ОКУУЧУЛАР IV ЧЕЙРЕКТИН ПРОГРАММАСЫН ОКУЙ БАШТАШТЫ

  • 02.04.2020
  • 0

Лейлек районундагы «Баластан» балдардын билим берүү, чыгармачылык борбору ѳлкѳбүздѳгү түзүлгѳн кырдаалга карата окуу процессин дистанттык окутуу менен 2019-2020-окуу жылынын иш планынын негизинде иш алып барууда. Мугалимдер балдар менен WhatsApp, интернет аркылуу байланыш түзүп иштѳѳдѳ. Андан сырткары мультисабак сайты аркылуу да сабактар ѳтүлүп жатат. Мындай ыкмада окутуу борбордогу 22 ийримде 2020-жылдын 16-мартынан бери жүргүзүлүүдѳ. 30-марттан тарта IV чейректин программасы башталды.

ОКУУЧУЛАР IV ЧЕЙРЕКТИН ПРОГРАММАСЫН ОКУЙ БАШТАШТЫ

Лейлек райондук «Баластан» балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун директору, Баткен облусунун мектептен тышкаркы мекемелеринин координатору Нургүл Түркбаеванын берген маалыматына таянсак, «Баластан» борборунун имараты, класстык кааналары райондук санитардык кѳзѳмѳлдѳѳ ишканасы тарабынан толугу менен дезинфекциядан ѳткѳрүлдү.

ОКУУЧУЛАР IV ЧЕЙРЕКТИН ПРОГРАММАСЫН ОКУЙ БАШТАШТЫ

Борбордогу бардык ийрим жетекчилер дистанттык окутууга өтүшкөн. Алсак, «Компьютердик сабаттуулук» ийриминин жетекчиси Чынара Маанова ѳлкѳдѳгү ѳзгѳчѳ кырдаалга, күтүүсүз карантинге байланыштуу окуучуларга программада бекитилген темаларды онлайн сабактарды уюштуруп түшүндүрүп келүүдѳ. Ал үчүн ийримге катышкан окуучулардын жана ата-энелеринин телефон номерлери аркылуу WhatsAppтан группа түзгѳн, — дейт жетекчи.

ОКУУЧУЛАР IV ЧЕЙРЕКТИН ПРОГРАММАСЫН ОКУЙ БАШТАШТЫ

Ал эми ийримдин жетекчиси Ч.Маанованын айтымында, ал онлайн сабактарды WhatsAppтагы группа менен, андан башка мультисабак сайты, гуглклассрум платформасы менен уюштуруп жатат.

ОКУУЧУЛАР IV ЧЕЙРЕКТИН ПРОГРАММАСЫН ОКУЙ БАШТАШТЫ

— Эн алгач окуу программадагы тема боюнча материал топтоп, ал материал боюнча Microsoft Word тексттик редакторунда сабактын иштелмесин даярдаймын, Microsoft Power Point программасында жаңы темага байланыштуу, окуучуну темага кызыктыруу үчүн слайд даярдаймын, бул даярдалган конспект планды жана слайдды мультисабак сайтындагы жеке сайтыма файл катары жүктѳймүн. Жүктѳлгѳн жаңы тема боюнча материалдын ссылкасын көчүрүп алып, окуучуларымдын WhatsAppтагы группасына жѳнѳтѳмүн, — дейт Ч.Маанова.

Берилген онлайн тесттерге окуучулар мультисабак сайты менен кирип, тесттерди белгилеп, билимин ѳздѳрү дагы, мугалим дагы баалаганга жетишет. Мисалы: тесттин 50% туура болсо 3 деген баа, 50%-79% чейин туура болсо 4 деген баа, 80%-100% чейин туура болсо 5 деген бааларды коет.

— Окуучулар ѳздѳрү белгилеп, жыйынтыгын скриншот этип, жѳнѳтүп дагы жатышат. Мен болсо, мультисабак сайтындагы жеке сайтымдан тесттин жыйынтыгы бѳлүмүнѳн берилген тестти ким белгиледи, ким белгилеген жок, ким канча пайыз алганын кѳрүп турам, ошого жараша окуучунун билимин баалап коёмун. Ѳтүлгѳн темалар боюнча (үч программа боюнча) онлайн тест даярдадым, анын ссылкаларын окуучулардын WhatsAppтын группасына жѳнѳтүп, окуучулар онлайн сабактарды окуганды жана онлайн тесттерди белгилегенди үйрѳнүштү, ошол эле учурда ѳздѳрүнүн билим деңгээлин текшерүүнү дагы үйрѳнүштү, — дейт ийрим жетекчиси.

Ушундай нукта эле кытай тили, англис тили ийримдери дагы иштеп жатат. Ал эми «Арт-эстет» ийриминин жетекчиси Ишанкулов Бахадыр окуучулар менен «Пандемияны чогуу жеңебиз!» аттуу аралыктан сүрѳт тартуу конкурсун жарыялап иштей баштады.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии