АРЗАН ТУРАК-ЖАЙ АЛУУНУН АЙЛАСЫ ЖАНА АЗАБЫ

  • 05.02.2016
  • 0

Гезитибиздин өткөн санында жарыяланган мугалимдер үчүн берилчү мамлекеттик насыя тууралуу макала (“Ипотека: Мугалимдерге арзан турак-жай алуу үчүн мамлекеттик насыя берилет” (Г.Алыбаева) «Кутбилим», 29-январь, 2016-жыл, №4) окурмандар арасында кызуу талкуу жаратууда. Көпчүлүктү ал насыя канчалык ачык-айкын берилээри жана ырасында эле мамлекеттик кызматта иштегендер үчүн жеткиликтүү болобу деген суроо кызыктырып жатат.

Көкөйгө көк таштай тийген квартира көйгөйү

 Бишкек шаарындагы №51 бала бакчада эки жылдан бери тарбиячы болуп иштеген Гүлжекан Соорбекованын үч баласы бар. Жолдошу экөө убактылуу батирде жашашат. Арзан турак-жай алууга мамлекет насыя берээрине кубанганы менен, ал тизмеге өзү сыяктуу карапайым адамдар илинээрине көзү жетпей тураарын айтат.

— Үй-бүлөбүз менен 13 жылдан бери көчүп-конуп тирлик кылып келебиз. Андыктан турак-жай көйгөйү көкөйүбүзгө көк таштай эле тийди десем болот. Өкмөт мамлекеттик кызматта иштегендерге арзан үй алууга мүмкүнчүлүк берет экен деп угуп сүйүнүп жатканбыз. Бирок анын шарттарын биздин үй-бүлөлүк бюджет көтөрө алабы же жокпу деп кайра сар-санаа болуп жатабыз. Бул боюнча райондук билим берүү бөлүмүнө профсоюздук комитеттин өкүлдөрүн чакырышып жыйналыш өтүшкөн. Алар бизге МИКке документ тапшырыш үчүн жалпы эмгек стажы 15 жыл, ал эми бир жерде иштеген эмгек стажысы үч жылдан кем эмес болуш керек деген маалымат беришкен эле. Өткөн жумада “Кутбилимден” окуп, толук маалымат алдык. Бирок ошол шарттар бизге окшогон катардагы кызматкерлерге ылайык келеби-келбейби деп башыбыз катып жатат. Анткени менин тарбиячы катары алган маянамдын өлчөмү айтпасам да түшүнүктүү. Жолдошум куруучу болуп иштейт, анын жумушу утурумдук, кышында жокко эсе. Демек, канчалык арзан болсо да, биздин үй алаарыбыз арсар. Менин угушума караганда, мамлекеттик ипотеканы биздей жаш аялмет үй-бүлөлөр эмес, уул-кыздары чет жактарда иштеп акча тапкан жана бизнеси барлар алышат көрүнөт. Анын үстүнө ипотекалык насыя боюнча кепилдик өтүүчүнү табуу да оӊой эмес, — деп биз менен оюн бөлүштү.

Гүлжекан сыяктуу утурумдук батирлерде жашаган үй-бүлөлөр борбор калаабызда жүздөп-миӊдеп саналат. Аларда туруктуу каттоо да жок. Өздөрү мамлекеттик жумушта иштеп жатабыз деп кубанганы менен тапканы чеке деле жылытпайт. Гүлжекандын пикиринче, өкмөт мамлекеттик кызматта иштеп жаткандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоого чындап киришип жаткандан кийин шарттарын да тегиз жеткидей ийкемдүү кылса жакшы болмок.

— Өзүбүздүн үйүбүз болбогон соӊ бизди ким туруктуу каттоого тургузмак эле? Андыктан биздин иштеп жаткан жерибизден, утурумдук жашап жаткан үй башчыларынан алган справка деле жетиштүү болмок деп ойлойм. Бул бир жагы. Экинчиден, биз кепилдик өтүүчүнү кантип табабыз? Үй-жайы бар тууганыӊа мени каттоого тургуз же мага кепил болуп бер деп батынып бара албайсыӊ да. Анткени алар деле өз күнүн эптеп көрүп жатышат. Ошондуктан, акыры банкка алчу үйүбүздү күрөөгө коюп жаткан соӊ, кепилдик өтүүчүнүн кандай кажети бар? Үйүбүздү алдырбас үчүн жан далбастап иштеп, ошол акчаны тапмакпыз да. Бирөөнүн короосун шыпырсаӊ да кошумча жумуш таап, аманчылык болсо, ошол акчадан кутулмакпыз. Ансыз деле айына 10-12 миӊ сом төлөп жашап жатпайбызбы.- дейт Гүлжекан.

Үй маселесин көп жылдан бери чече албай келаткан Бишкектеги И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин ага окутуучусу Гүлзина айымдын пикиринче, ипотека аркылуу турак-жай алуунун шарттарынын дагы да түшүнүксүз жагдайы арбын.

— Макул, мен МИК аркылуу банктын жардамы менен үй алдым дейли. Банк өзүнүн көрсөткөн кызматы үчүн акчаны мага берилчү суммадан кармайбы? Бул бир жагы. Экинчиден, эгерде мен көрсөтүлгөн мөөнөттө ал акчаны төлөй албай калсам, мага кандай чаралар көрүлөт? Турмушта ар кандай кырдаалдар кездешет эмеспи, 15 жылда эмес, 15 күндө кандай окуялар болуп кетээрин эч ким билбейт. Мисалы, 10 жыл төлөп келип, кийин төлөй албай калсам, банк ал үйүмдү алып коебу? Мага ушул жагдайлар түшүнүксүз болуп жатат, — деген оюн билдирди.

Шылуундардан сак бололу

 Борбор калаада көп жылдан бери иштеп, кантип үйлүү болуунун айла-амалын таппай минтип баштары маӊ болуп жаткан замандаштарыбызды мындай кой, алыскы айылдарда жашагандарга тез арада Бишкектен үйлүү болуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган шылуундар да чыгып жатканын белгилеп кеткенибиз оӊ. Аты-жөнүн атагысы келбеген бир окурманыбыз айылда жашаган бир тууганына  бирөөлөр ушул мамлекеттик ипотека аркылуу Бишкек шаарынан үй алып берүүнү убада кылып жатканын билдирди. Ал үчүн анча-мынча үстөк акчасын берсе эле, документ топтоп убара болбой туруп, борбор калаадан үйлүү болуп калаарын айткан.

Мындай көрүнүштөр таӊ калыштуу деле эмес. Кайсы маселе актуалдуу болсо, сөзсүз анын тегерегинде ушундай оӊ да, тетири да кырдаалдар дайыма коштолуп келген. Мисалга жер тилкелерин алалы. 1990-жылдын башталышында үйгө муктаж жарандарга бөлүнүп бериле баштаган жер тилкелеринин чуусу ушул кезге чейин уланып келет. Анын азабынан далай адамдар жандарын кыйып, далайы темир тор артында отурат. Эгемендикке ээ болгонубузга чейрек кылым толсо да, токсонунчу жылдагы баш аламан түшүнүктөн арыла албай келатканыбыз, албетте кейиштүү көрүнүш. Ким билет, балким кимдир бирөө документтерин жасалма жол менен жөндөп алып, чындап эле мыйзамдардан буйтап өтүп оӊой үйлүү болуп алышы да мүмкүн. Бирок андайлардын жолу кууш экенин да эстен чыгарбайлы. Андан көрө алданып калгандан сак бололу.

Үйлүү кылган үлүштүк курулуш

 Жарандарды жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо максатын аркалаган Мамлекеттик ипотекалык компания Кыргызстанда бул багытта иш жүргүзгөн алгачкысы эмес. Бишкек шаарында батирлерди үлүштүк куруу программасынын алкагында көп кабаттуу үйлөр курулуп, анын жардамы менен үйлүү болгондор бар. Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык-курулуш башкармалыгынын Үлүштүк курулуш бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Марат Жумабековдон алган маалыматтарга ылайык, 2008-жылы киргизилген үлүштүк курулуш программасы боюнча 10 көп кабаттуу үй курулган.

— Бишкек шаарында көп кабаттуу квартираларды үлүштүк куруу тартиби жана шарттары жөнүндөгү жобого ылайык, бул иш-чара үч баскычта жүргүзүлөт: биринчисинде атайын комиссиянын чечими менен үлүштүк курулушка киргизилген жарандар 30% алгачкы төлөмүн келишим түзгөн мезгилде төлөшөт. Андан кийинки 30 пайызын курулуш аяктаганга чейин төлөөгө тийиш. Курулуш иштери болжол менен бир жарым-эки жыл аралыгында аяктайт. Ал эми калган сумманы беш жылдын аралыгында пайызсыз шартта төлөөгө мүмкүнчүлүк берилет. Төлөө улуттук валютада жүргүзүлөт, — дейт Марат Жумабеков.

Марат мырзанын айтымында, жогоруда белгиленген 10 көп кабаттуу үйдөн 707 кыргызстандык жаран турак-жайлуу болгон. Учурда кезектеги курулуучу үйгөүлүшкө кирүүүчүн 2489 адам документ тапшырган. Алардын арасында Бишкек шаарында жашап жана иштеп жатышкан мугалимдер, врачтар жана башка мамлекеттик жана менчик мекемелердин кызматкерлери бар. Атайын түзүлгөн комиссия 135 квартиранын ээсин аныктамакчы. Ал квартиралардын бактылуу ээси ким болоору азырынча белгисиз, бирок комиссиянын чечими жакынкы арада чыгып калат деп күтүп жатышканын билдирген Марат Жумабеков, үлүштүк курулушка илинбей калгандар өз эрки менен ал жерден документтерин алып, Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрсө да болоорун айтты.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

Поделиться

Комментарии