«МАКСАТЫБЫЗ — ЭРТЕӉ БҮГҮНКҮДӨН ДА МЫКТЫ ИШТӨӨ»

  • 21.05.2013
  • 0

К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети өлкөдө гуманитардык багытта билим берген жалгыз жогорку окуу жайы катары эсептелет. «Кутбилим» газетасына окуу жайдын ректору Абдылда Мусаев университетте жасалып жаткан иштер, эл аралык кызматташтыгы жана алдыга койгон максаттары тууралуу айтып берди.

— Урматтуу Абдылда Инаятович, өзүӊүз экинчи сапар жетектеп жаткан БГУ жөнүндө өлкөбүздүн билим берүү тутуму, жалпы эле ко­омчулук жакшы кабардар экендиги талашсыз. Ошон­дой болсо да, анын учурдагы абалы, жаштарды окутуп-тар­биялоодогу жүргүзүп жаткан иш-аракеттери, алдыга койгон максаттары туурасында сөз кылып кетсеӊиз.

— Университетибиз өзү адеп түптөлгөн мезгилден тарта, дээрлик 35 жылдык тарыхты башынан кечирип, ушул туш­та толук бойдон калыптанып, табына жеткен, жекече жүзү, салты жана өзгөчөлүгү бар, аты алысты аралаган жогорку окуу жайына айланганы чын. Ал өлкөдөгү жападан жалгыз гуманитардык деген мартабага (статуска) ээ болуп, жаштарга дал ушул багытта тереӊдетилген билим берүүнүн лидери катары таанылганы буга айныгыс күбө. Бүгүн БГУнун түзүм-турпаты: кыргыз филологиясы, славянтаа­нуу, европалык цивилизациялар, чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер, социалдык-психоло­гиялык, экономика жана каржы, Кыргыз-Кытай, журналистика жана маалыматтык тутумдар, экология жана менеджмент де­ген тогуз факультеттен турат. Өз учурунда алардын курамына ар кыл мүнөздөгү 38 кафедра кирет. Мындан сырткары, бизге караш­туу Үзгүлтүксүз жана дистанттык (аралык) билим берүү институту (ҮДББИ), колледж жана лицей иштеп жатат.

Жалпысынан алганда, фа­культеттер болочок адистерди — 46, ҮДББИ — 14, колледж менен лицей — 11 багыт боюнча даяр­дашат. Эми ошолордун бакисин бирден санап отуруунун кажети жок го деп эсептейм. Бирок алар өлкөбүздүн экономика, саясий, социалдык, билим берүү, ма­даний, агартуу, эл аралык ма­милелер, экология, каржы, ж.б. чөйрөлөрүнүн муктаждыктарын толук канааттандыра ала турган, эмгек рыногунда талап кылыну­учу атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдап чыгарып жатышканын сөзсүз белгилей кетүү шарт.

— Билим берүү жана илим министрлиги 2012-2013-окуу жылдарына карата абиту­риенттерди кабыл алуунун жыйынтыктарын чыгарып, БГУну өлкөбүздүн эӊ алдыӊкы деп таанылган беш окуу жай­ынын сабына кошкондугу маалым. Ушундай бийик көрсөткүчтөрдүн сырын кан­дайча түшүндүрөөр элеӊиз?

— Аныӊыз ырас, бирок тактай кетсек, ошол бешөөнүн ичинен экөө: Кыргыз-Орус Славян жана КТУ “Манас” эл аралык статуска ээ экендигин эске алсак, анда биз Медициналык академия ме­нен Техникалык университеттен кийинки 3-орунга чыгып жатпай­бызбы. Политехтен айырма­быз болгону үч гана пайызды (156.1- 153 упай) түздү. Сиз азыр эскерте кеткен “сырга” токтол­сок, анын анчейин деле купуя­луулугу жок дегим келет. БГУ — республикабыздын көптөгөн “аксакал” окуу жайларынан кый­ла кичүү экендигине карабастан, анын ишмердик таржымалы дай­ыма изденүү, жаӊычылдыкка умтулуу, сынам, билим берүү айдыӊында топтолгон алдыӊкы тажрыйбаларды өзүнө чыгарма­чылык менен сиӊирип алуу жана андан ары өркүндөтүү менен коштолуп келүүдө. Ушундай иш- аракеттердин натыйжасында ал бир кездеги катардагы көндүм институттан — учурдагы көп тар­мактуу, көп багыттуу, заманбап, эл аралык талаптарга жооп бере ала турган университетке ай­ланып отурат. Анын рейтинги менен зоболо-беделинин улам өйдөлөп жатышынын негизги “күнөөкөрлөрү” болуп, албетте, биздин профессордук-окутуучу­лук курам, бүтүндөй ынтымактуу эмгек жамаатыбыз эсептелет. Аларды мен мурда да, азыр да ар дайым биздин “алтын фон­дубуз” деп атап келем, анткени анын ар бир мүчөсү өзүнүн “аль­ма-матери” үчүн күйүп-бышып иштеген, окутуп-тарбиялоонун жаӊычыл, ийкемдүү ыкмаларын, башталмалары менен артыкчы­лыктарын өздөрүнүн практикасы­на киргизүүгө умтулган чыныгы сыймыккор, патриот насаатчы­лардан болуп саналышат.

Экинчиден, өткөн жылдагы жалпы республикалык тестирлөө улан-кыздардын гуманитардык (журналистика, социология, ев­ропалык жана чыгыш тилдери, эл аралык мамилелер, архив иш­тери, китепкана таануу, музей, котормо ж.б.) кесиптерге карата кызыкчылыктарынын улам ар­тып бара жатканын айгинеледи. Мына, дал ушул адистиктер­дин дээрлик баардыгы, ал эми, китепкана таануу, архив, музей иштери боюнча жападан жалгыз БГУда даярдалып жатат. Ошон­дуктан былтыркы кабыл алууда бизде ушул тармактарга ата­андашуу өтө күчтүү жүрүп, бир орунга орто эсеп менен 10-15ке жакын талапкерлер ат салыш­каны бекеринен эмес.

— Кыргызстандын жогорку окуу жайларында эл аралык байланыштар жаатында сөз жүрсө эле каадада, эӊ алды БГУнун аты туруктуу түрдө аталып келатканын билебиз. Эгерим, ылайык көрсөӊүз, барган сайын мындай кызмат­таштыктын маанисинин улам өсүп жаткандыгын эске алып, ушул маселенин тегерегинде арбыныраак пикир алышсак.

— Мунун толук негизи бар. Себеби азыр биздин борбордук гана тургай, аймактык жождо­рубуз да өздөрүнүн чама-чаркы­на жараша, чет өлкөлөр менен мамилелерди жөнгө салууга же кеӊейтүүгө көп далалат кылып жатышканы – табигый көрүнүш. Бүгүнкү дүйнөлөштүрүү жара­янынын шартында алардын билим берүү, илимий жана ма­даний борборлору менен эки жактуу кызматташтыкты түзбөй, эл аралык деӊгээлде таанылган прогрессивдүү тажрыйбалары­нан өрнөк албай туруп, чыныгы кесипкөй адистерди даярдап чыгуу иши татаалдана башта­ды. Мындан улам, БГУ жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн алдыӊкы окуу жайлары менен өз ара пайдалуу мамилелер­ди түзүүнү өзүнүн артыкчылык берүүчү чөйрөсү катары кабыл алып, бул багытта жетишилген ийгиликтери менен сыймыкта­на алат. Биздин мындай алака­ларыбыздын чечүүчү милдети болуп, БГУнун эл аралык рейтин­гин жогорулатуу, аны дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине ин­теграциялоо (жуурулуштуруу), окутуп-тарбиялоодогу практика­лык жандуу ишмердигин, өзүнүн программаларын Болон жарыя­нын алкагына ылайыкташтыруу саналат. Булардан сырткары биз, албетте, университеттер­дин окутуучулары, бакалав­риат, магистратурада билим алып жаткан студенттер жана докторантурадагылары менен алмашуу; биргелешкен билим берүү, анын ичинде эки жактуу диплом тапшырууну алдын ала караштырган программаларды иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу; академиялык кезигишүүлөр менен симпозиумдарды уюш­туруу; университеттин профес­сордук-окутуучулук курамынын мүчөлөрү, студенттери менен кызматкерлеринин макала, баяндама ж.б. илимий эмгек­терин өнөктөш окуу жайынын мезгилдүү басма сөзүндө чыга­руу; илимий изилдөө, маалымат, жарыялоолор жана билимдер менен алмашуу сыяктуу билим берүү жана илимий кызмат­таштыктын башка түрлөрүн да өбөлгөлөмөкчүбүз.

— Учурда кайсы мамле­кеттердин университеттери менен айрыкча тыгыз карым- катнаштарды сактап келе жа­тасыздар?

— Биз өзүбүздүн туруктуу өнөктөштөрүбүз катары тааныл­ган Европа, Америка жана Азия­нын 70ке тете окуу борборлору менен ишкер байланыштарды улантып келүүдөбүз. Бул жерден мен Орусия, Кытай, Жапония, АКШ, Германия, Түштүк Корея, Иран, Түркия, Египетти бөтөнчө белгилеп кетер элем. Ар жыл сайын 300дөн ашуун студент­тер менен жаш окутуучуларыбыз Москванын Мамлекеттик жана Мамлекеттик лингвистикалык, Кытайдын Гуанчжоу, Сиян, Үрүмчү; АКШнын Питтсбург, Канзас, Жапониянын Токио, Цукуба, Кокушикан, Осака; Ко­реянын Сеул; Малайзиянын Ку­ала-Лумпур; Ирандын Тегеран; Түркиянын Анкара; Египеттин Каир, ошондой эле Украина, Ка­закстан, Беларусиянын алдыӊкы базалык университеттеринде окуп, практика жана такшал­малардан (стажировкалардан) өтүп турушат.

Ушул тапта БГУда башка 27 улуттун өкүлдөрүнөн турган жа­рым миӊден арбыныраак жаштар окутуунун бардык баскычтары боюнча билим алууда. Окутуу 16 европалык жана чыгыш тилде­ринде жүргүзүлүп, аны четтен келген 50дөн ашык өз эне тилин алып жүрүүчү тажрыйбалуу про­фессорлор менен адистер ишке ашырууда.

Кийинки эле эки жылдын аралыгында Орусия, Жапония, Англия, Корея Республика­сы, Польша, Түндүк Кипрдин алдыӊкы окуу жайлары менен байланыштарды түзүү боюнча 11 келишимге кол коюлду. БГУ мын­дан ары да башка өлкөлөрдүн окуу борборлору менен билим берүү, илим, агартуу, маданий, жалпы эле гуманитарий тарма­гындагы ишмердикти, студент­тер жана окутуучуларды ал­маштыруу боюнча аракеттерди күчөтө бермекчи. Биз Бишкекте аккредитацияланган чет өлкөлүк көптөгөн элчиликтер, эл аралык уюмдар, миссиялар, корлор ме­нен тыгыз катнаштарды түзүп, алар менен туруктуу байланыш­та турабыз.

— БГУда бөлөк өлкөлөрдүн көмөгү менен түзүлгөн билим берүү, маданий борборлордун жүргүзүп жаткан иштери дагы оозго алаарлык.

— Биздин ар кыл мүнөздөгү, атайлаштырылган, студенттер менен окутуучулардын ара­сында жигердүү ишмердикти жүргүзүп келаткан 16 борборубуз бар. Алар өздөрүнүн көздөгөн максаттары жана милдеттери боюнча маданий — билим берүү очоктору деп аталып, дал ушул багытта натыйжалуу аракеттенип жатышат. Эми ар бирин санап отурбай, айрымдарын эле атай кетейин. Алар: Жапондук укма- көрмө, Иранистика жана Ислам таануу, Маалымат–телеком­муникациялык технологиялар; Кытай ресурстук билим берүү; “Орус дүйнөсү” корунун, “Кыр­гызстан Италия” маданий-билим берүү, Чыгыш Европа, Махта­мы Ганды атындагы индиялык, Малайзия мультимедиялык уни­верситетинин Маалымат-техно­логиялык борборлору. Мындан сырткары, 2007-жылы Бишкек­те өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) атайын чечими менен уюштурулган Конфуций; корей тили менен маданиятын үйрөнүү боюнча Борбор Азия­дагы жападан жалгыз “Седжонг”, Аймак таануу жана маданияттар аралык коммуникациялар инсти­туттары; Жапониянын Кокуши­кан университетинин филиалы иштеп жатат. Биздин Конфуций институтубуз өткөн окуу жылы­нын жыйынтыгы боюнча Кытай

 

тарабынан Кыргызстандагы эӊ алдыӊкы окуу жайы деп тааны­лып, наркы 45 миӊ долларды түзгөн жаӊы “Джип-Лексус” авто­унаасы жана Мактоо грамотасы менен сыйланды.

— Сиз БГУнун мурдагы рек­тору, кийин Билим берүү жана илим министри болуп турган чагыӊызда да жогорку окуу жайлардын эл аралык бай­ланыштарын күчөтүп, мез­гил талабына жараша аларга жаӊы маани, жаӊы түс берүүгө көп аракет жасап келгениӊиз белгилүү. Университетке кай­ра келгенден бери өзүӊүздүн жеке катышууӊуз менен бул багытта кандай кадамдар жа­салып жатат?

— Өйдөдө белгиленип кеткен 11 келишимди эсепке албаганда, өткөн эки жыл ичинде Кытай, Жапония, Малайзия, Түркия, Казакстан тараптардын чакы­руусу менен бул өлкөлөрдө болуп, алардын окуу жайлары менен өз ара байланыштарды кеӊейтүү боюнча бир кыйла орчундуу маселелерди чечүүгө жетиштим. Тактап айтканда, Кы­тайдын Гуйлинь технологиялык, Далянь чет тилдер университет­тери, Конфуций институту; Жа­пониянын Аояма Гакуин жана Хоккайдо педагогикалык, Гер­маниянын Ганновер, Казакстан­дын Гумилев атындагы Евразия; Башкортстандын мамлекеттик, Мамлекеттик техникалык жана Педагогикалык үч университе­ти, Түркиянын эл аралык “Тико” фирмасы ж.б. менен кызмат­таштыктар боюнча келишимдер түзүлдү.

Соӊку чактарда биздин Поль­ша Республикасы менен болгон байланышыбыз жаӊы деӊгээлге көтөрүлүп жатканын белгилей кетүүм зарыл. Алсак, БГУ менен бул өлкөнүн Гейштор атындагы академиясынын биргелешкен долбоору боюнча “Коом жана саясат” деген журналдын поль­ша, англис жана орус тилиндеги төрт саны жарык көрүп, анда биздин окутуучулардын мака­лалары басылып чыкты. Азыр Кыргыз-польшалык социалдык- саясий изилдөөлөр борбору та­рабынан “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртеӊ” деген жумушчу аталыштагы китеп даярдалып жатат. БГУга караштуу Конфу­ций институту, биздин тиешелүү факультеттер Синьцзян мам­лекеттик университети менен бирдикте кытай тилиндеги эл аралык журналистика боюнча магистратураны, Кыргыз тили жана маданий борборун ачуу, “Кытайдагы кыргыз калкынын та­рыхый жана маданий мурасы” деген илимий-изилдөөчүлүк дол­боорду түзүү боюнча даярдык иштери кызуу жүргүзүлүп жатат. Айтмакчы, акыркы 10 жылдан бери Москванын мамлекеттик лингвистикалык университети­нин алдында биздин демилгебиз менен түзүлгөн кыргыз тили жана маданий борбору ийгиликтүү иш­теп жатат.

Өзүм ар кайсы өлкөлөрдө өткөрүлгөн бир топ иш-чараларга катышып келдим. Соӊку эки жыл­дын ичинде жапониялык жана малайзиялык кесиптештердин чакыруусу менен бул өлкөлөрдүн Сока жана Мультимедиялык университеттериндеги билим берүүнүн инновациялык техно­логиялары менен таанышып, алар менен болгон мамилелерди өркүндөтүү боюнча маселелерди чечүүгө жетиштим.

Сока университетинде Кыр­гызстан, анын билим берүү туту­му, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланыштар менен мами­лелер жөнүндө дарс окудум. Эки өлкөнүн ортосундагы байланыш­тарга кошкон салымым жана ди­пломатиялык байланыштардын 20 жылдыгына карата окуу жайы­нын жетекчилигинин чечими ме­нен мага анын ардактуу профес­сору деген наамы ыйгарылып, колледжи болсо өзүнүн алтын медалы менен сыйлады. Кыр­гызстандын Кытайтаануучулар ассоциациясынын президенти жана Кытай-Кыргыз “Контимост” журналынын аткаруучу редак­тору катары Пекинде дүйнөнүн 90го жакын өлкөлөрү катышкан Конфуций институттарынын эл аралык 5-форумуна катышып, сөз сүйлөдүм. Анын жүрүшүндө мени Кытайдын Борбордук улут­тар университетинин Ардактуу профессору кылып шайлашты.

Ушул жылдын март айында ҮДББиде Конфуций институту­нун борбору ачылып, ага КР Билим берүү жана илим ми­нистри К. Садыков, Кытай Эл Республикасынын бизге жаӊы дайындалган элчиси Ци Даюй катышып, сөз сүйлөштү. Борбор Кытай тарабынан 60 миӊ дол­лар өлчөмүндө гранттык негиз­де бөлүнүп берилген эӊ акыркы үлгүдөгү маалыматтык-телеком­муникациялык шаймандар, көп функциялуу телевизор менен жабдылып, аларды Пекинден атайын келген адистер жыйнап- монтаждап кетишти. Бул уникал­дуу техника жана технологиянын жардамы менен сырттан окуп жаткандарга аралыктан билим берүү маселесин толук чечүүгө болот. Үстүбүздөгү окуу жылын­да эле чет өлкөлүк өнөктөштөр (Иран, Жапония, Корея, Түркия, Аравия, Кытай) бизге жалпы сум­масы 200 миӊге жакын доллар­ды түзө турган каржылык жана техникалык жардам көрсөтүштү.

Апрелдин башында Түркиянын Стамбул шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдүн алдыӊкы универси­тетинин 1-саммити өткөрүлүп, ага кожоюндардан тышкары, Казак­стан, Азербайжан жана Кыргыз­стандын 12 ректору катышып кел­дик. Бизден Улуттук, Эл аралык университеттердин ректорлору жана мен бардым. Саммиттин жыйынтыгында түрк тилдүү жо­горку окуу жайлардын кеӊеши түзүлүп, анын уставы бекитилди. Биздин өтүнүчүбүз боюнча анын 2-саммити 29-майда Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин 80 жылдыгына карата Бишкекте өтө турган болду.

БГУ 2010-жылдан тарта ШКУнун тармактык универ­ситеттеринин “Аймактаануу” багыты боюнча координация­лоочу жогорку окуу жайы жана ага кирген өлкөлөрдүн гума­нитардык университеттеринин Консорциумунун мүчөсү бо­луп эсептелет. Ушул жылдын 16-апрелинде Алматы шаа­рында “КМШ жана ШКУнун эл аралык илимий- билим берүү өнөктөштүгү: кызматташтыктын жаӊы түрлөрү” деген темадагы эл аралык форум болуп өттү. Анын алкагында КМШ мамлекет­теринин тилдер жана маданият боюнча Базалык уюму менен ШКУга катышкан өлкөлөрдүн гуманитардык университетте­ринин Консорциумунун бирге­лешкен отуруму өтүп, ага сегиз өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Анын жүрүшүндө бул маселе боюнча негизги баяндама менен Москванын мамлекеттик лингви­стикалык университетинин рек­тору, профессор И.И.Халеева чыгып сүйлөп, ал эми “Илим ме­нен билим берүүнүн өнөктөштүгү — Шанхай кызматташтык уюму­нун жолу” деген тема боюнча негизги баяндаманы Кытайдын эл аралык бизнес жана экономи­ка университетинин президен­ти, доктор Ши Цзяньцзюн жасап, мен кошумча баяндама менен чыгып сүйлөдүм. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча “КМШ жана ШКУнун илимий-билим берүү өнөктөштүгүн мындан ары да тереӊдетүү жана кызматташ­тыктын түрлөрүн кеӊейтүү жөнүндө” деген Меморандум кабыл алынды. Анын кезектеги форуму келерки жылы биздин университетте өткөрүлө турган болду. Форумдун алкагында Абылай хан атындагы Казак эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер университети­нин 70 жылдык мааракеси кошо уюштурулуп, анда мага респу­бликабыздын атынан куттуктоо сөз сүйлөөгө туура келди. Албет­те, мен муну БГУнун эл аралык аброюн тааныгандык жана бизге көрсөтүлгөн зор ишенимдин ай­кын-ачык белгиси деп эсептейм.

— Абдылда Инаятович, Сиз­дердин университетте ар кан­дай маанилүү иш-чараларды өткөрүп турууга чоӊ көӊүл бөлүнөт эмеспи?

— Ооба, өткөн жылдан бери эле бизде, жалпысынан алганда 100дөн ашуун ар кыл мазмун­дагы эл аралык илимий конфе­ренциялар, семинарлар, тегерек столдор, чет элдик делегация­лар, бөлөк өлкөлөрдүн бизде­ги элчилери, белгилүү адабий, маданий, көркөм өнөр ишмер­лери менен жолугушуулар сы­яктуу иш-чаралар уюштурулду. Алардын айрымдарына токто­ло кетсек, былтыр орустун улуу окумуштуусу М.В.Ломоносовдун 300 жылдыгына арналган эл аралык конференция, Азербай­жандын улуу ойчулу, илимпоз, акын Низаминин 700 жылды­гына арналган адабий-музыка­лык кече, АКШнын Миннесота университетинин журналисти­ка факультетинин медиаэтика жана укук боюнча профессо­ру Джейн Кертли менен семи­нар, “Коом жана саясат” деген кыргыз-польшалык журналдын бет ачары ж.б. иш-чаралар өткөрүлдү. Булардан сырткары “Ийгиликтин жапондук үлгүсү: Кыргызстан үчүн сабактар” де­ген жана ушул эле тема боюнча Түштүк Кореянын тажрыйбасына арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, алар республиканын билим берүү жана илимий чөйрөсүндө чоӊ резонанс туудурду. Июнь ай­ына белгиленген ушундай эле иш-чара эми Түркия Республи­касынын экономикалык ийгилик­терине арналмакчы. Ноябрда “Ислам жана үй-бүлөлүк укук” илимий-практикалык конферен­ция, февраль айында “Чыгыш поэзиясынын жылдыздарынын поэтикалык мурасы” деген ада­бий кече, Кыргыз-Араб Билим берүү-маданий борборунун ачы­лыш аземи, апрелдин аягында Кыргыз Эл жазуучусу Өскөн Даникеевдин үч томдугунун бет ачары, 7-майда Жеӊиш күнүнө карата Т.Сатылганов атында­гы филармониянын жетекчилиги жана чыгармачыл жамаатынын өкүлдөрү менен жолугушуу ке­чеси болуп өттү. 15-майда биз­дин грант берүүчүбүз, жапондук белгилүү “Бирдиктүү Азия” (“One Asia”) фондусунун президенти Йодзи Сато “Дүйнө бирдиктүү болот” деген кызыктуу дарс ме­нен чыгып сүйлөдү.

— Ушул жерден Сизге дагы бир суроону берүүгө туура ке­лип олтурат: БГУнун студент­теринин чет тилдер боюнча университеттердин ортосун­дагы республикалык жана эл аралык сынак-таймаштарда кандай көрсөткүчтөргө жети­шип жатышат?

— Бул жагынан биздин тар­биялануучуларыбыздын же­тишкендиктери менен табигый түрдө сыймыктана алабыз. Ал­сак, бир нече жылдардан бери алар кытай, жапон, корей, перс, араб тилдери боюнча спич- сынактарга үзбөй катышып, эӊ алдыӊкы, лидерлик, байгелүү орундарды колдон чыгарбай келе жатышат. Буга бир-эки эле далил: Жапониянын Билим берүү министрлигинин үлүшү (квотасы) боюнча быйыл бул өлкөгө бир жылдык такшалмага барыш үчүн уюштурулган атай­ын экзаменде биздин Чыгыш таануу жана эл аралык мами­лелер факультетинин 3-курсу­нун студенттери: Ш.Заитова, Ж.Байбураева, Ж. Бегалие­ва жана Т.Асанкулов бардык алдыӊкы орундарды түгөл ээ­лешип, Күн Чыгыш өлкөсүнө жолдомо алышты. Жапон тили боюнча республикалык чечендик сынакта ошол эле Ш.Заитова (1-орун), Н. Үшкемпирова (2- орун) жана 1-курста окуп жаткан А.Бекболотова 3-орунду ээлеп, май айынын этегинде Алматы­да өтө турган Борбор Азиялык таймашка катышуу укугуна ээ болушту. Анын үч жеӊүүчүсү Москвада уюштурулуучу КМШ өлкөлөрүнүн студенттеринин сынагына жолдомо алышат. Биз мындан да үмүт байлап жата­быз, анткени буга чейин Астана, Ташкент, Бишкек, Алматыдан жана ошол эле Москвада өткөн кароолордо да биздин өкүлдөр эӊ алдыӊкы орундарды жеӊип келишкен.

БГУда студенттерге жа­пон тилин тереӊдетип окутуп- үйрөтүү, аларды жогорудагыдай сынактарга даярдоодо биздин эне тилин алып жүрүүчү окутуу­чубуз — Нами Удзихара айымдын салымы чоӊ экендигин белгилей кетким келет. Муну эске алып, Жапония менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык ма­милелердин орнотулушунун 20 жылдыгына карата жана БГУда жапон тилин үйрөнүүнү тарка­тып, өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн бул өлкөнүн тышкы иштер министри Коитиро Гэмба мырза аны министрликтин Мак­тоо грамотасы менен сыйлады.

Баарыдан кызыгы, бизде француз тили боюнча ади­стер даярдалбай, ал кошумча үйрөнүүчү сабак гана экендигине карабастан, быйыл март айында Бишкекте Франция менен Швей­цариянын элчиликтери өткөргөн француз тили жана маданияты­нын жумалыгында БГУнун Евро­палык цивилизациялар факуль­тетинин студенти А.Кузнецова тил боюнча баш байгени (Гран- при) жеӊип, Францияга бир жума­га барып келүүгө жолдомо алды. Ал эми А.Тажибаева 1-орунду ээлесе, француз ырларын атка­руу боюнча К.Ельникова 2-орун­га татыктуу болду. Санай берсек, мындай мисалдар бизде өтө эле арбын.

— Республиканын жогорку окуу жайлары абитуриент­тер үчүн өзүнүн эшиктерин ача турган мезгил чукулдап келүүдө. БГУ алдыдагы кабыл алуу сынактарын кандайча уюштурууну мерчемдештирип жатат?

— Биз бул маселе боюнча ой­лонуштурулган, максат ченемдүү уюштуруу иштерин жүргүзө баш­тадык. Өткөн жылдарда өздөрүн практика жүзүндө толук бойдон актай алган түшүндүрүү, үгүт, пиар-өнөктүктөрдү кеӊири түрдө колдонмокчубуз. Борборубуз­дагы жогорку окуу жайлардын ичинен эӊ алгачкылардан болуп, биз 20-апрелде эле быйылкы бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери үчүн салттуу “Ачык эшик” иш-чарасын өткөрүп, ага 500дөн ашык адам тартылды. Бишкектен тышкары, өлкөнүн айрым райондоруна мугалим­дерден, алдыӊкы студенттер­ден, концерттик топтон турган атайын үгүт биргадаларды жөнөтүүнү баштадык. Жакын­да эле алар Панфилов жана Жайыл райондорунда болуп, болочок абитуриенттер менен аӊгемелешүүлөрдү өткөрүп, БГУнун тарыхы, өзгөчөлүгү, ка­ада-салттары, бүгүнкү абалы, артыкчылыктары, студенттерди окутуп-тарбиялоо иштеринин ко­юлушу жана келечеги жөнүндө кеӊири маалымдап, келип чык­кан суроолорго жооп беришип, бизге келип билим алууну каа­лагандардын тизмесин алдын ала аныктап кайтышты. Мындан тышкары, телекөрсөтүү, радио­уктуруу каналдары боюнча жар­нама, көрмө сюжет, ролик, пиар- өнөктүктөр уюштурулат. Мындай иш-чаралардын баары жаштарга кесиптик багыт берүүнү күчөтүүгө баш ийдирилмекчи. Сиздердин мени менен аӊгемелешүүнү жүргүзүп жатканыӊызды да ошонун жандуу практикалык түрү деп кабыл алсак болот.

Белгилүү болгондой, бый­ыл да жаштарды жогорку окуу жайларына кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт. Мында бул маанилүү иш- чаранын, анын бүтүмдөрүнүн ачык, акыйкат жана ынанымдуу болушу зор роль ойнойт. Антке­ни тестирлөө улан-кыздардын жөндөмдүүлүктөрүн максимал­дуу түрдө аныктоого, алардын жождордо андан аркы окуусун, интеллектуалдык жактан өсүп- өнүгүшүн, ошондой эле, жашоого жана эмгекке даярдоону камсыз кылууга чакырылган эмеспи.

Маектешкен Т.АЛЖАМБАЕВ

Поделиться

Комментарии