ИШТЕРМАНДЫК ЖАНА БИРИМДИК – МЕКЕН ТИРЕГИ

  • 02.08.2013
  • 0

(2013-2014-окуу жылдарында Жалпы билим берүүчү орто мектептердин 5-11-класстары үчүн 1-сентябрда өтүлүүчү сабактын болжолдуу үлгүсү)

Сабактын максаты:

– Окуучуларга коомдун тынчтыгы, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн эмгек жана ынтымак керек экендигин; иштермандык жашоонун негизи, биримдик элдин жетишкендиги экендигин түрдүү маалыматтардан жеткирүү;

– Эгер ар бир жарандын эмгеги коомго, элдердин ортосундагы биримдикте жасалган иштер мамлекетке пайда алып келсе, анда анын түптөлүүсүнө салым кошо тургандыгын туюндуруу;

– Окуучулардын адамзаттын баалуулуктарын сыйлоого; ар бир жарандын коомдогу милдеттерин, жоопкерчилигин арттыруунун зарылдыгына; өз оюн туура жана так айтууга; топтордо, бирдикте иштөөгө тарбиялоо.

Сабакка колдонуучу каражаттар:

Доска, ватман кагаздар, түстүү маркер, фломастер, скотч, ж.б.

Сабакты өтүү боюнча методикалык сунуштар:

Сабактын идеясы иштермандык жана биримдик болуп жаткандан кийин, окуучуларды көбүрөөк эмгектенип, жоопторду өздөрү табуусуна жана ой-жүгүртүүсүнө, тыянактарды өздөрү чыгаруусуна басым жасалды. Топтордо иштөө менен окуучулар биргеликте тапшырмаларды аткарышат жана ынтымакташуу, биримдикке келүү сапаттары өнүктүрүлөт, о.э. ар бир тапшырма кызуу талкууну жаратып, окуучуларда туура көз караштын калыптануусуна багыттайт деп ишенебиз. Сабактын жүрүшүндө мугалим багыттоочу катары гана болуп, эки топтун бири-бири менен баарлашуусуна жана тапшырмаларды аткарууда кандайдыр бир критикаларга жол бербей, окуучулардын бири-биринин укуктарын жана көз карашын сыйлоосуна көз салат.

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ

Мугалимдин кириш сөзү (5 м.):

Эмгек адамды жаныбардан айырмалап турган эӊ негизги өзгөчөлүк. Адамзат биргеликте жасаган эмгеги менен бүгүнкү күндөгү бардык жетишкендиктерге жеткен. Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын бүткүл аймактарына көз салып көрөлүчү, ар бир аймактын өзүнүн географиялык жайгашуусуна жараша экономикалык өзгөчөлүктөрү бар. Биздин жергебиз кандай эмгек менен бүткүл республикага белгилүү? Өз маӊдай тери, мээнеткечтиги менен Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкон кайсы жердештерибизди, айылдаштарыбызды билесиӊер? (Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуу бул – борбордо врач, бизнесмен же депутат болуп иштөө эле эмес, айылда жашап, айылды өнүктүрүүгө таасир этүү да болуп саналат)

Окуучулардын жоопторун уккандан кийин мугалим окуучуларды топторго бөлөт.

1-этап (8 м.)

Мугалим: Урматтуу окуучулар, эмгек жакшы жана бардар жашоого өбөлгө болот. Ошол эле мезгилде эмгектенгиси келбеген, күрмөккө окшоп күрүчтүн артынан суу ичкен, т.а., бирөөнүн эмгегин пайдаланып жашаган адамдар да арабызда бар. Бул жөнүндө акылман калкыбыз кылымдар бою макал-лакаптарды акыл казынасына толтуруп келишкен. 1 – этаптагы тапшырма ушуга байланыштуу: азыр силерге макал-лакаптар жазылган баракча таркатылып берилет. Бул тапшырманы эки баскычта аткарасыӊар.

1-тапшырма «Өзүӊөрдүкүн алгыла» деп аталат. Колуӊардагы макал-лакаптарды карагыла. Аларды толук окуп, маанисин түшүнүү үчүн доскада жазылган сөздөрдү маанисине карап, көп чекиттин ордуна жазгыла;

2-тапшырма «Сөз эмне жөнүндө деп аталат. Макал-лакаптарга жетпеген сөздөрдү коюп чыктыӊар, эми аны кунт коюп окуп чыккыла. Ойлонуп көргүлөчү сөз эмне жөнүндө болуп жатат? Бул жердеги негизги, ачкыч сөз кайсы?

1 – топ үчүн макал-лакаптар:

Ата көргөн ок жонот, эне көргөн …. бычат (тон)

Мээнетиӊ ……… болсо, татканыӊ таттуу болот (каттуу)

Өрүшү малдуу болсо, конушу …………. болот (жайлуу)

Бир күн кетмен чапкан – нандын …….. билет (даамын)

Береке байда эмес – …. , кетмендеп иштелген жерде (элде)

Адамды …….. тааныбайт, ишинен тааныйт (сөзүнөн)

2 – топ үчүн макал-лакаптар:

Аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун …. кесет (жок)

Ач …. урушчаак, арык кой тырышчаак (киши)

….. жоктун наны жок, наны жоктун жаны жок (даны)

Күн караган суукка тоӊот, бай караган ……… өлөт (ачтан)

Кылып ичкен – ……. аш, кыдырып ичкен – оӊой аш (кыйын)

Оозу менен …. оруп, буту менен машак терет (орок)

 

Жооптору:

1-тапшырма: ачтан, даамын, даны, жайлуу, жок, катуу, киши, кыйын, орок, сөзүнөн, тон, элде

2-тапшырма: эмгекчилдик, жалкоолук

Мугалим окуучулар менен тапшырма боюнча кыскача пикир алышат:

Азаматсыӊар, балдар. Кайсы макал силерге жакты, эмне үчүн? Эмгек жана жалкоолук жөнүндө дагы кандай макал-лакаптарды билесиӊер?

Окуучулардын болжолдуу жоопторун уккандан кийин 2 – этапка өтүүдөн мурда мугалим кайрадан класска суроо менен кайрылат:

Демек, жакшы жашоо үчүн эмгектенүү керек турбайбы. А бирок, мен өзүмчө, сен өзүӊчө эмгектене берсеӊ анда кандай болот? Эмне кылуу керек? ж.б.у.с. багыттоочу суроолорду берүү менен мугалим окуучуларды «элдердин ортосунда биримдик болушу керек» деген идеяга алып келиши сунушталат.

2 этап (12 м.)

Мугалим:

Бирге эмгектенүү жалгыз иштөөгө караганда пайдалуу жана берекелүү экендигине ынандыӊар деп ойлоймун. Анткени, кыргыздар кылымдар бою бир ууч калк болуп, бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарып жашап келген. Кыргыздар менен бирге эле Кыргызстанда жашаган бардык улуттун өкүлдөрү мамлекетибиздин өнүгүүсүнө өздөрүнүн талбаган эмгеги менен салым кошуп келишет. Төмөнкү тапшырманы аткаргандан кийин дал ушул эмгек жана биримдиктин ортосундагы тыгыз байланыш жөнүндө кенен түшүнүккө ээ болушуӊарга ишенем.

Бул тапшырма: «Асыл ой берметтери» деп аталат. Кыргыз элинин жана дүйнөлүк ойчулдардын, белгилүү инсандардын эмгек жана биримдик жөнүндө айткан сөздөрү берилет. Булардын арасынан биринчи команда: эмгекке байланыштуу, экинчи команда: биримдик жөнүндө айтылган сөздөрдү гана өз презентацияӊарга жазасыӊар.

 

 «Асыл ой берметтери»

Акбалта: «Керүүгө тиккен багыӊ жок,

Керсейип жүрөр чагыӊ жок,

Талаага тиккен багыӊ жок

Дардайып жатар чагыӊ жок

Эмгек кыл, балдар эмгек кыл

Ачкан курсак тоюнат, арыгыӊар семирет»

Жеӊижок: «Адал эмгек – динибиз

Ата-баба – пирибиз

Өмүрү бүтпөйт тирилик

Жаралган адам эмгектен

Жарыша иштеп түрүнүп»

Гарриет Бичер-Стоу: «Улуттун биримдиги өзүн-өзү сыйлоосуз мүмкүн эмес, ошол эле мезгилде өзүн-өзү сыйлоо эркиндиксиз мүмкүн эмес»

Джон Кеннеди: «Өлкө мен үчүн эмне жасай алат деп сурабастан, мен өз өлкөм үчүн эмне жасай алам деп сура»

Махатма Ганди: «Эгер дүйнөнү өзгөрткүӊ келсе, биринчиден өзүӊ өзгөрүлгүн»

Ральф Уолдо Эмерсон: «Цивилизациянын чыныгы көрсөткүчү – байлык жана билимдүүлүк, шаарлардын курулушу, талаалардагы түшүмдүүлүк эмес, а мамлекет тарабынан тарбияланган адамдын кулк-мүнөзү, тышкы көрүнүшү»

К.Д.Ушинский: «Эгер силер эмгекти туура тандап, ага бүт жан-дүйнөӊөр менен берилсеӊер, бакыт өзү силерди издеп келет»

Фукдид: «Кедейликти тан алуу уят эмес, андан эмгек менен кутулууга умтулбагандык уят»

Хасимото Рюити: «Башкаруучулар эмес, түзүлгөн шарт адамдарды иштөөгө мажбур кылуусу керек»

Авл Корнелий Цельс: «Жалкоолук денени күчсүздөндүрсө, эмгек бекемдейт: биринчиси – тез картаюуга алып келсе, экинчиси – жаштыкты узартат»

Чарльз Дарвин: «Жашоо үчүн күрөштө эӊ күчтүү же эӊ акылдуу аман калбайт, болуп жаткан өзгөрүүлөргө ыӊгайлаша алган адам аман калат»

Белгисиз автор: «Улуу улут – бир нече расалардын аралашуусунун түшүмү болуп саналат; алар бир нече металл курамына кирген жакшы колого окшош»

Тапшырманын жообу: Акбалта, Жеӊижок, Махатма Ганди, К.Д.Ушинский, Фукдид, Хасимото Рюити, Авл Корнелий Цельс, Чарльз Дарвиндин айткандары эмгек жөнүндө,  Гарриет Бичер-Стоу, Джон Кеннеди, Ралф Уолдо Эмерсон жана Белгисиз автордун айткандары биримдик жөнүндө.

Бирок, бул жерде эки аныктама боюнча кенен түшүндүрмө берүү туура болот.

Биринчиси: эки команда теӊ ватманга Махатма Гандинин сөздөрүн жазып алышы мүмкүн, эгер мындай кырдаал жаралса анда эки жактын теӊ жообу туура болуп эсептелет. Анткени, дүйнөнү, т.а. өлкөӊдү гүлдөгөн, бак-дарактуу, заӊгыраган курулуштар менен көргүӊ келсе, өзүӊдүн үйүӊдөн, короо-жайыӊдан эмгектенип башта да бул ишке кошуналарыӊды, тууган-уругуӊду, тааныштарыӊды үндө, чакыр. Натыйжада, элдин бирдиктүү күчү менен мыкты ийгиликтерге жетишүүгө болот.

Экинчиси: окуучулар тарабынан Ралф Уолдо Эмерсондун айткандары да түшүнбөөчүлүктү жаратышы мүмкүн. Анткени, биз багыттап жаткан тарбиялык сөздөргө Эмерсон карама-каршы пикир билдирүүдө. Бул аныктаманы класска төмөнкүдөй түшүндүрүү сунушталат: «Бай, билимдүү болгону менен башкаларга жакшылык кылбаган, муктаждарга жардам бербеген адамдын эмне кереги бар? Таза, заманбап шаарларда жашап, айыл-кыштактын көйгөйүн билбеген, өзүнүн тар маданий чөйрөсүнөн чыкпаган шаардын маданиятынын эмне кереги бар? Жыл бою жыйнаган түшүмүн өзүнүн жана элдин пайдасына иштете албаган дыйкандын эмгегинин эмне кереги бар? Коомдогу бардык социалдык катмарларды бириктирип турган бул – мамлекет. Бай же билимдүү, шаардык же айылдык экендигине карабастан жаран мамлекеттин өнүгүүсү, тынчтыгы жана биримдиги үчүн эмгектенүүсү керек. Ошол эле мезгилде мамлекет өз жарандарынын коопсуздугу, социалдык жана маданий өнүгүүсү үчүн шарт түзүүсү керек». Демек, бул жерде идея мамлекет менен анын жарандарынын ортосундагы биримдик жөнүндө.

Окуучулар тапшырманы аткарып бүткөндөн кийин мугалим топторду презентацияга чакырып, суроолорду берүү менен талкуу уюштурат.

Багыттоочу суроолор:

Эмне үчүн Акбалта Алтайга көчүп барган кыргыздарга мындай сөздөрдү айтып жатат? Кыргыздар буга чейин эмне менен кесиптенишкен эле? Эмнеге Жеӊижок адал эмгекти – эӊ бийик деп эсептеп жатат? Адам кантип эмгектен жаралган? К.Д.Ушинский адам кайсы убакта бактылуу болот деген? Махатма Гандинин айтуусу боюнча сен өзгөрүүнү эмнеден баштамаксыӊ? Эмне үчүн Фукдид кедейликти уят эмес дейт да, эмгектенбөө уят дейт? Дүйнө жүзүндө Кыргызстан жакыр өлкөлөрдүн катарына кошулат, демек, жалпы кыргызстандыктар үчүн эмне уят: кедейликпи же жалкоолукпу? Кыргызстанды бардар жана бай өлкөгө айлантуу үчүн ар бир жаран эмне кылуу керек? Хасимото Рюитинин айтканына кошуласыӊбы, эмне үчүн? Рюитнин мекени Япония жөнүндө эмнелерди билесиӊ? Өнүккөн, алдыӊкы мамлекет статусуна Япония кантип жетишкен? Цельстин айтуусу боюнча, эмнеге жалкоолук денени күчсүздөндүрөт жана картайтат? Дарвиндин аныктамасы боюнча өзгөрүүлөргө ыӊгайлашуу деген эмне?

Гарриет Бичер-Стоу эмне үчүн өзүн-өзү сыйлоо жана эркиндик – улуттун биримдиги деген? Бүгүнкү Кыргызстандын коомдук турмушуна Джон Ф. Кеннединин сөздөрү дал келеби? Сен Кыргызстан үчүн эмне жасай аласыӊ? Ралф Уолдо Эмерсондун түшүнүгүндө цивилизациянын жүзү болгон чыныгы жаран кандай болушу керек? Белгисиз автор тарабынан айтылган сөзгө кошуласыӊбы? Улуу улут болуу үчүн кыргызстандык болуу керек деп ойлойсуӊбу?

3 этап (18 м.)

Мугалим: Акыркы тапшырма «Уламыштарды улай» деп аталат. Эки командага эки текст даярдалган. Ар бир текст үчкө бөлүнүп берилет: башы, ортосу, аягы. Демек, тапшырма үч баскычтан турат:

1. Тексттин башын алгандан кийин бош орунга окуянын мындан кийин эмне болоорун эки-үч сүйлөмдө жазгыла.

2. Тексттин ортосу берилгенде, өзүӊөр жазган болжолдуу жооптор менен салыштырып, экинчи текстке дагы окуянын болжолдуу уландысын жазгыла.

3. Тексттин аягын алганда, болжолдуу жооптор менен салыштырып, окуя бүткөндөн кийин эмне болду, адамдар кантип жашап калышкандыгын жазгыла.

Эскертүү: 1-текст менен иштеп бүткөндөн кийин, ага окуучулар жазган жоопту класс менен талкуулагыла. Андан соӊ тексттин 2-бөлүгүн таркатып, аны иштеп бүткөндөн кийин кайрадан талкуу уюштургула. 3-текст менен иштеп бүткөндөн кийин багыттоочу суроолорду берип, тапшырманы жыйнтыктагыла. Өздөрү жазган жооп окуянын уландысына окшобой калса окуучулар тынчсызданышы же көӊүлү чөгүшү мүмкүн. Мындайда, алардын жообу да өз мезгилинде туура экендигин, балким окуя окуучулар айткан жол менен өнүксө башкача жакшы жыйынтыкка ээ болушу мүмкүн экендигин белгилөө менен аларды шыктандырып туруу керек.

1 – топ үчүн текст

Кызуу кандуулуктун баасы

 

1. Бир жолу Будда өзүнүн шакирттери менен бир кыштактын четинен өтүп баратып, төмөнкүдөй окуяга туш болот. Бул кыштактын жашоочулары анын окууларына каршы болчу. Алар баары үйлөрүнөн чыгышып, жолоочуларды курчап алышты жана жаман сөздөр менен кыйкырып, Будданы жана анын шакирттерин күнөөлөй башташты. Будданын шакирттери да өздөрүнө жааган жаман сөздөрдөн каны кайнап, кыштактын жашоочуларына обдулушту

________________________________________________________________________________________________

 

2. Бирок, Будданын сөздөрү эки тарапты дагы ыӊгайсыз абалга салып койду.

Ал өзүнүн шакирттерине кайрылып: «Силер мени таӊ калтырдыӊар. Бул адамдар өз ишин жасап жатат. Алар мени өздөрүнүн ишенимдеринин жана баалуулуктарынын душманы деп эсептешет. Бул адамдар мени акаараттап жатат жана бул табигый нерсе. Бирок, силер эмнеге ачууланасыӊар? Эмне үчүн бул адамдар силердин аӊ-сезимиӊерди ээлеп, башкарып алуусуна уруксат бересиӊер? Азыр силер алардан көз каранды болуп турасыӊар. Силер азыр эркин эмессиӊер»

Кыштактын жашоочулары Буддадан мындай сөздөрдү күткөн эмес. Алар ыӊгайсыз абалда калып, тынчып калышты. Ошондо Будда аларга кайрылды: «Силер бардык сөзүӊөрдү айтып бүттүӊөрбү? Эгер сөзүӊөр бүткөн эмес болсо, мен кайтканда айтсаӊар болот».

«Бирок, биз сага абдан жаман сөздөрдү айттык да, эмне үчүн сен бизге ачууланган жоксуӊ?» – дешти алар абдан таӊ калышып.

Анда Будда: «Силер эркин адамсыӊар, эмне кылсаӊар – бул өз укугуӊар. Мен буга капа болбоймун. Мен дагы эркин адаммын. Эч нерсе мага таасир этип, үстөмдүк кыла албайт. Мен өз акыл-эсимдин ээсимин. Менин иш-аракетим менин ички сезимдеримден келип чыгат. Биз эртте менен жолдо келе жатып, силердин кыштагыӊарга коӊшу кыштактын жанынан өттүк. Алар мени сый-урмат менен күтүп алышып, жер-жемиштерди жана таттууларды алып келишти. Мен аларга айттым: «Рахмат, биз эртеӊ менен тамактанып алганбыз. Мен алып келгендериӊерге ыраазымын. Аларды менин батам менен кайра алып кеткиле. Анткени, биз өзүбүз менен тамак-аш көтөрүп жүрбөйбүз». Эми мен силерден сурайын: «Мен кабыл албай артка кайтарган тамак-ашты алар эмне кылды деп ойлойсуӊар?»» – деп суроо узатты

______________________________________________________________________________________________________________________________________

 

3. Топтун арасынан бир киши: «Балким, алар тамак-ашты үйүнө алып кетип, үй-бүлөсүнө, балдарына бөлүп бергендир» – деди

Ошондо Будда күлүмсүрөп: «Мен жер-жемиштен жана таттуулардан баш тартсам, демек, алар үйлөрүнө кайра алып кетишти. А силер өзүӊөрдүн ачууӊарды жана каргыштарыӊарды эмне кыласыӊар? Анткени, мен аларды кабыл албаймын. Аларды үйүӊөргө алып кеткиле да эмне кылсаӊар ошол кылгыла……….»

______________________________________________________________________________________________________________________________________

 

2 – топ үчүн текст

Адамдар кантип көпүрө курушту

1. Жаз келгенде дарыянын суусу ашып, эки жээкти бириктирген көпүрөнү жууп кетти. Дыйкандар абдан капа болушту. Анткени, эми шаарга жалаӊ кайык менен барыш керек болот.

— Көпүрөсүз шаарга соода кылганы бара албайбыз. Таштан жаӊы, бекем көпүрө куруш керек – деген чечимге келишти дыйкандар.

Көпүрө курууну күчтүү жана жаш дыйкандарга табышташты. Алар эми гана курулушту башташканда оруп-себүү иштери башталды: жерди айдап, үрөн себип, жер-жемиштерди да отургузуу керек эле.

______________________________________________________________________________________________________________________________

 

2. Ошентип, кыштак көпүрөсүз калды.

Бир дыйкандын дегеле көӊүлү түпөйүл болуп туруп алды. Жай келгенде ал кайрадан көпүрөнү куруу үчүн аракет кыла баштады. Бирок, ага эч ким жардам бергиси келбеди. Өзү жалгыз курууга аракеттенди эле күчү жетпей койду. Кеӊешүү үчүн акылман карыяга келди. Карыя суу куюлган чөйчөктү алды да, гүлгө бир тамчы тамызып, мындай деди:

«Гүлгө бир тамчы аздык кылат, а көптөгөн тамчылар жерди сугарат. Булутсуз жамгыр болбойт, адамдарсыз иш бүтпөйт. Бир күндү белгиле да, адамдарды жыйнагын»

_________________________________________________________________________________________________________________________________________

 

3. Дыйкан кыштактарды аралап, карыянын сөздөрүн айтып чыкты. Белгиленген күнү жүздөгөн дыйкандар жыйылышты. Бирөөлөрү – таш ташып жатса; экинчилери – аны жылмалап, түзөп; үчүнчүлөрү – көпүрөнү орнотуу үчүн пайдубалды даярдап жатышты. Төртүнчүлөрү – токойдон дарак кыркып, дарыя аркылуу агызып келишти. Бир жумадан соӊ көпүрө даяр болду. Анын пайдубалы таштан, жолу бышык жыгачтан болду.

Бардыгы, бул үлкөн жумушту уюштурган дыйканды мактап жатышты. Дыйкан болсо: «Өзүӊөрдү мактагыла. Булутсуз жамгыр болбойт, адамдарсыз иш бүтпөйт» – деди маӊдай терин арчып……

_______________________________________________________________________________________________________________________

 

Багыттоочу суроолор:

Экинчи кыштактын жашоочулары да, биринчи кыштактын жашоочулары да биргеликте аракет кылды. А эмне үчүн Будда эки кыштактын адамдарына теӊ жакшы мамиле жасады? Кызуу кандуулуктун баасы кандай экен? «Ырыс алды ынтымак» деген эмне? Дыйкан демилге көтөрбөгөндө эмне болмок? Эки уламыштан кандай таасир алдыӊар?

Мугалим (2 м.):

Бир күнү бир акылмандан «Патриотизм деген эмне?» – деп сурашыптыр.  Ошондо акылман минтип жооп бериптир: «Патриотизм – бул менин өлкөм баардыгынан мыкты деген ишеним. Анткени, бул өлкөдө сен туулгансыӊ!». Демек, Кыргызстандын кайсы жеринде, кайсы шаар, айылында болбойлу, ал биздин Кыргызстан! А Кыргызстанды өнүктүрүү жана гүлдөгөн мамлекетке айландыруу менин жана сенин эмгегиӊ, ынтымагым. Келгиле, бүгүндөн баштап биздин Кыргызстан баардыгынан мыкты болсун!

Сабактын аягында окуучуларга сабактагы активдүүлүгү үчүн рахмат айтып, жакшы тилектерди каалап, коштошуу.

Үйгө тапшырма: үйдү, короо-жайды тазалоо, короодогу бак-дарактардын тизмесин жана күнүмдүк жасаган иштин регламентин жазып келүү

 

Мугалим үчүн кошумча маалымат:

Акбалта – «Манас» эпосундагы каарман. Акбалта карыя өзүнүн акылдуу жана маанилүү насааттары менен элге жол көрсөтүп, малчылык менен кесиптенген кыргыздарды дыйканчылык кылууга үндөгөн.

Гарриет Бичер-Стоу (1811-1896) – Америкалык жазуучу аял, атактуу «Том байкенин кепеси» романынын автору. Гарриет биринчилерден болуп аялдардын билимдүү болушу жана кул ээлөөчүлүктү жоюу тууралуу жазып чыккан.

Джон Фицджеральд Кеннеди (1917-1963)  – Американын 35-президенти (1961-1963). Анын үч жылдык башкаруусу Кариб кризиси, кара терилүүлөрдүн укугун теӊдөө, АКШнын Аполлон космостук программасынын башталышына туура келет. Киллер тарабынан өлтүрүлгөн.

Жеӊижок (1860-1918) – Өтө Көкө уулу. Кыргыздын төкмө акыны. Жеке адам жөнүндө ырдаган башка замандаштарынан айырмаланып, ал дүйнө, адам, өмүр, замана жөнүндөгү философиялык ырлары менен өзгөчөлөнгөн. Жеӊи жок күрмө кийип жүргөндүгү үчүн «Жеӊижок» деп аталып калган.

Мохандас Карамчанда «Махатма» Ганди (1869-1948) – Индияны Англиянын колониясынан куткаруу үчүн кыймылдын жетекчиси, Индия Улуттук Конгресси партиясынын лидери. Ал дайыма максатка күч менен эмес тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде жетсе болот деп эсептеген. Ошондуктан аны Махатма – «айкөл» деп аташкан

Ралф Уолдо Эмерсон (1803-1882) – америкалык эссе жазуучу, акын, философ, коомдук ишмер. Белгилүү чыгармасы «Жаратылыш».

Сидхартха Гаутама Будда – V к.         Индияда падышанын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал токчулукта жана бай турмушта жашаган. Бирок, дүйнөнүн чындыгын билүү үчүн 29 жашында дербишке айланып үйүнөн чыгып кетет. Аскеттик менен кыйноолордон кутулса болот деген ал, ошондуктан аны Будда – «Көӊүлү тазаланган» деп аташты. Бүгүнкү күндө Буддизм дүйнөдөгү негизги үч диндин бирөөсү. Бирок, окумуштуулар Буддизмди дин эмес, философиялык окуу деп эсептешет.

Ушинский Константин Дмитриевич (1824-1871) – орус педагогу, илимий педагогиканын негиздөөчүсү. Элдик педагогиканын жана тарбиялоонун жактоочусу. Тарбиялоочу окутуунун идеясын сунуш кылган. Негизги эмгектери: «Детский мир», «Родное слово», «Человек как предмет воспитания. Опыт педагогической антропологии».

Фукдид (б.з.ч. V к.) – грек тарыхчысы, Еврипид, Сократтар менен замандаш. Мамлекеттик жана аскердик иштерде кызмат кылган. Өзү көргөн «Пелопенесс согушунун тарыхын» жазган.

Хасимото Рюити (1937-2006) – саясий ишмер, парламентке депутат болуу менен баштаган ишмердүүлүгүндө, финансы министри, андан соӊ соода жана өнөр жай тармагын жетектеп, 1996-1998-жж. Япониянын премьер-министри болуп турган.

Авл Корнелий Цельс (б.з.ч. 25 – б.з. 50–жж.) – римдик философ, врач. 20дан ашык китеп жазган. Анын эӊ белгилүүсү «Искусство». Бул чыгарма: айыл чарбасын, медицина, аскер өнөрүн, риторика, философия жана юриспруденцияны камтыган.

Чарльз Роберт Дарвин (1809-1882) – окумуштуу, саякатчы, эволюция теориясын айтып чыккан. «Түрлөрдүн келип чыгышы» эмгегинде бардык тирүү жаныбарлардын теги бир, адам жаныбарлар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыккан деген теорияны айтып чыккан

Бурул

Козубаева,

Кыргыз билим берүү академиясынын

ага илимий кызматкери.

Поделиться

Комментарии