Манас таануучулар кесиптик чеберчилигин жогорулатышты

  • 29.04.2013
  • 3

Манас таануучулар И.Арабаев атындагы КМУда бир жума окуп, кесиптик чеберчилигин жогорулатышты. Курстан Бишкек жана Чүй облусундагы жогорку окуу жайлардын жана мектептердин 72 мугалими өттү.

Мугалимдерге алгачкы лекцияны Билим берүү жана илим министри, Манас таануучу Канат Садыков окуду. Канат Жалилович кириш сөзүндө бул предметтин жождордо, мектептерде окутулуп жаткандыгынын себептерине, максатына жана келечегине кыскача токтолуп өттү.

— Биз фольклор аркылуу балдарды окутуп, тарбиялашыбыз керек. Оозеки чыгармачылыкты калыптандырганда гана жаштар туура сүйлөгөнгө, жазганга үйрөнүп, тарыхты унутушпайт. Негизи макал- лакап, оозеки чыгармачылык аркылуу көп нерсени үйрөтүүгө болот. Эпикалык чыгармалардын түбүндө терең философиялык, мифологи­ялык түшүнүктөр бар, — дейт К.Садыков.

Министрдин айтымында, “Манас” эпосу дагы эпикалык чыгарма болгондугу үчүн ушул күнгө чейин сакталып калган. Мифтик чыгарма жарата албай, болсо дагы аны өнүктүрө албай калган улуттар да бар. Алардын баатырдык чыгармалары мифтик түшүнүктүн жок бол­гондугунан жомокко айланып кеткен же болбосо такыр болгон эмес. Кыргыздарда бул түшүнүк болгондугу үчүн “Манас” эпосу ушул күнгө чейин сакталып келет.

Андан сырткары, К.Садыков чоң жана кенже эпостордун фило­софиялык негиздерине жана алардын кыргыздардын турмушундагы ордуна, ролуна кенен токтолду.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА

Поделиться

Комментарии

http://www.maysvillepresbyterian.com/ / 04.06.2016 22:15
I need those bracelets now! You’re officially the queen of cool casual meets polish and sophistication. I love how your outfits look so easy breezy but also feel put together – like you did it all effortlessly. Gorgeous!
http://www.thehighwayinthesky.us/ / 02.06.2016 16:30
Thanks for the insight Andy. Absolutely, I’ve always held the same sentiments about accumulating “stuff”. I’m a minimalist in progress myself and feel so much happier with less stuff, so I see my job as a way funding my travels and definitely not for materialism. At the end of the day, life is about the experiences we choose to have!
Lainey / 25.05.2016 12:16
None can doubt the vetiracy of this article.