Артыкчылык аттестатына талапкерлер сындан өтөт

  • 22.04.2013
  • 0
Артыкчылык аттестатына талапкерлер сындан өтөт

Зейнеп ЖАМАКЕЕВА,
Улуттук тест жүргүзүү борборунун мүдүрүнүн орун басары

Билим берүү жана илим министрлиги 2010-2011, 2011-2012-окуу жылдарынан бери унутта калган артыкчылык аттестатка талапкерлердин окуудагы жетишкендик деңгээлин эки жыл катары «пилоттук» маселе катары карап баалап келди. Эгерде тарыхка кайрылсак, Улуттук тест жүргүзүү борбору 1993-жылдан баштап алтын медалга талапкерлерди тест сынагынан өткөрүп келген. Акыркы жолу өткөн кылымдын аягында, б.а. 1999-2000-окуу жылындагы окуучуларды сынактан өткөргөн. Анда республика боюнча бүтүп жаткан 72376 окуучунун ичинен 1712 окуучу талапкер деп аныкталып, алардын ичинен 487 (37,49%) окуучу татыктуу экендигин далилдеген. Ошол жылдардын экс-министри алтын медаль «социализмдин саркындысы» деп эсептеп, сынак уюштуруудан баш тарткан буйругун токуп, балдардын жетишкендиктерин артыкчылык аттестат менен баалоону киргизген жана аны жалпы орто билим берүүчү мектептердин өзүнө ыйгарган. Айта кетчү нерсе, Казакстан Республикасында «Алтын белги» кандай киргизилсе, тандалган 11(12) жыл мектепте жалаң «эң жакшы» баага окуган окуучулардын билим деңгээлин таануунун, барктоонун, баалоонун күзгүсү катары кызмат кылып келе жатат.

Республикабызда, төмөнкү таблицадан көрүнүп тургандай, жыл сайын «отличниктердин» саны көбөйүп жүрүп отурган. Мисалы, 2000-жылга салыштырмалуу 2007-жылы жакындатып алганда 8 эсеге өскөн. 

Жылдар

200020012002200320042005200620072008200920102011

Бүтүр. саны

723768113627626806308467182679748687966678655776017321671929

отлич-никтер-дин саны

171217991188187526553394338936803430335731093331
 487

УТЖБ

мектепмектепмектепмектепмектепмектепмектепмектепмектепмектеп

95 окуучу УТЖБ

Түзүлгөн мындай кырдаалды оңдоо үчүн Билим берүү жана илим министрлиги артыкчылык аттестатка талапкерлер үчүн тест сынагын кайра жандантып 2010-2011-окуу жылынан бери киргизди.

2010-2011-окуу жылдагы республика боюнча 11(12) классты бүтүрүп жаткан 71929 окуучунун ичинен артыкчылык аттестатка талапкер катары 3331 окуучу көрсөтүлөн болсо, 3006 талапкер тестирлөөгө катышкан, алардын ичинен 95 гана окуучу «эң жакшы» деген бааларга татыктуу болушкан жана талапкерлердин 3,16% түзгөн. Бирок ал жылкы тест сынагынын жыйынтыгын «кеч өткөрүлдү», «балдар даяр эмес болчу» деген сыяктуу шылтоолор менен ата-энелер, коомчулук министрликтен талап кылып олтурушуп, ошол жылкы талапкер 3331 окуучунун бардыгы кызыл аттестатка ээ болушкан. 2010-2011-окуу жылдагы 95 гана окуучу өздөрүн «мыктылардын ичинен мыкты» экендигин далилдеп, моралдык жактан өздөрүнүн билим деңгээли менен сыймыктана алгыдай болушкан. Ал окуу жылындагы бүтүрүүчүлөр «математика», «тарых», «эне тили» сабактарынан сынак өтүшкөн.

2011-2012-окуу жылдагы республика боюнча 11(12) классты бүтүрүп жаткан 73673 окуучунун ичинен кызыл аттестатка талапкер катары 1998 окуучу көрсөтүлгөн, анын ичинен 1921 сынакка катышкан, 77 окуучу ар кандай себептер менен катышкан эмес. Жобо боюнча ал окуучулар жүйөлүү себептер менен келбей калган болсо, билим берүү министрлигине тесттен өтүү үчүн кайрылышса болмок, бирок бир да окуучу кайрылган эмес.

2011-2012-окуу жылындагы артыкчылык аттестаты менен бүтүрүүгө талапкерлер алгебра жана анализдин башталышы, тарых, эне тили жана орус, өзбек, тажик тилинде окуган окуучулар мамлекеттик тил (кыргыз тилинен), кыргыз тилинде окуган окуучулар расмий тил (орус тилинен) тест сынагынан өтүшкөн. Жобону атайын түзүлгөн жумушчу топ, тест сынагы пилот катары боло турганын эске алып «жумшак рейтинг» методун колдонгон, б.а. билим жетишкендиктеринин аталган төрт сабак боюнча «жакшы» жана «эң жакшы» деген баага татыктуу балдар «кызыл аттестатка» ээ болушат деп иштеп чыгышкан. Жыйынтыгында республика боюнча 256 окуучу кызыл аттестатка татыктуу болгон жана ал тестирлөөгө катышкан талапкерлердин 13,3 % түзгөн, ал эми жалаң «эң жакшы» деген баа алган 54 (2,31%)гана окуучу болгон.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу (№145/1 2012-жылдын 1-апрели) менен бекитилген 2012-2013-окуу жылындагы орто билими жөнүндөгү артыкчылык аттестатына талапкер болгон 11(12)-классынын бүтүрүүчүлөрүн тест сынагынан өткөрүү жөнүндөгү жобого ылайык:

Жалпы орто билими жөнүндөгү артыкчылык аттестатын алууга талапкерлерди жогорку мектептин бүтүрүүчүлөрүн тест сынагынан өткөрүү: окуучулардын билим алуусундагы жетишкендиктерине анализ жасоо жана баалоону жакшыртуу максатында жүргүзүлөт. Буйрук жана жобо менен Улуттук тест жүргүзүү борборунун сайтынан www.ntc.kg толук таанышсаңыздар болот.

Талапкерлер алгебра жана анализдин башталышы, Кыргызстандын тарыхы, эне тили жана адабияты орус, өзбек тажик тилинде окуган окуучулар мамлекеттик тил (кыргыз тилинен), кыргыз тилинде окуган окуучулар расмий тил (орус тилинен) тест сынагынан өтүшөт.

Тест сынагы Улуттук тест жүргүзүү борбору даярдаган тесттердин негизинде жүргүзүлөт.

Тесттик тапшырмалар жалпы орто билим берүү мектептериндеги окуу сабактарынын мазмунуна ылайык тапшырмалардын татаалдык деңгээлдин 3 принцибин сактоо менен түзүлөт: минималдык (негизги), орто жана татаалдыгы жогорулатылган.

Бардык артыкчылык аттестат алууга талапкерлер, тест сынагына сөзсүз катышууга жана үч татаалдык деңгээлдеги тапшырмаларды аткарууга милдеттүү.

Алгебра жана анализдин башталышы боюнча тесттин үстүндө иштөөдө талапкерлер тест баракчасынын бош жерлерине чыгарылыштарын жазууга, жооптор кандай жол менен алынгандыгын көрсөтүүгө, чиймелерди чийүүгө, сүрөттөрдү тартууга милдеттүү.

Тартип жөнүндө болсо, тест өтүп жаткан убакта сүйлөшүүгө, суроолорду берүүгө (бири-бирине), кандайдыр бир буюмдар менен алмашууга, сөздүктөрдү, эсептөө машинкаларын, байланыш каражаттарын колдонууга (уюлдук телефондор жана башка маалымат булактары), жана аудиториядан чыгууга тыюу салынат. Бекитилген эрежелерди бузган окуучуларды тест өткөрүүчүлөр протокол түзүү менен тестке кайра кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып чыгарып жиберишет, бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алуу укугунан ажырайт. Ошондой эле 30 мүнөттөн көп эмес кечиккен талапкерлер, тест сынагына бөлүнгөн убакыттын калган чегинде киргизилет. Тестке келбеген окуучулар үчүн (жобонун 17-бөлүмчөсүндө көрсөтүлгөн себептерден тышкары) кошумча тест өткөрүлбөйт, жана алар артыкчылык аттестат алуу укугунан ажырайт.

Райондук, шаардык окуу бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, тест өтүп жаткан билим берүү мекемесинин мөөрүн даярдап коюу зарылчылыгы бар, себеби жооптордун баракчалары жана тесттин баракчаларына тест сынагы өткөн билим берүү мекемелеринин мөөрү коюлушу керек. Мөөр басылбаган баракчалар текшерүүгө кабыл алынбайт.

Талапкер оорусуна же башка жүйөлүү себептерге байланыштуу тестке катышпай калган учурда алар Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуусу керек. Талапкерлерге кошумча тест сынагын өткөрүү үчүн негиз болуп жатак бейтапканадан медициналык маалымдама же болбосо компетенттүү мамлекеттик мекемелерден берилген тастыктоочу документтер эсептелинет. Кошумча тест сынагын өткөрүүнүн мезгили, убактысы жана өткөрүү жайы Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен аныкталат жана жалпы билим берүүчү мекемелерге, тиешелүү билим берүүчү башкармалыктарга май айынын 25не чейин жеткирилет.

Тесттин жыйынтыгы ар бир предмет боюнча өзүнчө бааланат. Жобонун 21-бөлүмчөсүндө «тесттин жыйынтыгы боюнча «жакшы», «канааттандырарлык» жана «канааттандырарлык эмес» деген бааларды алган талапкерлер артыкчылык аттестатын алуу укугунан ажырайт» деп даана ачык жазылган.

Техникалык апелляциялык комиссия (мындан ары — ТАК) тест сынагына катышкан бүтүрүүчү-талапкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында түзүлөт. ТАК арыз берген талапкерлердин жооп баракчасынын туура толтурулганын жана баллдардын (баанын) туура коюлушун текшерет, ошондой эле оптикалык сканер менен окулган жооп баракчасынын толтурулушуна байланышкан процедуралык, техникалык маселелерди карайт. ТАК курамын Кыргыз Республикасынын Билим берүү боюнча борбордук мамлекеттик башкаруу органы бекитет. Орто мектепти артыкчылык аттестаты менен бүтүрүүгө талапкерлердин тест сынагынын жыйынтыгын чыгаруудагы бардык талаш, так эмес маселелер ТАК тарабынан каралат.

Аттестаты артыкчылык менен бүтүрүүгө талапкер тест сынагынын жыйынтыгын алгандан 7 күн ичинде техникалык апелляция өткөрүү үчүн райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрү (башкармалыктары) аркылуу арыз берүүгө укуктуу. Билим берүү бөлүмдөрү каттоо номерлери көрсөтүлгөн апеллянттардын тизмесин факс же электрондук почта менен бекитилген графикке ылайык Улуттук тест жүргүзүү борборуна жөнөтөт.

 Апелляция жооп баракчалары боюнча жүргүзүлөт, анын толтурулушуна тест тапшыруучу жооп берет. Алгебра боюнча апелляция жүргүзүүгө, тесттик тапшырмалардын тийиштүү баракчаларга толук жазылган чыгарылышы, сүрөттөрдүн аткарылышы, чиймелери негиз болуп эсептелинет. Гуманитардык-тил предметтери боюнча техникалык апелляция тест тапшырмаларын аткаруу жана жооп баракчасын толтурууга берилген көрсөтмөлөргө ылайык текшерилет. Жооптору белгиленбеген тапшырмалар текшерилбейт.

Быйылкы окуу жылындагы артыкчылык аттестатын алууга татыктуу болгон талапкерлерге төмөндөгүдөй жеңилдиктер каралган.

1. Тест жүргүзүүнүн жыйынтыгынын негизинде артыкчылык аттестатын алуу укугуна ээ болгон бүтүрүүчүлөр жалпы орто мектептин курсу боюнча мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан төмөнкү предметтер боюнча бошотулат:

— алгебра жана анализдин башталышы (жазуу);

— эне тили жана адабияты (жазуу);

— мамлекеттик (кыргыз) тили (жазуу);

— расмий (орус) тили (жазуу);

— Кыргызстандын тарыхы (оозеки).

2. Артыкчылык аттестатын алуу укугуна ээ болгон бүтүрүүчүлөргө, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына өтүүдө жеңилдиктер берилет. Артыкчылык аттестатына ээ болгон бүтүрүүчү жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) кошумча предметтик тесттерин: математика, физика, химия, биология, тарых жана англис тили сабактарын тапшыруудан бошотулат. Бүтүрүүчүдө артыкчылык аттестатынын өзүнүн болушу предметтик тесттердин эң жогорку баллына тең деп эсептелинет.

3. Тест сынагынын негизинде артыкчылык аттестатын алуу укугуна ээ болгон бүтүрүүчүлөр, Кыргыз Республикасынын медициналык профилдеги орто окуу жайларынан тышкаркы, башка орто окуу жайларына (окуу формасына жана ведомстволук баш ийишине карабастан) кирүү экзамендерисиз кабыл алынат.

Жобонун 32- бөлүмчөсүнө ылайык, артыкчылык аттестатын алуу укугун тастыктай албай калган бүтүрүүчү жеке арызынын жана жалпы билим берүүчү мекемелердин мугалимдер кеңешинин чечими менен жалпы орто билим берүү курсу боюнча (толук же толук эмес) жыйынтык аттестациясына артыкчылык аттестаты алуу укугунан ажыратылып киргизилет. Жобонун бул бөлүмчөсүнө кененирээк түшүндүрмө берсек, мисалы, талапкер тесттин жыйынтыгында төрт сабактын: Кыргызстандын тарыхынан «5», экөөнөн «4» жана дагы бирөөнөн «3» деген бааларды алды. Талапкер мектептин педагогикалык кенешине арыз менен кайрыла алат. Тесттин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын тарыхынан алган баасын жыйынтыктоочу аттестациянын баасы катары эсептөө жана башка сабактарынан жыйынтыктоочу аттестацияны жалпы негизде тапшырууга руксат берүү же болбосо баардык алган бааларын жыйынтыктоочу аттестациянын баасы катары эсептөө жөнүндө.

Артыкчылык аттестатына талапкерге айтаарым, тест сынагын тапшыруунун эрежесин бузбай, толкунданбастан, өз мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланып, ийгиликтерге жетишине тилектешмин.

Поделиться

Комментарии