Иш сапар тажрыйба бөлүшүүнүн зор мектебине айланды

  • 31.05.2013
  • 0

Иш сапар тажрыйба бөлүшүүнүн зор мектебине айландыТалас жергесинде дээрлик үч күн болушкан чыгармачыл мугалимдер жергиликтүү мектептердеги алдыӊкы мугалимдердин иш-тажрыйбалары менен таанышып, билгендерин аларга үйрөтүп, алардан да үйрөнүп дегендей, педагогдук кесипкөйлүгү, тажрыйбасы артып, үйлөрүнө жемиштүү кайтышты. Төмөндө «Кутбилим» газетасынын 60 жылдыгына карата уюштурулган Кара-Буура районундагы иш-чаранын катышуучуларынын таасирлери менен сиздерди тааныштырабыз.

Үрүнса Нурбаева, Сузак районундагы Зулум Жумашев атындагы орто мектептин география мугалими, Билим берүүнүн отличниги:

— Талас баягы ырда айтылгандай абдан кооз жер  экен. Талас суусу, токою, Манас атабыздын күмбөзү, 40 чоронун, Бакай, Кошой аталардын, Каныкей, Айчүрөк апалардын айкелдери, Кароол-Чоку, Манас менен Чыӊгыз Айтматовдун урматына аталган аппапак чокулар, Шекер айылы, Күркүрөө суусу, Дүйшөн менен Алтынайдын теректери, алп жазуучунун ачык асман алдындагы музейи, туулуп өскөн айылындагы музейи Кыргызстандын атуулу катары мени абдан таасирлентти. Ичимден Талас деген бүт кыргызды бириктирген касиеттүү жер экен деп калдым. Мектептерде Манастын, Чыӊгыздын, кыргыздын руху бийик экенин байкадым. Окуучулардын өнөрүнө, өзгөчө Айтматовдун кейипкерлерин, «Манастагы» образдарды өзүндөй кылып аткарганы эсимден кетпейт. Таластык мугалимдердеги бийик патриотизмди, мектептердин улуттук дөөлөттөргө ык коюшун жалпы республика мектептери окуп-үйрөнүп, жайылтышы керек деп ойлойм. Бизге, чыгармачыл мугалимдерге, кокту-колотко бөлүнбөй биригип иштөөгө жол салып берген «Кутбилимчилерге», «Кутбилим–Сабактын» редактору Алимжан Алибековго тереӊ ыраазычылыгымды билдирем.

 

Мукаш Жамангулов, Ак-Талаа районундагы А.Абдраимов атындагы орто мектептин агартуу ишинин ардагери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими:

— Мени Таластагы «Манас-Ордо» тарыхый-этнографиялык комплексиндеги «Манас» эпосунун жана Шекердеги Чыӊгыз Айтматовдун музейи өзгөчө таасирлентти. Чындыгында музей түзүү оӊой иш эмес. Муну мен өз тажрыйбамдан улам билем. Тарыхчы мугалим болгон соӊ, өз элиӊдин өткөнүнө аяр мамиле жасабасаӊ болбойт. Ушуга жаштарды да тарбиялоо керек. Антпесек, глобалдашкан дүйнөдө  не шумдуктун баары балдарга жеткиликтүү болуп турат. «Тарыхы болбой, эл болбойт» дегендей, жаштарга элибиздин өткөндөгү каарман жашоосун эске салып турбасак, алар Кытайдын кийимин кийип, япондун техникасына арбалып, дүйнө ушул экен деп, «Кылым карытар бир күндөгү» маӊкуртка айланып калбайт деп ким кепил болот? Ошон үчүн ар бир жерде ата-бабаларыбыздын өткөн күнүн даӊазалап «Манас-Ордодой» алтынга алмашкыс материалдык дөөлөттөр болушу керек. Мен да өзүм эмгектенген мектепте айылдагы эмгек адамдарынын даӊктуу өмүрүн чагылдырган музей ачкам. Дале  бүтүрчү иштерим көп. Бир топ материалдарды изилдеп, музейди жаӊы экспонаттар менен толукташым зарыл. Тарых деген биз жашап өткөн ар бир күнүбүз. Мына касиеттүү Таласка бардык, областтардан алдыӊкы педагогдордун жыйналып келиши, бул жерде моминтип «Кутбилимдин» 60 жылдыгы зор шаан-шөкөт менен белгиленип отурушу – ушунун баары тарых эмей эмне? Мектебиме кайтып барарым менен, ушул жерде көргөн-билгенимдин баарын кесиптештериме айтып берсем, тартып алган сүрөттөрдү музейге койсом деген оюм бар.

Алмагүл Байзакова, Герман Гмайнер мектебинин башталгыч класстар мугалими, Билим берүүнүн отличниги:

— мен буга чейин башка мекендештерибиз сыяктуу Манастын болгонуна ишенсем да, анын Таластагы күмбөзүнө жетик  баа бербей жүргөм. Көрсө, күмбөз Манас атабыздыкы экен. Бул маалыматты мен «Манас» эпосунун музейинде болгондо билдим. Мында бардыгы ирети менен турат. Стенддерде белгилүү манас изилдөөчүлөр А,Н.Бернштам, А.Беленицкий, В.В.Бартольд, М.В.Массон, Г.А. Пугаченковалардын илимий ачылыштары даана берилген. Буларга кошумча экскурсовод «Манас» күмбөзүндөгү акыркы археологиялык казууларда мурда белгилүү болгон аял кишинин табытынан башка, бою 2,5 метр келген баатыр адамдын табыты табылганын айтып өттү. Илгери жоокер заманда хан тургай, бир уруунун баатыры өлгөндө, анын коюлган жерин душман көзүнөн жашырышканы белгилүү.

Иш-чара учурунда өтүлгөн сабактарга келсек, алардын баары абдан таасирлүү болду. Себеби мугалимдердин көпчүлүгү «Манас», Айтматов темасына кайрылышкан. Ал эми бул темалар кыргыз мектептеринде эмгектенген мугалимдер үчүн түбөлүк темалар деп ойлойм.

 Ирисова Марьям, Президенттик «Алтын-Шаты» мектебинин орус тили жана адабияты мугалими, Билим берүүнүн отличниги, Россия элчилигинин Ардак грамотасынын ээси:

— Мен үчүн да Айтматов, «Манас» эпосу – түбөлүк темалар. Бул темаларды балдарга жеткирүүдө аябай изденем. «Кутбилим-Сабакка» ондогон сабак иштелмелерди жаздым. Мектепте бул экөөнө арнап атайын стенддерди жасадым. Бирок бул жолку сапар баарынан артык иш болду. «Манастын» күмбөзүндө, «Манас» эпосунун музейинде, Чыӊгыз Айтматовдун Шекердеги музейинде болдум. Дүйшөндүн теректерин, Султанмурат баш болгон өспүрүмдөр кош айдаган талааны, Ысмайылдын үӊкүрүн көрдүм.  Айтматовдун улуулугун ойлоп көзүмө жаш тегеренди. Ичимден балдарга эми «Манас», Айтматов тууралуу дагы кызыгыраак кылып айтып берем дедим. Таластан пикирлеш кесиптештерди таптым. Мага алардын өз кесибине болгон сүйүүсү, балдарга жасаган мамилеси, чыгармачылыгы жакты. Айрыкча, Нуралиева Динара жетектеген Чыӊгыз Айтматов атындагы орто мектептин мугалимдеринин жасап жаткан иштери мактоого татырлык экен. Мындагы жогорку класстагы окуучулардын «Форум» театры, «Авангард» агитбригадасы биз үчүн нагыз ачылыш болду. Борбордун мектептеринде жок иштерге күбө болдук. Көрсөтмөлүү сабактарычы? Биринен бири мыкты! Ушуларды жаратып жаткан алдыӊкы педагогдордун атын атап өтөйүн. Алар —  отуз жылдан бери балдарга Пушкин тилин талыкпай үйрөтүп келе жаткан Анара Абдрахманова, педстажы 25 жылга чукулдап калган башталгыч класстар мугалими Татьяна Мачугина, дагы бир орус тилчи мугалим Марта Тургунбаева жана англис тилден сабак берген Гульнара Жумашевалар. Бул мугалимдердин артында албетте, мектеп директору Динара Нуралиеванын зор уюштуруучулук эмгеги жатат. Динараны көрүп бардык мектеп жетекчилери ушундай болсо экен деген тилекте калдым. Нагыз мугалимдердин мугалими!

 Дюшембиев Мирбек, Түп районундагы Өмүр баатыр атындагы орто мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары:

— Бул жолу мен өзүмдүн ишиме байланыштуу көп жаӊылыктарды үйрөнүп кайттым. Мага Кара-буура районундагы мектептердин өзүн-өзү башкаруу уюмдарынын иштери жакты. Мурунку совет доорун эске салганы менен биздин балдар-кыздар кызыл, көк түстөгү баш кийимдер, барабан, туулары менен жыйнактуу, бирдиктүү көрүндү. «Манастын» гимнин да шыр ырдашканы көӊүлгө толду. Район боюнча жума күндү Улуттук кийим күнү деп жарыялашканы  колго аларлык экен. Кээ бир мектептерде мектеп формасын да бүтүндөй улуттук маӊызда бүтүрүүгө кадам таштап жатышыптыр. Төрөкул Айтматов атындагы мектепте соцпедагогдун иши жакшы жолго коюлуптур. мурда мектеп директору болуп эмгектенген мектептин соцпедагогу, 43 жылдык педагогдук чоӊ тажрыйбасы бар Курбан Бешкемпировдун иш-тажрыйбасы менен кенен тааныштым. Азыр да жаӊы ишин иш билгилик менен аткарып жатканы байкалып турат. Тренингден өтүп, жаӊыны үйрөнсөм деген далалаты күч. Мектепте окуучулар, мугалимдер арасында анонимдүү анкеталарды алып, көйгөй жаралган жерди алдын ала билерин айтты. Балдардын, өспүрүмдөрдүн агайга болгон ишеними чоӊ, анткени ал өз ишинде соцпедагогдун Алтын эрежесин катуу кармайт. Курбан агайдай соцпедагогдор болсо, мектеп ичинде, окуучулар ортусунда көйгөйлөр болбойт деп ишенем.

 

Жаманкулова Инаят, Кара-Суу районундагы Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Билим берүүнүн отличниги:

— Бул иш-сапар мен үчүн эӊ зор ачылыш болду. Ал 38 жыл мектепте иштеген мендей мугалимдин үмүтүн жандырып, келечекке дагы зор максаттарды коюп иштөөгө түрткү берди. Биз менен кошо жүргөн атактуу мугалимдер Мукаш Жамангулов менен Марьям Ирисованын жаӊыны билсем, үйрөнсөм деген аракеттерин көрүп,  алардай мугалим болууну тилек кылдым. Чындыгында эмне деген педагогдор! Такыр чарчоону, чалыгууну билбейт!  Ал эми бизде отуз жыл иштеп коюп эле болду дегендер канча!  Насаатчы деп ушуларды айт!

Кесиптешим Замира Атакулова экөөбүз  иш-чаранын жүрүшүндө  насаатчылык, иш пландарды биргелешип пландаштыруу, окуучунун окуп-үйрөнүүсүнө ыӊгайлашкан сабактын максаттарынын коюлушу, калыптандыруучу баалоону ишке ашыруу боюнча биздин мектепте «Сапаттуу билим» долбоорунун алкагында топтолгон тажрыйба менен бөлүштүк. Мугалимдер, айрыкча биздин топтогу калемгер-мугалимдер көӊүл коюп угуп, өздөрү кызыккан суроолорун беришти. Бул иш сапар өз ара пикир алышуунун, тажрыйба бөлүшүүнүн нукура мектебине айланды десем ашыкча болбос.

 А.Алибеков, «Кутбилим», Бишкек – Кара-Буура — Бишкек

Поделиться

Комментарии