Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги 2014-2015-жылга Хьюберт Хамфри программасын жарыялайт

  • 16.04.2013
  • 0

Программа мамлекеттик же жеке менчик мекемелерде иштеген таланттуу адистерди АКШдагы университетте (илимий даражасынын зарылдыгы жок) бир жыл окууга жана алардын ишмердүүлүк тармагына байланышкан практикалык тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Программага АКШдагы Эл аралык билим берүү институту башчылык кылат. Дисциплиналардын тизмесин https://bishkek.usembassy. gov/exchange_programs.html сайтынан көрсөңүздөр болот.

Изденүүчүлөргө талаптар:

— Арыз ээси Кыргызстандын гражданы болушу зарыл;

— ЖОЖду аяктагандан кийин кесиби боюнча беш жылдан кем эмес эмгек стажына ээ болушу керек;

— Англис тили боюнча билими (жазуу жана оозеки) мыкты деңгээлде болушу зарыл; TOEFL 71 баллдан кем эмес болушу шарт (IBT test);

— өз кесибинин тармагында профессионалдык жөндөмдүүлүгүн жана лидердик потенциалын көрсөтүшү керек;

— АКШда изилдөө иштерин 2014-жылдын күзүндө баштоого мүмкүнчүлүккө ээ болушу зарыл;

— Америкалык виза алууга эч кандай тоскоолдуктары болбошу керек.

Төмөнкү граждандар конкурска катыша алышпайт:

— АКШнын гражданынын жубайлары; Азыркы учурда АКШдагы академиялык программаларга катышып жатышкандар; АКШда жашап жаткан, иштеп жаткан же ал жакта жашоого уруксат алууну күтүп жатышкандар, же дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө имигранттык виза же саясий баш калкалоо алуу үчүн кайрылгандар;

— 2014-жылдын августуна карата акыркы беш жылда АКШда алты айдан ашык үзгүлтүксүз жашагандар;

— Акыркы жети жыл аралыгында америкалык ЖОЖдордо илимий даражага ээ болгондор;

— ЖОЖдордун административдик милдеттенмеси жок окутуучулары (баңгиликке каршы күрөшүү жана TEFL программасынан тышкары).

Программа аяктагандан кийин бардык катышуучулар жашап жаткан өлкөсүнө кайтып келишип, АКШга эмиграциялоого укугу жок эки жылдан кем эмес жашоолору керек.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

1. http://apply.embark.сom/student/humphreу/fellowship/ дарегинде жайгашкан он-лайн программасына заявка толтуруу зарыл. Online Application Form (англис тилинде) толтуруу боюнча Инструкцияны кунт коюп таанышып чыгууңуздарды өтүнөбүз.

Почта аркылуу төмөнкү документтерди жөнөтүү керек:

1. Letter of Reference (Рекомендация каттары).

2. Report on English Proficiency (Англис тили боюнча билим деңгээлин баалоо).

3. Letter of reference from Current Employer (Иштеген жеринен рекомендация каты)

4. Дипломдун көчүрмөсү.

6. Жогоруда көрсөтүлгөн бардык документтердин англис тилинде котормосу.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 14-июнь, 2013-жыл. Программа жөнүндө кошумча маалыматты төмөнкү сайттан таба аласыздар:

https://bishkek.usembassy.gov/exchange_programs.html

же http://humphrevfellowship.org

же КРдагы АКШ элчилигинин коомдук байланыш бөлүмүндө, тел: 551-241, кошумча 4468, е-m: [email protected]

Поделиться

Комментарии