрсөтүп берүүсүнө багытталган. Олимпиада үчүн төмөнкү типтердеги түрдүү тапшырмалар сунуш кылынышы мүмкүн:

  • контекстке жараша синоним жана антонимдердин тандалышы;
  • иретке келтирүү (бири-биринен ажыратылган сүйлөмдөрдөн же абзацтардан ырааттуу текст түзүү; чаржайыт түрдө берилген окуялардын иретин калыбына келтирүү);
  • текстте калтырылган бош жерлерди түрдүү сөз түркүмдөрүнө таандык сөздөр менен толуктоо;
  • трансформация, өзгөртүү, алмаштыруу;
  • айтымды (сүйлөмдү) аяктоо (жетишпеген компонентти табуу);
  • жабык жана ачык типтеги суроолорго жооп берүү (кыска жана кеңири);
  • бир тил ичинде өзгөртүп кайра айтуу;
  • окулган тексттин стилин негиздеп түшүндүрүү;
  • жалпы текстти жана анын айрым бөлүктөрүн окуп түшүнүү.

Пикир. Пикир жазуу үчүн окуучуларга адабий тексттер сунуш кылынат. Бул тексттер – көмөкчү суроолор менен коштолгон анча чоң эмес көлөмдөгү тексттер. Ал суроолордун негизинде олимпиаданын катышуучусу өз ишин кура алат. Тапшырмаларды окутуу тилинде аткара турган окуучуларга салыштыруу үчүн 2 текст сунуш кылынат. Тексттер төмөнкү талаптарга ылайык тандалган: аутенттик (чындыкка шайкеш), тема жана социомаданият жагынан ылайыктуу, окуучунун жаш өзгөчөлүктөрү жана окурман муктаждыктары эске алынган.

Жазылган иш бүтүн, ырааттуу, аягына чыккан текст болууга тийиш. Катышуучу:

  • бардык жагдайларды жана деталдарды эске алып, ырааттуу текст жазса;
  • текстте берилген окуяларга, буюмдарга, каармандарга, кубулуштарга өз мамилесин туюндурса;
  • жүйөлөрдү колдонуп, теманын формулировкасына таянып жана өз ойлорун тексттен, башка чыгармалардан, жеке тажрыйбасынан алынган мисалдар менен чагылдырып ой жүгүртсө, жазылган иш жакшы деп эсептелет.

Тил жагынан катышуучу

  • бай сөз запасын;
  • грамматикалык конструкцияларды түрдүүчө колдоно билүү жөндөмдүүлүгүн;
  • теориялык-адабий түшүнүктөргө (троп жана стилистикалык фигуралардын аттарына) ээ экенин көрсөтөт.

Окулган тексттин негизинде өзүнүн ырааттуу айтымын (пикир) жаратуу аракети кептин «ой жүгүртүү» деген тибине шайкеш болуп, айтымы белгилүү түзүлүштө болууга тийиш. Олимпиада катышуучусунун окулган текстти колдонуу менен өз ойлорун жана ырастоолорун негиздеп берүү жөндөмдүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулат.

Иштин көлөмү эң аз дегенде 150 сөздү түзөт. Эгер иш кайра айтылган же көп бөлүгү кайра көчүрүлгөн комментарийсиз баштапкы тексттен гана турса, анда иш нөл упай менен бааланат.

Ишти текшерүүдө төмөнкү жөндөмдөр бааланат: конкурсант

  • берилген темага жараша текст түзөт;
  • ой жүгүртүүнүн далилдөөчү бөлүгүн курууда өз ойлорун логикалуу түрдө билдирет;
  • ынанымдуу жүйөлөрдү келтирет;
  • автордун белгиленген көйгөйлөргө карата болгон мамилесин аныктайт;
  • өз позициясын чагылдырат (автордуку менен салыштырат);
  • иштин жанры жана темасына жараша тил каражаттарын тандайт;
  • текстти адабий тилдин нормаларына жараша түзөт.

Жатка көркөм окуу. Көркөм окуу үчүн окуучунун жаш өзгөчөлүктөрү жана окурмандык муктаждыктары эске алынып, мектеп программасынан тышкары чыгармалар (ырлар, эпикалык же драмалык чыгармалардан үзүндүлөр) сунуш кылынат.

Көлөмү жагынан чоң же үндүн катуу чыңалышын талап кылган чыгармалар аткарылбоого тийиш, буларды өздөштүрүү аткаруучунун психикасы үчүн оор жүк болот. Ошондой эле көркөм окуу үчүн аткаруучунун жашына мүнөздүү эмес, жеке тажрыйбасынан узак ойлор жана сезимдер чагылдырылган чыгармаларды да албоо керек.

Ар бир окуучунун көркөм окуусунун узактыгы 5-7 мүнөттү түзөт.

Жатка көркөм окууну баалоонун негизги критерийлери:

  • текстти жакшы билүү;
  • кеп техникасы (дикция, орфоэпия, үндүн күчү);
  • кеп логикасы (логикалуу басымдарды жана тынымдарды сактоо);
  • эмоционалдуу-образдуу көркөмдүүлүк (эмоционалдуулук, чыгармага карата маанайды, өз мамилесин туюндуруу);
  • жаңсоо жана мимиканын колдонулушунун орундуулугу.

Чыгарманын тандалышын негиздеп берүү жана көркөм өзгөчөлүктөрүн мүнөздөө. Оозеки жоопторду баалоодо калыстар төмөнкү негизги критерийлерди жетекчиликке алат:

Конкурсант —

  • мазмундуу жүйөлөрдү келтирүү менен чыгарманын тандалышын түшүндүрөт;
  • окулган чыгарманын идеялык-эстетикалык мазмунун ачып берүүдө көркөм каражаттардын ролун аныктайт;
  • чыгарманын көркөм өзгөчөлүктөрүн мүнөздөөдө теориялык-адабий түшүнүктөрдү колдонот;
  • жоопту сабаттуу, логикалуу, ырааттуу түрдө курат.

Эң негизгиси – окуучу авторду, анын чыгармасынын маанисин, автордун позициясын, ал позицияны туюндурууда колдонгон ыкмаларын түшүнүшү, көркөм окулган тексттин талданышы ушул жагдайды чагылдырып бериши керек. Көрсөтүлгөн предметтер боюнча тапшырмаларды иштеп чыгууда учурда колдонулуп жаткан билим берүү стандарттарында каралган тил билүү деңгээли эске алынат.

Угуп түшүнүү жана оозеки кеп боюнча конкурсту өткөрүүгө зарыл болгон техникалар:

  1. Угуп түшүнүү боюнча конкурста тексттерди угуу үчүн: mp3 форматында аудиофайлдарды угуза ала турган компакт-дисктерди (DVDRom или CDRom) окуган каражаты жана аудиоколонкалары бар персоналдуу компьютер.
  2. Оозеки кеп боюнча конкурста катышуучулардын жоопторун жазыш үчүн диктофон же башка жаздырып алуучу каражаттар.

 

География боюнча

География боюнча олимпиаданын бардык этаптары үчүн тапшырмалары мамлекеттик билим берүү стандартынын жана 6-11-класстардын география сабагы боюнча мектеп программасынын талалаптарына ылайык түзүлгөн. Тапшырмалар окуу программасынан тышкары чыккан кызыктуу жана салыштырма татаал мазмуну менен айырмаланат. Олимпиаданын катышуучулары жөн гана география боюнча мыкты билимин көрсөтпөстөн, билиминин тереңдигин, өзүнүн географиялык кругозорун, географиялык ой жүгүртүүсүн көрсөтүшү керек.

Тапшырмалар мазмуну боюнча билимдин төрт тармагына (физикалык, экономикалык, социалдык география жана геоэкология) тиешелүү болуп, төмөнкү негизги тематикалык блокторго бөлүнгөн:

  1. Кыргызстандын географиясы;
  2. Картография;
  3. Жердин жаратылышы;
  4. Бүткүл дүйнөнүн калкы;
  5. Бүткүл дүйнөлүк чарба;
  6. Жаратылышты пайдалануу жана геоэкология;
  7. Региондор жана өлкөлөр.

Олимпиаданын катышуучуларына үч деңгээлдеги тапшырмалар берилет:

I деңгээл – географиялык түшүнүктөрдү, мыйзам ченемдүүлүктөрдү, факты жана кубулуштарды билүү, географиялык мейкиндикте багытты табууну баалаган тапшырмалар.

II деңгээл – жаратылыштын, коомдун татаал процесстерин, кубулуштарын түшүндүрүүгө, кубулуштардын ортосундагы карым-катыштарды аныктоого багытталат.

III деңгээл – билгичтиктерди колдонууну талап кылган, түшүнүктөрдүн ортосундагы карым-катышты түшүнүүгө багытталган тапшырмалар: факты, кубулуштарды талдоо, салыштыруу, жалпылоо жана системалаштыруу ж.б.

Теориялык турда катышуучулар жабык (А бөлүгү) жана ачык (Б бөлүгү) типтеги тапшырмаларды аткарышат. А бөлүгүндө жабык типтеги тест тапшырмаларындагы берилген суроолорго ар кандай вариантта жооп берсе болот:

  • Жоопту тандоо тапшырмалары. Сунушталган жооп варианттарынан бир же бир нече туура болгон жоопту (жоопторду) тандап алышы керек.
  • Бөлүк, элемент, түшүнүктөрдү таап же конструкция, ырастоолорго теңештирип; эки же андан көп тизменин элементтеринин ортосундагы дал келүүнү калыбына келтирүүгө багытталган тапшырмалар.
  • Факты, кубулуш байланыштарындагы ыраттуулукту калыбына келтирүүгө багытталган тапшырмалар.

Б бөлүгүндө ачык типтеги – эркин баяндоо же эркин түзүлүштөгү тапшырмалар берилет:

  • Коюлган талаптарга жооп берген обьекттерди өз алдынча тандоого багытталган тапшырмалар;
  • Тапшырманын мазмуну боюнча катышуучулардын кеңири жоопторун талап кылган тапшырмалар.

Теориялык турдагы тапшырмаларды аткарууга бөлүнгөн убакыт 3 астрономиялык сааттан ашпаган көлөмдө аныкталат. Практикалык турдун тапшырмалары проблемалык (көйгөйлүү), изилдөөчүлүк мүнөзгө ээ. Катышуучуларга картографиялык материалдарды талдоону, билимди пайдаланууну талап кылган ар түрдүү логикалык жана эсептөөчү географиялык маселелер сунушталат.

Тапшырмаларды аткаруу үчүн олимпиаданын катышуучуларына калемсап жана сызгыч керек болот. Керектүү болгон бардык математикалык эстептөөлөр администраторлор тараткан черновиктерде жасалат.

 

Англис тили боюнча

Олимпиаданын биринчи туру (1-күн) төмөнкүлөрдү камтыйт:

  1. Угуп түшүнүү: Текстти угуу (2 жолу) жана тапшырмаларды аткаруу (6-7)

Аткаруу убактысы: 35 мүн.

  1. Лексика-грамматикалык тест (30 суроо)

Аткаруу убактысы: 60 мүн.

  1. Окуу: Тааныш эмес текстти сөздүгү жок окуу; окуганын түшүнүү боюнча 10 тапшырманы аткаруу. Аткаруу убактысы: 50 мүн.
  2. Жазуу: Сунушталган темага кыскача макала же аңгеме жазуу (180-200 сөз). Аткаруу убактысы: 60 мүн. Бардыгы: 3 саат 25 мүнөт.

Экинчи тур (2-күн) төмөнкүлөрдү камтыйт:

  1. Оозеки сүйлөө (18-20 сүйлөм), калыстардын суроолоруна жооп берүү (3 суроо):

Теманы ачып берүүгө 1 суроо. Тема менен окуучунун жеке тажрыйбасынын ортосундагы байланышты аныктоого 1 суроо. Маалыматты жалпылоо жана тыянак чыгара билүүнү текшерүүгө 1 суроо.

Чыгып сүйлөөгө жана суроолорго жооп берүүгө бөлүнгөн убакыт – 7 мүн.

Угуп түшүнүү жана оозеки кеп боюнча конкурсту өткөрүүгө зарыл болгон техникалар:

  1. Угуп түшүнүү боюнча конкурста тексттерди угуу үчүн: mp3 форматында аудиофайлдарды угуза ала турган компакт-дисктерди (DVDRom или CDRom) окуган каражаты жана аудиоколонкалары бар персоналдуу компьютер.
  2. Оозеки кеп боюнча конкурста катышуучулардын жоопторун жазыш үчүн диктофон же башка жаздырып алуучу каражаттар.

 

Химия боюнча

Теориялык этап олимпиаданын биринчи күнүндө өткөрүлөт. Теориялык этаптын убактысы – 4 саат. Тапшырмаларынын топтому эки бөлүктөн турат:

I бөлүк көп жооптордун ичинен бир гана туура жоопту тандаш керек болгон 30 тапшырмадан турат. Бул тапшырмаларды аткарыш үчүн 1 саат 30 мүнөт убакыт берилет.

II бөлүк теориялык көйгөйлөрдүн 3 топтомун камыйт. Бул көйгөйлөрдү чыгарыш үчүн 2 саат 30 мүнөт убакыт берилет.

Олимпиаданын катышуучуларына тапшырмалардан тышкары бардык керектүү маалыматтык материалдарды камтыган жеке дептерлер таратылат. Дептердеги бардык тапшырмалар кыргыз жана орус тилдеринде жазылган.  Катышуучулар эсептөөлөрдү жана жоопторду аларга берилген дептерлердин атайын бөлүнгөн жерлерине жазышат. Эсептөөлөр үчүн черновик берилет, бирок ал олимпиаданын катышуучусунун жыйынтыктарын баалоодо эске алынбайт.

Базалык мектептерден келген олимпиаданын катышуучулары ондук жана натуралдык логарифмдерди эсептөө үчүн программасы ЖОК жөнөкөй калькуляторлорду колдонсо болот. Тереңдетип окуган мектептерден келген окуучулар ондук жана натуралдык логарифмдерди эсептөө үчүн программасы бар калькуляторлорду колдонсо болот.

 Практикалык турду уюштуруу боюнча сунуштар (базалык деңгээл)

Практикалык этап лаборатордук-практикалык маселелерди чыгарууга арналган.  Практикалык этаптын убактысы 2 саатты түзөт.

Олимпиаданын катышуучуларына тапшырмалар жазылган жеке дептерлер таратылат, ал дептерде бардык керектүү маалыматтык материалдар, коопсуздук техникасы боюнча нускама жана окуучуларга сунушталган практикалык маселени туура жазуу боюнча көрсөтмөлөр толугу менен берилген. Олимпиаданын катышуучулары өз эсептөөлөрүн жана жоопторун ушул дептерге жазышат.

Практикалык тур өтүп жатканда олимпиаданын бардык катышуучуларына программалык эмес калькуляторлорду жана график, схема, таблицаларды тартуу үчүн сызгыч, өчүргүч, карандаштарды колдонууга уруксат берилет.

Олимпиаданын  ар бир катышуучусунун алдында төмөнкү жабдуулар болушу керек:

1) Бирден сегизге чейин номер коюлган, капкагы жабылган 8 кичинекей  бөтөлкө. Практикалык турду өткөрөрдүн алдында бул бөтөлкөлөргө аз өлчөмдөгү  катуу заттар салынат. Кургак затты кашык менен алуу үчүн бөтөлкөнүн оозу кенен болуш керек. Оозу кенен жана пластикалык капкагы бар дары-дармектердин бөтөлкөсүн колдонсо болот.

2) Бооруна чапталган кагазда төмөндөгүдөй жазуулары бар 4 бөтөлкө: H2SO4,  3М;  HСl, 3М;  NaOH,  3М; 0,1% фенолфталеин. Бөтөлкөдөгү кислотанын жана негиздин көлөмү – 10 мл. Фенолфталеиндин  көлөмү – 1-2 мл. **Берилген концентрацияда эритмелерди даярдоо (өтө жогорку тактыктын кереги жок)

  • Күкүрт кислотасынын эритмеси: 96% 160 мл. концентрацияланган күкүрт кислотасы абайлап 840 мл. сууга  кошулат.
  • Туз кислотасынын эритмеси: 93 мл. концентрацияланган туз кислотасы 907 мл. сууга кошулат.
  • Натрийдин гидроксидинин эритмеси: 120 г. натрийдин гидроксидине 1000 мл. ченге чейин суу кошулуп, аралаштырылат.
  • Фенолфталеиндин эритмеси (0,1%): 96% дарыканада сатылган этил спирти пайдаланылат: 1 г. фенолфталеинди 80. этил спиртинде эритебиз жана 100 мл. болгончо cуу кошобуз (1% эритме).  50% спиртти даярдоо үчүн болжолдуу  1 көлөм дарыкана спиртине 1 көлөм суу кошобуз 1:1 катышта.

**Бир жолу колдонулуучу пипетканы же  бөтөлкө пипеткасын колдонсо болот. Боорунда жабышкан кагазы бар пастера (5 мл.)  тиешелүү суюктук менен толтурулат жана тикесинен коюлуп, боорундагы жазуусу  өйдө каралат. Пастеранын пипеткасы микробиологиялык лабораторияда колдонулат.

** Идиш жетишсиз болсо, кислотанын, негиздин, фенолфталеиндин эритмесинин 1 топтомун 2 жумушчу орунга колдонсо болот.

3) Анализди жүргүзүү үчүн номер коюлган бөтөлкөлөрдөгү кургак заттарды алмаштырып, экөөнүн бирөөсүн тандап алуу керек.

А) Биринчи ыкма: Анализ үчүн 5-10 смкөлөмдөгү, 1ден 8ге чейинки сандар менен  номерленген 8 таза пробирка пластикалык планшетте орнотулат.

Б)  Экинчи  ыкма: бир 24 лункалык планшетти же  эки 12 лункалык планшетти колдонуу (микропланшеттер). Айтылган планшетти түстүү кагаздын үстүнө коюу керек.  Бул ыкма үчүн кислота, негиз, фенолфталеин эритмеси толтурулган пастердин пипеткасы колдонулат. Ошондой эле микропланшеттер микробиологиялык лабораторияларда колдонулат. Маркер карандашы  менен чуңкурларды 1ден 8ге чейин белгилеп коюу керек.

4) Кургак заттарды  пробиркага  салуу үчүн кашыкча же шпател керек. Бир эле шпателди колдонсо болот,  бирок ар бир  кургак материалды  алганда чыпкалоочу кагаз менен таза сүртүп туруш керек. 3-4 бөлүк чыпкалоочу кагазы керектелет.

Бир жолку колдонулуучу Пастердин пипеткасынан кашыкчаларды оңой эле даярдаса болот (жогоруда эскертилген), колдонулуп жаткан идиштин оозунан кичирээк диаметрдеги  пластикти формага салып кесип алса болот.

5)  Пробиркадагы суюктукту аралаштыруу  үчүн айнек таякча.

Мензурканын өлчөмүндө кесилген жумшак эмес коктейлдин таякчасын колдонсо болот. Микропланшеттин чуңкурун аралаштыруу үчүн  тиш тазалагычты колдонсо болот.

6) «Дистиляцияланган суу» деген жазуусу бар идиш жуугуч. 

7) Бетиндеги кагазда «Иштетилип чыккан материалдын калдыгы» деген жазуусу бар  бир оозу жабык айнек идиш.  Идиш жетишсиз болгондо 6 жана 7 пунктагы наборду 2 жумушчу  орунга колдонсо болот.

Эксперименттин схемасы.

8 белгисиз зат → номер коюлган сегиз пробиркага которуу

Идентификациянын жыйынтыгы ←                 анализ

 

8  белгисиз зат олимпиаданын практикалык турун өткөрүүгө бир саат калганда  ББОУБ тарабынан берилет.

Берилген материал практикалык турду уюштуруучу тарап үчүн жашыруун категорияга кирет. Купуялуулукту сактоо керек болот.

Химия боюнча (тереңдетилген деңгээл)

Практикалык турда катышуучулардын алдында төмөнкү жабдуулар болушу керек:

  • 2 бөтөлкө капкагы менен, бул бөтөлкөлөрдүн боорунда жазуусу жок кагаз чапталып турушу керек: биринчисинде — 50смэритме, ал эми экинчисинде — 15 грамм кургак зат болушу керек.  
  • Дистилляцияланган, суу куюлган колба (100 см3).  100 см3 cуу жуугучун колдонсо болот.
  • Пластикалык планшетте орнотулган 5 таза, кургак мензурка (10 см3), бир мензурка бир тажрыйбага колдонулат.

4)  Пробиркадагы суюктукту аралаштыруу үчүн айнектен жасалган таякча. Мензурканын өлчөмүндө кесилген, жумшак эмес коктейлдин таякчасын колдонсо да болот.

5)  Тараза жана анын таштары (механикалык же электрондук) 1 таразаны 3-4 окуучу пайдаланат (мүмкүн болсо).

Биринчи тараза  1-10  граммга чейинки диапазондогу кургак заттарды тартуу үчүн.

Экинчи тараза 200-300 граммга чейинки мензуркадагы эритмелерди тартуу үчүн.

Таразага тартуу үчүн жабдуулар: мензурка ичиндеги зат менен кошо таразага тартылыш керек. Кантип ушуну аткарыш керек экендигин ойлонуп көргүлө. Кээ бир ыкмада мензурканы  стаканга же  түбү жалпак  колбага орнотуу керек. Ар бир таразага тартуунун алдында бир кургак стаканды же түбү жалпак колбаны  коюш керек.

Эскертүү: Бул жумуш көп жолу таразага тартууга арналган, ошондуктан лабораториядагы экперимент үчүн бөлүнгөн эки саатта катышуучулардын аткарган ишинин эффективдүүлүгүн ойлонуп көргүлө. Андан кийин лабораториялык иште колдонула турган мензуркага салынуучу  бош стаканды же колбаны  таразага  тартып коюу керек  жана  алардын массасын  стаканга же колбага көрсөтүп коюу керек.

6) Бетиндеги кагазда «Иштетилип чыккан материалдын калдыгы» деген жазуусу бар бир оозу жабык айнек идиш керек (100 см3) (эки иш ордуна колдонууга болот).

Олимпиаданын практикалык турун өткөрүүгө бир саат калганда,  экспериментти аткарууда керектелүүчү кургак заттарды ББОУБ алып келет.

Берилген материал практикалык турду уюштуруучулар үчүн жашыруун категорияга кирет. Купуялуулукту сактоо зарыл.

                                          Тарых боюнча

Олимпиада кыргыз жана орус тилдеринде негизги орто (толук) жалпы билим берүү программаларына негизделип түзүлгөн тапшырмалар менен өткөрүлөт. Тапшырмаларынын комплекси «Дүйнөлүк тарых» жана «Кыргызстандын тарыхы» аттуу жалпы билим берүү предметтеринин материалдарына негизделип, билим берүү стандартына ылайык келет.

Олимпиаданын биринчи күнүндө өткөрүлө турган теориялык этапка төрт саат берилет. Бардык катышуучуларга кыргыз жана орус тилдеринде тапшырмалары менен  жеке дептерлер берилет. Катышуучулар өз эсептөөлөрү менен жоопторду аларга берилген дептердин атайын бөлүнгөн жерлерине жаза алышат. Эсептөөлөрдү чыгаруу үчүн катышуучуларга черновик берилет, бирок ал олимпиаданын катышуучусунун жыйынтыктарын баалоодо эске алынбайт.

Тапшырмалар каалаган иретте аткарылат.

Теориялык этап тапшырмалардын төмөнкү түрлөрүн камтыйт:

  1. Бир туура жообу бар тест тапшырмалары;
  2. Бир нече туура жообу бар тест тапшырмалары. Мындай тапшырмалар катышуучу белгилүү кубулушту же доорду ар тараптан карап чыгуусуна багытталган;
  3. Салыштырууга берилген тапшырмалар;
  4. Салыштыруу же карама-каршы коюу принцибин аныктоо үчүн обүект, окуя же инсандардын катарлары;
  5. Элементти «кошуу», «чыгарып таштоо» катарлары;
  6. Хронологиялык тартиптүүлүк. Катышуучуга бир нече окуяларды хронологиялык тартипте тизип чыгуу сунушталат;
  7. Маалыматтын эки катарын салыштырууга берилген тапшырмалар. Бир катардын мисалы окуялардын даталары боло алат;
  8. Бош жерлери бар текст (даталар, инсандар, түшүнүк, терминдер ж.б.);
  9. Иллюстрациялуу булактар менен иштөө боюнча тапшырмалар.

Практикалык этап олимпиаданын экинчи күнүндө өткөрүлөт.

Бул этаптын тапшырмалары татаалыраак келип, көбүнчө чыгармачыл мүнөздө болот. Бул тарыхый картаны, тарыхый документти талдоо (бул – абдан олуттуу тапшырманын бири, анткени тарыхый булак менен иштөө – тарыхчынын изилдөө ишмердигинин негизи), эссе, окуяга же инсандын тарыхтагы ролуна тарыхый баа берүү.

Олимпиаданын практикалык этабындагы тапшырмаларды аткарууга катышуучулар үчүн жеке дептерлер берилет. Тапшырмалардын жооптору менен чыгарылыштарын дептердеги атайын бөлүнгөн жерге жазыш керек.

Картаны же документти талдоо боюнча тапшырмаларды аткарууда олимпиаданын катышуучусунун бир нерсенин атрибутун табууга болгон жөндөмү бааланат, башкача айтканда, картаны же документти таануу, аны ага белгилүү тарыхый окуя менен салыштыруу жана ал окуяга мүнөздөмө берүү, тарыхый окуяны түшүнүү үчүн картанын же документтин мүмкүнчүлүктөрүн баалоо.

Чыгармачылык менен иштей турган тапшырмалар үчүн темалар да мектеп программасына ылайык келет, бирок бул олимпиада катышуучуларында кошумча кызыкчылыктын бар болушун талап кылат.

 

Биология боюнча

Олимпиаданын теориялык этабына 4 саат берилет.

Олимпиаданын теориялык турунда катышуучуларга жеке дептерлер таратылат. Дептердеги бардык тапшырмалар кыргыз жана орус тилдеринде жазылган.  Олимпиаданын катышуучулары эсептөөлөрдү жана жоопторду аларга берилген дептерлердин атайын бөлүнгөн жерлерине жазышат. Эсептөөлөр үчүн черновик берилет, бирок ал олимпиаданын катышуучусунун жыйынтыктарын баалоодо эске алынбайт.

Областтык олимпиаданын теориялык турунун топтому үч бөлүктөн турат. Ар бир бөлүктүн өзгөчө түрдөгү тапшырмалары бар. Тапшырмаларды каалаган иретте аткарса болот.

А бөлүгү бир эле туура жообу бар суроолорду камтыйт. Туура жоопту тегеректеп коюш керек.

Б бөлүгү жооптун бир нече варианты бар суроолорду камтыйт. Туура жоопторду суроонун астындагы таблицага жазып же тегеректеп коюш керек.

В бөлүгү ачык түрдөгү 2 суроону камтыйт. Бул суроолорго кеңири, толук жооп бериш керек.

Практикалык этапка 2 саат бөлүнөт.

Олимпиаданын практикалык этабына катышкан окуучуга суроолорго жоопту жаза турган жеке дептер берилет.

 

Математика боюнча

Ар бир турда катышуучуларга үч тапшырма сунушталат. Окуучулар аларды каалагандай иретте чыгарса болот. Болгону номерин туура белгилеп коюшу керек. Адегенде маселени өзүнчө дептер болуп берилген черновикте чыгарып, анан өз убагында таза дептерге көчүрүп жазуу зарыл. Анткени текшерүүдө черновиктер эске алынбайт.

Эгерде апелляцияга арыз берип жатканда арызга кайсы маселеде, маселенин кайсы жеринде суроолор пайда болгондугун белгилеп жазып коюу керек. Жөн гана: “Мен эмнени жазганымды көргүм келет” деген болбойт.

Маселелерди чыгаруу үчүн мектепте өткөн материалдардан да көбүрөөк билүүнүн кереги жок, бирок жаңы идеялар, математикалык туюп-билүү жана логикалык ой жүгүртүү зарыл болот. Маалыматтык китепчелерди, интернет, калькулятор ж.б. колдонууга болбойт.

физика боюнча (теоретикалык тур)

 Олимпиаданын катышуучуларына физиканын ар кандай бөлүктөрүнөн турган беш тапшырма сунушталат.

  1. Тапшырманын мазмуну 10-11-класстардын окуу программасына туура келет. Берилген тапшырмалардын мүнөзү, олимпиадалык тапшырмаларга туура келиш үчүн,  жогорку татаалдыкта түзүлөт.
  2. Тапшырманы аткарууга тыныгуусуз 4 саат убакыт берилет.
  3. Тапшырмалар физиканы тереңдетип окуган катышуучулар үчүн жана базалык окуу формалары үчүн түзүлөт.
  4. Берилген тапшырмалар физика курсун окутуудагы бөлүмдөрдүн тартиби боюнча жайгаштырылат.
  5. Тапшырмалар кыргыз жана орус тилдеринде түзүлүп, ар бир катышуучуга өзүнчө берилет.
  6. Тапшырмалар, сүрөттөр, графиктер, таблицалар жана физикалык чоңдуктардын таблицалык маанилери менен толукталат.
  7. Ар бир маселенин аягында (маселе туура чыгарылса) ага коюлуучу балл көрсөтүлгөн, жалпысынан тапшырмалардын максималдуу баллы — 30 балл.
  8. Олимпиаданын катышуучусу, тапшырма алгандан кийин, мазмуну менен таанышып чыгып, 15 мүнөттүн ичинде суроолорун жазуу түрүндө бере алат.  Убакытты туура пайдалануу үчүн биринчи кезекте бардык тапшырмалардын шарты менен таанышып чыгуу керек.

Сунуш иретинде:

— убакытты өткөрүп жибербеш үчүн бир эле  тапшырманын үстүндө иштебей,  ар бир тапшырманы чыгарууга аракет кылыш керек;

— тапшырманы чыгарууда сөз түрүндө көп жазбай, формулалар, схемалар, график түрүндө берүү керек;

—  табылган чодуктардын бирдигин СИ системасында берүү зарыл;

— олимпиаданын катышуучусу мектептик программмадан сырткары векторлор менен иштөөнү, туунду, дифференциал, интеграл алганды билүүсү керек.

  1. 10. Тапшырманы баалоодо черновикте жазылгандар эсепке алынбайт. Тапшырма берилген дептерде гана аткарылышы керек. Дептердин барагын жулууга болбойт. Кара жана көк пастасы бар ручка менен гана жазуу керек.
  2. Катышуучулар кошумча программалары жок жөнөкөй калькулятор, турактуу чоңдуктардын справочнигин, Брадистин таблицасын колдоно алышат.

Эксперименталдык тур

  1. 1. Тапшырманы аткаруу убактысына карап, бир же эки эксперименталдык тапшырма берилет (бул турдун максималдык баллы — 20 балл). Берилген тапшырмалар окуу програмасынан чыкпаш керек.
  2. Экспериментке берилген убакыт тыныгуусуз – 4 саат.
  3. Эксперименталдык тапшырманы аткаруу үчүн керектөөлүүчү приборлор жана куралдар берилет. Тапшырманы аткарууда катышуучу берилген приборлор жана куралдардын бардыгын колдонуп, изилденүүчү физикалык чоңдукту табыш керек.
  4. Тапшырманын шарты менен таанышып чыгып, катышуучу кайсы чоңдукту аныкташы керектигин так түшүнүш керек. Башында таблица чийип, аныкталуучу чоңдуктарды таблицага жазып алуу, кийин эксперименттин жыйынтыгын алууда жардам берет.
  5. Приборлордун көрсөтүүлөрүн мүмкүн болушунча так жазууга аракет кылуу керек.
  6. Өлчөөлөрдүн жыйынтыгы төмөнкүлөрдү камтыйт: физикалык чоңдуктардын сандык маанисин табуу; алардын катасын баалоо; жыйынтыгын туура тегеректөө; графиктерди туура жана так түзүү.
  7. Аягында аткарылган тапшырманы туура жазуу чоң мааниге ээ. Олимпиаданын катышуусу максималдык балл алуу үчүн, туура, так формада жазуу керек.

Аткарылган ишти жазуунун мазмуну төмөнкүдөй:

1) Биринчи иштин атын жазуу керек;

2) Иштин максатын так формулировкалоо;

3) Эксперименттин кыскача теориясын берүү  жана экспериментте пайдаланылган жумушчу формуласын аныктоо;

4) Жумушта эксперименталдык установканын схемасы, сүрөтү сөзсүз түрдө болуу керек. Керектүү физикалык чоңдуктарды өлчөө үчүн түзүлүштүн негизги элементтерин көрсөтүү жетиштүү. Катышуучу көрсөткөн схемада өлчөөнүн бардык методикасы түшүнүктүү болуу керек. Эгерде электр приборлорлорунда өлчөөлөр жүргүзүлсө, схемалары стандарттык электрдик  белгилөөлөр менен берилиши керек.   Бардык өлчөнгөн чоңдуктар таблица түрүндө жазылат. Чоңдуктардын бирдиктерин сөзсүз көрсөтүү керек;

5) Аягында жыйынтыкты аныкталган катасы менен берүү керек;

6) Чоңдуктардын бирдигин СИ системасында бериши керек.

1-экспериментин даярдоо үчүн талаптар

Уюштуруучулар үчүн көрсөтмөлөр:

  1. Диаметри d ө 0,15 мм. болгон (же башка диаметрдеги) жез же алюминий зымы. Зымдын узундугу 1 м. 2 м. ге чейин болушу керек. Зымдан ар бир катышуучу үчүн окшош кылып эки учунун узундугу 5 см. жана 10 см. бош болгон, абдан чаташкан түрмөктөрдү жасаш керек.
  2. Ар бир катышуучу үчүн майда наждак кагазы.
  3. Ар бир катышуучу үчүн тегерек (кыры жок) жана кырдалган карандаштар (каалаган түстө).
  4. Массасы белгилүү болгон сызгыч (30 см). Уюштуруучулар ар бир катышуучуга оордугун өлчөп бериш керек.
  5. Ар бир катышуучу үчүн мультиметр.

2-экспериментин өткөрүү үчүн билдирме

Уюштуруучулар үчүн көрсөтмөлөр:

  1. Ар бир катышуучу үчүн параллелепипед же цилиндр формасындагы бордун бөлүгү;
  2. Класска 2-3 (бардык катышуучуларга бир нече даана) бордун бөлүктөрүн өлчөш үчүн электрондук же аналитикалык таразалар (тең салмактуулуктар);
  3. Сызгыч;
  4. Бирдей пластик стакандар.

  

Даярдаган Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии