«Манас» университети мыктыларды колдойт

  • 17.06.2013
  • 0

«Манас» университети мыктыларды колдойтКыргыз-Түрк «Манас» университети ушул жылдын март айында окуу жайда өткөрүлгөн  мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасында биринчиликти жеӊип алган бүтүрүүчүлөргө университетке сынаксыз өтүүгө мүмкүнчүлүк берди.  Мындай укук берген сертификаттар Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрүнө  Опера жана балет театрында өткөн Салттуу жаз концертинде салтанаттуу тапшырылды.

 Алдыӊкы окуучуларга сертификаттарды окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы жана биринчи проректор Асылбек Кулмырзаев тапшырып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалашты.

— Бүгүн биз келечекте Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө салым кошо ала турган, билимге сугарылган жаштарга сертификат тапшырып жатабыз. Силер мыктылардын арасынан суурулуп чыккан мыктыларсыӊар. Ошондуктан биз силерге абдан чоӊ ишеним артабыз, — деди өз сөзүндө окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы. 

Биринчи проректор Асылбек Кулмырзаев концерт «Манас» университетин тааныштыруу максатында өткөрүлүп жатканына токтолуп, Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасында бир топ таланттуу инсандар иштеп келишкендигин эске салуу менен, келечекте биздин да жаштар эл-журтуна ак дилден кызмат кылган инсандардан болушуна тилектеш экендигин билдирди.

Олимпиаданын жеӊүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылган соӊ университеттин Консерваториясынын жылда өткөрүп келген салттуу концерти тартууланды. Анда окуу жайда иштеген жергиликтүү жана түркиялык элге белгилүү ырчылар: Роза Аманова, Анарбек Ибраев, Керимкул Орузбаев, Себахаттин Сиврикаян  ырдап, андан соӊ Консерваториянын бүтүрүүчүлөрүөз өнөрлөрүн тартуулашты.

Эске салсак, иш-чарага Pegasus Airlines Түрк авиакомпаниясы колдоо көрсөттү.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 2013-жылдын март айында өткөрүлгөн Республикалык олимпиаданын жеӊүүчүлөрү (1-2-3-4-байгелүү орундарды алган 11-класстын окуучулары) Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеӊешинин чечими менен Жалпы республикалык тестирлөөдөн 120дан кем эмес балл алуу шарты менен университетке сынаксыз кабыл алынышат.

Олимпиадада байгелүү орундарга ээ болуп, «Манас» университетине сынаксыз тапшыруу укугун берген сертификат алган бүтүрүүчүлөр:

А.Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиясы:

1. Майрамбек кызы Айгерим (КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ  БОЮНЧА),

2. Станбекова Жанар (БИОЛОГИЯ БОЮНЧА).

№61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси:

3. Москаленко Алим  (МАТЕМАТИКА БОЮНЧА),

4. Арзымбеков Аскат (ФИЗИКА БОЮНЧА),

5. Финько  Алексей  (ОРУС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ  БОЮНЧА).

№29 гимназиялык билим берүүчү мектеп комплекси

6. Сатымкулова Айканыш (АНГЛИС ТИЛИ БОЮНЧА).

№ 23 окуу-тарбия комплекс гимназиясы

7. Чу Антон (МАТЕМАТИКА БОЮНЧА).

Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк “Айчүрөк” лицейи:

8. Скотт Вероника (АНГЛИС ТИЛИ БОЮНЧА),

9. Тынымбек кызы Нурзат (ХИМИЯ БОЮНЧА).

Бишкек шаарындагы Чыӊгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк лицейи

10. Маматаир уулу Закирбек (ФИЗИКА БОЮНЧА).

№9 гимназиялык билим берүүчү мектеп комплекси

11. Гагин Андрей (ФИЗИКА БОЮНЧА).

Бишкек шаарындагы SOS Герман Гмайнер орто мектеби

12.          Абдыманапов Чоро  (ОРУС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ  БОЮНЧА).

№ 12 мектеп-гимназия окуу-тарбиялоо комплекси

13.          Мамбетова  Алтынай 11 (ГЕОГРАФИЯ БОЮНЧА).

Поделиться

Комментарии