МЕКТЕП МЕНЕДЖМЕНТИ: РЕСУРСТАРДЫ ЭФФЕКТИВДҮҮ БАШКАРУУ

  • 20.07.2015
  • 0

 Мектеп ресурстарынын менеджментинин маселелери

Мектептик билим берүү менеджментинин маанилүү бөлүгү катары мектептеги ресурстардын менеджментин айтса болот. Мунун өзөгүн адам жана материалдык ресурстарды натыйжалуу башкаруу менеджменти түзөт.

Эӊ мыкты мектепти ачып, жайгаштырып, андагы билим берүү процессин өтө оптималдуу пландаштырып жана билим берүүнүн сапат менеджментин мыкты уюштуруп койсо эле мектептин билим берүү иши жакшырып кетпейт. Бул үчүн мектептеги адамдык жана материалдык ресурстарды эффективдүү башкаруу менеджменти жакшы жолго коюлушу өтө керек. Мектептик билим берүүнүн дүйнөлүк, мурдагы советтик жана азыркы Кыргызстандагы аналогдорунун мисалындагы мектептеги адамдык, материалдык ресурстардын башкаруу менеджментин салыштырып көргөндөн соӊ, бул маселенин билим сапатын жогорулатууда өтө маанилүү фактор экенине ынанууга болот.

Мектептеги адам ресурстарын башкаруу менеджменти

Кыргызстандын мектептеринин ресурстарын тескеп, анда башкаруу  кандай жолго коюлганын, ал кандай натыйжа берип жатканын баалаш үчүн эӊ оболу мектептеги адам ресурстарынын менеджментинин абалына көӊүл бурсак.  Мектептин адам ресурстары негизинен окуучулардан, окутуучулардан жана административдик-чарба кызматкерлеринен турары белгилүү. Ошондуктан бул маселени мектептин  окуучулар курамын түзүү, алардын өнүгүү агымын аныктап – багыттоо, көзөмөлдөп-тескөө, тарбиялап-калыптандыруу сыяктуу амал–аракеттерден турган окуучулар ресурсунун менеджментинин жагдайларын карап чыгуудан баштасак.

Аксиома катары белгилеп коё турган нерсе – мектеп канчалык мыкты болбосун, каражаттар менен канчалык жабдылбасын, ал мектептерде канчалаган жогорку квалификациялуу жана өз ишине берилген педагогдор иштебесин, мектептик билим сапаттуу болуш үчүн мектептерде алар берген тарбия-таалимди мыкты өздөштүрүп кете турган окуучулардын курамы болушу керек.  Албетте, азыркы учурда Кыргызстандын мектептеринде 1 млн. 200 миӊге жакын тарбия-таалим алып жатышкан чоӊ окуучулар курамы бар. Алардын арасында мыкты окуп жана жакшы тарбия алып жаткан балдар  аз эмес. Бирок, тилекке каршы, постсоветтик Кыргызстандын мектептериндеги негизги адам ресурстары болгон окуучулардын мыкты курамын туура калыптандырып, эффективдүү башкаруу менеджменти болбогондуктан өлкөнүн мектептериндеги тарбия-таалим берүү процесси талапка жооп бербей келет. Бул маселе жөнүндө коомдо ар кандай нааразычылыктар, талкуулар жана сунуштар айтылып келе жатканы да белгилүү.

Ырасында эле, ар кандай себептерден улам постсоветтик Кыргызстандын  мектептери дилгир, тырышчаак, жөндөмдүү, адептүү, ыймандуу, зээндүү, эмгекчил  окуучулардын көбүнөн кол жууп калган. Тескерисинче,  азыркы Кыргызстандын мектептеринде ал окуучулардын ордун ачкачылык менен кедейчиликтен жүдөгөн, оор жумуш менен патриархалдык кулчулуктан  мөгдөгөн, мектеп хулигандары менен чоӊ кишилердин зөөкүрлүк зордугунан запкы чеккен, мигрант болуп, же жөн эле таштап кеткен ата-энелердин мээримине зарлаган, мектеп администрациясынын салган ыктыярдуу-милдеттүү төлөмдөрү менен мектеп рэкеттеринин “салыгынан”   басынган, ошолордун айынан суицидге, мектептик тарбия-таалимге болгон көӊүл коштукка, турмуш-жашоого болгон кайдигерликке моюн сунуп койгон балдар көбүрөөк ээлеп бара жатат.

Мындай кооптуу тенденцияларды далилдөө үчүн балдар жакырчылыгы менен балдар эмгеги; балдар селсаяктыгы менен балдар жетимчилиги; балдарга карата  кылмыштуулук менен балдар кылмыштуулугу сыяктуу ассоциалдык нерселерге токтоло кетсек.

Балдар жакырчылыгы жана балдар эмгеги

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин 2010-жылкы маалыматы боюнча, өлкөдөгү 13 жашка чейинки балдардын 40,9% жакырчылыктын шартында жашашат. Айыл жергесинде бул көрсөткүч 46,3% түзөт. Ал эми беш жана андан көп балалуу үйлөрдөгү балдардын 82,5% жакырчылыкта жашашат.  Адатта көп балалуу үй-бүлөлөрдүн көбү кыргыздардыкы болгондуктан, Кыргызстандагы жакыр балдардын көпчүлүгү кыргыздар. Балдар жакырчылыгы боюнча жагымсыз тенденция өөрчүп, Жогорку Кеӊештин депутаты М.Тиленчиеванын 2015-жылкы маалыматы боюнча,  азыркы учурда Кыргызстандын балдарынын 48% жакырчылыктын шартында күн көрүшүүдө. Анын пикирине караганда Кыргызстандагы ар бир сегизинчи бала жакыр үй-бүлөгө тиешелүү. Үй-бүлө демекчи, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2015-жылы кабыл алган “Оор турмуш абалындагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоонун тартиби жөнүндөгү жобосуна” ылайык, өлкөдө 3931 үй-бүлө турмуштук оор абалда турат.

Жакырчылыктын айынан балдар арасында оорулуулардын саны өсүүдө. Мисалы, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдөгү балдардын 20%  анемиядан жапа чегип жатса, өспүрүмдөрдүн 34% ар кандай өнөкөт оорулар менен оорушат.

Мындан дагы кейиштүүсү, жакырчылыктан улам, 2007-жылдагы статистикалык маалымат боюнча,  Кыргызстандагы мектеп жашындагы балдардын 38,9% иштегенге аргасыз болушууда. Мунун ичинен 32,9% ден соолугуна зыян жана өмүрүнө коркунучтуу шартта эмгектенет. “Балдардын укугун коргоо альянсы” аттуу коомдук фонддун билдирүүсүнө караганда, Ош областында балдардын 59,7%, Баткен областында 56,56% жана Жалал-Абад областында 46,67% ар кандай жумуштарда иштешет. Башка маалыматтарга таянсак, республикадагы 5-17 жашар балдардын жалпы саны 1 млн. 467 миӊ болсо, алардын 600 миӊден ашыгы өзүлөрүнүн өмүрүнө жана  өнүгүүсүнө туура келбеген жумуштарда иштешет экен. Ал эми Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын бөлүм башчысы С. Семенованын айтканына караганда өлкөдөгү иштеп жаткан балдардын саны  800 миӊге жакын.

Улуттук статкомитет менен өлкө президентинин администрациясы биргелешип тактап, маалымдагандай, балдар Кыргызстандагы эмгектенип жаткандардын жалпы курамынын 21,9% түзөт. Ал эми Россиянын Федералдык миграциялык кызматы маалымдагандай, бул өлкөдө эмгектенип жаткан кыргызстандык мигранттардын 15% он жети жашка чейинки балдар. Ошентип, иштеп жаткан балдардын дээрлик бардыгы теӊ өз үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берүү аракетин кылып, билим алуу маселесин экинчи планга калтырып коюшкан.

Байкоолорго караганда, иштеп жаткан балдардын ичинен эӊ оор абалдагылар биологиялык жетимдер менен  ички жана сырткы мигранттар бирөөлөрдүн үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, интернаттарга калтырып кеткен социалдык жетимдер. Булардын көпчүлүгү патриархалдык кулчулук абалда жүрүп, оор жана чектелбеген үй жумуштарында  акысыз иштеп, көз каранды абалда жашашат. Россиянын Миграцияны жана этникалуулукту изилдөө Борбору маалымдагандай, бул өлкөдөгү үй-бүлөлүү кыргызстандык мигранттардын 15% гана 18 жашка чейинки балдар өзүлөрү менен экенин айтышат. Демек, алардын 85% балдарын Кыргызстандагы ата-энелерине, алыс же жакын туугандарына, тааныш кошуналарына калтырып кетишкен жана алардын көпчүлүгү бирөөлөрдүн үйлөрүндө  оор абалда күн көрүшүүдө. Булардын дагы көпчүлүгүндө билим алууга түрткү боло турган тиешелүү көзөмөл, шарт, мүмкүнчүлүк, убакыт жокко тете.

Балдар селсаяктыгы жана балдардын көзөмөлсүздүгү

Мектептик билим берүүнүн сапатына тескери таасир эткен кийинки фактор катары балдардын селсаяктыгын жана алардын көзөмөлсүздүгүн айтууга болот. Тилекке каршы, бул маселе боюнча республикада так маалыматтар жок. Бирок, бул жат көрүнүштүн масштабы абдан чоӊ экендигин жана анын мектептик билим берүүгө тийгизген  кедергиси олуттуу экендигин айрым маалыматтар менен далилдесек болчудай. Мисалы, академик Б. Мурзубраимов “Ордо” газетасындагы макаласында “Эл аралык уюмдар Кыргызстанда 27 миӊ көчө балдары бар деп билдиришкен” – деп жазат. Ушул эле маалыматты “Кутбилим” газетасы дагы тастыктайт. Кошумча белгилеп кете турган нерсе, 2014-жылы Ички иштер министрлиги 10 ай бою 1 миӊ 40 рейд жүргүзүп, натыйжада 3 миӊ 94 өспүрүм кармалган. Алардын 2796 селсаяктык, 237си кайырчылык кылып жүрүшкөн.  Ушул жылкы расмий маалымат боюнча 1 миӊ 258 ата-энесиз бала аныкталып, алардын 529 камкорчулардын эгедерлигине, 311 асырап алууга, 38 кабыл алуу үйлөрүнө, 204 интернаттарга жиберилген.  Тилекке каршы, мындай аракеттерге карабастан селсаяк жана кароосуз калган балдардын саны өсүп бара жаткандай. Мисалы, 2015-жылы февраль-март айларында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Социалдык өнүгүү министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Билим берүү министрлиги биргелешип республикадагы 119 миӊ 401 кожолукту изилдеп чыгып, ата-энесинен көзөмөлсүз калган 10 миӊ 427 баланы аныкташкан.   Акыркы жылдарда мектеп жашындагы (13-15 жашар) кыздарды мажбурлап күйөөгө берүү 5-6 эсеге өсүп кетип, бул нерсе дагы жаш кыздардын  татыктуу билим алуусуна, ден соолугуна кедерги болууда. Оор турмуштун айынан кыздарын эртелеп күйөөгө берүү менен ата-энелер үй-бүлөнүн материалдык абалын жакшыртууга барган учурлар арбып бара жатат.

Мектеп жашындагы балдардын селсаяктыгына жана эгедерсиздигине бир нече жат көрүнүштөр себеп болууда. Биринчиден, жетимчилик маселеси. Жалпысынан “Демоскоп Weekli” журналы белгилегендей, азыркы Кыргызстандын балдарынын 32,4% никесиз төрөлгөн, толук эмес үй-бүлөдөн чыккандар. Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан Борбордук Азияда 1-орунда турат. Алсак, Казакстанда мындай  үй-бүлөлөр — 22,6%, Өзбекстанда – 14,8%, Түркмөнстанда – 10,3%. Керек болсо, Россияда дагы абал мындай эмес  — 26,9%. Бул проблеманы изилдеп жүргөн А.Х.Кумскованын далили боюнча никесиз, толук эмес үй-бүлөдө төрөлгөндөр Кыргызстанда мындан дагы арбын. Эгер, 1989-жылы өлкөдөгү мындай үй-бүлөлөр 13% болсо, 2009-жылы алар 35%га жеткен. Эӊ оболу мындай көрүнүшкө үй-бүлөлөрдүн ажырашуусу өбөлгө болууда. Расмий статистика билдиргендей, (2009-ж) постсоветтик Кыргызстандагы  ар бир экинчи үй-бүлө ажырашып кеткен. Ажырашууларга биринчи кезекте тышкы жана ички миграция себеп болууда. Ош шаары боюнча маалыматтарга карасак, ал жердеги ажырашуулардын 60% мигранттарга тиешелүү экен.

Айтор, соӊку жылдарда социалдык жетимдердин катары 3-4 эсеге өсүп, Кыргызстандын Социалдык өнүгүү министрлиги билдиргендей, азыркы учурда расмий катталган жетимдердин 89% социалдык жетимдер болуп эсептелинет. Бул көрсөткүч боюнча дагы Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда турат. Кыргызстандан кийинки орунда мындай көрсөткүчү 84% болгон Россия турат жана калган мамлекеттердеги абал салыштырмалуу жакшыраак.

Селсаяк жана эгедерсиз балдардын санын арбытып жаткан экинчи себеп — ички жана сырткы эмгек миграциясынын социалдык кесепеттери. Айрым маалыматтар боюнча, 1,3-1,5 млн. кыргызстандыктар тышкы эмгек миграциясында жүрүшөт. Алардын канчалаган балдары Кыргызстанда кароосуз калганы же кандай шарттарда, кимдер тарабынан кароодо калганы боюнча так маалымат жок. Болгону, жогоруда белгилеп өткөндөй,  Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын 85% өз балдарын ар кандай шарттарда мекенинде калтырып кеткени белгилүү жана бул абдан чоӊ масштаб, олуттуу маселе экени ырас. Бул маселеге байланыштуу дагы бир маалыматты жакында эле өткөрүлгөн Кыргыз өкмөтүнүн атайын отуруму жарыялады. Отурумда өлкөнүн Социалдык өнүгүү боюнча министри К. Базарбаев   кароосуз калган балдардын санын тактоо боюнча атайын иш-чара өткөрүлүп, балалуу 198 миӊ 523 кожолук текшерилгенин маалымдады. Мунун натыйжасында ата-эненин көзөмөлүсүз калган 16 452 ички  мигранттардын жана 16 236 сырткы  мигранттарын  балдары такталган.

Кыргызстандагы кароосуз калган балдардын санын көбөйтүп жаткан үчүнчү себеп катары өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана идеологиялык-менталдык кризистен улам өөрчүп бара жаткан үй-бүлө институтунун кризиси менен  бүлүнүүсүн айтсак болот. Натыйжада азыркы кыргызстандык үй-бүлөлөргө үй-бүлөлүк жаӊжал, аракечтик, ажырашуу, эркектердин зөөкүрчүлүгү, кара чечекей балдарын сатуу же алардан баш тартуу, балдарга зордук-зомбулук көрсөтүү сыяктуу жат нерселер көбүрөөк мүнөздүү болуп бара жатат.  Мисалы, өз балдарынан баш тартуунун көбөйгөнүнүн натыйжасында, 2014–жылы Кыргызстандын премьер-министри Ж. Оторбаев белгилегендей, өлкөнүн интернаттарындагы балдардын 80% ата-энелүү болгон. Башкача айтканда, ушунча бала ата-энеси, бир туугандары  тарабынан таштанды болуп калган. Тескерисинче,  БУУнун ЮНФПА уюму менен биргеликте Чүй жана Талас областтарынын окуучуларынын арасында жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында белгилүү болгондой, эркек балдардын 40% өз атасын үлгү тутпасы, кыздардын 43% болочоктогу жолдошу өз атасындай болушун каалабаганы азыркы балдар үчүн ата-эне менен үй-бүлө институттары баалуулугун жоготуп бара жатканы аныкталган.  Ушуларды эске алуу менен 2015-жылы январь айында Кыргызстандын премьер-министри Ж. Оторбаев өлкөнүн мектеп директорлоруна проблемалуу үй-бүлөлөрдүн реестрин түзүүнү жана алар менен иштөөнү тапшырган.

(Уландысы кийинки санда)

Т.Абдыракманов,

тарых илимдеринин доктору, профессор,  Билим берүү менеджменти боюнча магистр

 

Поделиться

Комментарии