ДИНГЕ ЖАМЫНГАН ТҮРКӨЙЛҮК СВЕТТИК БИЛИМГЕ НЕГЕ КАРШЫ?

  • 05.02.2016
  • 0

Алмуздактан динге, ишенимге акарат келтирген болбойт. Дин өзү турган турпатында, маани- маӊызында улуу нерсе деп билебиз. Адамзаттын ушу күнгө дейре адам болуп сакталып келе жатканына да нагыз диндердин ролу өтө зор болгон. Бирок азыркы шартта пендезаты аны ар кандай кызыкчылыктарга колдонуп, чалмакейди чалып, чоӊ согуштардын отун тутантып, дүйнөнү алааматка салганга даяр топтордун күндөн күнгө көбөйүп, жайылып баратышы коркунучтуу көрүнүш бойдон калууда. Аны болтурбоонун бирден-бир шарты диний сабаттуулук, таанып-билүүчүлүктө экендигин аалымдар кан-какшап айтып да, жазып да жүрүшөт. Бул калетсиз сөз. Диний караӊгылыктын кесепетин тарткан муун өсүп келе жатат. Аны тана албайбыз. Ага өзүбүз да күнөөлүбүз.

Постсоветтик өлкөлөрдө мурдагыдай коммунисттик идеология жок болгондуктан, ар кимдин таасиринде, ар кандай агымда калып, келечегине балта чабылган учурлар  көбөйгөндөн көбөйүп келе жатат. Мунусу аз келгенсип, бешиктен бели чыга элек баланы мектепке жибербей, башын чүмкөп, үйдөн диний билим беребиз деген шылтоосу бар ата-энелердин пайда болуп жатканын кандай түшүнүүгө болот? Бул төбө чачты тик тургузган окуялар бүгүн эле чыга калбаптыр. Ал кайран советтик коом кулап, дин эркиндиги элдин колуна тийген учурдан баштап тамыр жайып келе жатканын биз анча таназар албаптырбыз. Мына эми кеч да болсо коӊгуроо кагылды. Бул туӊгуюктан канткенде чыгып кете алабыз? Кептин баары ушунда эмеспи. Адистердин айтымында,  диндик жана светтик окууну бирге айкалыштыра алганда гана бул туӊгуюктан чыгып кете алат экенбиз. Бара-бара мындай багытта айрым окуу жайлар өз иш-аракетин баштап жатканы да сүйүнтпөй койбойт.

Мисалы, И.Арабаев атындагы КМУда атайын теологдорду даярдай турган факультет бар. Мында ага ылайык адистер даярдалып чыгарылууда. Окуу жайдын ректору, белгилүү окумуштуу Т.Абдырахманов диний адистерди даярдоону андан ары кеӊейтүүүчүн теология колледжин ачуу багытында иштер жүргүзүлүп жатканын айтты. Окуу жайда теология адистигинен бакалаврды бүткөндөр андан ары ушул эле окуу жайдан магистр курсун да окуй алышат. Теология колледжи алгач пилоттук багытта ачылып, кийин медреселерге күчтүү альтернатива болмокчу. Менин оюмча, муну балким башка окуу жайлары да колго алса, республикабызда диний адистер менен жетиштүү камсыз болмокпуз.

— Элде диний билим алуу муктаждыгы бар экенин тана албайбыз. Ошондуктан аларга туура, тереӊдетилген билим ала турган шарттарды түзүп берүү парзын унутпаганыбыз жөн. Ошондо гана баласын мектепке бербей үйүндө кармаган фактылар жок болмок. Ал эми ата-эненин баласын мектепте окутуу укугунан ажыратканы үчүн мыйзам алдында жооп берүүсү парз. Дагы бир эске алуучу жагдай, ММКлар тарабынан диний сабаттуулукту жоюу боюнча жетиштүү саясат жүрбөй жатат деп ойлойм. Биз өзүбүздүн окуу жайда диний билимдин үч баскычын: колледж, жогорку билим жана муфтияттарда иштегендердин квалификациясын жогорулатуу институтун ачалы деп жатабыз. Мында светтик жана диндик окуулар бийик деӊгээлде окутулмакчы, — дейт Т.Абдырахманов.

Кыргыз билим берүү академиясынын адиси, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Диний билим берүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү Мурат Иманкулов айрым ата-энелердин балдарын мамлекеттик мектепке жибербей үйүндө кармаган  түркөй жоруктарын  экстремизмдин башаты, башталышы деп айтты.

— Азыркы иштеп жаткан медреселердин 90 пайызы бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт. Анда окугандардын алган билимдери чектелүү. Айрым медреселерде информатика, кыргыз тили бар болгону менен химия, биология, математика сабактары такыр окутулбайт. Медреселердин документин коомчулук тургай муфтият өзү да тааныбайт. Ошондой дин окуусун бүткөн бала кайда барып жумуш таба алат деген ой туулат. Исламга байланышкан жогорку окуу жайлары деле ушундай ахыбалда. Бир медреседе 9-классты бүткөн соӊ 20 кыз окуган экен. Бир жылдан кийин 10 кыз калыптыр. Калгандары каякта десек күйөөгө тийип кетишти дейт. Медресе эмне күйөөгө тие тургандарды даярдай турган мекемеби деп күлдүк. Бул жакшы көрүнүш эмес. Медресени бүткөндөрдүн көпчүлүгү коомдон сыртта калып жатпайбы. Бул өтө коркунучтуу маселе. Мектеп окуучусунун милдеттүү 9 класстык билимди ала элек жатып, медреседе жүргөн фактыларын тийиштүү мекемелер териштирүүгө тийиш. Бул жактын окуу программасын тез арада карап чыгуу керек. Ал эми дин тууралуу концепция кабыл алынганы менен стандарттары, окуу китептери, программасы түзүлө элек. Мектептерде диний билим берүүнү 5-класстан башташ керек десек аны КРнын дин боюнча комиссиясы туура көрбөй, 10-11-класстардан гана окутуш керек деген позицияда болууда. Коргоо кеӊеши тарабынан 2014-жылы иштелген «Дин багытындагы мамлекеттик саясат тууралуу» документте ата-энелердин да жоопкерчилиги каралган. Ага карабай жогорудагыдай фактылардын сакталып келиши жергиликтүү бийлик тараптардан  өз учурунда чара колдонулбагандыгынын кесепети дээр элем. Бизде алар менен катуу күрөшүүүчүн мыйзамдык база түзүп беришибиз абзел. Болбосо, мисалы, жалгыз билим берүү жана илим министрлиги эчтеке кылалбайт. Бул акимдердин, айыл өкмөттөрүнүн, ички иштер кызматынын түздөн-түз иши, милдети,-дейт М.Иманкулов.

Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Гүлшан              Абдылдаева өткөн жылы Ички иштер министрлиги менен билим берүү жана илим министрлиги 1386 диний билим берүү мекемелерин, анын ичинен 136 медреселерди текшерүүдөн өткөргөндүктөрүн маалымдады. Текшерүүдө медреселерде башталгыч жана андан жогорураак 9-класска чейинки 82 баланын аталган жайда окуп жаткандыгы аныкталып, анын 29су кечки мектептерге тартылган.

— КРнын Өкмөтүнүн №667 токтомунун негизинде окууга тартылбаган балдарды областтык, райондук акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, айыл өкмөттөрү, ички иштер кызматтары менен бирдикте иш алып баруулары тийиш. Албетте, иш жүрбөй жатат дегенден алысмын. Мисалы, 2012-жылы мындай диний ишенимден улам мектепке тартылбай калган балдардын саны 2845ге жеткен болчу. Азыр көрүнүп тургандай бул кыйла азайды. Бирок кубана турган көрүнүш эмес. Биз балдарын окууга жибербей, үйдө кармаган ата-энелер менен иштөө же жалпы эле терс көрүнүштөрдү болтурбоо багытында 1750 мектептерде профилактикалык кабинеттерди ачканбыз. Ошол жерде да чоӊ көзөмөл иштери жүргүзүлүүдө. Мында жалаӊ гана диндик көз караштардан эмес, баласын милдеттүү окуудан айыл-чарбачылык, малчылык жумушка тартып, жибербей койгон учурлар да кездешүүдө, — дейт Г.Абдылдаева.

Биз сөз кылган жагдайлар «Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралары» жөнүндө 2015-жылдын 21-июлунда кабыл алынган КРнын мыйзамындагы балдардын ар кандай иш-чараларда болуусун чектеген жагдайларын карап чыктык. Бирок бул мыйзамда балдарды мектепке жибербей үйдө кармагандар, өзүнүн жаш өзгөчөлүгүнө карата диний мекемелерде болбоосу каралбаптыр. баланы мектепке жибербөөнүн өзү бала үчүн эӊ чоӊ моралдык, психологиялык чоӊ зыян алып келери турулуу иш эмеспи.  Бул мыйзамды айтпаганда  деле ар бир ата-эне баласынын окууга, билим алууга  болгон конституциялык укугун тебелегенге акысы жок. Ага КРнын башка мыйзамдары да жол бербейт. Ал эми балдарын мектепке жибербей үйүндө кармаган ата-энелердин «Үй–бүлө» кодексиндеги жоопкерчилигин  талапка ылайык мындан да күчөтпөсө көйгөй катуулай бериши мүмкүн экендиги айдан ачык. Экинчиден, буга көпчүлүк ата-энелердин диний сабатсыздыгы да жол берип жатканын  баса белгилеп кеткибиз келет. Ал эми диний сабатсыздыкты биринчи кезекте мектептен жоюшубуз парз. Ошондуктан мектептерде киргизиле турган дин тарыхы, маданиятына байланышкан сабактын кечиктирилбей киргизилиши мезгил талабы экендиги туурасында жакында болуп өткөн Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында да чоӊ сөз болду. Дин иштери боюнча Президенттин алдындагы «Ыйман» фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков аалымдар, окуучулар менен жүргүзүлө турган иш-чараларда ата-энелердин мыйзамсыз иштери каралаарын айтты. Жалпы коомчулук да мындай түркөйлүккө каршы чоӊ акцияларды баштаса жакшы болмок. Бирок алар азырынча үн ката элек, тилекке каршы.

Майрамбек Токторов,

«Кутбилим»

Поделиться

Комментарии