Куштарбек КИМСАНОВ: «БАШКАЛАРДЫН ПАЙДАСЫ ҮЧҮН, ЗЫЯН ТАРТУУГА КАЙЫЛ БОЛУУЧУ УЧУР КЕЛДИ»

  • 08.04.2016
  • 0

 

кимсанов

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов борбор калаага келген сайын редакцияда баарлашмайыбыз бар.  Бул жолу да Ош шаарында бир нече жаңы долбоорлор ишке ашып жатканы, билим берүүнүн сапаты, олимпиаданын жыйынтыгы, таалим-тарбия жб. у.с.  маселелер тууралуу маектештик.

Жакында мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жыйынтыкталды. Эки жыл катары менен 2-орунду алган Ош шаары быйыл төртүнчү орунга жылды. Бул билим берүүнүн сапаты төмөндөп кеткенинен кабар береби же кандайдыр бир башка себептери барбы?

— Негизи окуучулардын билим сапатын олимпиаданын жыйынтыгы менен аныктап коюу мүмкүн эмес. Анткени олимпиада эң алдыңкы окуучулардын гана билим күрөшү. Ал эми арттагы окуучулар артта бойдон кала бербеши шарт. Биз биринчи орунга жетели же кийинки орунда калалы дегенди башкы маселе кылбашыбыз керек. Олимпиадага бардык аймактардан келе турган балдардын билиминин канчалык деңгээлде экенин аӊдап, артта калгандарга камылга көрүүнү максат кылып коюшубуз зарыл. Кайсыл орунду ээлегендикке карабастан, билимдин чыныгы сапаты кандай экендигине өзгөчө көңүл бөлүшүбүз керек. Республика боюнча эӊ алдыӊкы орунду жеӊип алган ар бир окуучунун классында абдан артта калган, ал тургай өз өмүр баянын жарытып жаза албагандары кездешээрин жашырбаганыбыз оӊ. Ошондуктан алдыӊкы сыймыктууларыбыз менен көкүрөк керсек жарашсын үчүн артта калган балдарды алдыга тартуунун үстүнөн  ургаалдуу иш жүргүзүүбүз абзел.

Быйыл былтыркы орунду багындыра албай калганыбыздын себеби даярдык негизинен жакшы эместигинен болушу ыктымал, анын үстүнө түштүк борбор калаада депутаттардын Ош шаардык кеӊешинин 4 жылдык иштөө мөөнөтү соӊуна чыгып, кайрадан шайлоо процесси жүргөндүктөн, шаардыктар шайлоого байланышкан, шаарыбыздын алдыдагы 4 жылдык тагдыры үчүн күрөшүүчү талапкерлерди тандоого байланышкан иш-аракеттерге убакыт бөлүп калышты. Мен Оштон келген окуучуларыбыздын билимине ишенем, аймактык баскычта биринчи гана орунду алган, таза, адилеттүү бааланган окуучулар республикага келишкен. Биз эң акыркы орунда болсок да өтө кубанамын. Анткени башка региондордо биздин балдардан да күчтүү окуучулар бар экен деп сүйүнөм. Демек, биздегилерди жеңип алган окуучулар бизден дагы билимдүү экенин тастыкташты. Орунду биз башкы максат кылбашыбыз керек. Олимпиада 9-11-класстын окуучуларынын ортосунда болот, борбор калаага 10-11-класстагылар гана келишет. Бизде 5 миң окуучу болсо ошондо 34 алдыңкы орундагылар келишти. Калганы булардай билбегендер. Сабакты экиге билгендерди үчкө окута албай жатабыз. Андыктан билим сапатына жаңыча мамиле керек. Алдыңкы окуучуларды мактап, аларды жарыштырып коюп жүрө берсек, артта калган окуучулар эч нерсени билбеген, алтургай 4 амалды оозеки чыгара албагандардын саны көбөйө берет. Жаңыча ойлоно турган убакыт келди. Биз эки жыл бою электрондук олимпиаданы өткөрүп келатабыз. Бул абдан жакшы. Эми керек болсо онлайн режиминде олимпиадаларды өткөрүшүбүз керек. Ошондо олимпиаданы өткөрүүдө элден жана мамлекеттен миллиондогон сом үнөмдөлөт. Олимпиадниктердин районго, анан борборго келиши, үч күн тамактанышы, жатаканасы, жол акысы болуп бир топ каражат коройт. Онлайн режиминде видеокөзөмөлдүн коштоосунда окуучу олимпиадасын тапшырат жана ошол замат жообун алат. Негизи олимпиаданын жакшы жактары өтө көп. Бирок артта калган окуучулар менен иштөө ыкмасы ойлонуп табылбаса, балдар билимсиз бойдон кала берет. Алар үй-бүлөсүнө камкор боло албаган, түшүнүгү тар же болбосо билими тайкы адам болуп өсөт.

Артта калган окуучулар менен иштөө механизмин ойлоп көрдүңүздөрбү?

— Ош шаары боюнча билим сапатын өнүктүрүүнүн үч жылдык программасын иштеп чыкканбыз. Ал дагы толук бойдон начар окугандарды алдыга жылдыруу үчүн өзгөчө күч боло алган жок. Демек бул да жетишсиз. Кайсы бир нерсени ойлоп табыш керек. Ата-энелердин биргелик иш-аракети, коомчулуктун аракети, мугалимдин кесибин сүйүүсү, мугалимдерге түзүлгөн шарт жана коюлган талап, окуучу менен мугалимдин ортосундагы жетиштүү деӊгээлдеги достук байланышынын түптөлүшү, билим жарышынын үзгүлтүксүз уюштурулуп турушу, баланын күндөлүк убактысынын, режиминин кандай пайдаланып жаткандыгын контролдоо, аларды китепке кызыктыруу, андан сырткары предметтик сабактарга кызыктыруу үчүн практикалык жактарына убакыт ажыратып туруу, жаӊы технологияны туура пайдалануу ж.б.у.с. жагдайларга көңүл буруу зарыл. Бала кесип тандоосун көргөн көз караш менен гана аныктайт. Азыр юрист, экономист, прокурор болгусу келгендер көбөйгөн. Эгерде прокурор 20 миң сом айлык акы алса, ширетүүчү 20 миң сомду эки күндө табат, ал 28 күн каалаган жеринде эркин жүрсө болот, убактысы бүтүндөй эркин болот жана үй-бүлөсүнүн, өзүнүн өнүгүүсүнө арнаганга убактысы жетет. Бул өмүр адамга бир эле жолу берилет. Окуучубуз эртең эле бүтүрүүчү болот. Бекер кетирген өмүрдү эч ким таба албайт.

Негизи билим сапаты тууралуу көп сөз айтылат, бардык жерлерде отчеттор тапшырылат, бирок күрөшүүнүн чаралары жокко эсе. Биз алдыңкы окуучулар менен иштөөнү өркүндөтө алдык, бирок артта калган окуучулар менен иштөөнү дагы деле алдыга жылдыра албай жатабыз. «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» дейт. Эч качан өзүбүздүн артыкчылыктарыбызды ашыкча айтпашыбыз керек. Кемчиликтерибизди жана кемчилдиктерди жоюу жолдорун айтышыбыз зарыл. Ошондо өнүгүү болот. Мугалимдер менен пикирлешкен учурда бардыгы эле мактангысы келген учурлар көп. Андан көрө жакшы жактарын айтып калуу өзүнчө болсун, жакшы эмес жактарын ортого салып күрөшүшүбүз керек го. Мисалы, жакында бир окуучу мектепке жоолук салынып келиптир. Мугалим «Эмнеге жоолук салынып алдың?» десе, окуучу кыз айтыптыр: «Ата-энем ажырашып кетишкен. Атам кайра кайрылып биз менен кошо жашасын деп тилеп жоолук салындым». Идеологиялык мааниси, албетте, окуучунун ишенимине байланышкан. Ушундай учурда мугалим «жоолугуңду чечип кой” десе же дагы бир башкача мамиле кылса окуучунун тагдыры эмне болмок? Анын стрессин ким таратат, анын социалдык укугун ким коргойт? Анын аруу максаты талкаланса, ал кандайдыр бир канкор, ачуулуу, ташбор адам болбойт деп ким кепилдик бере алат? Ушундай кичинекей, бирок чоң маселелер көп. Дагы бир мисал, ширенке дарактан жасалат, бир дарактан миллиондогон ширенке чыгат. Бирок ширенкенин бир талы эле бүт токойду өрттөп жиберет. Биздеги тартип маселеси ушундай. Бир эле тартипсиз бала бардыгын жок кылат. Тартипсиз баланын үстүнөн ойлонушубуз өтө зарыл.

Жакында оштук жигит Москвадагы орус аялды поезддин алдынан сактап калган эрдиги тууралуу мектепте иш-чараларды өткөрдүңүздөр. Марат Исаев окуучуларга камкордук сапаты боюнча үлгү боло алдыбы?

— Баары «азамат”, «баатыр экен” деп жатышат, эгерде мындай болбой калгандачы деп суроо салдым сыйлоо аземинде. Башка жагын ойлонсоӊ үрөйүӊ учат. Эгерде ал поезддин түбүндө майдаланып кетсе эмне болмок? Марат ошол көз ирмемдик учурда коркунуч жөнүндө ойлонгон жок, же баатыр болоюн, мэрден, президенттен сыйлык алайын деген эмес, ал бир адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн жардамчыл мүнөздөгү жакшылык жасоо ниетиндеги кадам менен бейтааныш бирөөнү ажал чеӊгелинен арачалап поезддин түбүнө жатты, жараткан берекелүү өмүр берсин. …Камкор балдарды тарбиялоо жеңил эмес. Бирөө үчүн жанын берүүгө даяр турган балдар абдан аз. Башкаларга пайда келтирүү үчүн, өзүнүн зыян тартуусуна кайыл болуп жашап туруучу эрдикке баруучу учур келди.

Макаренко ууруга деле акча берип тарбиялаган. Мисалы, класста бир баланын ручкасын экинчи бала уурдап койду. Табуу керек, мугалим баарын текшерип чыкса да табылбайт. Ал балдарды тизип алып, «менин мышыгым бар, ууруну бат эле табат, бетин аймап алат, ал баланын бети тырык бойдон калат» дейт. Мышыкты алып келип, эми таштайм деген учурда тизилип тургандардын ичинен бир бала артка билинээр-билинбес чегинет. Ошондо мугалим «Балдар, бүгүн мен мышыкты таштабайм, ким ручканы алган болсо акырын ордуна коюп койгула, эгер уялсаңар мага бергиле, мен берип коем. Жакшы балдар жакындарына зыян келтирбейт» дейт. Ушундай тарбияны көргөн бала ууру эне-ата болбойт. Ушул нукта тарбиялык сааттарды телеканалдар аркылуу жайылтуу керек. Азыр телесабактарга муктаждык көбөйдүАнын программасын иштеп чыгуу керек. Мисалы, телеканалдарда калкка пайда алып келбеген программалар көп. Керек болсо тиешелүү түзүм конкреттүү буйрук берип, телесабактар аркылуу тарбияны жакшы нукка салуу зарыл.

Жакында «Тарых жана маданият” жылына карата «Балдардын ден соолук маданияты» деген практикалык конференция өткөрдүк. Биз маданияттын бир нече багыттарын карап көрдүк. Маданият дегенде эле адептүүлүктү түшүнгөндөр көп. Маданияттын балдардын чөйрөсүндөгү ролу кандай экени жөнүндө ойлонгондо, балдардын ден соолугунун маданиятын чыңдай турган, көтөрө турган учур келиптир деп ойлойм. Ар бир ишкана өзүнө таандык гана иштерди алсын. Маселен, укук коргоо жагы укуктук нормага ылайык келген жагын өркүндөтсүн, билим берүү тармагы өзүбүздүн тармагыбыздагы жакты өркүндөтөлү, ошондо бардык өркүндөгөн жак келгенде бийик тоодой жакшы натыйжа көрүнөт.

Балдардын ден соолук маданияты дегенибизде 50 тыйындык, 1 сомдук кытай конфеттери эске келет. Ал балага пайда келтирмек тургай, зыян. Балдардын ден соолугуна зыян тийгизген суусундуктар бар, аны ичкен бала чоңойгондо да көп ооруйт, иммунитети начар болот. Иммунитетин көтөрүү боюнча азыктарды тандоо азайды. Маселен, эне базарга барганда эң арзан конфетти тандайт, анткени ашырып туруп балага носки да алып берет. Кымбат азыктар базарда көп сатылбайт. Анткени аларга талап аз. Муктаждык канчалык аз болсо, тамактардын арзан болушу көбөйөт. Мисалы, адамдардын курт жеген алманы тандоо табитин да өзгөртүү керек. Курт жеген алма да 10 сом, териси таза алма да 10 сом турса, албетте, кардар курт жегенин карабай, тазасын алат. Бирок ал Кытайдан келген, витамини жок же курттан сактоо үчүн дарыланган алма. …Ден соолукка пайдасыз азыктар тууралуу мектеп жашынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

Бул конференцияда бир топ жакшы сөздөр айтылды. Ар бир мектепте, бала бакчада туруктуу медайымдын штатын кармоо керек дешти. Туура маселе. Жакасын бир жума жуубаган балдар көп, ал тургай колун жуубагандар да бар. Алар кесепетин тартса деле болбой көнгөн жоругун кайталай берет. Балдардын ден соолук маданиятын көтөрүүнүн кечиктирилгис чараларын көрүш керек. Анткени бүгүн кыздарыбыз келечекте турмушка чыгат, уулдарыбыз үйлөнөт. Алар ден соолугу чың бала төрөлүшүнө шарт түзө турган адам болуп өсүшү керек. Эмне себептен майып балдардын саны көбөйдү? Анткени бала кезинен баштап туура эмес тамактангандан, зыяндуу ичимдик жана азыктардын кесепетине каршы тура албагандыктан, кыймыл аракети аз болгонунан, ден соолук маданиятын өркүндөтө албагандыктан, генетикалык бузулуулар орун алып күнөөсүз майыптар көбөйүп жатат. Андайларды эч ким карабай таштап кое албайт, бирок мамлекетке да, ата-энеге да тиешелүү кайгы менен түйшүктү жаратууда.

Кыймыл аракет демекчи, чет мамлекеттерде дене тарбия сабагы алдыңкы орунда турат. Бизде эмнегедир аны сабак катары баалашпайт?

— Дене тарбия абдан маанилүү сабак экенин жеткирүү да жеңил эмес болууда. Ал башкы маанилүү маселелерден. Үч жыл мурда биз шаардагы бардык дене тарбия мугалимдерин, мектеп директорлорун чогултуп, спорттун бир нече түрлөрү боюнча мелдеш уюштурдук. Дене тарбия мугалими өзүнүн милдетин так аткарып, уюштуруучулук жөндөмү мыкты болсо анда  анын аброю баарыдан да бийик болот. Бор кармаган, кыймылдабаган мугалим акырындык менен ден соолугунан айрылып жатат. Ар түрдүү ооруларга чалдыгат. Же мектеп жетекчилиги, же дене тарбия мугалими коллективди кыймылдатып турчу бир нерсени уюштуруш керек. Спорт залы бар мугалимдер деле кыймылдашпайт. Себептерин айтып тим болобуз. Аны жакшы жакка буруунун альтернативалык жолун табууну көрсөтүү керек.

Менин билишимче, бир нече жаңы долбоорлорду ишке ашырып жатасыздар. Ошолор тууралуу айтсаңыз.

— Бир долбоорубуз «Ата-эненинжомогу» деп аталат. Анткени акыркы кездерде окуучунун бүтүрүүчү класс болгондон кийинки тагдыры жалпы республикалык тестирлөөдөгү баллдын көлөмүнө жараша болуп калды. Жогорку окуу жайына студент болуу үчүн ЖРТдан балл алган жана ченемден өткөн гана окуучулар конкурска катыша алат. Баллы төмөндөр конкурска да катыша албай жатат. Демек, студент болуу бактысынан айрылууда. Азыркы ЖРТнын жакшы жактары да көп. Жакшы эмес жактарынын бири -катары окуучулардын сөз байлыгы, кеп чеберчилиги, жаза билүү усул-ыкмалары жагынан эч кандай деңгээли аныкталбай калууда. Аттестаттагы баа жогорку окуу жайы үчүн мааниге ээ эмес болууда. Ушундай кооптуу абалда биз эмне кылышыбыз керек? Балдарыбызга бала бакчадан жомок окуу, аны угуу башталсын деп «Ата-эненин жомогу» деген долбоор баштадык. Бир жумада бир жолу милдеттүү түрдө, ал эми милдеттүү түрдөн сырткары учурда каалашынча. Балдар бакчалары эң күчтүү жомок айта алган ата-энелерди чакырып келип, чоӊ бөлмөдө жомок айттыртат. Ошентип жарым сааттык жомок айтуу программасы ишке ашат. Шаар боюнча график түзүп койдук.  Ата-энелер айтып берген жомокту балдар үйүнө барып үйүндөгүлөргө айтып беришет. Албетте, бала жакшы айтып бералбайт, мисалы, «карышкыр коенду кууп кетип, бөлтүрүктөрү артынан чуркап жолдо адашыптыр” дегенди бала«карышкыр коенду кууптур” гана деши ыктымал. Бирок кандай болсо дагы үйүнө барып бир нерсени айтып берет. Жок дегенде биз жомок уктук дегенди айтат.  Бирок бала да изложение жазууга болгон жөндөмдүүлүгү артат, анын оозеки речи калыптанат.  Сөз байлыгы жана жомоктогу окуяларды элестетүүсү өөрчүйт. Үйгө баргандан кийин атасынан «сен дагы жомок окуп бер мага» деп талап кыла баштайт. Бул артыкчылык балдар үчүн абдан зарыл. ЖРТга чейин балдарыбыз «дудук” болуп калбасын деп ушул долбоорду баштадык. Анын көйгөйү көп чыкты. Көрсө, ата-энелер өздөрү жомок билишпейт экен. Ата-энелер айткан жомокту кээ бир балдар билишет. «Мен бул жомокту билем” деп кол көтөргөндөр болду. Кээ бир ата-энелер мультфильмден эле айтып коюп жатышат. Кыскасы, оригиналдуу жомок айткан ата-эне аз болду. Ушул көйгөйдү биз билбейт болчубуз, эгерде бул долбоорду баштабаганда. Эми ушул көйгөйдүн үстүндө күрөшүп жатабыз. Биринчиси — «Ата-энеден жомок» болсо, экинчиси — «Ата-энеге жомок» дедик. Ата-энелер жыйналышында артисттерден, жомокчу жазуучулардан, мыкты сүйлөгөн филологдордон конокко чакырып, ошолор жаңы жомокту ата-энелерге айтып берет. Жомок уккан ата-эне балдарына өздөрү айтып беришет.

«Бир жылда бир жолу сиз качан балаңызга китеп сатып бердиңиз, же качан китеп дүкөнгө ээрчитип бардыңыз?» деген суроого ата-эне үн катпайт. Бул көйгөй бүтүндөй элге бир учур келгенде зыян келтирет. Биз билим берүү тармагын башкарып жатабыз деп эч качан сыймыктанбашыбыз керек. Анткени биз каталык кетирсек бир мезгилде биздин муунубуз зыян көрөт. Айталы, билим берүү системасында башкаруучу болуп отурган адамдар үчүн бул иш эң оор иш экенин билиш керек. Азыр мугалим болууну каалабай, көбүнчө директор болууну каалайт. Ошондуктан бийликке шашылбастан, тескерисинче, 20 жылдан, 50 жылдан кийин бийликке баруучуларды тарбиялаганга ашыгып, үлгүрүп калышыбыз керек. Анткени мектепке, класска киргенде 30 окуучунун көзүн көрсөң ал жерде жакшы баео көздөр бар. Ошол эле кезде кылмышкерлердин санын көбөйтө турган көздөр отурат. Демек, биз кылмышкерди даярдап жатабызбы деген коркунучтуу суроо жүрөккө сайылып, ошол жүрөктү оорутуш керек. Ошондо жүрөк оорубаш үчүн кыймылдар бир аракетти табат. Муну бүтүндөй өлкөгө жайыш керек деп ойлойм.

Бул долбоорду эмне себептен бала бакчадан баштадыңыздар?

— Бала бакчада балдардын ар бирине эртеден кечке тарбиячы убактысын арнайт, көңүл бурулуп турат. Экинчи жагы, мамлекеттик балдар бакчаларда балдар абдан көп. Ал эми мектептердеги балдардын санынын көптүгү да мугалимдин ар бир балага убакыт ажыратышына тоскоол болууда. 45 мүнөттүк сабак 50 окуучуга арналып жатат. Норма боюнча класска 25-30 бала алуу керек. Ушул сыяктуу көйгөйлөрдөн улам мектепке бул долбоорду жаңы окуу жылына чейин киргизбейбиз деп ойлондук. Анткени бала бакчанын өзүнөн көйгөйдү таап чыктык. Бардык мектепке, бала бакчага деп буйрук берип койсом болмок. Бирок биз кайсыдыр бир көйгөй баары бир чыгат деп күттүк эле, ошол көйгөй ата-энелердин жомок билбегени болду. Ал эми мектепте баштасак жомок айтып берүүчүлөр каражат талап кылат экен. Дайыма туруктуу жаңы жомокту окуп келип айтып берүүдө кызмат акысын ким болбосун сурайт…

Долбоорду баштоо үчүн канча каражат жумшалды?

— Билим берүү башкармалыгы баштады, эч бир каржы короткон жокпуз. Каржынын жоктугунан патриоттордун гана иши катары кабылданып атат.

Жомок жазган жазуучулар бар, бирок абдан аз. Ал тургай жомок жазган жазуучулардын өздөрүн айттырып берүү жакшы нерсе, бирок алардан да сонун айта ала турган адамдар болот. Балдар техникага кызыгып жаткан учурунда, алтургай кичинекей балдар соткага кирип, чукулап, оюндарын ойношот. Ушундай учурда жомок техникадан да кызык болуп сезилиш керек. Бала кызыгып жаткан нерседен да кызыктуу болбосо, анда бала кызыкпайт.

Жомокту айттырбай эле, атаэне жомок китептерди сатып алып, өздөрү окуп берсе болот беле?

— Ата-эне үйүнөн тамак жебей кафелерден тамактанат, ага 300-1000 сомго чейин коротот.  Ага ичин оорутушпайт. Бирок 500 сомдук тамакты бир күндө жеген ата-эне 50 сомго баласына китеп алып бербейт. Ошондуктан Кыргызстанда китеп дүкөндөрү өнүкпөйт. Ал жерге баш баккан адамдар аз. Андыктан китепке болгон кызыгууну күчөтүү үчүн мамлекеттик программа иштеп чыгыш керек. Мажбурлап азыр эч кимди эч нерсе кылдыра албайсың. Кызыктырып, шыктандырып максаткажетсе болот. Биздин идеологиялык ишти жүргүзгөн мекемелер планына сөзсүз түрдө китепке болгон кызыгууну күчөтүүнүн чараларын киргизиш керек.

Биз өткөн жылы мектеп окуучулар арасында «Китеп окуп ноутбук ут» деген конкурс жарыяладык. 20 миңдик ноутбукту 11-класстын окуучусу утуп алды. Ал утмак түгүл, ноутбукту кайсыл жылы ала турганы түшүнө кирбеген бир жакшынакай бала экен. Сынакта 30 суроо берилди. Мисалы, китептин мукабасы деген эмне? Жоопторунда китептин сырты, китептин титулдук барагы, китептин авторлорунун биримдиги  д. у. с. варианттар болот. Демек, китептин мукабасы  эмне экенин билген бала аны туура белгилей алат. Эң жеңил суроолорду бердик. 30 суроонун баарын белгилей алган окуучу финалдык турдан жеңип чыкты. Шаардык баскычка мектептен жеңген гана окуучу келди. Ушундай конкурсту бүтүндөй республикага жайылтуу керек. Ал татаал эмес. Экинчи орунгаЧ.Айтматовдун 8 томдугун, 3-орунга Т.Касымбековдун 8 томдугун белек кылдык. Аларды сайттарга чыгардык.

Балдардын өнүгүүсүнө убактысын арнаган жетекчиликти табуу кыйын дебейин, бирок убакытын табуу кыйын.

 

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

 

Поделиться

Комментарии