КАМКОРЧУЛУКТУ КАНТИП ТАЗА ЖҮРГҮЗҮҮГӨ БОЛОТ?

  • 02.10.2015
  • 0

Биздин гезитке Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Манас айылындагы Атбашы орто мектеп-гимназиясынын камкорчулар коомдук бирикмесинин азыркы башчысы Мукамбетжусуп Сыдыковдун кайрылуусу келип түштү. Анда аталган мектептин деректири Маржан Искаковага бул коомдук бирикмени ата-энелердин акчасын уурдап-тоноо үчүн пайдаланып келген деп айып коюлуптур. Эки тараптын үнүн элге бирдей угузуу максатында М.Сыдыковдун кайрылуусунан үзүндү менен катар анын дооматтарын төгүнгө чыгарып, өзүн күнөөлөгөн тараптын да көз карашын чагылдырууну чечтик.

М.Сыдыков: “Деректир коомдук бирикмени өз кызыкчылыгына пайдаланып келген”

“…Бул “ишти” коомдук бирикмеге кесиби айдоочу болгон А.И.Тюлегеновду башчы, атайын билими жок О.Н.Логунованы эсепчи кылып шайлаткандан баштаган… Булардын отуруп иштей турган жумуш орундары да болгон эмес. Ошентип, юридикалык жактан кагазда коомдук бирикмени А.И.Тюлегенов менен О.Н.Логуновалар башкарат десе, иш жүзүндө М.Ж.Искакова башкарып келген.

Ата-энелерден: 2010-жылда 28 500 сом, 2011-жылы 656570 сом, 2012-жылы 906480 сом, 2013-жылы 635490 сом, 2014-жылы 925085 сом, баардыгы 3 134 412 сом жыйналып, толугу менен чыгымдалган.

Ата-энелерден акча жыйноодо жана чыгымдоодо айкындык, маалымдуулук жана мыйзамдуулук сакталбастан, тескерисинче чайкоочулук, көз боёмочулук өкүм сүрүп, коррупцияга кенен жол ачылган.

Коомдук бирикменин уставдык талаптары толук көлөмдө аткарылбай калган. Беш жыл бою 60 айлык, 20 кварталдык жана 5 жылдык отчеттор түзүлбөй, баланстар чыгарылбай, бир да жолу текшерүү болбой келген.

Жыйналган акчалар М.Ж.Искакованын сейфинде сакталса, “сатып келинди” делген документтерди мектептин завхозу Н.А.Ананьева жазып, өзү кол коюп, акт менен чыгыштап, республикада жок “Аттис” аттуу фирманын мөөрү басылган бланкаларды 2011-жылдан бери колдонуп келишкен. М.Ж.Искакова Н.А. Ананьеваны бир колу менен сатуучу, экинчи колу менен сатып алуучу жана мектептин завхозу кылып пайдаланган.

Миллиондогон акчалар, акча алган адамдардын аты-жөнү жазылбаган чыгымдоо ордерлери, ведомосттор тийиштүү кызмат адамдардын колдорусуз эле “берилди” болуп келген.

       Күзөтчүлөр “Байкал”, ”Паладин” жоопкерчилиги чектелген коомдору менен М.Ж.Искакова өзү кол коюп келишим түзүп, бир нече жүздөгөн миӊ сомдорду кошуп жазуу менен акчаларды “шабашка” кылып алышкан.

Атбашы айыл өкмөтү тарабынан сатып берилген жабдуулардын наркын экинчи жолу коомдук бирикменин эсебинен дагы алган фактылары арбын.

“Манас” эл аралык аэропорту тарабынан сүрөөнчүлүк жардам катары которулуп берилген 100 000 сом акча дагы Сокулуктагы РСК банкынан чыккан боюнча чек китепчеси менен бирге дайынсыз жоголгон.

Ата-энелерден 1-класска кирген ар бир окуучу үчүн 500 сомдон акча талап кылып алып турганын ата-энелер шыбырап айтып жатышат. Мектеп босогосун жыл сайын 150дөй бала аттай тургандыгын эске алсак, канчалаган акчалар Маржан Жактаевнага “шабашка” болуп түшөөрүн эсептеп алсаӊыз болот.

Мындан башка, 2012-жылы 1800 окуучудан 906 480 сом чогултулса, 2013-жылы 635 495 сом чогултулган. Айрыма болгон 270 985 сом РСК банкына жетпей, кассадан эле жоголгон. Мунун себеби: ата-энелерден түшүп туруучу акчалар атайылап каттоого алынган эмес, бирок директор тарабынан класстар боюнча кылдат көзөмөлдөнүп, класс жетекчилер аркылуу кечиктирилбестен өндүрүп алып турулган.

Жогорудагы иштер боюнча коомдук бирикменин мурунку жетекчилери А.И.Тюлегенов менен О.Н.Логунованын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 171-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын коомчулукка билдирип кетүүнү туура көрдүм.

Ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 2015-жылдан 1-май айынан баштап күчүнө кирген №85 мыйзамын аткарбастан, ата-энелерден “класстын ремонтуна” деп 500 сомдон класс жетекчилер аркылуу акча чогултуп жатканын кандай деп түшүнөсүздөр?

2015-жылы мектептерде бир өӊчөй форманы шылтоолоп, ата-энелерден 2000 сомдон акча талап кылып чогултушканы, ал гана эмес “Азирет” жеке фирмасы менен форма тигүү боюнча М.Ж.Искакова келишим түзүүгө да жетишкени эмнеден кабар берет? Балким, 1800 даана форманы сатуудан да белгилүү сумманы өөнөп алуу керек болуп калгандыр?

Ата-энелердин акчасын тоноого кынык алган эки жүздүү директорлор качан кызматтан кетет? Билим берүү тармагындагы орун алган мындай коррупциялык схемаларды азайтууну билим берүү министрлигинен дагы канча убакытка чейин күтөбүз???

Азыр М.Искакова сотко берем деп опузалап жатат. Эгер сотко берсе, ага абдан ыраазы болор элем. Дооматтарымдын баарын, дагы далай «иштерди» документтер менен толук далилдеп бере алам.

Каршы тарап:  “Бейпилдикти Сыдыков мырзанын өзү бузду”

“…Жыл сайын жаӊы окуу жылы башталарда коомдук бирикменин мүчөлөрү чогулуш өткөрүп, мектептин коопсуздук жана медициналык кызматкерлерин тандоо, аларга айлык акы белгилөө маселелерин ачык добуш берүү аркылуу чечип келишкен.

Коомдук бирикме үчүн ата-энелердин ыктыярдуу взностору бирикменин төрагасына арыз жазуу аркылуу бухгалтерге тапшырылат. Бухгалтер ар бир ата-энеге квитанция жазып берет. Бардык чогулган каражат РСК банктын эсеп-кысабында турат. Андагы каражаттарды мектептин педагогикалык жамааты жана администрациясы ала алышпайт.

… Жыл сайын окуу жылынын аягында текшерүүчү В.Бородавка жалпы чогулушта жылдын толук отчётун берип турган. Администрация жана педагогикалык жамаат Камкорчулар кеӊешинин ишине кийлигишкен эмес.

…Финансы каражаттарын Камкорчулар кеӊешинин чечими аркылуу банктан кеӊештин бухгалтери гана алууга укуктуу. Ошондой эле ата-энелер сатып алып берген компьютерлерди, окуу китептерин директордун административдик чарба бөлүмү боюнча орун басары Н.Ананьева мектептин балансына каттап турат.

Лицензиясы бар күзөт агенттигин ата-энелер бир нече фирмалардын ичинен чогулушта ачык добуш берүү жолу менен тандап алышат. Ушул эле чогулушта алардын эмгек акысы аныкталат. Мында коррупциялык схеманын жоктугу көрүнүп эле турат. Күзөтчүлөргө атайын эсеп аркылуу акча которулуп, алар келишимде көрсөтүлгөн сумманы жазылган чек аркылуу алышат.

Коопсуздук кызматкерлеринин ишмердиги аркасында балдардын мушташуусу азайган. Күзөтчүлөр коӊшу айылдан келген окуучуларды сабак аяктаганда аялдамага чейин жеткирип коюшат. Ата-энелер күзөтчүлөрдүн ишине абдан ыраазы.

…2010-жылы түзүлгөн күнүнөн баштап камкорчулар кеӊеши жакшынакай иштеп келген. Ата-энелер тарабынан эч кандай доомат, арыздар болгон эмес. Бардыгы ачык-айкын болгон. Кызматкерлер штаттык жүгүртмөгө ылайык маянасын алып турган. Бейпилдикти Сыдыков мырзанын өзү бузду.

…Элдин ишенимине кирген Сыдыков камкорчулар кеӊешинин документтерине ээ болду. Бирок өткөрүп берүү-алуу актысына кол койгон жок. Кеӊештин мурдагы төрагасы ыктыярдуу, акысыз иштеп келсе, ал өзүнө 10 миӊ сом өлчөмүндө айлык да коюп алды.

Ал 2015-жылдын май айына чейин бирикменин жетекчилигин кайра каттоодон өткөрбөй келди. Өзү билемдик менен камкорчулар кеӊешинин мүчөлөрүнүн макулдугусуз иш бөлмөсүн 65 миӊ сомго “оӊдотту”. Апрель жана май айлары үчүн коопсуздук кызматынын күзөтчүлөрүнө, медайымдарга жана короо шыпыруучуга айлык акысын төлөгөн жок.

Сыдыков беш айда камкорчулар кеӊешин сызга отургузду. Отчёт берүү жөнүндөгү ата-энелердин өтүнүчүн ал четке кагып, эч кимдин алдында отчёт бербей тургандыгын саймедиреп келет. Ошондуктан ата-энелер финполицияга чогулган каражаттардын кайда экендигин териштирүүнү сурап, күзөтчүлөр жана медайымдар апрель, май үчүн эмгек акысын доолап арыз жазган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

  Ушул жылдын 19-июнунда мектептин ата-энелеринин чогулушу өткөрүлдү. Ага Сыдыков мырза да чакырылган, бирок ал чогулушка келген жок. Ата-энелерде ага коюлуучу суроолор көп болчу. Эгер ал ак болсо, чогулушка келмек, кыязы көпчүлүктөн корксо керек.

“Манас” эл аралык аэропортунун президентинен мектеп директору М.Искакова аэропорттун мектепке демөөрчүлүк жардам сураганы ырас. 100 миӊ сом бөлүнгөн. Эгер директор карөзгөйлүк ниетте болсо, аны өзүнө менчиктеп алар беле, анткени анын аэропорт жетекчилигине барганын биз билген эмеспиз. Маржан Жактаевна ата-энелердин чогулушун өткөрүп, аэропорттон акча бөлүнгөнүн кабарлап, аны кандай максатта жумшоо керектигин көпчүлүк менен акылдашты. Ата-энелер ашкананын эшик-терезелерин алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алышты, өздөрү тиешелүү фирма менен макулдашышты. Директор андан ары бул ишке кийлигишкен жок. Бул тастыктаган документтер Камкорчулар кеӊешинде сакталып турат.

   Сыдыков жазган директордун “1-класска кирген окуучулардан 500 сомдон акча талап кылган” дегени директорду жаманатты кылуу максатындагы жалаа. Андай эч убакта болгон эмес.

 “Класстын ремонтуна” деп класс жетекчилери 500 сомдон акча чогултту дегени да жалган. Мектеп муниципалдык менчикке кирет. Атбашы айыл аймагынын башкармалыгы утурумдук ремонт үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылып турат. Аксакал түшкө да кирбеген нерсени козгоп жатат.

Мектеп формасы боюнча. Ата-энелер мындай кийимдерди тигип берчү “Азирет” фирмасы менен өздөрү келишим түзүшкөн. Директордун буга эч кандай катыштыгы жок.

 Биздин айылда жашабаган, айылыбыздын турмушунан кабарсыз Сыдыков мырзанын иши калыптанып калган Камкорчулар кеӊешин ыдыратуу, директорубуздун атына шек келтирүү, элди жикке бөлүү максатын көздөгөнү байкалып турат.

“Атбашы орто мектеп гимназиясынын камкорчулары” коомдук бирикмеси,

ата-энелер комитети жана мектептин педагогикалык жамааты: Г.Чуханова, Г.Майлыбаева, А.Усенова,

И.Бабич, Б.Божобекова,

бардыгы 22 адам кол коюшкан.

 (“Кыргыз туусу” гезитинин  8-сентябрдагы санында жарык көргөн

“СЫДЫКОВДУН КӨЗДӨГӨНҮ СОТ БОЛСО – СОТТОШОБУЗ!” деген макаладан)

Ачык-айкындык – мыйзамдуулуктун шарты жана талабы

РЕДАКЦИЯДАН: Азырынча бул талашка «үтүр» коё туралы. Деректир жана аны жактагандар менен камкорчулар кеӊешинин башчысы биздин редакцияда кездешкенде, эки тарап теӊ бири-биринин дооматтарын карандай калп деп жатышты. Кимисинин жүйөсүнө ишеништи окурман өзү билсин. Эки тараптын кимиси күнөөлү экендигин азыр териштирип жаткан органдар, ошондой эле, эгер ниетинен кайтышпаса, сот аныктайт. Булар баарын тыкыр иликтеп, принциптүү, адилет чечим чыгарат деп үмүттөнөлү.

Албетте, сөз ушуну менен эле токтоп, ушул жарыялоо менен эле маселе чечиле койбостугу анык. Айтмакчы, редакциядагы кездешүү учурунда мектеп деректири: «Желтая пресса эмессиӊер да, муну чыгарбай эле койбойсуӊарбы?» — деген эле бизге. Бул сөзгө да эч кандай комментарий бербейбиз.

Биз карама-каршы эки көз карашты чагылдыруу менен, соӊку кезде көптөгөн нааразылыктарды жаратып келген, жарылышына жакындаган жарадай болуп калган маселени коомчулуктун талдоосуна, талкуусуна коюуну чечтик. Мектептердин алдында түзүлүүчү камкорчулар кеӊеши (же ата-энелер комитети ж.б.) кандай иштеши керек? Ар кандай чатактарды токтотуу, алдын алуу, себептерин жоюу, күмөн саноого, шектенүүгө жол бербөөүчүн камкорчулар уюмдарынын ачык-айкын иштешин, отчеттуулугун кантип камсыздоого болот? Бюджеттен эле эмес, андан тышкаркы булактардан түшүүчү каражаттардын ар бир сому эмнеге сарпталып жатканын атайын сайт же бепбекер ачылуучу фейсбук сыяктуу социалдык желелер аркылуу коомчулукка жарыялап турса болобу?

Бул талаш боюнча тийиштүү материалдар бизге чейин эки гезитке жарык көргөндүгүн айта кетели. Кийинкиси «Мегаполис» басылмасынын 25-сентябрдагы санына чыгыптыр. Ошол тексттен аягындагы кыстырмага көӊүл бурдук: «…Сыдыков … уже обращался в одну из столичных кыргызскоязычных газет. Ему удалось убедить наших коллег в правдивости предоставляемой им информации. Журналисты не стали ее проверять, поверив аксакалу на слово. Итог – журналист и главный редактор издания после выхода статьи с непроверенными и не нашедшими подтверждений фактами был уволен. А изданию пришлось публиковать опровержение с извинениями».

Кайсы калемдешибиз жабыр тартыптыр деп сураштырсак, бул маалымат туура эмес болуп чыкты. М.Сыдыков жогоруда келтирилген тексттеги дооматтарын жазып, орус тилдүү «Мегаполиске» чейин өкмөттүк «Кыргыз туусу» гезитине кайрылган экен, макаласы ушул басылманын 31-июлдагы санында жарык көрүптүр. Бул гезиттин азыркы баш редактору Э.Балбаков июнь айынын баш ченинде дайындалганын жакшы билебиз. Катардагы журналисттерден да эч кимиси эч кандай жазага кабылбаптыр. Редакция кечирим деле сурабаптыр, анткени эки жактын көз карашын эч кандай комментарийсиз жарыялаган учурда мыйзам боюнча бул талап кылынбайт. Мындай чиеленишкен, бир нече жылдык эсеп-кысап ж.б. документтерге байланышкан талашта кимдин позициясы канчалык туура экендигин журналисттер аныкташы кыйын, айрыкча бир жолку «бетме-бет кездештирүү» («очная ставка») аркылуу дегеле мүмкүн эмес. Бул ишти териштирүү – тийиштүү органдардын милдети. Жалпыга маалымдоо каражаттары ар кайсы көз караштагы адамдардын пикирин элге жеткирип, расмий же соттук териштирүүлөр болсо, алардын да жүрүшүн чагылдырып гана турушу керек. Андан көрө «кыргыз тилдүү гезиттеги» калемдештер жөнүндөгү маалыматты интернеттен эле тактап алышса болмок «мегаполисчилер», соттун функциясын аткарууга шашпай.

Даярдаган

Жолдош ТУРДУБАЕВ

Поделиться

Комментарии