ЭЛ БАКТЫСЫ ҮЧҮН ТУУЛГАН ИНСАН

  • 19.10.2015
  • 0

 Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден тартып, эл аралык аренада чет өлкөлөр менен паритеттик негизде мамилелерин түзө баштагандыгы белгилүү. Мамлекетибиз өз эгемендүүлүгүн расмий  жарыялаганда алгачкы өлкөнүн эркиндигин тааныган чет өлкөлөрдүн бири — Иран Ислам Республикасы болгондугун баардыгы эле биле бербесе керек. Андыктан бүгүнкү дүйнөлүк саясаттын чордонунда турган Иран мамлекети ким деген суроо туулат эмеспи. Ушул багытта, ага жооп катары жаңы жарык көргөн, «Кыргызстан-Иран» достук коомунун президиумунун мүчөсү, Чыгыш университетинин пайдубалын түзгөн жана мурунку ректору, көрүнүктүү иранист, тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушевдин  «Имам Хомейни жана Иран ислам революциясынын жетишкендиктери» аттуу китебин айтсак болот, жана аны окурмандарга арналган ары ийгиликтүү жана кызыктуу эмгектердин бири катары эсептөөгө толук негиз бар. Анткени автордун  курч калеминен жаралган бул баалуу эмгек эгемендүүөлкөбүздөгү Иран Ислам Революциясындагы Имам Хомейнинин ишмердүүлүгү, андан мурунураак (2012-ж.) жарык көргөн  эки элдин карым-катнашы жөнүндөгү «Кыргызстан-Иран мамилелерине 20 жыл» деген аталыштагы китептери  туңгуч китептерден болуп калды десем эч жаңылышпайм.

Маалым болгондой,  Имам Хомейни өзүнүн болгон өмүрлүк дараметин Иран өлкөсүнүн саясий, экономикалык, коомдук жана маданий турмушунун алгалап оңолушуна арнап, мамлекетинин эркиндигин, көз карандысыздыгын түзгөн алгылыктуу иштердин башында турган улуу инсан.  Ал ислам динин терең таанып билген  билимдүү  адам катары  Иран эли менен өзүнүн  «улуу жүрүшүн» ишенимдүү баштаган. Имамдын  куралы – бул калем,  ал эми анын сөзү дайыма курч, калыс жана күчтүү чыгып, иран элинин жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алып, эзүүчүлөргө  каршы багытталып келген.  Анын  иш билгилиги, жөнөкөйлүгү,  мусулмандардын ыйык милдеттерин кылдат түшүндүрүү менен карапайым элдин көзүн ачып, узак бою агартуу ишине бел байлаган.

Тандаган жолунун туура жана  нукуралыгына, өз ишмердүүлүгүнө терең ишенүү менен Имам Хомейни диктатурага  кандай каршы туруу керек экендигин кажыбас жеке тажрыйбасынан көрсөтө алган. Буга анын «Мен өз жүрөгүмдү силердин тыңчыларыңардын бычагы үчүн даярдап койдум, бирок мен эч качан зордук-зомбулукка макул болбойм» деген ачык сөзү мисал боло алат.  Ал Кудай жолундагы баардык мусулмандардын көңүлдөрүн жубатып,  талыкпаган-танбаган туруктуулукка үндөгөн. Анын «Ислам дини баардыгына акыйкаттуу башкаруу үчүн так-таасын болушу зарыл» — деп айтып кеткени бүгүнкү күндө дагы актуалдуулугун жоготкон жок.

Имам  Хомейни Революциянын жеңишинин негизги түркүгү жана фактору болгон, ал революциялык ислам идеясын тастыктагандардын эле эмес, аны жүзөгө ашыра алгандардын да бирден-бири болгон. Өзүнүн узакка созулган кажыбас иш аракеттеринин натыйжасында, Имам Хомейни  XX-XXI  кылымдар аралыгында  Иран мамлекетин чыныгы  көз карандысыздык, эркиндик, атак-даңк, ал эми элин —  урмат-сый жана кадыр-барк менен камсыз кыла алды десек жаңылышпайбыз.

Дегеле Имам Хомейнинин көрөгөчтүк жетекчилиги алдындагы Ислам революциясы  башка революциялардан  олуттуулугу менен айырмаланып турат. Ал карапайым элди диний негиздерге жана рухийлүүлүккө кайтып келүүгө чоң түрткү берген. Бүгүнкү күнү Ирандагы Ислам революциясы  көптөгөн жүз жылдын аралыгындагы алгачкы диний-саясий революциялардын бири болуп тарыхта калды. Эгерде 1789-жылдагы Француз революциясы монархияны жоготуу менен светтик социалдык-саясий түзүлүштү, ал эми  1917-жылкы Россиядагы Октябрь революциясы пролетариаттын диктатурасын  орноткон болсо,  1979-жылдагы Ислам революциясы шах режимине чекит  коюп, анын ордуна дүйнө жүзүнө шариаттын эрежелерине негизделген дин кызматкерлеринин саясий жетекчилигинин үлгүсүн берди десек болот.

Китепте  А.Ормушев, Имам Хомейнинин революциялык жалындуу каарман демилгеси баардык мусулмандардын, өзгөчө жаш муундардын шахтын бийлигине каршы  чыгууларына чоң дем бергендиги, шахтын чет өлкөлүктөргө сатылып, ислам динин сыйлабагандыгы ж.б.у.с. байланыштуу  элдин иш таштоолору башталгандыгы жөнүндө  далилдүү фактыларга кенен токтолуп кеткен.  Чындыгында  эле  Имам Хомейнинин асыл идеялары каршылаштардын тынымсыз чабуул жана бут тосууларына карабай жүзөгө ашып, мамлекет коомдук-саясий, экономикалык жана илимий-техникалык жаатта өсүп-өнүгүп, дүйнөдөгү эң бийик деңгээлге жете алды.  Айтмакчы, жаш курагына карабастан ошол кездеги «батыштын саясатын» жүргүзгөн, авторитардык шах Р.Пехлевинин бийлигин сынга алып, өз курбалдаштары менен өлкөнүн саясий жашоосуна түздөн-түз катышып, эч нерседен тайманбай, көкүрөктө уюп турган күч-дарамети менен бүткүл момун-мусулмандардын демине дем кошкондугу белгилүү.

Белгилей кетүүчү нерсе, өлкөдөгү көз карандысыздык жана акыйкаттуулук үчүн болгон күрөш кыйла узак мезгилди камтып турат. Имам Хомейни саясий сүргүндө бир катар шаарларда болгондугуна карабастан  ишмердүүлүгүн токтотпой,  дүйнө жүзүндө болуп жаткан саясий жана экономикалык өзгөрүүлөрдөн ар дайым кабардар болуп, өз пикирин билдирип турган.  Анткени анын куугунтуктоодо жүргөн мезгилдеринде өлкөдөгү  саясий кырдаал өтө эле курч абалда болуп, баш аламандык өкүм сүрүп  турган. Шахтын бийлигинен жүдөгөн эл болсо Имам Хомейнидей адамга муктаж болуп турган эле.

Ошентип Ирандагы Ислам революциясынын жеңиши Имам Хомейнинин даанышмандык, көрөгөчтүк, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү менен жүзөгө ашып, революциядагы элдердин аз курман болушу анын жогорку деңгээлдеги дипломат инсандыгынан аскер адамдары менен тил табышып, сүйлөшүүлөрдү алып бара алгандыгы менен байланыштырылат. Андыктан  анын жетекчилиги менен ишке ашкан ислам динин үгүттөөгө шыктанган Ислам революциясы катары дүйнөлүк тарыхтан татыктуу ордун таба алды.

Автор өзү баса белгилеп кеткендей, Ислам революциясынын жеңиштеринин натыйжасында Иран Ислам Республикасынын экономикасы кыйла жетишкендиктерге жетишти. Бул, албетте, башка өлкөлөрдүн кийлигишүүсүз, таасирисиз өнүгүп, баалуу жаратылыш кен байлыктарынан түшкөн ири каражаттар өлкөнүн кызыкчылыгына кызмат кыла башташын, о.э. өндүрүштүөнүктүрүүдө дүйнөлүк жаңы технологияны колдонуу менен эл чарбасын экономикалык пландоо ыкмасы менен исламдын негизинде адилеттүү бөлүштүрүү жүзөгө ашырыла баштагандыгын түшүндүрөт.

Акырында профессор А.С.Ормушевдин Иран элинин бактысына туулган улуу даанышман инсан Имам Хомейни жана Иран Ислам революциясына арналган ары көлөмдүү жана кызыктуу эмгеги бүткүл окурмандардын түнөгүнөн орун таап, изилдөөчүлөрдүн кызуу талкуусун жарата бермекчи деген пикирди айтмакчыбыз.

               

О.А.Тогусаков,

КР УИАнын философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун директору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, КР Мамлекеттик сыйлыгынын ээси,  философия илимдеринин  доктору, профессор

Поделиться

Комментарии