ИПОТЕКА: МУЗ ОРДУНАН ЖЫЛДЫБЫ?

  • 13.06.2016
  • 0

КР Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын экинчи этабы иштей баштады. Соңку маалыматтарга ылайык, Ведомстволор аралык комиссия 773 катышуучудан түшкөн кайрылуу боюнча тизмени карап чыкты.

МИКтин өнөктөштөрү көбөйүүдө

Азыркы учурда Мамлекеттик Ипотекалык  Компания иштеп чыккан “Коммерциялык банктар аркылуу кайра каржылоонун механизми” модели аткарылып жатат. Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ипотекалык насыяларды өнөктөш банктар аркылуу жүзөгө ашыруу болуп саналат. Өнөктөш банктар катары ААК «РСК Банк», ААК «Айыл Банк», ААК «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН», ЖАК «Банк Компаньон» МИК менен иш алып барышууда. Ошондой эле ЖАК «Азия Банкы», ААК «Capital Bank» жана ЖАК “БТА Банк” менен кызматташуу тууралуу келишимдерге кол коюлду. Калган банктар менен дагы кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

МИК программанын катышуучуларына насыя берүү үчүн “Жеке турак жайды куруу” модели тууралуу маалымат таратты. Бул модель боюнча бардык расмий жана тастыктоочу документтери бар жарандардын жеке менчигинде жер тилкеси же курулуп бүтүрүлө элек үйү болушу шарт. Мында катышуучунун өзүнүн жана чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн дагы турак жайларынын жок экендиги эсепке алынат. Насыя турак жайды курууга же курулушу бүтө элек үйдү толук бүткөрүүгө берилет.

Эске сала кетүүчү жагдай, үйдүн курулушун бүткөрүүгө берилчү насыя ошол аймакта  белгиленген курулуш  нормаларына жана эрежелерине ылайык келгенде гана берилет.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын пресс-борборунан алынган маалыматтарга ылайык, компаниянын кызматкерлери жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантышууда. Жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери насыя алууга кайрылган жарандардын документтерин карап, талап кылынган кагаздарды кандай даярдоо керектиги тууралуу окутуп, үйрөтүп жатышат. Коңшу мамлекеттер менен тажрыйба алмашуу максатында Россия, Германиянын адистери менен тыгыз байланышта иш алып барышууда.

Жогоруда белгиленген түшүнбөстүктөр маалыматтын жетишсиздигинен улам орун алып жатат дешет МИКтин кызматкерлери. Андыктан аймактардан тышкары график боюнча Бишкек шаарындагы мамлекеттик администрацияларында да каалоочулар үчүн түшүндүрүү Катышуучулардын тизмесин түзүүдө МИК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө”  убактылуу жобого таянат.  Бул документке ылайык, ипотекалык насыя алган учурда курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык насыянын акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары Программанын катышуучусу болушат. Бул Программага  катышуу үчүн жарандар документтерди жашаган жери боюнча шаардын мэриясына же жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга беришет. Мамлекеттик органдарда жана уюмдарда иштеген жарандар арыздарын жана документтерди иштеген жерине беришет.

Түзүлгөн тизме МИКтин сайтында жайгашат.

Тизмеге кирген 101 адам насыя алуудан баш тартты

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалымат-борборунан билдиришкендей, ушул мезгилге чейин өлкө боюнча 34 адамга кредит берилип, жалпы суммасы 34 миллион 500 миң сомду түздү. Январь-февраль айларында түзүлгөн биринчи тизмеге 185 адам кирген.

Программанын максатына ылайык, жеңилдетилген кредиттер эң ириде социалдык тармактын турак жайга муктаж жана аз маяна алган кызматкерлерине берилүүдө. Жакында эле эл өкүлдөрү айрым жарандар ипотеканын алгачкы үлүшүн төлөй албагандыктан, насыя алуудан кайра баш тартып жатышат деген маселени көтөрүп чыгышкан эле. Бул жагдайга МИКтин төрагасы Бактыбек Шамкеев мындай түшүндүрмө берди: “Биринчи тизме түзүлгөн январь-февраль айларында  Убактылуу жобо бекитиле элек болчу, ошондо багытты туура эмес түшүнүү болуп, көп адамдар үстөк пайызы жок насыя берилет же квартира ижарага берилип, аягында аны биротоло сатып алабыз деп түшүнүп, тизмеге киришкен. Кийин шарттарды толук түшүнгөндөн кийин 71 адам тизмеден чыгууга мажбур болду. Анткени, жобо боюнча квартиранын жалпы баасынын алгачкы үлүшү катары 10 пайыздан 30 пайызга чейинки каражатын төлөө зарыл. Ошого жараша насыя жылдык үстөк менен берилет. Кайра баш тарткандар төлөй албайт экенбиз дешти, андан тышкары 30дан ашык адам күзүндө мал саткандан кийин төлөйбүз дешти. Ошону менен баш тарткандардын жалпы саны 101 адам болду. Азыр 20дан ашык адамдын документтери банктарга жөнөтүлгөн”.

Эл өкүлдөрү МИКке эмнеге ишенбей жатышат?

КР ЖК депутаттары башынан эле КР Өкмөтүнүн бул программасынын иш жүзүнө ашаарына күмөндөр экендигин билдирип келишкен. Алар ипотекалык компания алдыга коюлган максатына жете албайт деген кескин пикирлерин айтышууда. “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороевдин билдиришинче, ипотекалык насыянын шарттары өтө оор болгондуктан, бюджеттик мекемеде иштеген кызматкерлер аны төлөй алышпайт. Эл өкүлдөрү ага кошумча программаны ишке киргизип жаткан кезде сунушталган механизмдер азыр толук иштебей жатат деген жүйөнү бетке кармашууда. Буга МИКтин аппаратына компания алгачкы иштеген алты айда эле жумшаган каражаттын көлөмү да кошумча себеп болуп жаткандай.

—          Компания ишке киргенден бери алты айга жакын убакыт өттү. Ушул мезгил ичинде компанияда иштеген 23 адамдын маянасына, эмеректерине, машина жана бензинине кеткен каражаттын көлөмү 25 миллион сомдон ашты. Ал эми берген кредиттин көлөмү 30 миллион сомдун гана тегерегинде болууда, — дейт ЖК депутаты М.Жээнчороев.

ЖК депутаты эмне үчүн насыя алууданэл кайра баш тартып жаткандыгынын себебин төмөндөгүдөй чечмелейт: “Башында эле Премьер-министр Темир Сариев ипотекалык кредиттерди эң кеминде үч-төрт түр менен беребиз деп айткан. Эгерде биринчи 30% үлүшкө каражатыңар жетпесе, башка бир түр менен беребиз, эгерде үстөк процентти төлөй албасаңар ссудалык кассаларды ачып туруп беребиз, эгерде ижарага алып, кийин сатып алабыз десеңер ага да жол беребиз деп айткан. Ошол себептен Кыргызстандын бардык аймагынан тизмеге киргендер көп болгон, бирок азыр 12-14 пайыздык үстөгү менен бир гана классикалык түрдөгү кредит берилип жатат”.

Ипотека боюнча үй алган алгачкы мугалим

КР Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын алкагында ипотекалык насыя алып үйлүү болгон бактылуу айымдын аты Нуржана Аманова. Ал Жалал-Абад шаарындагы №14 С.Давлетов атындагы гимназия лицей-мектебинде мугалим болуп иштейт. Катардагы агартуучу айымдын үйлүү болушу анын үй-бүлөсү үчүн эле эмес, бүтүндөй эл-журт үчүн да кубанычтуу чоң жаңылык болду.

Бактылуу үй ээси, эки баланын энеси Нуржана Аманова ипотекалык насыянын негизинде 1080 000 сомдук 2 бөлмөлүү батирдин сертификатын РСК ААК банкынын Жалал-Абад шаарындагы филиалынын директору Азамат Нарматовдун өз колунан алса, батирдин ачкычын ага КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад  облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов  тапшырды.

— Мен мамлекеттик ипотекалык насыянын негизинде турак-жай сатып алуу боюнча шаардык мэрияга арыз менен кайрылганмын. Эми минтип, турак-жайга ээ болуп олтурамын. Үй-бүлөбүздүн кубанычында чек жок. Анткени биз буга чейин акча төлөп батирде жашачубуз. Мен шаардагы Спутник кичи шаарчасынын Жеңи-Жок көчөсүндөгү №52 үйдөн эки бөлмөлүү батирди ипотекалык насыянын негизинде сатып алуу үчүн Жалал-Абад шаарындагы РСК ААКнын банкынын филиалына өздүк салым катары 120 миң сом акчаны накталай төктүм. Жалпысынан 1080 000 сом ипотекалык насыяны 15 жылга алдым. Эми айына жеңилдетилген насыяны 14 пайыз менен төлөп турамын,- деп түшүндүрдү Нуржана Аманова.

Жатак үйлөрдүн тарбиялануучуларын турак жай менен камсыздоо каралууда

«Жеткиликтүү турак-жай – 2015-2020» программасын ишке ашыруу алкагында балдар үйүнүн жана жатак интернаттардын бүтүрүүчүлөрү үчүн үй берүү маселеси каралмакчы. Бул тууралуу КР вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева Кыргызстандагы мамлекеттик турак жай маселелерин координациялоо боюнча ведомство аралык комиссиянын кезектеги жыйынында билдирген эле.

«Маселенин социалдык маанисин эске алуу менен курулуп жаткан үйлөрдөгү квартиралардын бөлүгүн балдар үйүнүн жана жатак интернаттардын бүтүрүүчүлөрүнө, балким, жеңилдетилген ижара шартында берүү механизмин иштеп чыгуу зарыл», – деп белгилейт вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева.

Учурда «Жеткиликтүү турак-жай – 2015-2020» программасына катышуу үчүн керектелген документтердин санын кыскартуу үстүндө иш уланууда. Мындан тышкары, программанын катышуучуларынын санын жогорулатууга жана жеңилдетилген ипотека аркылуу сатып алууга мүмкүн болгон турак-жай фондунун спектрин кеңейтүүгө мүмкүндүк берүүчү башка жаңы ыкмаларды киргизүү боюнча иш жүрүүдө.

Турак жай маселеси көптөн бери чечилбей келаткан татаал маселелердин бири болгондуктан, анын айланасында талаш-тартыштардын болуп жатканы да мыйзамдуу көрүнүш болсо керек. Жарандардын турак жайга муктаждыгын канааттандыруу маселеси буга чейин аздыр-көптүр күч структура кызматкерлеринде чечилип келген. ИИМ, Коргоо министрлиги ж.б. ведомстволук үйлөрдү куруп, кызматкерлерин четинен турак жай менен камсыздап келатат.

Кошумча маалымат

Кимде суроолор пайда болсо “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун ипотекалык насыя тууралуу (312) 62-14-34 шашылыш байланыш телефону боюнча чалып, сурап билсеңиздер болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасы боюнча жалгыз гана “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому өз иш-аракеттерин алып барат.

Турак жай курулуш кооперативи (ТКК) жана башка коомдук бирикмелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” Программасын ишке ашырып жаткан ыйгарым укуктуу структура болуп саналбайт жана булар менен Мамлекеттик Ипотекалык Компания бул Программанын алкагында эч кандай кызматташпайт.

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания”  ачык акционердик коому  маалымат алууну каалаган жана Программанын тизмесине катталуучу жарандардан эч кандай төлөм акы албайт. Такталбаган маалыматтарга ишенбеңиздер. Ортомчулардан этият болуңуздар. Эгерде мыйзамсыз акча жыйнаган учурларга туш болуп калсаңыздар, дароо укук коргоо органдарына кайрылсаңыздар болот.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кутбилим”

Поделиться

Комментарии