КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН ЖАРЫК ЖЫЛДЫЗЫ ЭЛЕ…

  • 02.10.2015
  • 0

 Көзү өткөн адам туурасында «тек гана жакшы сөздөр айтылат, же эчтеке айтылбайт» деп коёт эмеспи. Бирок кыргыз педагогикасынын, этнопедагогикасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Сабыр агай туурасында көзү тирүү кезинде дагы санаалаштарынан, кесиптештеринен, ошондой эле жөнөкөй элдерден да жылуу сөздөрдү, күчтүү педагог экендиги туурасында көп укканым бар эле. Шум ажал арабыздан алып кеткенине бир жылдын жүзү болуп калса дагы, агайдын орду толбой, жакындарынын, жөнөкөй мугалимдердин жүрөктөрүндөгү так али да болсо айыга элек экендиги баарыбызга маалым.

Сабыр Иптарович Иптаров 1956-жылы 20-ноябрда Нарын областына караштуу Кочкор районунун Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти ийгиликтүү аяктаган соӊ, борборубуздагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Ж. Баласагын атындагы КУУ) филология факультетине тапшырып, аны 1979-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. Студент болуп жүргөн кезинен тартып эле ар түрдүү талкууларда маанилүү ойлорду айтып, проблемалуу жагдайларды көрө гана билбестен, аны чече да билген таланттуу балдардын катарын толуктаган.

Сабыр Иптарович өзүнүн алгачкы эмгек жолун Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун иш башкармалыгында улук кеӊешчи жана протоколдук бөлүмдүн башчысы болуп иштөө менен баштаган. Ал эми өмүрүнүн көп жылдарын азыркы Кыргыз билим берүү академиясында (КББА) кенже илимий кызматкерден тарта, Этнопедагогика бөлүмүнүн жетекчиси, Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана кайра даярдоо борборунун директору, Билим берүү программаларын жана технологияларын интеграциялоо бөлүмүнүн башчысы, Мониторинг жана баалоо лабораториясынын башчысы кызмат орундарында ак кызматын өтөп келген. КББАнын түптөлүшү, анын заманбап талапка ылайык өнүгүшүндө Сабыр агайдын кошуп кеткен салымы аз эмес. Башкасын айтпаганда дагы, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуудагы сиӊирген эмгегин унутта калтырууга болбойт. Бүгүнкү күндө агайдан билим алып, өздөрүнүн кесиптик чеберчиликтерин жогорулатышкан мугалимдер, агайды күчтүү педагог, мыкты методист жана адамгерчилиги жогору болгон инсан катары эскерип келишет.

Сабыр агай учурдун проблемалуу жагдайларынын үстүндө иштөө, аны чечүүүчүн болгон күч-акылын жумшоо боюнча алдына киши салбаган окумуштуу эле. Дегеним, билим берүү процессиндеги эӊ оор жагдай болгон «баалоо» маселесине, улуттун улуулугун сактап калуу үчүн этнопедагогиканын зарылчылыгына кенен токтолуп, бир катар алгылыктуу иштерди жасап кетти. Бул багыттагы окуу китептеринин, окуу колдонмолорунун жарык көрүшүндөөзү жооптуу редакторлук, рецензенттик кызматтарды аркалап келген.

Сабыр Иптаровичтин Адеп сабагы туурасындагы эмгектери өзүнчө бир тема, өзүнчө бир бөлүм.  Жөнөкөй сөз менен айтканда, агай Адеп сабагынын негиздөөчүсү болгон. Бул предмет боюнча жарык көргөн китептерди рецензиялап, ал эми 9-класс үчүн жазылган «Үй-бүлө» окуу китебинин автору өзү болгон. Китепте бактылуу үй-бүлө куруу, бүгүнкүүй-бүлөнүн көйгөйлөрү, үй-бүлөдөгү тарбия өӊдүү олуттуу темалар тереӊ берилген. Китепти барактап чыккан окурман автордун бул эмгекти жазууда адамдарды, алардын мүнөздөрүн өтө кылдат изилдеп чыккандыгына күбө болот.

Чыгармачылыгын жалпылап алып караганда, төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө кабылган болобуз: 200дөй илимий эмгектин, анын ичинен 17 илимий-педагогикалык жана окуу куралдарынын автору, тогуз билим берүү концепциясын жана стандарттарын, орто мектептер жана жогорку окуу жайлар үчүн жети окуу программасын иштеп чыккан. Ал эми 2001-жылы жарык көргөн «Кыргыз педагогикасы» энциклопедиялык китептин редакциялык кеӊешинин мүчөсү, авторлорунун бири болгон. Бул эмгектер бүгүнкү күндө билим берүү процессинде ийгиликтүү колдонулуп келе жатат.

Сабыр Иптаровичти уникалдуу адам деп да атоого болот. Аны коомчулук тек гана педагог, тилчи катары гана эмес, мыкты сүрөтчү, мыкты жаратман катары дагы жакшы билет. Мындай алып караганда педагогикалык багыттагы адам менен сүрөтчүнүн ортосунда опол тоодой эле айырма бар экени байкалат. Бирок Сабыр агайыбыз бул эки чыгармачылыкты айкалыштырып, өзүндө бирге алып жүргөн. Дегеним, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири жана Бишкек шаарынын гербинин автору болушу эле. Албетте, сын-пикири жок иш болбойт демекчи, туубузга карата ар кандай карама-каршы пикирлер айтылып, аны алмаштыруу жөнүндө дагы сөздөр болбой койгон жок. Бирок адилет чындык тарапта дегендей, Сабыр агай чиймелеп кеткен туубуз азаттыктын ураанын чакырып, ар бир мекеменин чокусунда желбиреп келе жатат.

Ал эми Бишкек шаарынын гербичи – өзүнчө бир оригиналдуу живопись. Жөнөкөй эле караган көзгө жагымдуу көрүнүп турат. Ал эми талдап карай турган болсоӊ, бул эн белги аркылуу борборубуздун жүзүн, кеӊ пейилдүүлүктү, айкөлдүүлүктү, жакшы жашоонун жышаанын көрө алабыз.

Менин жеке чыгармачылыгыма дагы Сабыр агайдын тийгизген таасирлери көп болду. Макала жазуунун алдында же макаланы жазып алып, агайдан кеӊеш сурап, сын-пикирлерин угуу үчүн дайыма кайрылаар элем. 2013-жылы физика предмети боюнча маселелер жыйнагын түзүп алып, министрликтин грифин алуу үчүн КББАнын лабораториясына алып бардым. Биринчи лабораториялык кеӊешмесинде бир катар оӊдоп-түзөөлөр менен, атын алмаштырууну талап кылышты. Мен дароо бул маселе боюнча Сабыр агайга кайрылдым. Ал колдонмомду бир күн карап чыгып, ага «Физика боюнча практикалык мазмундагы маселелер» деген аталышты берүүмдү сунуштады. Кудай жалгап агай берген ат менен колдонмом экинчи лабораториялык кеӊешмеден, андан соӊ Окумуштуулар кеӊешмесинен ийгиликтүүөтүп жактырылып, бекитилди, ал эми мунун аркасы менен министрликтин дагы грифи буюруп калды. Көрбөйсүӊөрбү, бир кичинекей кеӊеши менен менин бүтүндөй бир маселемди чечип берип койду. Албетте, бул Сабыр агайдын көрө билгичтигинен, улуу илимпоз, мыкты педагог экендигинен кабар берет.

Сабыр Иптаровдун арабыздан карааны алыстап, көзүөтүп кетсе дагы, анын жасап кеткен эмгектери, калтырган мурастары кыргыз эли менен бирге миӊ жылдыктарды карытып, өзү Кыргыз педагогикасынын жарык жанган жылдызы болуп кала бермекчи.

ЭМИЛБЕК уулу Айбек,

УКГнын ИИ боюнча директорунун орун басары

Поделиться

Комментарии