КӨРКӨМ ӨНӨР, ТЕХНОЛОГИЯ

  • 02.08.2013
  • 0

(Эмгекке үйрөтүү, черчение)  

Кыргыз Республикасынын Жалпы билим берүүчү орто мектептеринде Искусство билим берүү областтык тарамынын алкагында Көркөм өнөр предмети өлкөбүздүн келечеги болгон жаш өспүрүмдөрдү көркөм сулуулукка болгон жан — дүйнөсүн байытып, эстетикалык билим, аларга тарбия берип турмушка даярдоонун негизги каражаты экендиги жалпыбызга маалым.  Көркөм өнөр предметин окутуу 2013-2014-окуу жылына карата бекитилген окуу планына ылайык, 1-7-класстарда  2013-жылы иштелип чыккан программанын негизинде жүргүзүлөт. Окуучуларга көркөм өнөр  предмети боюнча жалпы билим берүү 1–7–класстарда жумасына 1 сааттык жүктөм менен ишке ашырылат.  Мектептер буга чейин Көркөм өнөр предмети боюнча биринчи, экинчи  класстардын  окуу топтомдору менен камсыз болушса, эми үчүнчү класстын окуу топтомдору менен камсыз болушат. Буга чейин окуучулардын шык-жөндөмү кайсы кесипке ылайыктуу болоору жаӊыдан байкалып келе жаткан учурда эстетикалык тарбия берүү багытында көркөм өнөр, предмети жетинчи класстан бүтүп калганы туура болбой келген. Көркөм өнөр предметти 8–9–10–11-класстарда Музыка, Адабият предметтери менен интеграцияланып, жаӊы Дүйнөлүк жана Ата Мекендик көркөм маданият предметинин тутумунда  улантылып окутулаары пландаштырылууда.

Азыркы учурда Черчение предмети Эмгекке үйрөтүү предмети менен интеграцияланып, “Технология” деген аталыш менен жумасына бир сааттык жүктөм менен окутулууда. Технология предметин окутуу 2013-2014-окуу жылына карата бекитилген окуу планына ылайык, 5-9-класстарда 2013-жылы иштелип чыккан программанын негизинде жүргүзүлөт. Жаӊы иштелип чыккан программа предметтик билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын жана окуу программаларынын негизинде түзүлдү. Анда азыркы коомдун талаптарын эске алып,  илимий-техникалык компьютерлештирүүнүн элементтерин пайдалануу менен предметтер аралык байланышты бекемдеп, жергиликтүү жаратылыш шарттарды жана колдо бар каражаттарды колдонуу менен программалык материалдарды ишке ашыруу сунушталды. Программага ылайык окуучулар мурдагыдай улан-кыздар болуп топторго бөлүнбөйт, класстагы окуучулардын саны отуздан ашса өздөрү тандаган эмгектин тармактары боюнча эки топко бөлүнүп окуу  мүмкүнчүлүктөрү бар.

Программада берилген эмгектин  түрдүү тармактарынын  бардыгына ар бир класска  жыл ичинде бөлүнгөн 34 сааттаын ичинде окуу материалына кеӊири токтолуп, тереӊдетилген билим берүү мүмкүн эмес.  Ошондон улам окуу программанын негизинде календарлык пландарды түзүүдө:  өспүрүмдөрдүн  жаш өзгөчөлүктөрүн, колдо бар каражаттарды, ар бир региондун  жаратылыш  шарттарын  эске алып,  шаар же айыл  жергесинде азыркы күндөлүк турмуш-тиричилигине керектелүүчү зарыл, аткарууга мүмкүн  болгон эмгектин түрлөрүн тандап киргизүү сунушталат.

Окуучулардын мектептен алган билимдерин андан ары өркүндөтүүдө ата-энелер менен жалпы коомчулук биргелешип иш жүргүзүүлөрү талапка ылайык. Окуучуларга бизге келип жеткен ата-бабалардын асыл мурастарынын учугун улап, сактап, андан ары өркүндөтүп, алар менен сыймыктануу сезимдерин калыптандыруунун мааниси зор. Мурда Эмгекке үйрөтүү, Черчение сабактары эки башка өтүлгөндүгү менен бири-бирин кайталап келген учурлары кездешчү. Эмгектин кандай гана тармагы болбосун сөзсүз түрдө тазалыкты, тыкандыкты,  көркөм-сулуулукту жана дагы көптөгөн нерселерди талап кылып,  алардын алгачкы үлгүлөрү сөзсүз эӊ жөнөкөй сүрөт,  чийме, эскизден башталары баарыбызга маалым. Интеграцияланган курста техникалык эмгектин багыттарына жараша сөзсүз буга чейин окутулуп келген черчение предметинин (А.Д.Ботвинников,  В.Н. Виноградов,   И.С. Вышнепольский, С.И. Дембинскийлердин) жалпы билим берүүчү орто мектептердин 8–9-класстарынын окуучулар үчүн окуу китебин жана ага ылайык иштелип чыккан методикалык колдонмолорун, эмгекке үйрөтүү жана техникалык билим берүү тармагында колдонулуп келген китептердеги материалдарды натыйжалуу  пайдаланышыбыз керек.

Технология предметинин окутулушунун учурдагы абалын аныктоо жана колдоо көрсөтүү максатында Германия коомчулугунун техникалык кызматташтык уюмунун (GIZ) азырынча, республикабыздын жети областынан жети мектепти заманбап техникалык жабдуулар менен  камсыздап, эксперименталдык  иштерин жүргүзүп жаткандыгын буга чейин маалымдаганбыз. Пилоттук мектептерде Технология предмети боюнча мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу улантылууда.  Бул курстан өткөн мугалимдерге август айында боло турган мугалимдердин кеӊешмесинде  жер-жерлерде өз кесиптештери менен ой бөлүшүп, тажрыйба алмашуусу керектиги сунушталды.

Мугалимдерге сунушталган Укуктук-нормативдик документтер:

1. Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнү жаӊылоонун концепциялары. Эстетикалык тарбия берүүнүн концепциясы. Кыргыз билим берүү институту Типография КСХМ. Бишкек – 1995.

2. Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары. -Бишкек: «Билим куту» басма борбору,  2006.

3. Кыргыз Республикасындагы жалпы орто билим берүүнүн Алкактык Улуттук куррикулуму. – Бишкек, 2008.

4. Кыргыз Республикасынын жалпы Билим берүү мекемелеринин «2012/2013 окуу жылындагы базистик окуу планы. – «Кутбилим» №21, 22.1-, 8-июнь 2012.

5. Жалпы билим берүүчү орто мектептердин 1-7-класстары үчүн  «Көркөм өнөр»  предметин боюнча программа Бишкек — 2012.

6. Жалпы билим берүүчү орто мектептердин 5-9-класстары үчүн  «Технология»  предмети боюнча программа Бишкек — 2012.

Көркөм өнөр предмети боюнча окуу китептери:

1.             Д.А. Акматов, А.А. Багдасарян, Көркөм өнөр 2– класс үчүн окуу китеби. (кыргызча, орусча, өзбекче). «Билим-компьютер», «Зангак». (2012-ж.

2. Д.А. Акматов, А.А. Багдасарян, Көркөм өнөр 3– класс үчун окуу китеби. (кыргызча, орусча, өзбекче). «Билим-компьютер», «Зангак». 2013-ж.

Көркөм өнөр жана Технология предметтеринин мугалимдерине сунушталган адабияттар:

1. Д.А. Акматов, Н.Ө. Дөөлөтбаева, А.З. Бөлөкбаева Көркөм өнөр Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо 1-класс. (Кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде)–Б.: «Учкун» 2011-ж.

2. А.А. Багдасарян, А.Д. Акматов Көркөм өнөр. Окуучулар үчүн альбом –Б.: «Учкун» (Кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде) 2011-ж.

3. Ж.М. Момбеталиев, Д.А. Акматов, А.А. Багдасарян, Көркөм өнөр Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо 3-класс. (Кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде) «Билим-компьютер», «Зангак». 2013-ж.

4. Үй тиричилигинин кыскача энциклопедиясы Издательство «Советская Энциклопедия».1984. Кыргызча котормо. Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы,  Фрунзе 1989.

5. Акматалиев  Амантур Сейтаалы уулу  Кыргыздардын көөнөрбөс дөөлөттөрү.-Б.: Шам, 2000

6. Современная киргизская кухня: Сб. рецептур  /Сост. С.Ш. Ибрагимовой, С.А. Штанчиковой. –Ф.: Гл. ред. КСЭ, 1991.

7. Ральф ванн Гелдер,  Адриен ванн Гелдер.  «Менин кирешелүү чарбам»  9 – 10 – 11 — класстар үчүн кошумча окуу китеби. «М-Мaxima» басмаканасында даярдалган.  –Б.:  2010.

Август кеӊешмелеринде көркөм өнөр, технология  предметтерин окутуучу мугалимдердин секциясында талкуулоо үчүн маселелер:

— Окуу материалдарын учурдун талабына, жергиликтүү шарттарга ылайык тематикалык пландаштыруу (календарлык план);

— Окутууну турмуш менен тыгыз байланыштыруу, окуучуларды күндөлүк жашоодо керектүү буюм-тайымдарды жасоого үйрөтүү, зарыл эмгектик иш-аракеттерди аткарууга көнүктүрүү маселелери;

— Технология, Көркөм өнөр предметтерин окутууну өз ара жана башка предметтер менен байланыштыруу боюнча иш-тажрыйбалар;

— Элибиздин, ошондой эле дүйнө элдеринин маданий мурастарын кеӊири пайдалануу багытындагы иш-тажрыйбалар;

— Технология, Көркөм өнөр предметтери боюнча долбоорлук сабактарды жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруу маселелери;

— Пилоттук мектептердеги Технология предметинин мугалимдери менен пикир алмашуу, алдыӊкы иш — тажрыйбаларды жайылтуу жана кесипке багыт берүү маселелери;

— Окуу программасына ылайык аудиовизуалдык каражаттарды, компьютерди колдонуу маселелери ж.б.

Д.Акматов

Поделиться

Комментарии