Бала бакчага баруу бактысына жетпеген балдар

  • 27.01.2014
  • 0

1128

Соӊку жылдары кичинекей бөбөктөрдүн бала бакчага болгон муктаждыгы улам өсүп баратат. Муну калаа ичинде кандай болсо, элет жеринде ошондой эле жетишпей жаткан бала бакчалардагы орундардан улам байкоого болот. Расмий маалыматтарда бала бакчалардын басымдуу көпчүлүгүндө бир тайпадагы 25 орунга 60-70тен бала туура келээри айтылууда. Учурда бөбөктөрдүн 13-14 пайызы гана бакчаларга тартылган.

 

Бала бакчанын баркы жана баасы 

Адистер бала үчүн бала бакчалардын баалуулугу өтө маанилүү экендигин белгилешсе, ата-энелер анын тартыштыгынан балдарын бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатышкандыктарына кейишүүдө. Өткөнгө кайрылсак, 90-жылдардын аягында көптөгөн себептерден улам бала бакчаларга тартылган балдардын саны кескин кыскарып, аӊгырап бош калган имараттар менчиктештирүүнүн даамын тата баштагандардын таламында калган эле. Натыйжада көптөгөн имараттар башка максаттарга пайдаланууга өтүп, жаӊы коом жаратуучулар жаӊы муундун келечегин караманча көӊүлдөн сырт калтырган шекилдүү.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун расмий тараткан билдирүүлөрүнө караганда, республикадагы 836 мектепке чейинки мекемелердин имараттарынын 600гө жакыны башка тармактарга өтүп кеткен.

Былтыртан бери Кыргыз Өкмөтүнүн демилгеси менен атайын комиссия түзүлүп, ошол кездин талабына жараша мыйзамдуу жана мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бакчаларды баштапкы максатына кайтаруу колго алууда. Азыркы тапта анын канчасы кайтарылып берилгени жана канчасы кайтаруу жолунда экендиги тууралуу так маалыматтар чыга элек. Себеп дегенде мындай узак жана татаал процесстин бир нече баскычтары бар. Андыктан канчасы балдардын энчисине кайткандыгынан да, анын ушул туштагы абалы, аны кайра калыптандыруу иштери да өтө олуттуу мамилени жана ого эле көп каражатты талап кылууда. Билим берүү жана илим министрлигинин эсептөөлөрү боюнча бакчаларды калыбына келтирүү ишине болжол менен эки млрд сомдон ашык акча каражаты зарыл. 

КРнын Өкмөтүнүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн кызматкери Аида Абдразакова Чүй өрөөнү боюнча канчасы бошотулгандыгын жана канчасы качан бошотулаарын так кесе айтууга мүмкүн эмес деген оюн билдирди.

— Райондор боюнча алганда, мисалы, азыркы тапта Жайыл районунда үч бала бакчанын имараты бошотулуп, бирөө балдарды кабыл алып иштеп жатат. Москва районундагы бир бакча кайтарылып берилди, ал эми Сокулук району боюнча эки имараттын иш сотто. Токмокто да маселе каралуу үстүндө. Ысык-Ата районундагы эки бала бакча бошотулду. Мына ушундай ар кайсы этапта чечилип жаткан иш боюнча так маалымат берүү бизге кыйыныраак болуп жатат. Анткени акыркы чечимди сот органдары чыгаргандыгына байланыштуу, натыйжасы кандай болоору азырынча белгисиз, — дейт. 

1990-жылдардан берки мезгил аралыгында мектепке чейинки мекемелердин мамлекеттен бөлүүнүн мыйзамдуулугун текшерген прокуратура        органдарынын иш натыйжасында 32 мектепке чейинки мекеме мамлекеттик жана муниципалдык менчикке кайтарылган. Аталган органдын басма сөз кызматы ушул айга карата текшерүү жыйынтыгында 50 кылмыш иши козголгондугун жана мыйзам бузган актыларын жоюу максатында 80ден ашык прокурордук акты берилгендигин, учурда 120дан ашуун доо арыз түшкөндүгүн билдирди.

Билим берүү мекеме жетекчилери жер-жерлерде кайтарылып берилген имараттардын абалы да өзүнчө маселе жаратып жаткандыгын, аны калыбына келтирүүгө бир топ убакыт жана чоӊ каражат жумшалаарын белгилешүүдө.

 

Бала бакчаларды курууну куру ураанга айландырбоо керек

 

Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Исмаиловдун айтымында, былтыр башка максатка менчиктештирилип кеткен имараттын бирөө калыбына келтирилип иштеп жаткан болсо, быйылкы жылы дагы үч бала бакчаны ишке киргизүү күтүлүүдө.

— Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүөз тургундарынын муктаждыгын эске алышып, мектепке жашы жете элек бөбөктөрдү бала бакчалар менен камсыздоо ишине активдүү киришүүдө. Мындай аракеттер дээрлик бардык эле айыл аймактарында байкалып жатат. Атап айтсак, Интернационал, Кеӊеш, Ак-Кудук, Люксембург айылдарында жылыштар бар. Алар балдарды бала бакчаларга тартуу ишине чоӊ көӊүл бурушуп, бакча имараттарын ремонттоо иштерин жүргүзүп жатышат. Бул өтө арбын каражатты талап кылаары айтпаса да түшүнүктүү болуш керек. Көп жылдар каралбай калган имаратты калыбына келтирүү канчалык кыйын болсо, башка профилге кызмат өтөп келген имараттарды XXI кылымдын жаш муундарын тарбиялоочу заманбап мекемеге айландыруу да аябагандай каражатты талап кылууда. Кээ бир айылдарда жамааттык жаӊы бакчалар уюштурулууда. Мындай аракеттер биз каалагандан жайыраак жүрүп жаткандыгына карабай, жылына үч же төрт бакча ишке кирип тургандыгын жакшы жөрөлгө катары баалаганыбыз туура, — дейт Алмаз Өмүркулович.

Ушул эле райондогу Ново-Покровка айыл округунун башчысы Нурмухамет Баяхунов бөбөктөрдү жалпы бала бакчага тартуу багытындагы өкмөттүн саясатын колдоо максатында карамагындагы ар бир айылда жок дегенде бирден бала бакча болуусуна кам көрүүдө. Башчынын айтымында, азыр Ново-Покровка айыл округуна караган Сары-Жон айылында 60 орундук бала бакча ишке кирүү алдында турат. 700 адам жашаган айыл тургундары үчүн бул жакшы жөрөлгө.

— Бала бакча ачууну акцияга айландыруу максат эмес. Максат – заман талабына шайкеш, үч маал ысык тамагы бар, бөбөктөргө шарты ыӊгайлуу жана ата-энелердин чөнтөгүнө чак келген бакча менен тургундарды камсыздоо. Мында бакчада иштей турган кызматкерлерди да көӊүлдөн сырт калтырбоо керек. Алардын эмгек акылары өздөрү аткарган түйшүктүү ишине татыктуу болгонуна кам көргөнгө аракеттенебиз. Бул эки маселени эки жакка теӊ пайдалуу чечүүнүн жолдорун караштыруудабыз, балким айыл округу чыгымдардын 50 пайызын өз мойнуна алабы, айтор, жакынкы арада бир жыйынтыкка келебиз деген ишеним бар, — дейт Н.Баяхунов.

 

Баланын орду бакчада

 

Бишкек шаарынын тургуну Мира Мусаева кичинекей кызынын жаш курагы бала бакчага берүүгө жарап калгандыгын, бирок бул маселени чечүүүчүн каякка, кимге бараарын билбей жаткандыгын айтты.

— Кудай кааласа, жолдошум экөөбүз азыр экинчи балабызды күтүп жатабыз. Биринчи кызыбыздын жашы бала бакчага барууга жарап калгандыктан, кайсы жакка кайрылаарыбызды билбей башыбыз маӊ. Анткени азыр убактылуу батирде турабыз. Бизге окшогондорго эмес, туруктуу жашагандардын балдарына бакчаларда орун жетпей жаткандыгын угуп эле кооптонуп калабыз. Кызыбыз зиректүү, бир нерселерди билүүгө, өзү курдуу балдар менен ойноого ынтызарланып калганын байкап, бакчага барса жакшы болоор эле деп кыялданабыз. Дем алыш күндөрү короодогу коӊшулардын балдары менен ойногондо кызыбыз аябай сүйүнүп, эмоциясы чыгып, жетине албай калат. Башка күндөрү тилекке каршы, өзү теӊдүүлөрү бакчага кетип калышат. Балдар көп нерсени бакчадан үйрөнүшөт эмеспи. Кичинекейлерди мектепке даярдоодо, деги эле тазалыкка, тартипке атайын адистер үйрөтүшсө, таасирдүү да, туура да болмок деп ойлойм. Ал жакта атайын программалар бар эмеспи. Көпчүлүк учурда балдар үйдө ата-энелеринин айткандарына кулак кагышпай, эркелейт. Анын үстүнө кош кабат кезимде кызым эртели-кеч бакчада болсо, мага да үй тиричилигинде жеӊилирээк болмок, — деген оюн бөлүштү.

Кичинекей кызын бакчага берүүгө ынтызарланып жаткан Мира сыяктуу айымдардын канчасы балдарын караганга киши жок үйлөрүндө отурушат. Ал эми канчасы көр оокаттын айынан эс акылы кире элек чүрпөлөрүн үйгө камап коюуга аргасыз болушат. Батирде жашаган үй-бүлөүчүн менчик бала бакча тууралуу сөз да болушу мүмкүн эместиги айдан ачык.

Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда бир жаштан сегиз жашка чейин 800 миӊ бала бар. Ал эми бала бакчалардын саны Кыргызстан эгемендик алгандан кийин төрт эсеге азайып кеткен.

Эгемендикте эстен чыгып кеткен мына ушул кичинекей бөбөктөрдүн ого эле чоӊ көйгөйүн четтетүүгө чындап киришкен Өкмөт жаӊы бюджетинде бала бакчаларды курууга каражат бөлүштүрүүнү караарын, алдыдагы беш жылдыкта бала бакча менен камсыздоо 38 пайызды түзөөрүн билдирүүдө. Өкмөт жетекчилери ошондой эле айрым мектептердеги түштөн кийин бошоп калган кабинеттерди мектеп жашына жете элек бөбөктөрдү министрлик даярдаган программанын негизинде мектепке даярдоо ишине пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштап жатат.

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык бала бакча, мектептердин имараттарын менчиктештирүүгө жана сатууга тыюу салынгандыгын эске алсак, билим берүү мекемелеринин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилеринин мындан кийинки аракеттери бала бакча имараттарын кайра калыбына келтирүү эмес, бөбөктөргө сапаттуу билим берүүгө жана аларга заманбап шарт түзүүгө гана багытталмакчы. Бул өз кезегинде билим-тарбия башаты башталган бала бакчалардагы жана билим берүү мекемелериндеги бүгүнкү муундун жаркын келечеги үчүн көрүлүп жаткан камкордуктун башталышы гана экендиги талашсыз.

Айнагүл Кашыбаева,“Кутбилим”

Поделиться

Комментарии