Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоо аттестациясы башталды

  • 07.06.2013
  • 0

3-июнда Кыргызстандын бардык жалпы билим берүү мектептеринде 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн  жыйынтыктоо аттестациясы башталды.

9-класстын бүтүрүүчүлөрү милдеттүү түрдө төрт предмет боюнча сынак беришет. Биринчи күнү алар төрт саат бою математика боюнча жазуу ишин тапшырышты. Кийинки сынак 7-июнда адабият жана тил боюнча (кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде) дилбаян жазышат, ал эми  оозеки экзамен 11-июнда өтөт. Айтмакчы, тарых сабагы боюнча экзамендин мөөнөтүн ар бир мектеп өздөрү коюшат. Ошентип, алар 18-июнга чейин экзамен берүү менен алектенишет.

Ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрү биринчи күнү адабият жана тил сабагынан алты саат бою дилбаян жазышты. Ага берилген 60 тема маалымат каражатында жарыяланган, андыктан окуучулардын даярданганга мүмкүнчүлүктөрү болду. Алгебра сабагы боюнча жазуу ишин 7-июнда беш саат бою жазышат, орус тилинен жат жазуу 14-июнда өтөт. Мындан сырткары, бүтүрүүчүлөр өз каалоолору боюнча бир предметтен жана тарых сабагынан оозеки сынак тапшырышат.

Быйылкы 2012-2013-окуу жылында 11-классты 66 миӊ, ал эми 9-классты 93 миӊ бүтүрүүчү аяктап жатат.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии