Изденген жетекчи ийгилик жаратат
- 14.02.2014
- 0
Ысык-Көл облусундагы Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей- интернаты аймактагы мыкты мектептердин бири. 2012-жылдан бери мектепте “Ийгиликтин паспорту” программасы ишке ашырылып жатат. Бул окуу программасынын максаты — жаштарга жардам берүүгө багытталган. Ошондой эле өзүнө болгон ишенимдүүлүк, адамдар менен баарлаша билүү, чечим кабыл алуу жана алдыга максат коюу сыяктуу жеке сапаттарды жакшыртуу менен саламаттыкты сактоо боюнча маанилүү маселелер тууралуу жаштарга маалымат берүү, ишке орношуу үчүн туура жүрүш-турушту, жамаат менен иштеше билүү, кызматташтык сыяктуу көндүмдөрдү үйрөтүү, жергиликтүү коомчулуктардын маселелерин чечүүдө социалдык долбоорлорду пландоо жана аларды ишке ашыруу иш-чараларына катышууну көздөйт. Эки жылдын ичинде долбоордун алкагында 41 бала окуп-тарбияланып чыкты. Долбоордун ишке ашырылышы, мектептеги устат-шакирттин иштеши, ата-энелерди мектепке тартуу ж.б.у.с. маселелер тууралуу окуу жайдын директору Алтынбек ЖАПАРОВду сөзгө тарттык.
— Алтынбек Дүйшеевич, “Ийгиликтин паспорту” окуучуларга эмне берди?
— “Ийгиликтин паспорту” долбоору балдар үчүн абдан керектүү жана пайдалуу болду. Биздин балдар эки раундда тең катышты. Долбоор балдардын эртеңки турмушка болгон көз карашын калыптандырып, ар кандай кырдаалдан чыгууга, эмоцияга алдырбоого, адамга керектүү нерселерге үйрөттү. Биздин окуучулар ушул программага катышкандан кийин кадимкидей лидер болуп чыкты. Мектептеги 620 окуучунун ичинен долбоордун балдары көзгө көрүнүп калды. Булар өзүлөрүн эркин алып жүрө баштады, орто окуган балдар ударник, отличникке чейин чыгышты. Себеп дегенде, алар мугалимге өзүнүн оюн эркин айтып, “жакшы окусам эртеңки күнү кыйын адам болом” деген максатта кызыгуу башталды. Жеке эле сабактардан эмес, мектептен сырткаркы иштерге да активдүү катыша башташты. Аларга тапшырма берип койсок, сабактан сырткаркы иш-чараларды өздөрү өтүп жатышат. Мисалы үчүн, Жаңы жылды, “Мен бийчимин” деген сынакты “Ийгиликтин паспортунун” бүтүрүүчүлөрү бизди кийлигиштирбей жогорку деңгээлде өтүштү. Бул балдардын жасап жаткан иштерин көргөн башка окуучулар дагы кызыгып, “мен дагы жакшы окусам, мен дагы ушундай лидер болсом” деп калышты. Былтыр 1-раунд бүткөндөн кийин, 2-раундга окуучулар мугалимдерге келип, кезекке туруп, “мен дагы окугум келет, мен дагы долбоорго катышкым келет” дегендер көп болду.
Мени таң калтырганы “эртеңки күнү менин жашоомо керек болот, студент болсом ошол группанын лидери болгонго мен даярмын, же болбосо чет мамлекетке барып окусам, мен эч кандай кыйналбаймын, анткени аларда дагы эмоция, конфликт бар, ал кырдаалдан кантип чыкса болоорун мен билемин. Анткени бул программа дүйнөлүк жаштарга жазылган” деп жогорку деңгээлде сүйлөгөн окуучулар менен сүйлөшкөндө айтышты. “Мен Президент болсом таалим-тарбияны бала бакчадан баштайт элем. Анткени чоңдордун туура эмес мамилесинен бала бакчадагы балдар стресске кабылып, мүнөзү түнт болуп, анын ички даремети, таланты ачылбай калганына өкүнөмүн. Мен дагы ошондой болчумун” деди программага катышкан бир бала.
— Сабак берүүчү машыктыруучуларды ким даярдады? Программанын жыйынтыгы кандай болду?
— Машыктыруучуларды “Балдар институту” коомдук фонду өзү окутуп, даярдап берди. Албетте, баары машыктыруучудан көз каранды. Мисалы, биздин мектептин машыктыруучусу Эл мугалими, менин устатым Жибек Өзүбекова сабактарды жогорку деңгээлде өттү. Биринчи раунддун бүтүрүүчүлөрү “Эрудит” илимий коомун түзүштү. Суктанчу эле балдар болду. Айрым мугалимдер “Ийгиликтин паспорту” долбоорунун темаларын класстык сааттарга коюп, өткөнүн айтып жатышат. Болгондо да тарбиялык саатты класс жетекчилер өтпөй, программаны бүткөн окуучулар өтүшкөн. Алар эч нерседен коркпой, тайманбай, өздөрүнүн билгендерин курдаштарына үйрөткөндөн тажашпайт. Окуучуларды биз көп учурда угуучу катары кабыл алабыз. Ал эми “Ийгиликтин паспортунан” чыккандан кийин, программаны өткөн окуучу мугалимди угуучу катары кылып коет экен. Азыркы күндө 42 бала окуп бүтүштү. Бул команданы “Эрудит” деп койсок болот. Эми дагы 20 баланы окутуп алсак, акырындык менен бүт мектепти ушул программанын алкагында тарбиялап, окутуп чыгат элек. Анткени мектеп, мугалимдер үчүн окуу жайды алдыга тарткан ийгиликтүү окуучулар пайда болмок. Мына “Ийгиликтин паспортун” бүтүргөндөрдүн он чактысы быйылкы предметтик олимпиадага катышат. Алар окууга дилгир болуп, мугалимдин артынан сая түшүп, мейли сабакка, мейли олимпиадага, мейли иш-чарага жоопкерчиликтүү болуп калышты. Буларга “жоопкерчиликтүү болсоң, кыйын инсан болосуң. Баарына так болсоң, баары сени сыйлайт” деген түшүнүк калыптанып калат экен. Иш-чараларда жүргөндөр чын эле жоопкерчиликтүү экенин көрсөтүшөт. “Мен мектептин намысын коргойм, олимпиада дагы мен үчүн күрөш, мен ушуга да туруштук бере алышым керек, бул дагы бизге түзүлгөн кырдаал, мен эң негизгиси эмоцияга берилбей, өзүмдү токтоо кармашым керек” деп калыптанып калган. Азыркы учурда окуучу окуучуну окутуп калды.
Биз жатак-мектеп болгондон кийин, жатаканада иштеген тарбиячыларга семинар-тренингдерге катышуу боюнча график түзүп койгонбуз. Анткени темалар жалаң жашоого ылайыкталган. Жатаканада жашаган 260 баланы 10 тарбиячы карайт. Кээде мугалимдер окуучуну стресстен кантип чыгарууну билбей калабыз. Тарбиячы энеси катары биринчи жардамды бериши керек.
— “Устаттан шакирти өтөт” дегендей, Жибек эженин жасап кеткен иштерин өнүктүргөндөн сырткары, мектепке кандай жаңылыктарды киргиздиңиз?
— Жибек эже бир топ жыл мени директорлук кызматка даярдады. Болгон тажрыйбасын үйрөттү. Чындап келгенде шакирт болуш кыйын экен. Директорлук кызматка келгенде корктум, Эл мугалими жетектеп жүргөн мектепти алып кетемби деп. Эжеден азыр деле жардам сурап, кеңешип турам. Эженин бардык иштерин токтотпой улантып кеттим. Мугалимдер дагы айтат, “башка киши келгенде өзүнүн билгенин жасап, билген саясатын жүргүзмөк” деп. Эже деле “Устаттан шакирти өтүш керек” деп айтып калат.
Мен Америкага билимимди жогорулатуу курсуна барып, америкалык мектептердеги окуу процесси менен таанышып, тажрыйба топтоп келдим. Америкада мектептин ишине ата-энелерди кийлигиштирет экен. Ата-энелер канчалык активдүү болсо, ошончолук билимдин сапаты өсүп, мектептин аброю да көтөрүлөт экен. Америкадан келгенден кийин, биринчи 24 кишиден турган ата-энелер комитетин чакырдым. Тренинг өттүм. Ар бир комитеттин мүчөсү класстагы ата-энелер менен иштеп берүүсүн өтүндүм. Ата-энелерди мектепке тартып, сабактарга катыштырганга жетиштик. Былтыр ата-энелердин мектепке катышуусу 50% жетсе, быйыл планыбызда ата-энелерди 65% тартабыз дедик. Азыр максатыбызга жете элекпиз, бирок 40% тегерегинде болуп калды. Албетте, ата-энелерди күзүндө жана жазында айылда жумуш кайнап турган учурда тарта албайбыз. Ноябрдан мартка чейин алар менен көп иштейбиз. Мисалы, дарыгер ата-энеге кайрылсак, ал дарыгерлерди алып келип, СПИД, жугуштуу оорулар кандай жугат же болбосо тиш оорулар боюнча тарбиялык сааттарды өздөрү өтүшөт. Укук коргоочу ата-энелер келип, окуучулардын укугу, кылмыштуулуктун алдын алуу, мыйзам тууралуу тааныштырып кетет. Анткени ата-энелердин айтып бергени балдарга абдан таасирдүү болот экен. Ошондой эле аларды педагогикалык кеңештерге катыштырып, биздин ийгиликтерди ата-энелер аркылуу келбеген ата-энелерге билдирип турабыз. Мисалы, Дубайга кетчү спортсмен баланын жолун төлөп берүүгө ата-энелер демөөрчү болушат. “Ийгиликтин паспорту” программасы ата-энелерди дагы ойготту. “Мугалим – окуучу – ата- эне” болуп иштесек, анда сөзсүз билим сапаты жогорулайт.
— Мектеп жетекчилери акыркы жылдары окуу процессинен алыстап, менеджер болуп калышты деген ойго кандай карайсыз?
— Туура эле айтылган. Ага чычалабашыбыз керек. Чарбалык жумуштун баары биздин мойнубузда. Кыргызстандын мектептеринин эскилиги жетип калды. Мектеп директору жүгүрүп, бардыгын ордуна коюп берсе, билим сапаты көтөрүлөт деп ойлойм. Директор сырттан инвестиция тартып, долбоорлорго проект жазып, жаңы технологияларды алып келип, жабдыганга аракет кылат. Кумтөрдүн 1% Ысык-Көл облусунун социалдык объектилерин курууга жумшалат. Былтыркы окуу жылында ошого проект жазып, 1956-жылы курулган мектептин сыртынын шыбагы түшүп, карарып турчу, терезелери абдан эски эле. Беш миллион сомго жакын каражат тартып, пластикадан терезе койдуруп, сыртын шыбаттым. Азыр жыргап эле калдык. Мектеп директору заманбап болуш керек. Албетте, биринчи кезекте статустуу мектеп болгондон кийин, мугалимдин, окуучунун интеллектин биринчи орунга коем. Интеллектиси күчтүү балдар жерде калбайт. Азыркы заманда фирма ачабы, депутат болобу, айтор, колунда болгон мезгилде билим алган уясына учуп келип, жардам берет дейм. Мектеп мындан да жаркырайт деп ойлойм.
Учурда бүтүрүүчүлөр менен мектептин сайтын ачтык. Бир бүтүрүүчүбүз Америкада магистратурада окуп жүрүп, баскетбол аянтчасын жасап берди. Келечекте бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясын түзүп, окуучулар менен белгилүү болуп калгандарды жолугуштурсам деген оюм бар. Насаатчылар жаш мугалимдерге тажрыйбаларын берип кетиши керек. Биз жаштар дагы жанталашып алып калсак деген оюбуз бар. Жаштарды үйрөтүп калышыбыз керек. Анткени мектепке эртеңки күнү биз калабыз. Окуучулар дайыма боло берет, андыктан патриот, билимдүү, интеллекти жогору, эрудит окуучуларды чыгарсам деген максатым бар.
Маектешкен
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кутбилим”
Маалымат үчүн:
Мектеп-лицейдин негизги философиясы: Социалдык-экономикалык кырдаалга ыңгайлашып кете алуучу, сапаттуу билимге ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү даярдаган, педагогдордун квалификациясын системалуу жогорулатып жана коомчулук менен социалдык өнөктөштүктө болгон, Ысык-Көл облусунун билим берүү кызматкерлерине консультативдик тейлөө көрсөтө алган маалымдуулук жана билим берүүчү инновациялык борбору бар профессионалдык өнүккөн мектепке айлануу. Бул философияны ишке ашыруу үчүн төмөнкү сапаттарга ээ болгондой лицейчилер тарбияланат.
Инсандык сапаттар | Ишмердүүлүк сапаттар |
Өзүн-өзү өнүктүрүүгө ынанышы Интеллектисин жогорулатууга карата умтулуусу Толлеранттуулугу Адамгерчиликтүүлүгү Билим алууга дилгирлиги Ачык Жоопкерчиликтүү Өз пикири бар Өз мекенинин патриоту болууга ынанышы | Лидер болууга умтулуусу Чыгармачыл болууга умтулуусу Коллективде иштей алуусу Ар түрдүү кырдаалга карата адаптацияланышы Атаандаштыкка жөндөмдүү Баарлаша билүүсү Маалыматтар менен иштей алуусу Ар түрдүү оор кырдаалдан чыгууга карата жолдорду издөө |
Комментарии