Кыргызстандын окуучуларынын «Туулган жерим» аймак таануу-туристтик Кыймылынын ПРОГРАММАСЫ

  • 24.03.2017
  • 0

iw0xbk7qr

Бекитилди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин буйругу

№ 275/1  10.03.2017ж.

 

Кыргызстандын окуучуларынын «Туулган жерим» аймак таануу-туристтик   Кыймылынын  ПРОГРАММАСЫ

 

Кыргызстандын окуучуларынын «Туулган жерим» аймак таануу-туристтик Кыймылынын  максаты жана милдеттери:

 

  аймак таануу жана туризм каражаттары аркылуу жаш муундарды тарбиялоону жана    

    окутууну уюштурууну арттыруу;

 — окуучуларды атуулдукка , жашаган жеринин жаратылыш жана маданий мурастарына     

   аяр мамиле жасоого тарбиялоо;

   окуучуларды аймак таануу жана изилдөө иштерине тартуу;

   тарыхый эстеликтерди сактоо;

   окуучуларды адептүүлүккө жана денесин чындоого тарбиялоону арттыруу;

 

Билим берүү системасында аймак таануу жана туризм балдар жана жаштарды тарбиялоодо жана окутууда традициялуу жана натыйжалуу каражат болуп эсептелет. Кыргызстанда изилдөөлөрдүн, экскурсиялардын, жүрүштөрдүн,  жерин таануучулук иреттүү байкоолордун жана изилдөөлөрдүн атайын усулдары, ар түрдүү практикалык көндүмдөрдүн  өздөшүүсү, окуучуларды  атуулдукка, мекенди сүйүүгѳ жана адептүүлүккө, өз жерин сүйүүгө тарбиялоо кеңири жайылтылган.

Кыргызстандын окуучуларынын аймак таануу-туристтик Кыймылы жерин таануучулукка кызыккан, изилдөө иштери менен алектенген, туулган жерине болгон сүйүү менен бириккен, өз Ата Мекенине пайда алып келүүгө умтулган балдар менен мугалимдердин уюму болуп эсептелет.

Окуучулардын “Туулган жерим” аймак таануу-туристтик Кыймылынын  уюму эки принципиалдуу жобо менен түзүлөт: ыктыярдуулук менен катышуу жана аймак таануу- туризм каражаттарын балдар коллективдеринин иш-аракеттерине жумшоо.

Кыймылдын  катышуучуларынын аймак таануу-туристтик иш-аракеттеринин уюштуруучулук жана усулдук принциптери анын болжолдуу программасы менен аныкталат.

“Туулган жерим” Кыймылынын негизги мааниси туулган жерин тереңирээк билүүгө, анын жаратылышынын тарыхынын маданиятынын өзгөчөлүгүн жана өлкөнүн, дүйнө жүзүнүн жаратылышы, тарыхы жана маданияты менен болгон байланышын терең түшүнүүгө, түзүүчүлүк, жаратуучулук иш-аракеттерге катышууга  жана өз жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүүгө жардам берүү болуп эсептелет.

Аймак таануу боюнча практикалык иш-аракеттерге, туристтик жүрүштѳр менен саякаттарга катышуу процессинде окуучулар аймак таанууда экологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн ар түрдүү илимий дисциплиналардын усулдарын колдонуу көндүмдөрүн окуп –үйрөнүшөт, ѳзүн-өзү башкаруунун, өз ара уюштуруунун ар кандай практикалык көндүмдөрүнѳ, коомдук активдүүлүктү жана тартиптин, тоскоолдуктарды жеңүүнүн жана коопсуздукту камсыз кылуунун кѳндүмдѳрүнѳ ээ болушат жана аларды өркүндөтүшөт. Жыйынтыгында булар аймак таануу-туристтик иш-аракеттердин потенциалын, балдарды окутуунун жана тарбиялоонун комплекстүү каражаттары катары аныктайт.

 

Тематикалык программалар жаш аймак таануучуларга жана алардын жетекчилерине өзүлөрүнүн аткаруу мүмкүнчүлүктөрүнө жана ыктыярына жараша темаларды тандоого шарт түзөт. Тематикалык программалардын ишке ашырылышы аймак таануу-туристтик иш-аракеттердин ар түрдүү формаларын жана методдорун (усулдарын) колдонуу менен жүргүзүлсө болот: экскурсия, аймак таануучулук байкоолор, экспедиция, даражалык бир-эки күндүк   же категориялык туристтик жүрүштөр, долборлоо, окуп-үйрөнүп жаткан окуя, кубулуштардын күбөлөрү, катышуучулары менен жолугушуу, эскерүү күндөлүктөрү, социологиялык изилдөөлөр, музейде архивде библиотекаларда, институттарда, ар түрдүү мекемелерде иштөө, ошондой эле мамлекеттик мекемелер, НПО жана башка коомдук уюмдар менен иштешүү.

Бир же бир нече программа менен иштөөнү бардык эле коллектив же бирикме: класс, кружок, отряд, окуучулар группасы, ж.б. алып барса болот.

Окуучулардын “Туулган жерим” аймак таануу-туристтик Кыймылын уюштуруу- усулдук борбору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин  Республикалык балдар өспүрүмдөр жерин  таануу, экология жана туризм борбору болуп эсептелет. Жер жерлерде бул функцияны балдар чыгармачылыгынын борбору, билим берүү башкармалыктары жана бөлүмдөрү аткарышат.

Кыргызстандын окуучуларынын «Туулган жерим» аймак таануу-туристтик Кыймылынын алкагында аймак таануу-туристтик слёттору жана  мелдештери, жүрүштөр жана экскурсиялар, тематикалык конференциялар, аймак таануу боюнча викториналар, конкурстар, олимпиадалар, аймак таануу боюнча педагогикалык окуулар; коомго  жана жаратылышка байкоолор жана изилдѳѳлѳр жүргүзүү; летопись, окуялардын жана а  кубулуштардын хроникасын түзүү; долбоорлор иштеп чыгуу; аймак таануу боюнча маалыматтар банкын даярдоо, эстелик Китебин түзүү, музей коллекциясын түзүү жана мектеп музейлеринин иш-аракеттерин уюштуруу; “Табият менен таттуу мамиледе болуу”, жаратылышты жана тарых, маданият эстеликтерин коргоо акцияларына катышуу; көргөзмөлөрдү, майрамдарды, тематикалык күндөрдү, жергиликтүү басма сөздөрүнө чыгууларды уюштуруу жолдору менен аймак таануу боюнча билимдерди үгүттөө, жайылтуу; кыймылдын лидерлерин окутуу.

 

Кыргыз Республикасынын окуучуларынын “Туулган жерим” аймак таануу-туристтик  Кыймылынын тематикалык программасы

1Тарыхый-маданий мурас
2Манастын урпактары
3Туулган жердин летописи
4Улуу Жибек Жолу
5Этнография
6Эскерүү
7Балдар кыймылынын тарыхы
8Жаратылыш мурасы. Табият менен

таттуу мамиледе болуу

9Жаш геологдор
10Туристтик чыйырлар менен
11Мектеп музейлери
12Менин кичи Мекеним

Тарыхый-маданий мурас

1.1. Тарыхый мурас. Ата Мекен тарыхы

 Милдети: Жергиликтүү аймак таануу маалыматтары, буюм  эстеликтери боюнча аймактын өткөн тарыхын окуп үйрөнүү.

Мазмуну:                                                                                                                                                                             

 археологиялык, этнографиялык, архитектуралык жана маданий эстеликтер жөнүндө материалдар жыйноо;

байыркы отурукташкан жерлерди, байыркы мүрзөлөрдү , кургандарды, таш мололорду, караван-сарайларды, курмандык чалынган жерлерди, байыркы кербен жолдорунун ашуулары, аскалардагы сүрөттөрдү, байыркы архитектуралык курулуштарды, эски кол жазмаларды жана китептерди издөө;

аймакты,  Борбордук Азияны жана жашаган жериңерди ар кандай мезгилдерде изилдеген окумуштуу саякатчылар жөнүндө маалыматтарды жыйноо;

Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнүн жана өнүгүшүнүн тарыхы;

Кыргызстандын территориясынын  өздөштүрүү  тарыхы;

Кыргызстандын территориясында жашаган байыркы элдер жана уруулар;

           тарых жана маданият эстеликтерин коргоого талыкпай катышуу.             

 

1.2.  Маданий эстеликтер

Милдети:  Жашаган жердин жашоочуларынын чыгармачылыгын жана маданий                   эстеликтерин окуп үйрөнүү, маданий турмушунун окуяларын фиксациялоо.

Мазмуну:

мектептин тарыхы жана билим берүүнүн тарыхы жөнүндө маалыматтарды жыйноо.

спорттун өнүгүшү жана тарыхы

жердештердин көркөм, адабий, музыкалык жана театралдык чыгармачылыгы;

элдик оозеки чыгармачылык, жергиликтүү эпостор жана “Манас”эпосу;

туулган жердин архитектурасы;

элдик үрп-адаттар жана оюндар;

жашаган жериңерди мекендеген элдердин жазуусу жана адабияты;

эскирген, башка тилден кирген сөздөр жана заманбап тил;

Манас эпосун айткан манасчы жердештер, комузчу, дастанчы, ырчы;

элдик медицина жана табыптар;

 

II. Манастын урпактары

Милдети: Санжыраны, үй-бүлөлүк салттарды, үрп-адаттарды     окуп-үйрөнүү, уруунун  тарыхына кызыгууну жана аны өнүктүрүү . Курчап турган дүйнөдө өзүнүн  ордун изилдөө иштеринин натыйжасы катары сезүү.

Мазмуну:

уруулар менен үй-бүлөлөрдүн туугандык байланыштарын, тарыхын, келип чыгышын окуп үйрөнүү;

өзүнүн уруусун изилдөөдө тарыхый окуялардын катышуусу болгон туугандарын табуу;

үй-бүлөнүн, уруунун жашоосу менен байланыштуу эстелик жерлерди табуу;

үй-бүлө, уруунун өкүлдөрү кесип кылган өнөр менен таанышуу.

туугандар алардын жашаган жери, кесиптери жөнүндө маалыматттар жыйноо;

уруунун фотолетописин үй бүлөнүн мүчөлөрүнүн жашоосу менен түзүү;

Өзүӊдүн үй-бүлөӊдүн, урууӊдун салттуу  үрп-адаттары, майрамдары, салттары менен таанышуу;

үй-бүлөдөгү учкул сөздөрдүн, макалдардын, ырлардын, юморлордун альбомун түзүү;

 

III.  Жашаган жердин  летописи

Милдети:   Жашаган жердин байыркы замандан биздин   күндөргө чейинки тарыхын жана жаратылышын окуп үйрөнүү.

Мазмуну:

аймактын жалпы тарыхын түзүү ;

калк жашаган пункттун тарыхы;

болуп жаткан окуяларды фиксациялоо;

алардын катышуучуларын жана көргөндөрдү сурамжылоо;

аймактын жаратылышына жана тарыхына тиешелүү басма сөздөрдөгү публикацияларды жыйноо;

жашаган жердин экономикалык өнүгүшүнүн тарыхы;

аймак таануу боюнча аныктоолор банкын түзүү;

мектеп музейлерине фондун толуктоо;

айылдын, шаардын летописин түзүү;

жашаган жердин топонимикасы;

рельеф жана жаратылыш ресурстары;

байыркы куруучулар, калк жашаган пункттун курулушунун тарыхы, эски имараттар, архитектуралар тарыхы.

аймактын калкы,анын маданияты жана тиричилиги;

жашаган жердин экономикалык өнүгүшү;

жердештердин кесиби;

көрүнүктүү жана ардактуу жердештер;

саясий партиялар, өзүн-өзү башкаруу, бийлик структурасы.

чарбалык-коммерциялык иш-аракеттин жаңы формалары

жергиликтүү эпостордун жана “Манас”эпосу, тарых менен байланышкан эстелик жерлер;

көчөлөрдүн аталыш тарыхынан;

жашаган жердин кесиби, өнөрү;

аймактын өнүгүү перспективасы;

жашаган жердин энциклопедиясын түзүү;

аймактын суу менен камсыз болушу жана сууну пайдалануусу;

 

  IV. Улуу Жибек жолу

 Милдети: Байыркы соода жолундагы маданияттын руханий жана материалдык    эстеликтерин коргоо, жазуу, учет жүргүзүү, изилдеп табуу.

 Мазмуну:

жашаган  жер аркылуу өтүүчү байыркы соода жолдору;

Улуу Жибек жолундагы байыркы шаарлар.

маданияттын байышы жана башка элдер менен байланыш үчүн байыркы соода жолдорунун мааниси;

руханий  жана материалдык маданияттын эстеликтери- байыркы окуялардын күбөсү;

Улуу Жибек жолундагы уруулар жана элдер;

 

V. Этнография

Милдети:  Элдердин материалдык жана руханий эстеликтерин, алардын үй бүлөлүк  жана коомдук тиричилигин, чарбасын жана этникалык процесстерди  окуп   үйрөнүү.

     Мазмуну:

бардык чарбалык курулуштары менен жашоочу жайлар; жергиликтүү курулуш салттары;

жасалгалар комплекти менен кийимдер;

ашкана буюмдары жана тамак-аш;

эмгек шаймандары жана каттоо каражаттары;

чарбалык иштери;

кесиби жана өнөрү;

үй жасалгасы;

кол өнөрчүлүктүн чеберлери;

жер иштетүүнүн, мал чарбачылыктын аңчылыктын жергиликтүү салттары;

жергиликтүү ыйык жерлер, кургандар, таш мололор, шаарлар;

байыркы соода жолдору;

салттар, ырым-жырымдар жана майрамдар;

ата-бабалардын диний жана мифологиялык көз караштары;

белгилер жана ишенимдер;

коомдук тиричилик;

элдик календарь жана элдик медицина;

традициялуу көркөм искусство;

элдик поэтикалык оозеки чыгармачылык;

элдик музыка жана хореография;

эски жана заманбап музыкалык инструменттер;

элдик оюндар;

декоративдүү прикладдык искусствонун чеберлери;

туулган жердин чеберлери: сүрөтчүлөр, акындар, прозаиктер, скульпторлор;

туулган жердин калкы жана улуттары;

региондун тил өзгөчөлүктөрү (жергиликтүү диалект);

руханий маданияттын жергиликтүү борбору (клуб, китепкана, мектеп, жергиликтүү ансамблдер жана кызыгуулары боюнча бирикмелер);

декоративдүү прикладдык искусство;

көркөм өнөр.

 

VI. Эстелик

     Милдети : Аймак таануу маалыматтарынын негизинде аскер тарыхын окуп билүү,  өткөн согуш тарыхынан баштап заманбап куралдуу кагылышуулар, согуш        окуяларына катышкан жердештердин эстелигин түбөлүктөө.

    Мазмуну:

“Манас”  эпосундагы  аскер тарыхый иштери;

согуш тарыхын чагылдырган буюм жана көркөм эстеликтерди        (кат, фотография, сүрөт, схема, жеке буюмдар, согуштун  катышуучуларынын эскерүүлөрүнүн жазмалары), документтерди табуу жана жыйноо;

согуш ветерандарынын көмүлгөн жерин тактоо жана алардын мүрзөлөрүн шефке алуу;

согуш-тарых музейин түзүү;

согуш балдары-жердештер;

Эстелик китебин түзүүгө катышуу;

Аскер данкы эстеликтерин жакшыртуу;

жашаган жерибиз Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында;

Баткен окуяларына, Афганистан согушуна катышкан жердеш жоокерлер;

аймак репрессия жылдарында;

согуштун жана тылдын баатырлары- жердештерибиз;

ветерандарды шефке алуу;

              

VII. Балдар кыймылынын тарыхы

  Милдети: Мектептин жана өлкөнүн балдар-өспүрүмдөрүнүн бирикмелеринин эң   жакшы иш тажрыйбасын сактоо, окуп үйрөнүү, балдар кыймылын жайылтуу.

  Мазмуну:

Кыргызстандын пионер уюмунун тарыхынын негизги этаптары;

райондун, мектептин балдар-өспүрүмдөр бирикмелеринин тарыхы: скауттар, пионерлер, жаш туристтер, моряктар, интернационалдык достук клубдары;

балдар-өспүрөмдөр уюмдарынын жана бирикмелеринин жердеш-мүчөлөрү;

балдар-өспүрүмдөр бирикмелеринин иш аракеттер сферасы, атрибутикасы, структурасы, традициялары;

улуулардын бирикмелердеги ролу жана өзүн-өзү башкаруу;

буюм жана документтик эстеликтерди табуу жана жыйноо;

мектепте түзүлгөн пионер жана комсомол уюмдарынын летописин түзүү;

пионерлердин ар кайсы жылдардагы ырлары, речевкалары, оюндары;

пионерлердин ар кайсы жылдардагы коомдук пайдалуу иштери;

пионер жана комсомол кыймылын уюштурган жердештер;

азыркы күндөгү балдар-өспүрүмдөр кыймылы;

 

 VIII. Жаратылыш мурасы.Табият менен таттуу мамиледе болуу

Жаратылыш мурасы деп туулган жердин жаратылыш тобун –ѳсүмдүктѳр жана жаныбарлар дүйнѳсүн, пайдалуу кен байлыктарын, дарыяларын ж.б.түшүнѳбүз. Булар табигый түрдѳ сакталган, ошондой эле бардык экономикалык, экологиялык, социалдык-маданий кѳйгѳйлѳрү менен адамдардын иш-аракеттеринин процессинде ѳзгѳрүлгѳн абалда болушу мүмкүн. Жаратылыш мурасын окуп-үйрѳнүү дайыма курчап турган айлананын абалын окуп-үйрүѳнүү жана адамдын ага болгон мамилесине байланыштуу болот.

 Милдети:  Жаратылышты коргоо жана окуп-үйрөнүү. Тирүү жаратылыштын закондорун    сыйлоочу экологиялык маданиятты өзүнүн жүрүш-турушу  менен чарбалык иш- аракетти, курчап турган чөйрөнүн абалы үчүн милдеттүүлүктү мамилелештире билүүнү, жаратылышты коргоодо жана аны калыбына келтирүү боюнча  ачык,   даана иш-аракеттерди жасоого умтулууга тарбиялоо.

Мазмуну:

8.1. Жаратылыш жана адам:

жашаган жердин чарбалык жана маданий өздөшүүсүндө адамдын тарыхый тажырыйбасы;

жаратылышка антропогендик таасиринин оң жана терс тажрыйбасы;

адам менен жаратылыштын карым-катнашынын элдик салттары;

жаратылыш менен байланышкан элдик легендалар, ырлар, ишенүүлөр, макалдар;

жаратылыш менен байланышкан майрамдар, үрп-адаттар, ырым-жырымдар;

жерди пайдалануу, кесипти өнөр жай ѳнүктүрүү, курулуш традициялары, тиричиликти уюштуруу;

жаратылышты коргоо иш-аракеттерине катышуу.

8.2. Жаратылыш коркунучта:

жаратылыш мурасы: Кыргызстандын  өсүмдүктөр жана  жаныбарлар дүйнөсү;

фауна менен флоранын жөнөкөй экологиялык экспертизасы;

өсүмдүктөр менен жаныбарлардын биологиясы жана тароо ареалы;

экологиялык десанттарды жана акцияларды өткөрүү;

аймактын экологиялык ыңгайлуу эмес жерин көрсөтүү менен картосхема түзүү;

 

8.3. Экологиялык чыйыр:     

жер жерлердеги окутуу-изилдөөчүлүк иштери;

окутуу –билим берүүчүлүк экологиялык чыйырларды уюштуруу;

чыйырды жазуу жана жасалгалоо;

экологиялык билимдерди үгүттөө;

8.4. Тирүү суу:

жашаган жердин дарыя,көлү, жасалма көлмөлөрү;

региондун сууларынын экологиялык экспертизасы;

дарыялардын, булактардын, көлмөлөрдүн абалын жакшыртуу;

сууларды коргоого колдон келишинче жардам берүү;

сууларды коргоо боюнча билимдерди үгүттөө;

 8.5. Кыргызстандын тоолору жана мѳңгүлѳрү:

Кыргызстандагы тоо кыркалары;

Кыргызстандагы тоо чокулары;

Кыргызстандын мѳңгүлѳрү;

туулган жердин топурагы; жарлардын, жер көчкү, селдин таралышын байкоо;

ушул көрүнүштөр менен күрөшүүгө жардам берүү;

жер кыртышынын экологиялык экспертизасы;

8.6. Адамдын экологиясы:

заманбап шарттарда  адамдын жашоо проблемалары;

 табигый сакаюнун системасы;

 адам үчүн экологиялык ыңгайлуу жана коркунучтуу жерлер;

 элдик табыптар жана чымыр денелүү болуунун ар түрдүү   системалары;

8.7.  Сулуулук дүйнөнү сактайт :

жашаган жердин коруктары жана жаратылыш эстеликтери;

жергиликтүү авторлордун жаратылыш мотивдери боюнча адабий,

      сүрөт чыгармалары, декоративдүү прикладдык искусство   чыгармалары;

жаратылыш жөнүндө элдик легендалар жана жомоктор;

 жашаган жердин сулуулугун, кооздугун көрсөтүүчү сейилдөө жана экскурсиялык туристтик маршруттар;

 кечелерди, сынактарды, тематикалык кечелерди, массалык иш-чараларды уюштуруу; 

  

IX. Жаш геологдор

Милдети:  Геология тармагында окуучулардын изилдөө иш-аракеттерин өнүктүрүү.

Мазмуну: 

жашаган жердин тарыхый геологиясы;

Кыргызстандын жана жашаган жердин пайдалуу кен байлыктары;

кыртыштарды рационалдуу пайдалануу;

минералогия жана петрография;

палеонтология жана палеоботаника;

тоо породаларын жана минералдарын коллекциялоо;

көргөзмөлөрдү уюштуруу;

геологиялык жүрүштөргө, слётторго жана конференцияларга катышуу;

кымбат баалуу металлдар менен асыл таштардын белгилери жѳнүндѳ элдик легендалар, уламыштар;

геологиялык кесиптер;

“Пайдалуу кен байлыктарга” жаштар кыймылы;

 

X. Туристтик чыйырлар менен

Милдети: Аймак таануу жана туризм каражаттары мекен атуулдуккка тарбиялоо,  

                 окуучулардын дене тарбиясын өнүктүрүү туризм менен активдүү иштөөгө    

                 тартуу, туристтик чеберчиликти жогорулатуу.

Мазмуну:

жашаган жердин туристтик мүмкүнчүлүктөрү;

Кыргызстандагы туризмдин өнүгүү тарыхы;

жашаган жердин изилдөөчүлөрү;

 туризмдин теориясы жана практикасы;

 туризм боюнча туристтик жүрүштөр жана мелдештер;

туристтик фольклор жана ырлар;

жашаган жер боюнча тематикалык ,туристтик маршруттардын,

жүрүштөрдүн картотекасын түзүү.

  

XI. Мектеп музейлери

 Милдети:  Мектеп музейлеринин иш-аракеттерин, арттыруу, балдарга билим берүүдө  

                    жана тарбиялоодо алардын ролун жогорулатуу.

 Мазмуну:

аймак таануу  материалдарын системалаштыруу  жана жыйноо ;

музейдеги экспонаттарды жасалгалоо;

сабактарды жана массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн көрсөтмө куралдарды жана материалдарды тандоо;

маданий, тарых жана жаратылыш эстеликтерин коргоо;

жердештер менен жолугушуулар;

шефтик жумуштар;

массалык иш-чараларды, экскурсияларды, лекцияларды өткөрүү;

калк менен иштөө;

аймак таануу кыймылынын лидерлерин окутуу;

аймак таануу материалдарын массалык маалымат каражаттары аркылуу үгүттөө;

музейдин фонду менен иштөө;

Мамлекеттик музейлер, мамлекеттик архивдер менен жана башка мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен иштешүү;          

 

XII. Менин кичи Мекеним

Милдеттери:  Ѳз жерине, ѳзүнүн кичи Мекенине болгон атуулдук мамилени,    

           Кыргызстандын жана кичи Мекенинин (туулган айылынын, шаарынын,         

           дубанынын) экологиялык, тарыхый, социалдык-экономикалык кѳйгѳйлѳрүн чечүү  

           үчүн позитивдүү кѳз караштарга тарбиялоо; Кыргызстандын  социалдык- 

           экономикалык, экологиялыкжана башка кѳйгѳйлѳрүн чечүүгѳ активдүү катышуу  

           керектигин калыптандыруу ; ѳзүнүн кичи Мекенинин маданий салттарын окуп-

           үйрѳнүү жана сактоо.

Мазмуну:

          «Менин кичи Мекеним» тематикалык программасы  боюнча туристтик-жерин таануу иштеринин мазмуну туулган жердин, шаардын, райондун кѳйгѳйлѳрүнѳ багытталат жана Кыргыз Республикасынын окуучуларынын «Туулган жерим»  Кыймылынын программасынын жогоруда кѳрсѳтүлгѳн бардык бѳлүмдѳрүн камтыйт.

 

Поделиться

Комментарии