Калк аралык университеттин кызыл диплом ээси Кубанычбек

  • 17.06.2013
  • 0

Ысык-Ата районунун кулуну Кубанычбек Нарынбеков Түштүк Казакстандагы Х.А.Ясауи атындагы Казак-Түрк эл аралык университетин кызыл диплом менен аяктап, анын жакындарынын кубанычы чексиз болуп турган чагы.

Кубанычбек мындан беш жыл мурда Токмоктогу балдардын Кыргыз-Түрк Себат лицейин да артыкчылык аттестат менен аяктаган эле. Казак-Түрк калк аралык университетинин экономика факультетинин туризм бөлүмүн тандаганы да, балким, анын курорттуу Ысык-Ата жергесинин боорунда жашагандыгы себепкер болсо керек. Ал окууда жетишкендиктери үчүн биринчи кезекте ата-энесине, туулуп-өскөн айылындагы Д.Мамашова атындагы орто мектептин мугалимдерине милдеттүүмүн деп эсептейт. 

— Эл аралык окуу жайда окуганда эки эсе чоӊ жоопкерчиликти сезет экенсиӊ. Биринчиден, билимимди арттырайын деп өзүӊүчүн тырышып окусаӊ, экинчиден, мекениӊдин татыктуу уулу болоюн деп намыстанып окуйт экенсиӊ. Ал жакта көптөгөн башка улуттун өкүлдөрү да окушат. Ошондуктан болсо керек, кыргыздын сыймыгын арттыра турган ийгиликтерге жетүүгө аракеттенип окудум. Практика учурунда үч жолу чет өлкөгө бардым – эки жолу Турцияга, бир жолу Америкага. Максатым – кыргыздын башка патриот жаштары сыяктуу эле ата-мекенимди өркүндөтүп өнүктүрүүгө салым кошуу, — дейт Кубанычбек.

Х.А.Ясауи атындагы Эл аралык Казак-Түрк университети Казакстандагы биринчи эл аралык мамлекеттик ЖОЖ болуп саналат. Анда ар кайсы багыттагы 105 кесип боюнча 26  мамлекеттин студенттери билим алышат.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии