КЭУнун студенттери жеңишке жетишти

  • 29.04.2013
  • 0

Жогорку окуу жайлардын студенттери арасында өткөн “Акыл таймашы — 2013” интеллектуалдык оюнунда Кыргыз экономикалык университетинин “Бийиктик” командасы биринчи орунду жеңип алды.

Окуу жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, “Бийиктик” командасынын мүчөлөрү — Камчыбек Самат, Канатбекова Алина, Са­парбеков Адилет, Мустафакулова Бактыгүл бул таймашка кызуу даярдык көрүшкөн. Аларды университеттин окутуучулары Каримова Бурулкан жана Бегалиева Асел даярдаган. Бул жеңүүчүлөргө эми сегиз ай бою “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду тарабынан алты жүз сом стипендия берилип турат.

“Бийиктик” командасы бул жеңишин КЭУнун 60 жылдык маара­кесине арнай тургандыктарын айтышып, алар баардык тараптан колдоо көрсөткөн окутуучуларына, окуу жайдын жетекчилигине жана студенттерге ыраазычылыгын билдиришти.

— Биз өзгөчө “Кеменгер” студенттик клубуна жана “Акыл таймашы” оюнунун уюштуруучуларына Кыргызстандын жаштарына өзүнүн билим деңгээлин текшерүүгө жана илим, билимсиз эч кайда бара албай тургандыгын тастыктоого шарт түзүп бергендиги үчүн абдан ыраазыбыз, — дешет жеңүүчүлөр.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА

Поделиться

Комментарии