АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ: ОЙЛОР, СУНУШТАР, ПИКИРЛЕР

  • 22.08.2017
  • 0

 

dsc_4015-minКөл кылаасында өткөрүлгөн билим берүү кызматкерлеринин чоң Август кеңешмесинин катышуучулары иш-чарага активдүү катышып, журналисттерге маек беришип, кесиптештери менен жакындан аңгемелешип, өз тажрыйбаларын бири-бирине айтышып, жандуу жүрүштү. Биз да өз кезегинде билим берүү мекемелеринин айрым жетекчилерин кепке тартып, учур маселелери тууралуу ой бөлүштүк. Төмөндө кеңешмедеги айрым дил маектерди сунуш кылабыз.

Канат Садыков, Кыргыз улуттук университетинин ректору:

– Август кеңешмесине мектеп жетекчилеринен тышкары жогорку жана кесиптик окуу жайлардын жетекчилери да катышып жатышат. Максатыбыз – Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жылдын башында билим системасындагы эң негизги багыттарды, приоритеттерди дагы бир жолу аныктоо. Бул багытта саясат жүргүзгөн мекеме катары министрлик дагы бир жолу программаларды, максаттарды тактап, мындай багыттарды терең анализдеген докладдар угулуп, талкууга алынды. Жалпыга маалым болгондой, «Таза коом» жаңы маалыматтык коом куруу максатында баалуу багыт болууда. Билим берүү системасы бул багытта кандай иштерди жасашы керек. Азыркы учурда дагы бир эң алдыңкы талаптардын бири биздин билим берүүдөгү башкаруу тармагында жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу туурасында көрсөтмөлөрдү колдоно билүү жана системалаштыруу болуп эсептелет. Негизги баяндамаларда дагы кандай иштер жасалышы керек деген маселелер каралды. Август кеңешмесинде ушул тармактарда кандай иштөө керек деген суроого жооп алдык. Негизинен жаңы багыттар боюнча кеңешме биздин адистерге абдан таасирдүү багыт берди деп ишенимдүү айта алам.

Абакир Мамытов, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти:

– Август кеңешмесинин негизги максаты – бул билим берүү тармагындагы алгылыктуу жаңы жумуштарды, чечимдерди анализдөө, пикир алышуу жана ошонун негизинде жаңы окуу жылында даярдык көрүү болуп саналат. Жаңы окуу жылга карата жалпысынан билим берүү уюмдары жетишерлик даярдыкта. Билим берүү көрсөткүчтөрү негизинен жакшы. Мында мектептердин курулушу, окуу китептер менен камыз болушу, мугалимдердин иштеп турушу ж.б. ойдогудай деп айтсак болот. Ошол эле учурда билим берүүнүн мазмунунун тегерегинде да чоң өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Быйылкы окуу жылында жаңы муундагы предметтик стандарттар, жаңы окуу методикалык комплекстердин апробациясы 56 пилоттук мектептерде уюштурулат. Апробацияга катышкан мугалимдердин пикирлери КАО тарабынан жалпыланат. Көрүнүп тургандай, кийинки окуу жылга мектеп билиминде жаңылык көп. Ошол эле учурда быйыл чоң өзгөрүүлөрдүн бири  – англис тилин окутуунун жумалык сааты көбөйдү. Бул дүйнөлүк тенденцияга болгон жообубуз. Ошондой эле информатика сабагы мурда 7-класста окутулса, азыр 5-класстан окутуп баштаганы турабыз. Мына ушундай кадамдардын баардыгы билим берүүнүн азыркы учурдагы чакырыктарына жооп берген кадамдары деп эсептейм.

Шаршенбек Конгайтиев,  Талас облусундагы Бакай-Ата районундагы Чалдыбар мектеп-интернатынын деректири:

– Быйылкы өтүп жаткан Август кеңешмеси мугалимдерге зор таасир калтырат деп ойлойм. Мындай өкмөттүк деңгээлдеги иш-чаралар жетекчилер эле эмес, мугалимдер үчүн да жыл сайын өткөрүлүп турса жакшы болоор эле. Биз бүгүн премьер-министрдин, Билим берүү жана илим министрлигинин койгон максаттарын кош колдоп колдодук. Эми жер-жерлерге барганда мугалимдер менен биргеликте ушул талаптарды ишке ашырышыбыз керек. Биздин мектеп тоголок жетим жана ата-энесинен кароосуз калган балдарды тарбиялап, окутат. Өз чарбабыз бар. Балдарды тамактан, тарбиядан, билимден өксүк кылбайлы деп 97 кызматкерибиз бардык күч-аракетибизди жумшап, жетимдерге ата-энелик камкордукту көрсөтүп келе жатабыз.

Окуу процесси боюнча айтсам, бир катар гуманитардык предметтер азайып баратат. Мисалы, бизде физика, математикадан, физкультурадан сабак бергендердин жаш курагы 50-60тан ашып калды. Жаштар барбай жатышат. Мурда орус тилинен мугалимдер көбөйүп кетти эле, азыр аз. Англис тилинен бир убакта жетишпей жатса, азыр көп болуп жатат. Биздин мектепте 10 мугалим жетишпейт. Шартыбыз жакшы, мугалимдер үчүн квартираларыбыз бар. Ошондуктан бюджеттик негизде бүткөн адистерди кеминде эки жыл мектепте милдеттүү түрдө иштеп берүүсүн бекем колго алсак жакшы болот эле.

Мурзабек Акматалиев, Кара-Суу районундагы билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

– Билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин мындай чоң Август кеңешмеси биринчи жолу болуп олтурат. Бул мезгил талабы деп ойлойм. Биз мамлекеттик стандартта олтурабыз, ал эми башка өлкөлөр эчак эле дүйнөлүк стандарттын шартында иштеп жатышат. Кеңешме да ошол стандарттардан артта калбоо максатында болуп жатат. Албетте, алдыңкы технологияларды өздөштүрүп жатабыз. Бирок айыл жериндеги мугалимдердин деңгээли оор маселе бойдон калууда. Биз Кара-Суу районунда эки жылдан бери мугалимдердин курстарын байма-бай өткөрүп, компьютер, интернет менен камсыз кылуудабыз. Бирок интернет түйүндөрү жетишсиз болууда. Бул боюнча көрсөтмөлөрдү алдык. Буйруса кеңейтебиз. Экинчиден, билим берүүнүн сапаты жөнүндө айтсам, тарбия багытын колго албасак билим берүүнүн сапатын көтөрө албайбыз. Биз мурдагы советтик идеологиядан ажырадык. Мектептерде бирдиктүү идеология жок болууда. Түндүктөгү мектептерде окуучулардын парламенттик башкаруу, түштүктө “Манас” аталышындагы жаштардын программасы иштеп жатат. Мындай болбойт. Мектептердеги идеологияны бир багытка алып келиш керек деп ойлоймун. Мектепте мугалим билим сапатын көтөрүү менен гана иштеп, тарбиячы жалаң тарбия багытында иш алып барышы парз. Тарбиячы жөн эле мугалим эмес, педагог-психолог болушу шарт. Дагы бир сунушум, мугалим жыл сайын билими туурасында аттестациядан өтүп, сертификат алып турушу керек. Ошондо гана мугалим мектепте бир жылга келишим менен иштеп калат да, кийинки жылга калыш үчүн аркеттенип, өз билимин өркүндөтүп баштайт. Албетте, биринчи жолу өтпөй калса, бошотуп салбай, үч-төрт жолу кайра тапшырганга мүмкүнчүлүк бериш керек. Ошондо гана мектептерде татыктуу мугалимдер калып, начарлары чыга баштайт. Менин ушул сыяктуу биртоп сунуштарым бар. Ушуларды министрге кирип айтайын деп жатам.

dsc_3986-minАвгуст кеңешмеси чоң максаттарды, милдеттерди алдыбызга коюп жатат. Ошолордун баарын так аткарышыбыз керек.

Авазбек Асанов, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси:

– Август кеңешмеси биз күткөндөн да чоң масштабда өттү. Бир катар суроолор, күдүк ойлор менен да келгенбиз. Анын баарына жооп алдык. Кеңешмеде өз тажрыйбабыз менен бөлүштүк. Мисалы, биз былтыр 55 мектебибиздин рейтингин чыгардык. “Мугалимдин диагностикалык аттестациясы” деп атап алып, ар бир мугалимдердин кесиптик деңгээлин текшердик. Ошол эле экзамен бербеген 7-8-10-класстардын окуучуларынын да билимин текшердик. Жалпысынан билим сапатын 19 позицияда баалап, жыйынтыгын чыгардык. Ушул аракетибиздин натыйжасында мектептердеги билим сапатын аныктадык. Бул эми юридикалык күчкө ээ эмес, сыйлоо, колдоо шартын көздөйт. Бирок талапка жооп бербеген мугалимдерди тез арада билимин өркүндөтүүгө милдеттендирдик. Мыктыларын сыйладык. Бул тажрыйбабызды коллегияга коелу деп жатабыз. Колдоо тапса аны дагы толуктап, билим сапатын көтөрүүгө өбөлгө түзө бермекчибиз.

Пазыл Бактыбаев, Ош облусундагы Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси:

– Август кеңешмесинде билим берүү тармагынын саясаты жана анда жүргүзүлүп жаткан реформалар туурасында кеңири айтылды. Менин оюмча, бул тармакта чоң өзгөрүүлөр, жаңы багыттар жүрүп жатат. Булар боюнча кеңири талкуу жүрдү. Эми коюлган маселелер боюнча билим берүү мекемелеринин жетекчилери бул тармакта жүргүзүлүп жаткан саясатты мугалимдерге жеткиликтүү айтып, ушул тармакта тыгыз иш алып барышат деп ойлойм. Сунуштар да көп айтылды. Мага билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын билим берүү тармагын жакындан билип, терең түшүнгөндүгү кубандырды.

Эми август кеңешмеси койгон милдеттер боюнча туруктуу иш алып барсак чоң өзгөрүүлөр болот деп ишенем. Сунуш айта турган болсом, окуучулардын билимин баалоо, мугалимдердин адистик деңгээлин аныктоо, жоопкерчиликти күчөтүү максатында аккредитацияны күчөтүү тууралуу өз сунуштарым бар эле. Азыр дипломдуу мугалим көп, ал эми сапаттуу адис аз болуп жатат. Теория менен практиканын айкалышпагандыгынан жаш адис да, окуучу да коомдон татыктуу ордун таба албай, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө өз салымдарын кошо албай арабөк калышууда.

Көйгөйлөр жөнүндө айтсам, Чоң-Алайда быйылкы жер титирөө болгон аймакта бир катар мугалимдердин үйлөрү кооптуу абалга туш болгондуктан, курулуш иштери менен алек болуп калышууда. Учурдан пайдаланып Кыргыз Өкмөтүнө, биздин министрликке, райондук, шаардык билим берүү мекемелерине ошол кырсык болгон маалда моралдык, материалдык жардам көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирип кетер элем. Жапа чеккен аймактарда буйруса, 1-сентябрда мугалимдер жамаатынын жардамы менен окуу башталат. Мектеп өз шартында иштеп баштайт.

Мелисбек Мадумаров, Ош шаарындагы №52 мектеп-лицейинин директору:

– Бизде жаш мугалимдерге мурдагыга караганда биртоп жакшы шарттар түзүлгөн деп айта алам. Мисалы, мектебибизде 40 пайыз жаш мугалимдер иштеп жатышат. Мен жаш жетекчимин. Азыркы учурда жаш мугалимдер чоң конкурстарга катышып, өздөрүн көрсөтүшүп, жигердүү иштеп жатышат. Албетте, айлык акыларыбыз биз суктанган өлкөлөрдүкүнө жетпейт. Ошого карабай билим берүүнү алга сүрөгөнгө бардык күч-аракетибизди жумшоодобуз. Бирок бул тармакты өнүктүрүүдө бир эле Билим берүү жана илим министрлигине, мугалимдерге, мектепке түртө салган болбойт. Буга жалпы коомчулук, ата-энелер да активдүү катышып, өз салымдарын кошсо, билим берүү да сапаттык жактан көтөрүлөр эле деген ойду айткым келди.

Нургүл Алиева,
Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы мектептин директору, «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунун жеңүүчүсү:

– Кандай гана жаңы технологиялар, усулдук колдонмолор кирбесин, бүт баары мугалимге байланыштуу деп ойлоймун. Интерактивдүү доска, компьютер жетпейт деген бир башка сөз. Эгер ошонун баарын мугалимдин колуна берип койсоң деле, адистин изденүүсү жогору болбосо, чоң жыйынтык бере албайт. Ошондуктан мугалим өзүнүн устат экенин унутпай, окуучунун саяпкери болуп, ага жаңы нерселерди үйрөтүп турушу абзел. Мезгилдин талабын сезе билиши парз. Дагы бир айта кетчү жагдай, азыр мектептерде окуу китептери жетишсиз болууда. Албетте, электрондук багытта да бар. Бирок бул көйгөй ачык бойдон калууда. Бара-бара мындай маселелер чукул арада чечилет деп толук ишенем.

Майрамбек Токторов, «Кутбилим» Бишкек–Чолпон-Ата–Бишкек

Поделиться

Комментарии