МУГАЛИМДИ ШЫКТАНДЫРГАН ИДЕЯЛАР

  • 10.07.2015
  • 0

Асыл ой, бийик идея, максаттуулук жашайт. Аны биз педагогикалык философия деп айтып жүрөбүз. Чындыгында асыл ой, улуу идея адам жашоосунун азыгы гана эмес, ал мүдөө-максаттарды ишке ашырууда кубаттуу энергия боло алат. Педагогикалык философиядагы асыл ойлор мугалимди дайым шыктандырат, адал иш, ак эмгек аркылуу алдыга сүрөйт.

«Аалым болуш оӊой, адам болуш кыйын». Бул кылымдарды карыткан элдик накыл. Билим берүү жөнүндөгү Концепцияда адилеттүү айтылат: базар экономикасы эгоист, өзүмчүл, эпчил, шылуун, акча табууну 1-орунга койгон инсандарды калыптандырды. Коомдогу экономикалык кризистин себеби руханий негиздердин кыйрашында. Экономикалык кризистен руханий кризис коркунучтуу. Башын компьютердик техника, эс тутумун интернет, кулагын телефон ээлеген баланын жүрөгүнө от тутантып, жан дүйнөсүн тазартуу зарыл.

• Пейил оӊолбосо, кыргыз оӊолбойт. Таза пейилдин экологиясын улап адамга, андан үй-бүлөгө, андан айылга, айылдан ааламга жайылталы. «Жакшы сөз жан эргитсе, жаман сөз жан кейитет». Кейиген адамдан кейитчү сөз чыгат. Андан коомдун жүрөгү кысылып, буулат. Илимий көз карашы калыптанган, билимдүү, улутман, мекенчил адам – улут үчүн баа жеткис капитал.

• Энергиянын сакталуу мыйзамы физикага гана таандык эмес, ал педагогикалык да мыйзам. Жакшы сөз жерде калбайт, жылуу мамиле эӊ зор эргүүгө, бирин-бири улаган, коштогон улуу күчкө айланат. Жылуулуктун таасири менен жүрөктөгү муз эрийт. Анын натыйжасында үзүлгөн уланат, жыртык бүтөлөт, бөксөргөн курсак тоёт, жер жүзү бейпилдикке бөлөнөт.

• Педагогикалык ишмердик аркылуу улуттун ден соолугуна эӊ зор салым кошсо болот. Мугалим мектептеги окуу-тарбия ишинде гана эмес коомчулукта, бардык жерде – көчөдө, аялдамада, автобуста, мааракелерде, маданий-массалык иштерде да мугалим. Мугалимдин үлгүсүндө калыптанган сабырдуулук, адамгерчилик, ынтымак, мамилечилдик адамдын ден соолугуна чоӊ таасир этет. Ошондуктан «Жалгыз адамдан улуттун ден соолугуна!» деп ураан чакыралы.

• Сабактын чордонунда адам турат. Бала – бул  акыл эстүү адам, инсан. Адамга адамча мамиле кылуу керек. Дайыма балага табигый, нукура, натуралдык адам катары кала берели. Жасалма мамиле, баланы алдаймын деген өзүн алдайт. Адамды калыптандыруудан улуу иш барбы? «Адам төрөлөт (биологиялык зат катары), кулк-мүнөзү төрөлбөйт (социалдык зат катары калыптанат)». Ааламдын алп ойчулу Ч.Айтматовдун «Эӊ кыйыны — күн сайын адам болуу» деген учкул сөзүн туу тутсак, анда мугалим өзүнүн канчалык адам экени тууралуу өзүнө сын менен караганы абзел. Ансыз «молдонун айтканын жаса, жасаганын жасаба» болуп калбайбы. Жакшы же жаман болуу Адамдан, Адамга, Адам үчүн. Кыргыз элиндеги ак баталардын атасы – «Адам бол!».

• Албетте, окутуунун жаӊы технологиясы, интерактивдүү усулдар, сынчыл ойлом стратегиялары ж.б. инновациялык ыкмаларды пайдалануу — ар бир алдыӊкы, жаӊычыл мугалимдин кылар иши. Алдыӊкы усулдар «Кутбилим-сабакта» байма-бай жарыяланууда. «Ким окуса «Кутбилим», ал чыгаан мугалим» деген сөздө калет жок.

этнопедагогиканы инновация  менен айкалыштыралы. Улуу «Манас» баш болгон элдик оозеки чыгармалар, жомоктор, макал-лакап, накыл-кептер, үрп-адат, салттар, оюн-зоок, ырлар, элдик өнөрлөр, акылман-ойчулдардын, И.Раззаков сыяктуу улуу инсандардын учкул ойлору, хадистеги ыйманга чакырган тарбиялык икаялар – ушулардын баары биригип руханияттын чексиз мухитине куят да, тарбиянын түгөнгүс руханий кенчине айланат. Этнопедагогика – рух базасы, ал аркылуу, дилге, жан дүйнөгө таасир этилет. пейил оӊолбойт, пейил оӊолбосо коом өзгөрбөйт.

***

«Бийиктеш үчүн тереӊдеш керек» деген теманы өтүүдө «Адам дарак сыяктуу» деген идеямды төмөнкүдөй чечмелеп берем.

• Адам да дарак сыяктуу бийиктеш үчүн тереӊдеш керек. Тамыр тереӊдеген сайын бийиктик жаралат.

• Дарак – чежире, санжыра. Адам дарак сыяктуу бутактайт, шактайт, бүчүрлөп ачылат, чырпыктан чынар өсүп чыгат. Тегибиз бир, тууганым.

• Дарак бир жерде көгөрөт. Карманган кесибиӊди, жериӊди чанба, майнап чыгар. Мугалим – мөмөлүү дарак.

• Дарак мөмөлөйт, мөмөсү бышкан сайын ийилет, адам да окуган сайын, билген сайын бой көтөрбөйт, анын улуулугу жөнөкөйлүктө.

• Биз чындап бутак-шактарга кам көрчү болсок, даракты азыктандырган тамырга үӊүлүп, тереӊдеп көрөлү. Адамды азыктандырган тамыр деп ата-эне тарбиясын, мугалимдин, устаттын эмгегин, элдик рух казынасын, дүйнөлүк илимий баалуулуктарды, исламий адеп маданияты сыяктуу булактардан канча суу ичүүнү түшүнгөнүбүз туура болор эле.

Жоошбай Каримов,

Лейлек району, М.Баетов атындагы орто мектебинин тарых, адеп сабактары боюнча мугалими, билим берүүнүн мыктысы.

Поделиться

Комментарии