Нурзат Жунушалиева, ИТЭКтин директору: «Колледжде окуган студенттердин келечеги кең»

  • 16.04.2013
  • 0

Нурзат Жунушалиева, ИТЭКтин директору: "Колледжде окуган студенттердин келечеги кең"

Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинин (ИТЭК) билим берүүнү уюштуруу системасы жалпы билим берүү процессинин үзгүлтүксүздүгүн жана улантуучулугун түздөн-түз көрсөтөт жана эл аралык инновациялык технологиялар университетинин (ЭИТУ) жогорку кесиптик билим берүү системасы менен ачык, так жана түздөн-түз макулдашылган.

Бүгүн орто кесиптик билим берүү системасынын өнүгүшү өзгөчө мааниге ээ болуп баратат, анткени бул эмгектин рыногунда жаңы пайда болуп турган талаптардын шартында ар бир адамдын билиминин жана жөндөмдүүлүгүнүн келечектеги өнүгүүсүнө жардам берет. Бул жогорку класстагы окуучулардын социалдаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн кенейтет, жалпы жана кесиптик билим берүүнүн ортосундагы иш улантуучулугун камсыз кылат, орто кесиптик билим берүү (ОКБ) жана жогорку кесиптик билим берүү (ЖКБ) программаларын сиңирип алууга мектептин бүтүрүүчүлөрүн даярдайт, бул ар түрдүү билим алуу жолдорун, окутуу программаларынын кеңири тандоосун жана окутуунун ийкемдүү системасын сунуш кылат.

Нурзат Жунушалиева, ИТЭКтин директору: "Колледжде окуган студенттердин келечеги кең"

Эртеңки күндүн ээлери

— Урматтуу Нурзат Манасовна, колледж качан түзүлгөн жана анын негизги маселелери кайсы?

— ИТЭК 2010-жылы түзүлгөн жана ЭИТУнун түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

Колледждин негизги маселеси — бул орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу процессин уюштуруу, инновациялык көнүгүү программаларынын чегинде жогорку окуу жайларга чейинки даярдоо жана орто кесиптик жогорку билим берүү.

— Баары кантип башталган?

— 2009-жылдан баштап лицензиялоо жана орто кесиптик билим берүүдө жаңы билим берүү программаларын аккредитациялоого даярдоо боюнча активдүү иш жүргүзүлгөн. Колледжге базалык деңгээлдеги орто кесиптик билим берүүнүн 11 жаңы билим берүү программалары боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугу бекитилип берилген.

2011-2012-окуу жылында инновациялык технологиялар жана экономика колледжине студенттерди биринчи кабыл алуу жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө 200 жакын студенттер негизги жалпы билим берүү жана орто (толук) билим берүү негизинде окушат.

Алар квалификацияга ээ болушат жана окутуунун күндүзгү формасы боюнча окушат. Колледждин төмөнкү окуу программалары жогорку кесиптик билим берүү системасынын (университеттин) окуу программаларына шайкеш, башкача айтканда университеттин адистиктеринин негизин түзөт: «Электр менен камсыздоо», «Тигүү буюмдарын кынаптоо жана моделдөө», «Жер-мүлктүк мамиле», «Автоунаа транспортторун техникалык жактан тейлөө жана оңдоо», «Радиоэлектрондук техниканы тейлөө жана оңдоо», «Салык жана салык салуу», «Чач-тарач өнөрү», «Мейманканалар сервиси», «Жарнак», «Имараттарды куруу жана эксплуатациялоо», «Товарлардын сапатын экспертизадан өткөрүү».

Колледждин педагогикалык жамааты – бул көбүнчө Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин окутуучулары, алардын 70 % илимий даражага ээ.

Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик стандарттагы диплом алышат жана билимин ЭИТУда же башка жогорку окуу жайларда улантса болот. Алардын адистиктери университеттики менен окшош болсо ЭИТУнун III курсуна өтөт.

Орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү ортосундагы байланыш билим берүүдө инсандын керектөөсүн ишке ашыруу үчүн шарт түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, кесиптик мектептин окутуучуларынын илимдик өсүшүн жана адистерди максаттуу даярдоо механизмдерин иштеп чыгуусун камсыз кылат.

Сабактан тышкаркы жана тарбиялык иштери, колледждин максаттары жана багыттары менен аныкталат. Биздин студенттердин демилгелери кубандырат. Мисалы, колледждин футбол командасынын уюшулушу жана студенттик КВН командасынын түзүлүшү.

Студенттер жылына театрларга, музейлерге, көргөзмөлөргө барышат. Мындай алып баруулардын негизги максаты биздин Кыргызстандын маданий мурастарын үйрөтүү болуп эсептелет. Мындан тышкары жаштарды патриоттуулукка тарбиялоого өзгөчө көңүл бөлүнөт. Таланттуу жаштар, көп. Студенттер үчүн эң баалуу иш-чара — «Студенттерге ыйгаруу»: биринчи курста студент болуш үчүн ыйгаруу ырымын өтүш керек жана ректордун, директордун, окутуучулардын, жогорку курстун студенттеринин жолдомолорун алыш абзел.

Мамлекеттик тил күнүнө, мугалимдер күнүнө, жаңы жылга, 23-февралга, 8-мартка, Ноорузга, Конституция күнүнө, Көз карандысыздык күнүнө ж.б. арналган иш-чаралар абдан кызыктуу өтөт.

Жылына футбол, баскетбол, шахмат ж.б. спорттун түрлөрү боюнча студенттик оюндар өткөрүлөт. Жаңы жылда жана балдарды коргоо күнүндө биздин студенттер жана окутуучулар Балдар онкология ооруканасына таттуу белектер, оюнчуктар жана чакан концерттик программасы менен барып келишет. Колледжде олимпиадалар, интеллектуалдык жана тематикалык оюндар жана конкурстар: «Мыктынын мыктысы», «Брейн-ринг», «Эмне? Кайда? Качан?», «Эр жигит», «Эң мыкты дубал-газета» ж.б. өтүп турат.

Нурзат Жунушалиева, ИТЭКтин директору: "Колледжде окуган студенттердин келечеги кең"

Окуу менен ыр-бий айкалышып…

— Ушул окуу жылында колледждин жамаатынын алдында кандай иш мерчемдери жана тапшырмалары турат?

— Биринчиден, үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү системасын түзүү процесси улантылууда. Мурда айтылгандай, бул билим берүү системасынын бүтүндүгүн камсыз кылуунун, анын сапатын жогорулатуунун, студенттер менен окутуучуларды социалдык жактан колдоонун, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн туруктуулугунун гаранты болуунун бирден-бир ыкмасы болуп саналат.

Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн адистиктери үчүн окуу пландарын жана программаларын иштеп чыгуу социалдык-экономикалык заказдарды эске алуу менен үзгүлтүксүз билим берүүнүн стандарттарын даярдоого мүмкүндүк берет.

Экинчиден, жалпы билим берүү мейкиндигинде үзгүлтүксүз билим берүү процессин сактап калыш үчүн орто кесиптик билим берүүнүн өнүгүү жана кармалып туруу маселесин актуалдаштырат.

Колледж өнүгүүдө. Колледжде билим алууну кызыктуу, ар тараптуу кылуу үчүн жана жаштарды мүмкүн болушунча көбүрөөк тартып, алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн, социалдык жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн жаңы билим берүү программаларын жана долбоорлорду түзүү боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Биздин абитуриенттерге, угуучуларга жана алардын ата-энелерине, албетте, айта турган нерселерибиз бар. мындай маектешүүлөр аткарылган иштер тууралуу өзүнчө бир отчёт жана ошол эле учурда келечектеги иштер тууралуу аңгеме болуп калат деп ишенем.

Аңгемелешкен М. КАЙЫПОВ

Колледж менен таанышуу мүмкүнчүлүгү апрель айында (2013-жылдын 12, 18, 19-апрелинде) өтүүчү «Ачык эшик күндөрүнө» катышуу болуп саналат жана биз силерди күтөбүз.

Толук маалыматты биздин сайттан www.intuit.кg таанышсаңыз болот. Өзүңүздөрдү кызыктырган суроолорду же сунуштарды

0-312-89-35-81 телефону менен же болбосо [email protected] же [email protected] электрондук адресибиз боюнча берсеңиздер болот.

Поделиться

Комментарии