МУГАЛИМДИН БИЛИМИ МЕЗГИЛДЕН АРТТА КАЛБАСЫН ДЕСЕК… ЖЕ “ЖАӉЫ МЕКТЕПКЕ” КАРАЙ ЖАӉЫ ЖОЛ

  • 17.06.2016
  • 0
МУГАЛИМДИН БИЛИМИ МЕЗГИЛДЕН АРТТА КАЛБАСЫН ДЕСЕК…   ЖЕ “ЖАӉЫ МЕКТЕПКЕ” КАРАЙ ЖАӉЫ ЖОЛ

  Жогорку педагогикалык окуу жайларда мугалимдик адистикке даярдоо турмушка ашырылса, а мугалимдин кесиптик адистигин жогорулатууну билим берүү министрлигинин алдындагы  мугалимдердин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институту турмушка ашыруу милдетин алып жатат. Азыркы учурда билим берүү министрлигинин алдында он күндүк кыска мөөнөттүү курс иштеп жатат. Бул кыска мөөнөттүү курстан окуп чыккан мугалимдер билим берүүнүөнүктүрүп, “инновациялык жаӊы мектепти” кура алышпасы баарыбызга түшүнүктүү.

Албетте, баарыбызга белгилүү болгондой, билим берүүнүн азыркы абалы өткөн XX кылымдын сексенинчи жылдарынын ортосу, токсонунчу жылдардын аягына чейинки экономикалык каржы каатчылыгынын кесепетинен ушул акыбалга келген. Бишкекте, ал жылдары мугалимдер агартуу кызматкерлер профсоюзунун республикалык уюмунун эсебинен ыӊгайлуу санаторий-профилакторийде эс алышып, билимин жогорулатышкан. Ошол учурдагы экономикалык кризистен Республикалык профсоюз уюму каржылаган санаторий-профилакторий да жоюлуп кеткен эле. Азыр, кудайга шүгүр, жергиликтүү профсоюздук уюмдарда мүчөлүк акылар өз убагында төлөнүп калыбына келди. Андыктан азыр мурунку санаторий-профилакторийди (мугалимдер үйүн) калыбына келтирүү же каржы маселесин чечүү агартуу кызматкерлердин Республикалык профсоюз уюмуна кыйынчылык жаратпайт чыгар. Албетте, Республиканын агартуу профсоюздук комитети мектепте билим сапатын жана мугалимдердин билимин жогорулатуу максатында министрдин демилгесин колдоорунда шек жок, ал эмес билим берүүнүн өнүгүшүнө иштиктүү салым кошот деген да ишенич бар. Мүмкүн болуп, жаӊы окуу корпус табылса жана анан ал аудиторияларды азыркы учурдун талабына ылайык тышкы инвесторлордун жардамы (билим берүүнү колдоочу проекттер, жеке демөөрчүлөр) менен жаӊы окуу инфраструктурасы менен жабдуу жана ремонт маселелери чечилер беле. Албетте, бул, эӊ оор, өйдө-төмөнү көп, түйшүктүү маселе. Андан соӊ, негизги максат мугалимдердин билим сапатын жогорулатууну жакшыртууда калмак, а окутуу жаатындагы көйгөйлөр өзүбүзгө тиешелүү ички маселе.

Окутуучу жана мезгил

 Теорияны жаӊы мектептин талабына айкалыштырбай туруп билим берүү сапатын жогорулатууну самай берүү “жаӊыланууга” болгон максаттарды, милдеттерди канааттандырбай калышы ыктымал. Ошондуктан курстун угуучуларын биз илимий кызматкерге даярдабайбыз, мектепти, таалим-тарбия процессин реформалоого, модернизациялоого даярдашыбыз керек. Андыктан биздин милдет — мектеп жетекчилерин, мугалимдерди мектеп реформасын кандайча ырааттуу түрдө турмушка ашырууга багыт берүү, — деп ойлойм.  Же болбосо биз сөз кылып жаткан “жаӊы мектеп” жөнүндөгү теориялар мектеп практикасынан орун таба албай калышы мүмкүн.

Эми биздин окутуучулар менен мектептин ортосунда педагогикалык кызматташуу алыстап, биз өз теориябыздын тегерегинде айланып калыптырбыз,  деп да ойлоном. Эски коомдон калган стереотиптик көз караш, айрым чиновниктик калдыктар кандайдыр бир деӊгээлде бизде да сакталган бейм. Мектептен биз, а бизден мектеп ажыраптыр. Бул өткөн авторитардык замандын кесепети. Биз айылдан келген мугалимдер билимсиз,  деп, ал эми мектеп мугалимдери КББАнын окутуучулары жакшы окутпайт, — деп, эки тарап эки жакты карап, бири-бирибизге сын айта берсек, ийгиликке эч качан жетишпейбиз. Азыр биз рынокко кире элек болсок да билим (товар) берүүчүбүз, алар кардалдар  (керектөөчүлөр). Андыктан “жаӊы мектепке” керек болгон теория, практикумдар менен билим сапатынын бет ачарларын, ачык сабактарын (рынок заманында) даӊазалап, үлгү катары өзүбүздүн көргөзүүбүз да керек болуп жатат.

Ошондуктан ар кимибиз теорияларга, өзүбүздүн пикирлерибизге, тажрыйбаларыбызга да сын көз менен кароо маанилүү. Анткени, бул жалган дүйнөдө Кудайдан башкабыз ката кетирерибиз айкын эмеспи. Жашырганда эмне, биз көбүнчө катанын үстүндө иштейбиз. Билим берүү, тажрыйба алмашуу процессинде идеялар, тажрыйбалар жагдайына ылайыктуубу — жокпу, теӊ салмактап көрүүнү унутпаганыбыз абзел.

Айыл адамдары болжол менен жалпы республиканын калкынын бештен үчүн түзөт.  Андыктан айыл мугалимдерине жан дилден мамиле кылып, ар тараптуу практикалык жардам берүү керек. Айылда билим берүүнүн сапаты жогоруласа гана жалпы республикада билимдин өнүгүү деӊгээли жогорулайт.

Эми шаар мугалимдери “өз киндигин өздөрү кесип” жаӊыланууга карай кадам ташташты. Көп улуттуу калктанбы же маалыматка жакынбы, кандайдыр бир деӊгээлде шаарда өнүгүү жагдайы, өз алдынчалуулук бар. А биз, окутуучулар, чыны жаӊылануунун желегин көтөрүп чыга элекпиз. Алдыда биз болушубуз керек эле. Арийне, анын да толгон-токой себептери бар. Бирок актанбай коё туралы.

Тагыраак айтканда, мугалимдин аналитикалык, чыгармачылык ишмердүүлүгүн өнүктүрүү (аналитическая, творческая деятельность), алдыга озуп окутуу (развивающий метод обучения) интеграциялоо аркылуу, түзүүчү, өнүктүрүүчү жагдайды, жаратмандык жаӊы түшүнүктөрдү, көз караштарды ачуу, өз алдынча ойлонууга дем, түрткү берүү дагы эле биздин милдет болуп кала берет.  Азыркы мугалим да педагогика, психология илимдеринин маӊызын жаӊы сын көз караш менен өздөштүрүп, теориядан практикага чечкиндүү, ишенимдүү кадам шилтөөсү тийиш. Мамлекеттин экономикалык-социалдык өнүгүүсүнүн стратегиясын түшүнгөн жана анын программаларынын күрөө тамырын кармай билген, эрктүү, өз алдынча окутуунун эффективдүү технологиясын пайдаланган көсөм мугалим керек. Мамлекеттин өнүгүшүн алга жылдыруу үчүн алгач мугалимдин өнүгүүсүн камсыздоо олуттуу. Ошондуктан биз да мугалимден, мектептен обочолоно бербей, алардын көйгөйү биздин көйгөй,  деп түшүнүүгө, коюн-колтук алышып эмгектенүүгө туура келет. Биз мугалим менен жан дилибизден илимий негиздүү кызматташсак гана “жаӊы мектепте” өнүгүү болот. Андыктан биз билимдин кызыл байрагын көтөрүп чыгалы — дээр элем. Себеби, баарыбыздын көздөгөн максатыбыз окуучулардын билимин жогорулатуу, б.а. жолубуз бир.

Бул жерде башкы максат — жумурткадан кыр издеп бирөөнү күнөөлөө, жаманатты кылуу эмес, биз өзүбүзгө сын көз менен карап, мүчүлүштүктөрдү тактап, тескерисинче, позитивдүүөнүгүү жолун айкындоо. Мугалимдин билимин жогорулатуудагы келечектүү максаттарды аныктоо. Бул мүчүлүштүктөр бүтүндөй эле коомдогу кризистен келип чыккан көрүнүш. Бирок баарын эле кризиске шылтоолоп коюу да калпыстык болуп калат.  Өзүбүздө кемчилик болуп калса, моюнга алуу да адамдык парз. Туура сынды туура түшүнүүөнүгүүнү ылдамдатат, адамды жаратмандыкка алып барат.

 Мына биздин тармакта да жаӊылануу бышып жетилди, коомдо керектөө пайда болду. «Билим берүүдө мугалим гана реформа жасайт», — деп министр бекер айткан жок. Туура. Бирок, окутуучуга, реформатор-мугалимге, да ар тараптан дем-күч берүү мыйзам ченемдүү. Мугалим табияты да сый-урматты, материалдык-моралдык колдоолорду жактырат…

МУГАЛИМДИН БИЛИМ ДЕӊГЭЭЛИН, КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН БААЛООДО (АТТЕСТАЦИЯЛООДО) ИНСТИТУТТУН РОЛУ

 Инновациялык мектепти мектеп жетекчилери, мугалимдер турмушка ашырары баарыбызга маалым. Алар “жаӊы мектеп” боюнча маалыматтарды, ички кесиптик энергияны РИУУдан жана  өз алдынча билимин жогорулатуу менен жетишишет. Ошондуктан мугалимдин билим деӊгээлин, кесиптик чеберчилигин жогорулатуу түздөн-түз мугалимдердин республикалык билимин жогорулатуу институтунун кызматкерлери менен тыгыз байланыштуу. Андыктан алардын педагогикалык майданда жетишкен ийгиликтери, тажрыйбасы көз алдыда билим, тажрыйбаны өнүктүрүү ишмердүүлүктөрүнө компетенттүү талдоо жүргүзүүгө, методикалык кеп-кеӊеш берүүгө да мүмкүнчүлүктөр бар. Мугалимдердин өз алдынча билимин, кесиптик чеберчилигин, тажрыйбасын кандайча өркүндөтүп жаткандыгын аныктоо жана туура баалоо максатында жаӊы структура түзүп жаткан кезде мугалимдердин чыгармачылык ишмердигин аттестациялоону мугалимдердин билимин жогорулатуунун республикалык институтуна ыйгарууну туура го деп — ойлойбуз.

ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

 Инновациялык мектепти куруу боюнча илимий-теориялык билими, көз карашы бар реформатор окутуучу-окумуштууларды, каалоосу, мүмкүнчүлүгү кеӊ мектеп директорлорун  теория, тажрыйбасын, практикасын дагы тереӊдетүүүчүн алыскы чет өлкөлөрдөн, Россия федерациясынын мектептеринен тажрыйба алмашууга, максаттуу семинар, тренингдерге жөнөтүү зарылдыгы чоӊ,  деп ойлойм. Реформатор дегенде эле эки жакты  карабай баарын түп тамырынан өзгөртөм (радикалдар эмес) дегендер эмес. Биз басып өткөн илимий билим, алдыӊкы педагогикалык тажрыйбаларга таянган, коюлган максатты “жети өлчөп бир кескен”, ар бир кадамда илимий негиздерди жетекчиликке алган, ийкемдүүлүк, сабырдуулук сапаттарды бек кармап кадам таштаган агартуучуларды тандоону мезгил күтүп турат. Ага жолду биздин мугалимдин билимин жогорулатуу институту баштайт деген үмүт бар.

 

Мугалимдин билимин жогорулатууну уюштуруу иштери жана окутуу программасы боюнча менин сунуштарым:

1. Окуу курсунун мөөнөттөрү бир айдан жогору, эки айдан кем болбошу максатка ылайыктуу (курстун мүнөзүнө  жараша) болор эле.

2. Предмет боюнча бир агымга (поток) 60-70 ге чейин угуучу-мугалимдердин билимдерин жогорулатууга чакыруу.

3. Азыркы учурдун талабына жооп берчү мугалим, “жаӊы мектеп” жөнүндө жалпы түшүнүгүн, жаӊылануу процессине болгон жеке позициясын, чыгармачылык деӊгээлин, реформатордук жөндөмдөрүн, көз караштарын компьютердик тесттик сыноо менен диагностика жүргүзүү; аларды категорияларга бөлүү; диагностикалоонун негизинде кайрадан жаӊы топтор (группалар) түзүү, ошол деӊгээлдер боюнча окутуу;

4. Таланттуу окуучуну табуунун илимий негиздери, критерийлери жөнүндөөзүнчө кыска мөөнөттүү теориялык окууларды, практикум-тренингдерди уюштуруу; Таланттуу окуучуларды колдоо; алардын илимий көз караштарын, ой-жүгүртүү, ойлоп табуу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнүн технологиялары жөнүндө негиздүү теориялык окууларды, практикумдарды колго алуу; Алардын өз алдынчалуулугун, чыгармачылык сапаттарын өнүктүрүү; кызматташуу; таалим-тарбиялоонун технологиялары боюнча окуу-практикумдардын үлгүлөрүн көрсөтүү.

5. “Жаӊы мектеп” өлкөнүн өнүгүү приоритеттерине (гуманизм, демократиянын прициптери, рыноктун мыйзамдары, адам укуктары), билим берүүнүн философиясын мамлекеттин өнүгүү мыйзамына шайкеш келтирүү менен угуучуда “жаӊылануу” жаратмандык демилгелерине дем-шык берүү, колдоо;

6. Билим берүү процессинин объективдүүөнүгүү абалын жана тенденциясынын жыйынтыктарын баалоо, жаӊы сапатка өтүү системасын тактоо, сунуштар иштеп чыгуу, ошол багыттар боюнча окуу-практикумдарды өткөрүүгө жетишүү (жалпы педагогикалык анализ); окутуу процессин талдоодо бири-бири менен байланышкан жана өз алдынча талдоонун түрлөрүнүн биримдигине басым жасоо  (педагогдун аналитикалык ишмердүүлүгү);

7. Теориядан практикага, педишмердүүлүккөөтүү, тажрыйбалар алмашуу, ачык сабактар, сабак-практикумдар, ачык тарбиялык сааттар, конференциялар, семинарлар, түрдүү клубдар,  сынак, талкуулар, таймаштар, тренинг-машыгуулардын, сценарийлердин үлгүлөрүн көрсөтүп, мугалимдин өздөрүн да практика жүзүндө машыктыруу.

8. Шаардын инновациялык эксперименталдык мектептеринин базасында ачык сабактар, окуу-семинарлары, методбирикменин кеӊешмелери, тарбиялык сааттар, сабактан тышкаркы ачык иш-чаралардын уюштурулушунун эффективдүүлүгү боюнча окутуу процессинде ачык талдоо-талкууларды (интерактив) уюштуруу.

9. Рыноктун заманында ата-энелер, коомчулук менен иштөөнүн ыкмаларын жаӊыча өзгөртүү, жоопкерчилигин арттыруу, акырындан рынок системасына ынандыруу жана кызматташуунун жаӊы ыкмаларын колдонуу технологияларын окутуу процессине кеӊири киргизүү (алар менен аӊгемелешүүнүн ыктары боюнча көрсөтмөлүү практикум формасында тренинг-машыгууларды өткөрүү) лекциядагы теориянын мазмунун-маӊызын практикада пайдаланууга жетишүү.

10. Жаш мугалимдер үчүн атайын үйрөтүүчү мүнөздөгү көрсөтмө сабактар, новатор-мугалимдердин тажрыйбалары менен тааныштырып талкуулоолор, усулдук кеӊештер, минипедпрактика, стажировкаларды уюштуруу.

11. Курс мезгилинде мугалим – куратордун жардамы менен практикалык сабак катары окуу-тарбия процессинин мазмун-маӊызы менен байланышкан  тарбиялык мааниси тереӊ фильм, адабий кече, чыгармачыл адамдар менен жолугушуу, талкууларды уюштуруу.

12. Таалим-тарбия процессинин олуттуу маселелери боюнча окумуштуу-педагог, тажрыйбалуу новатор мугалимдер менен талкуулар, тажрыйба алмашуу.

13. Эксперименталдык мектептердин    суроолору боюнча жалпы коллективи менен жеринде окутуу, тренинг-сабактарды өткөрүү.

14. Жатаканада даярданыш үчүн (рефераттар, илимий макалалар) интернет-компьтердик класстар, библиотека күнү-түнү иштеши маанилүү.

15. Окутуу процессинде  пайда болгон суроолорду тактоо, алдыӊкы тажрыйбаларды жайылтуу багытында реферат, илимий-педагогикалык, психологиялык макалаларды жазуу ж.б. боюнча жеке (индивидуалдык) консультацияларды уюштуруу.

16. Ысык-көлдө МУГАЛИМДЕР ҮЙҮН уюштурууга жетишүү

17. Жайкысын тематикалык семинарлар, педагогикалык окуулар, республикалык, эл аралык конференциялар Ысык-Көлдө (МУГАЛИМДЕР ҮЙҮНДӨ) өткөнү максатка ылайыктуу.

18. Окутуу процессинде рыноктун мыйзам-ченемдерин пайдаланып, айлык маянаны көбөйтүүнү ийкемдүү колдоно билүү, ага мугалимдердин психологиясын ынандыруу.

19. Кайрадан мугалимдердин санаторий-профилакторийинин ишке киришине жетишүү.

Албетте, бул багытта көп түрдүү тоскоолдуктар, кыйынчылыктар көп кырдуу  ойлор, сунуштар болушу ыктымал. “Көп түкүрсө көл болот” деген кеп бекер эмеспи, жалпы эриш-аркак аракет жасасак, мүмкүн ишке ашып калар. Албетте, бул бир адамдын гана көз карашы…

Дүйшөн Султанкулов, 

Мугалимдердин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун 

ага окутуучусу  

Поделиться

Комментарии