Эл аралык инновациялык технологиялар университети

  • 17.06.2013
  • 0

Өз келечегиӊди Эл аралык инновациялык технологиялар университети  менен бирге түз!

Эл аралык инновациялык технологиялар университети (ЭИТУ) – бул жаш, заманбап, профессионалдык адистерди даярдаган көп кырдуу,  демилгелүү окуу жай,  бул инновациялык технологиялар, маданият, илим жана билимдин борбору.

Университеттин имаратынын  бардык жерлерине  Wi-Fi орнотулган, ал өз кезегинде  профессордук-окутуучулар курамына жана студенттерге  бекер интернет каражаттарын колдонуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Университетте  студенттердин  ЭИТУнун ректору, техника илимдеринин кандидаты Бегалиев Улугбек Турдалиевич менен сентябрь жана  май айларында жолугуушулар  болот. Ал жерден студенттер өзүн  кызыктырган жана чечүүнү талап кылган   суроолорду берип жыйынтыктуу жооп  алышат.

Университет 2009-жылдан баштап off-line жана  on-line технологиялардын жардамы менен  дистанттык билим берүүнү  өткөрүп  жатат.

ЭИТУ 56 өлкөнү камтыган космосту изилдөөчү жана Тынч океан менен Азия өлкөлөрүн уюштуруу технологиясы борборунун (CSSTEAR) директорлор кеӊешмесинин 16 мүчөсү болуп саналат. Билим берүү, тренинг жана илимий тажрыйба алмашуулар Карлсруэ (Германия) Технологиялык институт жана Потсдам геофизикалык борбор менен байланышкан. ЭИТУнун кызматкерлери сейсмотуруктуу курулуш боюнча эл аралык ассоциациянын (EERI, АКШ), сейсмикалык системага каршы эл аралык коомдун (ASSISI, Италия) анык мүчөсү жана ар түрдүү чөйрөдөгү заманбап курулушта, колдонмо информатикада, информациялык системалар жана технологияларда, автоматтык башкаруу жаатында кызматташат.       ЭИТУ Казак инженер, каржы-банк академиясы; Казак экономика, статистика жана консалтинг университети; Казак архитектуралык курулуш академиясы; «Кайнар» университети;  Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университети; Казак сейсмотуруктуу курулушту жана архитектураны илимий-изилдөө институту; Казакстан  «Парасат» институту менен тыгыз кызматташат.

Россиянын Москва мамлекеттик экономика, статистика жана информатика университети; Москва каржы, өндүрүш академия — «Синергия» университети; МИФИ Улуттук ядролук изилдөө университети; М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, технологиялар институту; сейсмотуруктуу курулуш боюнча Россия ассоциациясы менен бекем байланышта.

ЭИТУнун түзүмдүк бөлүмү – Инновациялык технологиялар жана экономика колледжи (ИТЭК) – окуу, методикалык, тарбия ишин 2010-жылдан бери жүргүзүүдө.

Колледждин студенттери квалификацияга ээ болушат жана окутуунун күндүзгү формасы боюнча окушат. Колледждин  окуу программалары жогорку кесиптик билим берүү системасынын  окуу программаларына шайкеш, башкача айтканда ЭИТУнун адистиктеринин негизин түзөт. Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик стандарттагы диплом алышат жана билимин ЭИТУда же башка жогорку окуу жайларда улантса болот.

Бүгүнкү күндө жогорку деӊгээлдеги  акыл ою тунук жаштарды тарбиялоо менен, интеллигенттүү, атуулдук милдетти сезе билген,  Ата Мекендин алдында жоопкерчиликтүү, гумандуу, маданияттуу келечектин ээсин тарбиялайбыз. Айрым иш-чаралар ЭИТУ жана ИТЭК үчүн салтка айланган.

Тарбиялык иште кайрымдуулук акциясына өзгөчө көӊүл бөлүнүп, бир жылда эки жолу, жаӊы жылда жана балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлөт. Студенттердин жана окутуучулардын демилгеси  менен даярдалган концерттик программа Военно-Антоновка балдар үйүндө жана Бишкектеги балдар онкологиялык ооруканада кызыктуу коюлуп, кичинекей бөбөктөр үчүн белектер таратылат.

Студенттер үзгүлтүксүз театрларга, көркөм сүрөт музейине  барып турушат жана жыл сайын ЭИТУнун  студенттери сүрөтчү Ч.К.Төрөбекованын уюштурулган көргөзмөсүнө катышып, көркөм искусство жана скульптура боюнча сабак алышат.  

Урматтуу абитуриенттер!

Инновациялык билим алууга, бизнес-ойлорду ишке ашырууга, акылдуу, ийгиликтүү, активдүү инсан жана адис болууга биздин Эл аралык инновациялык технологиялар университетине (ЭИТУ) жана Инновациялык технологиялар жана экономика колледжине (ИТЭК)

 К О Ш   К Е Л И ӊ И З Д Е Р !

Код Профилдери     Окуу мөөнөтүБаасы
510300IT,  ОПТО-ИНФОРМАТИКА

Профилдери: «Маалыматты берүү, жазуу жана иштеп чыгуу оптикалык технологиялары».

4/526700/19800
750200АРХИТЕКТУРАЛЫК ЧӨЙРӨДӨГҮ ДИЗАЙН

Профилдери: “Шаардык чөйрөнү долбоорлоо”; “Интерьерлерди долбоорлоо”; “Ландшафттык долбоорлоо”.

4/*23700/*
750500КУРУЛУШ; ДОЛБООРЛОО

Профилдери: “Өндүрүштүк жана граждандык курулуш”; “Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү”; “Долбоорлорду жана курулушту автоматташтыруу”; “Кыймылсыз мүлктү башкаруу жана эксперттөө”; “Граждандык, өндүрүштүк жана шаардык курулушта компьютердик технологиялар”;  “Имараттарды долбоорлоо”; “Курулушта жана архитектурада компьютердик моделдөө”.

4/522800/19300
710200МААЛЫМАТ СИСТЕМАЛАРЫ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ

Профилдери: “Бизнестеги маалымат системалары жана технологиялары”; “Бажы жумушундагы маалымат системалары жана технологиялары”; “Корпоративдүү маалымат системалары”.

4/522800/19200
710300КОЛДОНМО ИНФОРМАТИКА

Профилдери: “Экономикадагы колдонмо информатика”; “Дизайндагы колдонмо информатика”; “Жол кыймылын уюштуруудагы колдонмо информатика”.

4/522800/19200
640200ЭЛЕКТРОТЕХНИКА ЖАНА ЭЛЕКТР МЕНЕН КАМСЫЗДОО

Профилдери: «Электр менен камсыздоо»;  «Салттуу эмес калыбына келүүчү энергия булактары».

4/524000/19300
740700ЖЕӉИЛ ӨНӨР ЖАЙ БУЮМДАРЫНЫН ТЕХНОЛОГИЯСЫ

Профилдери:  “Тигүү буюмдарын кынаптоо”; “Текстилдик дизайн”; “Костюм жана текстил чеберчилиги”.

4/523200/19300
670200ТРАНСПОРТТУК-ТЕХНОЛОГИЯЛЫК МАШИНАЛАРДЫ ЖАНА КОМПЛЕКСТЕРДИ ЭКСПЛУАТАЦИЯЛОО

Профилдери:  «Автомобилдик сервис»; «Автомобилдер жана автомобилдик чарба».

4/521700/19200
580100ЭКОНОМИКА

Профилдери: «Мекемедеги каржыны инновациялык башкаруу»; «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит»; «Салык жана салык салуу»; «Каржы жана кредит»;  «Дүйнөлүк  экономика жана эл аралык экономикалык мамилелер»; «Банктык иштер».

4/523200/19300
580200МЕНЕДЖМЕНТ

Профилдери: «Саясат  менеджменти»; «Жаӊы технологиялар менеджменти»; «Спорт менеджменти»;  «Мейманкана жана ресторан бизнесинин менеджменти»;  «Кичи бизнестерди башкаруу»;  «Инновациялык ишмердиктин менеджменти».

4/521700/19300
530300ПСИХОЛОГИЯ

Профилдери:  «Психология жана педагогика»; «Уюштурулган  педагогика».

4/524400/19200
531100ЛИНГВИСТИКА

Профилдери: «Лингвистика жана жаӊы маалымат технологиялары»; «Которуу жана котормо таануу”.

4/*21700/*

 

Инновациялык технологиялар жана экономика колледжи

 

АдистикКвалификация Окуу мөөнөтү

(9-кл. базасында)

Электр менен камсыздооэлектр техниги2 ж. 10 ай
Автомобилдик унааларды оӊдоо жана техникалык тейлөөтехник2 ж. 10 ай
Радио электрондук техниканы техникалык жактан тейлөө жана оӊдоотехник2 ж. 10 ай
Тигүү буюмдарын кынаптоо жана моделдөөмодельер-кынаптооч2 ж. 10 ай
Үйлөрдү жана имараттарды куруу жана колдонуутехник2 ж. 10 ай
Салык жана салык салууэкономист, салык салуу  боюнча адис2 ж. 10 ай
Мейманканалар сервисименеджер2 ж. 10 ай
Чач тарач чеберчилигитехнолог2 ж. 10 ай
Жарнамажарнама боюнча адис2 ж. 10 ай
Товарлардын сапатын эксперттөөэксперт2 ж. 10 ай
Жер-мүлктүк мамилелержер-мүлк боюнча адис,  экономист2 ж. 10 ай

 

Толук маалыматты биздин сайттан www.intuit.kg таанышсаӊыз болот. Өзүӊүздөрдү кызыктырган суроолорду же сунуштарды төмөнкү телефондор аркылуу берсеӊиздер болот:  

(0-312) 44-99-03; 89-35-81; 47-95-32; 0550-60-61-23. 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Горький көчөсү, 1/17.

Поделиться

Комментарии