МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУ ЖАӉЫ ЫКМА МЕНЕН БАШКАРЫШАТ

  • 10.04.2015
  • 0

Эл аралык «Ататүрк — Ала-Тоо» университетинин колдоосунда Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн уюштуруусу менен жыйырма мектептин директорлору аталган жогорку окуу жайдын базасында кесиптик билимдерин жогорулатышты.

Кадамжай  райондук    билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мирхалидин Ганыбаевдин айтуусу боюнча, бул семинарды өткөрүү демилгесин Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы көтөрүп чыккан.

—  Райондук  билим  берүү бөлүмү мектептин жетекчилерин окутуунун жаӊы технологиялары, алдыӊкы иш тажрыйба менен таа-ныштыруу максатында Эл аралык «Ататүрк — Ала-Тоо» университети, Кадамжайдагы «Семетей» лицейи менен биргелешип үч күндүк семинар уюштурдук. Семинарды каржылоо маселесин аталган университет көтөрдү, т.а. окуу жай семинардын катышуучуларынын тамак-ашын, жатаканасын төлөп беришсе, ал эми жол киресин мен өзүм төлөп бердим. Үч күн бою лекциялар окулуп, мектепти башкаруу маселелери, билим берүү системасындагы инновациялык процесстер, стратегиялык пландаштыруу ж.б. боюнча кеӊири маалымат алдык. Үчүнчү күнү Бишкек шаарындагы №71, 29, Ч.Айтматов атындагы түрк-лицейинин иш тажрыйбалары менен жакындан тааныштык, — деди жетекчи.

Кадамжай районуна караштуу О.Тештибаев  атындагы  сырткы орто мектебинин директору Каныбек Эсеновдун пикиринде, ушундай  семинарлар  тез-тез өткөрүлүп турса, мектеп жетекчилери башкаруунун жаӊы ыкмалары менен иш алып барышмак.

Ал  эми  №43  Ынтымак  мектебинин  директору  Назимидин Надировго  семинар  учурунда стратегиялык пландарды түзүү боюнча  окулган  лекция  өзгөчө таасир калтырган. Азыркы  өнүккөн  коом, компьютерлешүү жана ааламдашуу заманы мамлекетибиздеги окуу жайларда, анын ичинен орто мектептерде ар тараптан илим, билимге  сугарылган,  акыркы технологияларды түшүнө жана колдоно ала турган кадрларды талап кылып турган учуру экенин

Кадамжай  районуна  караштуу №78  «Жаш-Тилек»  толук  эмес орто мектебинин директору Анвар Ысманов баса белгиледи. Айтмакчы, азыркы күндө Кадамжай  районунда  83  жалпы билим берүүчү мектеп, бир балдар үйү, бир атайын мектеп, бир сырттан окуу орто мектеби, бир балдардын билим берүү борбору, бир спорт мектеби, 20 балдар бакчасы бар. Жалпы окуучулардын саны 33322, мугалимдердин саны 2658 түзөт.

Кадамжай  райондук  билим берүү бөлүмүн 2012-жылдан бери Мирхалидин Ганыбаев жетектейт. Ал билим берүү тармагында 36 жылдан бери эмгектенип келатат. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына татыктуу болгон.

— 2013-жылы Акрам Мадумаров райондук мамлекеттик администрация башчысы болуп дайындалгандан баштап, райондо билим берүү тармагына өзгөчө көӊүл бурула баштады. Маселен, 2014-жылы райондук билим берүү тармагына эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардан, демөөрчүлөрдөн, жергиликтүү бюджеттен ж.б. булактардан 48 млн. 683 миӊ сом инвестиция, республикалык бюджеттен 46 млн. сом тартылган. 2012-2014-жылдары райондо 2290 окуучу орундуу жети мектеп имараты курулуп пай-даланууга берилсе, 2015-жылда 2185 орундуу беш типтүү мектеп имаратынын курулушу жүрүп жатат, — дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

Учурда  БУУнун  Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Мектеп тамагын оптимизациялоо долбооруна 16 мектеп кирип,  10  млн.  сомго  ашкана жабдуулары, ал эми Япония элчилигинен беш мектепке 100 миӊ Америка доллары өлчөмүндө мектеп эмеректери менен камсыздалган. Баса белгилей кетчү нерсе, Мектеп тамагын оптимизациялоо долбооруна райондун акиминин жеке демилгеси менен долбоорго сарпталуучу акча каражатынын 50 пайызын айыл өкмөттөрү каржылап жатат. Жакында дагы жети мектеп долбоорго кирет экен. Натыйжада райондогу 23 мектептин ашканасы жаӊы жабдуулар менен жабдылып, окуучуларга ысык тамак берилүүдө.

Албетте, негизги көӊүл окуучулардын билим сапатын көтөрүүгө жана  мугалимдердин  кесиптик чеберчиликтерин жогорулатууга, окуу китеби менен камсыздоого бурулат эмеспи. Маселен, 2013-2014-окуу жылында 518 мугалим өз билимин өркүндөтүү курстарынан өткөн болсо, 2014-2015-окуу жылында 583 мугалим өтүшкөн.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии