БАЛДАРЫНА КАМ КӨРГӨН ЭЛДИН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

  • 19.04.2018
  • 0

«Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду «Көчмө өнүгүү борбору» аттуу уникалдуу долбоорду өткөн жылдын ноябрь айынан баштап ишке киргизген эле. Фонд  тарабынан Бишкек шаарындагы сегиз конуш тандалып алынган.  Фонддун кызматкерлери Ак-Бата, Дордой, Калыс-Ордо, Ак-Өргө, Ала-Тоо, Кара-Жыгач, Көк-Жар, Ак-Ордо жаңы конуштарында график боюнча түзүлгөн ар кыл темада ата-энелер менен мектепке чейинки балдар үчүн тренинг-семинарларды өткөрүп келатат. Апрель айында бул конуштарда музыка боюнча окуулар жүрүүдө. Ушул аптада Ак-Өргө жаңы конушундагы №84 мектептин базасында борбордун кошмо жыйыны болду. Ага фонддун негиздөөчүсү, экс-президент Роза Отунбаева катышты.

БАЛДАРЫНА КАМ КӨРГӨН ЭЛДИН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

БАЛДАРЫНА КАМ КӨРГӨН ЭЛДИН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

Жыйынды «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фондунун кызматкери Чынара Абдыраимакунова ачып, борбордун иш-аракеттери тууралуу кыскача маалымат берди. Анын айтымында Бишкек шаарында мыйзамдаштырылган 48 жаңы конушта   300000 чукул адам жашайт. Бирок бул конуштарда бала бакча, мектеп жетишсиз.

—  48 конуштун ичинен сегизи тандалып алынган. Максатыбыз — жаңы конуштагы бала бакчага барбаган балдарга турмуштук көндүмдөрдү үйрөтүү, практика жүзүндө ата-энеси менен чогуу иштөө, кенже курактагы балдарды өнүктүрүүдө ата-эненин жана коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул долбоор 2017-жылдын 1-ноябрынан баштап иштеп келатат. Ай сайын үч жолу конуштарга барып, ата-эне жана балдар менен  бирдикте иш алып баруудабыз.  Алгач ишти баштаганда 927 үй-бүлөдөн социалдык сурамжылоо жасап жана кабинеттик изилдөөлөрдү жүргүзгөнбүз.  Ошол 927 үй-бүлөдө 904 мектепке чейинки, 1335 мектеп курагындагы жана 81 бала мектепти бүткөн экен. Эмне жетишпейт деп сураганыбызда, бала бакчага балдар барышпайт деп жооп беришкен.  Маселен, муниципалдык бала бакчага барган балдар жок экен, 12 бала жеке бала бакчага барса, 892 бала үйдө отурат экен. Ошондуктан жаңы конуштарда бала бакчага барбаган 3 жаштан 7 жашка чейинки балдарды ата-энеси менен бирдикте турмуштук көндүмдөрдү үйрөтүп, 3 жашка чейин тарбиялоо керек экендигин коомчулукка, активдерге окуттук, — деди Чынара Абдыраимакунова.

БАЛДАРЫНА КАМ КӨРГӨН ЭЛДИН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

БАЛДАРЫНА КАМ КӨРГӨН ЭЛДИН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

Өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында ден соолукту сактоо, чыңдоо жана ар түрдүү оорулардан  профилактикалоо темалары боюнча окуулар өтсө, январь айында китеп окуунун мааниси тууралуу, эрте жаш куракта тарбиялоодогу улуттук оюндардын маанисине көңүл бөлүнүп,  февраль айында коопсуздук, март айында экология, апрель айында музыка боюнча окуулар жүрүп жатканы тууралуу координатор кенен маалымат берди.

БАЛДАРЫНА КАМ КӨРГӨН ЭЛДИН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

— Алгач баштаганда эле Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен 1721 адам мобилдүү медициналык клиникадан текшерилди. Тишти таза сактоо, санитария жана гигиена боюнча балдар жакшы сабак алышты. Ар кандай көз караштар болгон үчүн жаңы конуштун тургундары үчүн өзүнчө иммунопрофилактика боюнча түшүндүрмөлөр жүргүзүлдү. Андан кийин «Коопсуз эне» темасына өттүк. Ден соолугу чың эне болсо, баланын да ден соолугу чың болот. Эне баласын курсактагы кезинен баштап тарбиялоо керек экенин, жеңил музыканы угуш керек экени тууралуу кызыктуу сабактар өтүлдү. Жалпы алганда биздин окууларга 45-50 волонтер катышты, 1459 ата-эне жана 1308 адам,  жалпысынан 2767 адам окууларга катышты. Биз ишибиздин орто жеринде дагы 1054 адамды сурамжыладык. Ошондо респонденттердин 40% балдардын интеллектуалдуу өнүгүүсү жана тарбиялоо боюнча окуулар кызыктуу болгонун айтышса, 36% медициналык жактан берилген тренингдерди белгилешкен, ал эми экология темасына кызыккандар 10% түзсө, дагы 10% ар кандай темалар кызыктуу болгонун айтышкан, маселен,  кантип таланттуу баланы тарбиялаш керек, кантип балдардын аң-сезимин өнүктүрүш керек ж.б.у.с., дагы 4% ишкерлик темага кызыкдар экени белгилүү болгон, — дейт көчмө өнүгүү борборунун координатору.

БАЛДАРЫНА КАМ КӨРГӨН ЭЛДИН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

Чакан маалыматтан кийин республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун директору Г.Айтмурзаева да ден соолук компоненти боюнча өнөктөштүк иштердин натыйжасына токтолду. Андан соң Дордой конушунун ата-энелери балдары менен чакан «Чейин жана кийин» аттуу инсценировкасын тартуулашты.

— «Көчмө өнүгүү борбору» бардык ата-энелердин көз караштарын түп тамырынан өзгөрттү, — деди Дордой конушунун тургуну Анипа Кочкорова.

БАЛДАРЫНА КАМ КӨРГӨН ЭЛДИН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин мугалими Аида Абдиева «Кенже куракта тарбиялоодогу улуттук оюндардын мааниси» тууралуу айтып берди. Ал илгертен бери келаткан топташ, чүкө, жоолук салмай оюндарынын балдарга тийгизген таасирине токтолду.

Калыс-Ордодон келген Сайра Батырканова жол коопсуздугуна карата спектаклдин сценарийин өзү түзүп, балдары болсо аны профессионал артисттердей аткарып беришти. Кыскасы, сегиз конуштан келген ата-энелер биринен бири калбай алты ай ичинде эмнени үйрөнүшсө ошолорго карата ой-пикирлерин ортого салып, фондго ыраазычылыктарын билдиришти.

 Роза Отунбаева, экс-президент:

БАЛДАРЫНА КАМ КӨРГӨН ЭЛДИН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

— Бул долбоор ноябрь айынан баштап иштеп келатат. Бул иш менен биз бир топ ата-энени ордунан козгодук, алардын талантын четинен көрүп атабыз. Биздин берген ар бир сабактан алган билимдерин чакан интермедия, спектакль аркылуу көрсөтүштү. Жаңы конуштарда чынында жарым миллионго чукул адам жашайт. Ал жерде бала бакчалар өтө сейрек. Эгерде биз ушундай ишти жасабасак, дың бойдон жата берет эле. Ооба, жеке менчик бала бакчалар ачылып атат. Бирок ал дагы жетишсиз. Маселен, Өзбекстандын жаңы президенти Мирзеев Мектепке чейинки билим берүү министрлигин ачып койду. Бизге караганда Өзбекстанда балдар көп төрөлөт. Элинин саны 32 миллион. Биз болгону алты миллионго чыктык. Казакстанда 75% балдар бала бакчага барышат. Кыргызстанда бала бакчага барган балдардын саны 25% түзөт. Башка балдарыбызды кантип өнүктүрөбүз? Биз ал балдарды үйрөтпөсөк, билим бербесек эртеңки күнүбүз кандай болот?

Канчалык биз балдарга көңүл бурсак, ошончолук Кыргызстан күчтүү, алдыңкы мамлекетке айланат.  Мисалы, Германия, Швейцария, Австрия мамлекеттериндеги бала бакчаларда  биздикиндей эки кабаттуу керебет, ак шейшеп салам деген жок. Бала бакчаларда кичинекей матрацтарды алып барып коюшат, эгерде баласы уктагысы же эс алгысы келсе деп.  Болгону балдарын 2-3 саатка алып келишет, энелери болсо үйлөрүндө иштерин жасашат. Жакында эле бир маалымат жарыяланды, Бельгияда класстар жетишпегенинен мектептин жанына Кытайда жасалган боз үйдү тигип, ичине жылуулук системасын киргизип коюшуптур. Ал 35 миң евро турат экен. Ошол жерде 1-2-класстын окуучуларын окутуп жатышат.

Жыл сайын биздин фонд 100 жайлоо бала бакчаларын ачып, балдарга билим берип келатабыз. Эмнеге биз сентябрь-октябрь-ноябрь айларында мектептин жанына боз үйлөрдү тигип, жайлоодон түшкөндөн кийин дагы үч ай окутсак болбойт? Ата-энелер бекер отура бербестен, бала бакчаларды ачышса, биз көмөк көрсөтөт элек.

Элибиз жөнүндө, балдардын келечеги жөнүндө качан ойлонобуз?  Балдарды эң кичинекей кезинен баштап тарбиялабасак, артта калабыз.  Россияда балдардын баары сөзсүз бала бакчага барат. Ата-энелер балдарын ар кандай ийримдерге алып жүрөт. Албетте, анан Россия сөзсүз күчтүү өлкө болот. Качан гана ата-энелер балдарына жүзүн бурганда, Кыргызстан сөзсүз өзгөрөт. Ата-энелер балдарына китеп сатып берип, ийримдерге жаздырып, ар тараптан өнүктүргөндө — Кыргызстан күчтүү мамлекет болоорунда шек жок.

 Дильнара Майгулакова, №186 бала бакчанын директору:

БАЛДАРЫНА КАМ КӨРГӨН ЭЛДИН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

— «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду менен кызматташып иштеп келатабыз. Биздин эмгегибизди баалап, сыйлык катары ушул жылдын февраль айында Түркия мамлекетине алып барып келишти. Түркияда мамлекет балдардын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурушат экен. Бир топ тажрыйба топтоп келдик. Ал жерде ар түрдүү, ар кандай типтеги  бала бакчалар менен тааныштык. Биздин көңүлүбүздү үй-бүлө маселеси өзүнө бурду. Анткени аларда аталары иштеп, 80% энелери үйдө отурушат. Бай кишилер балдарга көңүл бөлүп, жардам беришет экен, бирок жашыруун, аттарын атабаганды суранышат экен. Бала бакчаларда ар бир тайпада 12-15 баладан ашпаганы жакты. Таң калычтуусу бала бакчанын бардык жетекчилери эркек кишилер. Алар сыймыктануу менен иштешет экен.

Дагы бир айта кетчү жагдай, «Эркайым» фонду аркылуу түштүктө бир топ Энелер мектептери ачылды. Учурда ошондой мекемеден 45 үзүрлүү эмгектнип жатышат. Бул жакка да Роза Исаковна жакшы колдоо көрсөттү.

Съездбек Таштакеев, ата:

БАЛДАРЫНА КАМ КӨРГӨН ЭЛДИН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

— Мамлекеттин келечеги болгон балдардын адам, инсан катары калыптанышына «Көчмө өнүгүү  борбору» жакшы иштерди алып барып жатышат. Менин төрт кыз, төрт эркек балам бар. Бюджеттик мекемеде иштейм, бирок балдарыма күнүгө жок дегенде 15 минутадан көңүл буруп турам. Улуу балам 17 жашта, көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, шахмат боюнча  Президенттик кубоктун эки жолку жеңүүчүсү, КРнын беш жолку чемпиону.  Андан кийинки балам 15 жашта.  Ал Азиянын үч жолку, КРнын сегиз жолку чемпиону. Алмаз деген уулум 13 жашта. Ал КРнын беш жолку, Азиянын бир жолку чемпиону. Кичинекей Айжан кызым жакында эле Таиландда өткөн 26 мамлекет катышкан турнирде алтын медалды утуп келди.

Балдар — биздин келечегибиз. Ар бир эле ата-эне «балам жакшы чыкса экен, элге жараган уул болсо экен» деп тилейт. Ар бир бала таланттуу, 1% шыгы болсо, калган 99% эмгекке байланыштуу. Ар бир баланын талантын ачуу ата-эненин, мугалимдин колундагы чоң жоопкерчиликтүү жумуш.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»«Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду «Көчмө өнүгүү борбору» аттуу уникалдуу долбоорду өткөн жылдын ноябрь айынан баштап ишке киргизген эле. Фонд  тарабынан Бишкек шаарындагы сегиз конуш тандалып алынган.  Фонддун кызматкерлери Ак-Бата, Дордой, Калыс-Ордо, Ак-Өргө, Ала-Тоо, Кара-Жыгач, Көк-Жар, Ак-Ордо жаңы конуштарында график боюнча түзүлгөн ар кыл темада ата-энелер менен мектепке чейинки балдар үчүн тренинг-семинарларды өткөрүп келатат. Апрель айында бул конуштарда музыка боюнча окуулар жүрүүдө. Ушул аптада Ак-Өргө жаңы конушундагы №84 мектептин базасында борбордун кошмо жыйыны болду. Ага фонддун негиздөөчүсү, экс-президент Роза Отунбаева катышты.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии