«Кыргыздын салттуу балдар баш кийимдери» конкурсу өткөрүлөт

  • 22.08.2016
  • 0

Конкурстун уюштуруучулары «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, «Сейтек»  балдарды эстетикалык тарбиялоо борбору, Манасчылар ассоциациясы, Улуттук оюндар  Ассоциациясы болуп саналат.

 

Конкурстун максаты жана милдеттери

1. Конкурстун максаты:

Кыргыз элинин улуттук маданиятынын салттарын  сактоо жана өнүктүрүү, кыргыз элинин маданий иденттүүлүгү  жана анын  материалдык эмес мурасы катары кыргыздын  салттуу балдар кийимдерин даңазалап жайылтуу.

 

2. Конкурстун милдеттери:

—   балдардын кыргызча салттуу  кийимин кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурасы катары  сактоо;

— балдардагы жана чоң кишилердеги рухий жана  эстетикалык маданиятты өнүктүрүү;

— салттуу кийимди кыргыз элинин маданий иденттүүлүгү катары колдонуу;

— улуттук кийимди кийүү менен байланышкан  улуттук кийимдин элементтерин, салттарын жайылтуу.

 

3. Конкурска сунушталуучу баш кийимге карата талаптар

Тарыхый жактан караганда кыргыздын салттуу кийимдери  Кыргызстандын географиялык, климаттык  шарттарына гана төп келбестен, кийип жүргөн адамдын улуттук мүнөзүн баса белгилеп, анын жаш курагын жана коомдогу  статусун көрсөтүп турган. (Кийген кийими боюнча адамдын жаш курагын, анын статусун (үйлөнгөнбү, күйөөдөбү, бойго жеткен кызбы, жаш жигитпи, кадырлуу карыбы ж.б.), жашаган аймагын  билүүгө болгон.Кийим көчмөн жашоо шартындагы элдин турмуш-тиричилигине  ыңгайлашып тигилген.  Эркектердин «белдиги» алардын  сымбатын кармап, көркүн чыгарып турган, ал эми жумшак териден тигилген өтүктөрү болсо буттарын сууктан, таштардан, тикенден жана ар кандай жандыктардын чагып алуусунан коргогон.

 

Балдардын кииймдери да абдан көркөм болгон.  Балдар өздөрүнө ыңгайлуу болгон чапандарды жана кемселдерди кийишкен. Кыздардын чачын майдалап өрүп, алардын  статусун аныктоо менен ар кандай жаман көздөн, зомбулуктан коргоп турушкан.  Жаш балдардын жана турмуш кура элек жаштардын баш кийимдери башка  чоң кишилердикинен айырмаланган.

 

Бардык кийимдер табыгий кездемелерден тигилген жана алар климаттык шартка жана  кыргыздардын активдүү жашоо образына  ылайык келген.

 

Бул конкурстун максаты —  кыргыздардын рухий жана маданий иденттүүлүгү катары балдардын салттуу кийимдерине болгон кызыгууну жандандыруу, маданий, рухий эстелик катары  баш кийимдердин ар түрдүүлүгүн сактоо, баш кийимдерди  элдин  маданий өз алдынчалыгынын элементи катары Кыргызстандын чегинде, аймактарда жана чет өлкөлөрдө даңазалап жайылтуу.

 

• Кийимдин стили – улуттук, этникалык.

— эркек балдар/уландар – баш кийим (тебетей, калпак)

— кыздар/күйөөгө чыга элек кыздар – баш кийим (үкү-топу, топу, тебетей, такыя)

 

4. Конкурска катышуунун шарттары

 

• Конкурска катышуу үчүн  элдик чеберлер, сүрөтчүлөр-модельерлер, чыгармачылыкка  адистештирилген атайын жогорку жана орто-атайын билим берүү мекемелеринин окуучулары жана педагогдору чакырылат.  Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт. Конкурска жиберилген бардык баш кийимдер төмөнкү жаш курактагы  балдар үчүн жасалууга тийиш:

— 3 жаштан  10 жашка чейин;

— 10 жаштан  бойго жеткенге чейин

 

• Катышуучулар конкурска баш кийим даярдоодо балдар үчүн  санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берген  жана кыргыздардын  тарыхый салттарына шайкеш келген   материалдарды  колдоно алышат. Баш кийимдерди даярдоодо  ар кандай ыкмадагы иштелмелерди, жасалгалоолорду колдонсо болот.

• Конкурска катышкан баш кийимдерди  балдар, кыздар жана уландар кийип көрсөтүшөт.

• Ар бир конкурстук иш төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: автор-дизайнердин аты-жөнү, туулган жылы, иштин аталышы, жасалуу техникасы, иштеген же окуган жери, байланыш телефону.

• Конкурска катышуунун өзү автордун жасаган буюмдарын көргөзмөнүн видеофильмин  жана электрондук каталогун түзүү, плакатын жана буклетин чыгаруу үчүн фото-видеого тартууга, сунушталган иштерди пайдалануу менен материалдарды басууга анын уруксат бергендигин туюндурат.

 

5. Баалоо критерийлери

Курамы модельерлерден, тарыхчылардан жана этнографтардан турган жюри төмөнкү критерийлер боюнча мыкты кииймдерди тандап алышат:

 

а) Буюмдун улуттук  колорит  берип турган салттуу стилди кармагандыгы, баланын жаш курагына төп келгендиги.

б) Сунушталган иштин чебердик менен жасалганы, сапатынын мыктылыгы.

в) Баш кийимдин жасалгасынын элементтери кол менен жасалууга тийиш.

г) Образдын бүтүндүгү жана бүткөндүгү.

д) Дизайндын оригиналдуулугу жана идеянын актуалдуулугу.

е) Тарыхый салттарга жана образга төп келүүсү

ж) Эксклюзивдүү модель (майрамдык) же күн сайын кийилүүчү модель

 

6. Конкурсту өткөрүүнүн орду жана убактысы

12. Финалдык конкурс 2016-жылдын 5-ноябрында «Манас урпактары» Балдар фестивалынын алкагында Бишкек шаары, Алматы көчөсүндөгү «Дасмия» эс алуу борборунда өтөт.

 

13. Конкурска  катышуучу-мастерлер  2016-жылдын 5-ноябрында саат 10.00дөн 13.30га чейин кийимдерди көрсөтүүгө даярдашат. 20 мыкты иш  жюри тарабынан 2016-жылдын 10-октябрына чейин тандалып алынат. Тандалган иштердин авторлору  конкурска катышуу үчүн чакырылат.

 

14. Бекитилген форма боюнча  конкурска катышуу үчүн  өтүнмөлөр 2016-жылдын 20-сентябрына чейин  «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондуна берилет. Дареги: Бишкек ш., Чүй проспектиси,106, 108-бөлмө.

 

VI. Конкурсту каржылоо

15.  “Кыргыздын салттуу балдар баш кийимдери» конкурсун каржылоо демөөрчүлөрдүн эсебинен ишке ашат.

 

VII. Конкурстун жюриси

16. Жюринин курамы  Фонд тарабынан  манасчылар, акындар, элдик мастерлер, сүрөтчүлөр-модельерлер, чыгармачылыкка адистештирилген жогорку жана атайын орто окуу жайлардын окуучулары жана педагогдору арасынан түзүлөт.

 

VIII. Конкурстун жыйынтыгын чыгаруунун тартиби.

 

16. Конкурстун жыйынтыгы  2016-жылы 5-ноябрда  «Манас урпактары» жумушчу аталышындагы Фестивалдын алкагында  чыгарылат.

 

17. Жюри конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктайт:

— Гран-при

— Конкурстун 1-оруну

— Конкурстун экинчи оруну – эки приз

— Конкурстун 3-оруну – үч приз

— Көрүүчүлөрдүн көңүлүнө жаккан приз

 

18.  Конкурстун гран-при жеңүүчүсү жана призерлор  эстелик дипломдору жана белектер менен сыйланышат.

 

  1.  Конкурстун өткөрүлүшү боюнча кошумча маалыматты алуу үчүн бул дарекке кайрылсаңыздар болот: Бишкек ш.,  Чүй проспекти, 106, 108-бөлмө тел: 0312 660 384, 660 368.

 

 

“Кыргыздын салттуу балдар баш кийимдери» конкурсуна катышуу үчүн

 ӨТҮНМӨ

1. Автордун аты-жөнү  _____________________________________________________

 

2. Иштеген же окуган жери _____________________________________________________

 

3. Кызматы _____________________________________________________

 

4.Дареги, телефону_____________________________________________________

 

5. Кайсы мекемеден,  жетекчинин аты-жөнү______________________________________________________________________________

 

6. Аталышын жана  кайсы материалдан даярдалганын көрсөтүү менен сунушталган моделдин кыскача сүрөттөлүшү

 

________________________________________________________________________________

________________________________________________________________________________

_______________________________________________________________________________

кытай

Поделиться

Комментарии