«Кутбилимге» 60 жыл: Тарыхый фактылар жана ысымдар

  • 05.04.2013
  • 0

«Кутбилимге» 60 жыл: Тарыхый фактылар жана ысымдар

Өлкөбүздө өкүм сүрүп жаткан саясий көз караштарды, саясий «ушактарды» жар салган бир катар басма каражаттары бар. Ал эми эң ыйык, эң татаал кесип катары эсептелинген мугалимдик жашоону, мугалимдин иш-аракетин чагылдырган газета-журналдарды четинен саноого мүмкүн эмес. Ошого карабастан жарым кылымдан ашык убакыттан бери мекенибиздеги агартуучулардын жүзүн мүмкүн болушунча таамай чагылдырып берүүгө аракет жасап келе жаткан басма каражатынын ичинен «Кутбилим» газетасын өзгөчө, баса белгилеп айтып кетүүгө болот. Айрыкча газета, башка басма каражаттарынан, биздин эң көйгөйлүү маселебиз катары эсептелинген билим берүү туурасындагы маалыматтарды, проблемаларды, аны чечүүнүн жолдорун чагылдырып жаткандыгы менен айырмаланат.

Убакыт зымырап учуп «Кутбилим» газетасы бүгүнкү күндө өзүнүн 60-жазын тосуп олтурат. Бул аз мезгил эмес. 60 жылдын арасында кандай гана эмгектер жасалбады, кандай             гана терлер акпады, кандай гана макалалар жарыяланбады. Эгерде статистикага таяна турган болсок, бир жылда «Кутбилим» газетасынын 48 саны жарык көрөт. Ал эми бүгүнкү күнгө анын 10520 саны мугалимдердин алдына сунушталып жатат. Жалпы көлөмү 16 беттен туруп, ак-кара жана түстүү беттер менен коштолуп, калктын бардык катмарына таркалып келет. Эмесе, 60 жашка келген «Кутбилим» газетасынын тарыхына бир кайрылып кетели.

«Кутбилим» газетасынын биринчи саны 1953-жылдын 7-апрелинде (күнгө шейшемби) «Мугалимдер газетасы» деген аталыш менен жарык көргөн. Жалпы көлөмү 4 беттен туруп, баасы 40 тыйын болгон. Газетанын 1-саны болгонуна карабай, анын бетинен кыргыз, орус тилиндеги жалпысынан 30дай макала орун алган. Газетанын биринчи бетине «Мугалимдер газетасынын» редакциясына» деген аталыштагы Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин, Кыргыз ССР Министрлер Советинин, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун куттуктоо, каалоо-тилек өңүттө жазылган макаласы чыккан, буга удаалаш Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары Ш.Таяновдун «Мугалимдер газетасы – эл агартуу иштерин жакшыртуунун кубаттуу куралы» аттуу макаласы, М.Жангазиевдин «Коммунисттер», Ж.Чотуровдун «Мугалимге» деген оригиналдуу ыр саптары да газетанын көркүн ачышкан. Мындан тышкары «Эл агартуу ишин жаңы деңгээлге көтөрөлү» (К.Жакыбеков, Кыргызстан КП БКнын мектептер бөлүмүнүн башчысы), БУУнун секретариатынын «Өнүгүүнүн эки линиясы – эки жыйынтык» деген доклады, «Бактылуу балалык» (К.Ырсалиев), «Балдар китептеринин жумалыгы эмнени көрсөттү» (К.Каимов), «Республикалык экинчи «педагогикалык окуулар» (Б.Кулдашев), Дене тарбия жана спортту чагылдырган – «Мелдеш аяктады», «Балбандардын республикалык конкурсу» макалалары жана мектептин төрт окуучусу тарабынан даярдалган «Окугула, кыздар, билимге ээ болгула» материалы «Кутбилим» гезетасынын тарыхында алгачкылардан делип, алтын тамгалар менен жазылып кала берди. Газетанын тунгуч башкы редакторлугуна бир добуштан Д.Айтмамбетов шайланып (1953–55), анын  жетекчилиги алдында газета жумасына 2 жолу чыгып турган.

Бүгүнкү күндө газета калың элдин алдында көзгө басар иш-аракеттерди аткарып келүүдө. Жалпысынан редакцияда 15 адис эмгектенип, учурда башкы редактору болуп Кубатбек Чекиров, редактордун орун басары кызматында Майрамбек Токторов өңдүү агайларыбыз «Кутбилим» газетасынын ишин күн өткөн сайын алдыга жылдырып келишүүдө. Акыркы маалыматтарга таянсак, үстүбүздөгү жыл ичинде, башка жылдарга салыштырмалуу газетанын окурмандарынын саны көбөйүп, жазылуулар дагы курч жүрүп жаткан экен. Эң оболу, муну редакциянын ак эмгегинен жаралган жемиш деп баалоого татыктуу.

Женалиева Закия,
химия мугалими, агартуунун отличниги: 

Адамдар өз билимин, квалификациясын тынымсыз өзгөртүп, өнүктүрүп турууга муктаж. Бул жагдай эң  оболу мектептердеги окутуу технологияларын  олуттуу  өзгөртүү  зарылдыгын пайда кылары шексиз. Мындай өзгөрүүлөрдү  Кыргызстандын булуң-бурчтарындагы мектептердин мугалимдерине жеткирүүнүн бирден-бир жолу болуп, бүгүнкү күндө өзүнүн  актуалдуулугун  жоготпой  келе жаткан  «Кутбилим»  газетасы эсептелерин белгилөөгө болот. «Кутбилим» – мугалимдердин сүйүктүү, жеткиликтүү газетасы. Анткени  мугалимдер  өз  тажрыйбаларын башка мугалимдер менен бөлүшкүсү келсе, макаласын ушул газетага жарыялоо абдан ыңгайлуу. Газетадагы маалыматтардын ар түрдүүлүгү, алардын көптүгү жеткиликтүүлүгү менен мугалимдердин арасында өзүнүн аброюн жоготпой, мугалимдерди өзүнө тартып келет. Биздин Улуттук компьютердик гимназиядагы он кафедра бул газетага жазылып, ар бир санындагы жаңылыктар менен таанышып, талкуулап турабыз. «Кутбилим» газетасынын  эмгек жамаатына ийгиликтерди каалап, газетанын узак өмүр сүрүшүнө тилектешмин.

Абдраимова Наргүл,
англис тили мугалими, агартуунун отличниги:

«Кутбилим» газетасы – республикабыздын булуң-бурчундагы билим берүү тармагында болуп жаткан жаңылыктарды чагылдырып туруучу эң негизги куралыбыз десем жаңылышпайм. Газета аркылуу мыкты мугалимдердин алдыңкы тажрыйбалары жайылтылып, сабактын үлгүлөрү, пландары жана тарбия жаатындагы маалыматтар байма-бай берилип турганы кубандырат. Бул өз кезегинде мугалимдердин, өзгөчө жаш, педагогикалык кесипке жаңы аттанган адистер үчүн чоң жардам. Себеби мугалим дайыма окуп, үйрөнүп, коомдо болуп жаткан бардык жаңылыктардан артта калбай, изденүүнүн үстүндө болуп туруусу зарыл. Сөзүмдү «Кутбилим» газетасын кутман курагы менен куттуктап, төмөнкү төрт сап менен бүтүргүм келип турат.

«60» жашың кут болсун!

Маалымга гезит жык толсун.

Ойлонтуп жана издентип,

Калемиң дайым курч болсун!»

ЭМИЛБЕК уулу Айбек, УКГнын физика мугалими

Поделиться

Комментарии