ИНСАНДЫ КАЛЫПТАНДЫРУУДАГЫ ЧЕТ ТИЛИНИН РОЛУ

  • 31.05.2013
  • 0

Бүгүнкү бийик деӊгээлдеги маалымат технологияларынын заманында инсанды калыптандыруу маселеси гуманитардык тереӊ мааниге ээ болуп келет. Ошол эле учурда инсандын коомдук мамилелерге катышуусундагы тилдин эбегейсиз зор ролун баса белгилеп кетмекчимин.

Адамдын жан дүйнөсү канчалык бай болсо анын ой жүгүртүүсү да ошончолук тереӊ болору бышык. Демек, мындай учурда инсан татаал жана ар түрдүү тил каражаттарына муктаж болот. Тил байлыгына ээ болгон адамдын ой жүгүртүүсү ар тараптуу болуп, анын жан дүйнөсү, жашоосу руханий дөөлөттөр менен сугарылат. Натыйжада коомдун маданий-тилдик катышынын абалы жакшырып, социомаданий туруктуулук орун алат, башкача айтканда, пикир алышуу маданияты өркүндөйт.

Демекчи, социомаданий туруктуулук зор мааниге ээ. Албетте, тил жаӊы сөздөр менен байып, тирүү организм катарында айрым сөздөр тарыхыятка (историзм) жана архаикага (архаизм) айланып да кетет. Бирок адабий тил кайсыл учурда болбосун маанисин жоготкон эмес. Адабий тилге негизделген тилдин тазалыгы – социомаданий туруктуулуктун өбөлгөсү болуп келүүдө. Мындай негиз, албетте, ар бир элдин тилине мүнөздүү жана бул жерден инсанды калыптандыруудагы чет тилинин ролуна да токтолбой кое албайбыз.

Студенттерди дүйнөлүк маданияттын руханий дөөлөттөрү  менен сугарууда чет тилсиз бийик максаттарга жетишүү мүмкүн эмес. Мындан улам биздин замандын дүйнөлүк маданиятына жана цивилизациясына катышуу жараянындагы (процессиндеги) баарлашууда чет тилин курал катары пайдалануу зарылчылыгы келип чыгат. Демек, чет тилин окутуунун негизги максаты – окуучулардын чет тилге болгон жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүү менен инсанды калыптандыруудагы чет тилинин ролун арттырууда турат.

Бул жагынан алып караганда, бүгүнкү күндө англис тилинин ролу Кыргызстанда өсүп-өркүндөп барууда. Ал эми инсанды калыптандыруу деп ошол өсүп келе жаткан жаш адамга туура тарбия берүү аракетин айтсак болот. Демек, туура тарбия берүү – коомдун адеп-ахлактуу, маданияттуу, билимдүү, илимдүү, тартиптүү мүчөсүн тарбиялоо дегенди билдирет. Мына ушундай негизде англис тили мугалими катарында мен ар кандай ыкмаларды колдонуу менен инсанды калыптандырууга чоӊ көӊүл бөлүп келем. Маселен, жыл сайын декабрь айында I курстардын арасында англис тили боюнча олимпиада өткөрүп турам. Олимпиадада студенттердин англис тилине болгон кызыгууларын арттыруу, чыгармачыл демилгелерин өнүктүрүү сыяктуу бир катар милдеттер коюлат. Ушуну менен эле катар англис тилине кызыккан жөндөмдүү студенттерди аныктоого дагы мүмкүнчүлүк болот. Олимпиада үч тур менен өткөрүлүп, өзүнө англис тилинде окулган текстти угуп ага жооп берүү, грамматика жана өлкө таануу боюнча тестирлөө, англис тилинде маектешүүнү камтыйт. Мындай иш-чара студенттердин англис тилине болгон кызыгууларын арттырып, тил үйрөнүүдөгү тажрыйбаларын бекемдейт жана жөндөмдүү студенттерди аныктаганга мүмкүнчүлүк берет.

Кадыресе сабак өтүүдө окуу программасынын калыбынан чыкпай түрдүү ыкмаларды колдонуу жакшы натыйжа береринде шек жок. Андай сабактардын бири «Саякат» сабагы. Бул сабактын кызыктуусу, маселен, сабакка бир жалпы тема коюлат да поезд менен чогуу саякатка чыгабыз, ошол поезд жүргөн темир жолдо 5 бекет белгиленет. Ар бир бекетке ат коюлат, айталык, «Көркөм окуу» бекети, «Грамматика» бекети, «Лексика» бекети, «Музыка» бекети жана башкалар. «Көркөм окуу» бекетинде студенттер англис тилинде көркөм окуп үйрөнүшсө, «Грамматика» бекетинде англис тилинин грамматикасына көӊүл бурулат, «Лексика» бекетинде болсо англис тилиндеги жаӊы сөздөр менен таанышып, аларды жаттап кала алышат. Ал эми «Музыка» бекетинде англис тилиндеги белгилүү бир ыр жалпы аудитория менен ырдалып окуучулардын кызыгуусун болуп көрбөгөндөй арттырат да, чет тилин үйрөнүүгө кошумча шык берет. Сабак өтүүдөгү мындай ыкманын дагы бир артыкчылыгы — студенттер жамаат менен иштегенге үйрөнүшөт. 

Инсанды калыптандыруудагы чет тилинин ролун арттырууда белгилей кетүүчү маанилүү маселе – бул биздин окуу жайдын юрист адистерин даярдоодогу өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу. Себеби англис тилин окутууда  анын лексикасы юридикалык сөздөр менен байытылышы шарт.

Албетте, чет тилин окутууда көптөгөн усулдар бар. Мындай усулдардын бири — сабактан тышкаркы иш-чаралар болуп эсептелет. Тажрыйба көрсөткөндөй, сабактан тышкаркы иш-чараларды студенттер дайыма кызыгуу менен кабыл алып келишет. Маселен, англис тилинин жумалыгын ар бир апта сайын өткөрүп турам.

Бул багытта сабактан тышкаркы иш катарында студенттерге Улуу Британия өлкөлөрү (Англия, Шотландия), Түндүк Ирландия, Америка Кошмо Штаттары, Канада, Жаӊы Зеландия, Австралия сыяктуу мамлекеттердин элдери, маданияты, каада-салттары, жаратылышы жана башка өзгөчөлүктөрү жөнүндө слайд-шоу жасап келүүгө тапшырма берилет. Ар бир студент слайд-шоу жасоо менен изденүүдө болуп, ошол элдердин тилинде материал даярдашкандыктан, көптөгөн маалыматтарга ээ болушат, сөз куржуну байыйт. 

Дагы бир белгилей кетүүчү маселе, мезгил-мезгили менен ачык сабактардын өткөрүлүп турушу талапка ылайык болот. Себеби ачык сабак учурунда студенттер өздөрүн кадыресе сабакка караганда өзгөчө жоопкерчиликтүү сезишип, баардыгы сабак учурунда активдүү иштегенге аракет жасашат. Мунун натыйжасында мурунку алган билимдеринин  бекемделишине жана жаӊы материалдардын тереӊ өздөштүрүлүшүнө өбөлгө түзүлөт.

Акырында айта кетүүчү маселе — чет тилин үйрөтүүдө мугалимдин дайыма чыгармачылык изденүүдө болушу абзел. Себеби, биз, мугалимдер, келечек муунга билим эле бербестен, аларды коомдун татыктуу инсандардынан кылып тарбиялоого жоопкербиз. Ошондуктан башка сабактар (предметтер) сыяктуу эле чет тилинин да инсанды калыптандырууда өз орду бар.

А. Молдалиева, КМЮА юридикалык колледждин англис тили мугалими, КР билим берїїсїнїн отличниги

Поделиться

Комментарии