АЛЫКУЛДУ АЗДЕКТЕГЕН РАИСА ЭЖЕ

  • 22.01.2016
  • 0

Кыдырбаева Раиса ф.и.д., КРУИА корр.-мүчөсү, КР илимине эмгек сиӊирген ишмери, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. 58 жыл бир орунда, так айтканда, 1957-жылдан бери Улуттук илимдер академиясында эмгектенүүдө.

Ага чейин Москвадагы Дүйнөлүк адабият институтунда төрт жыл окуп, ошол жактан “Лирика Алыкула Осмонова” деген темадагы кандидаттык диссертациясын жаза баштайт. Бул теманы алууну алгачкы алыкултаануучу Шаршенбек Үмөталиев агай сунуштаган экен. Илимий ишине Дүйнөлүк адабият институтунун улуу илимий кызматкери М.И. Богданова жетекчилик кылган.

Редактору К. Асаналиев болгон ушул монографиясынын негизинде 1957-жылы филология илимдеринин кандидаты деген илимий даражаны ийгиликтүү коргойт. Ошол жылдары “Манас” эпосун изилдөөгө, кошмо варианттарын чыгарууга көӊүл бурулгандыктан, Р. Кыдырбаева да ал ишке тартылган. Мектепти орусча бүтүрүп, Москвада да ошол эле тилде окуган жана мурда фольклор менен иштеп көрбөгөндүктөн “Манас” секторундагы алгачкы жылдарында аябай кыйналууга, түйшөлүп иштөөгө туура келет. Эпикалык зор чыгарманы окуп чыгуудан тышкары анын жалпы мазмунуна же айрым окуяларына илимий-изилдөөчүлүк мамиле жасоодо эӊ алгач ар кандай сөздүктөр менен да тынбай эмгектенген.

Ошентип, катардагы  илимий кызматкерден сектор-бөлүм башчылыкка жана “Манас” эпосун изилдөө тобунун жетекчисине чейин көтөрүлүп, манастаанууга маанилүү салымдарды кошот.

Жамааттык эмгектерден тышкары, “Манас” эпосундагы традициялык жана индивидуалдык маселелерине карата”, “Манасчынын айтуучулук чеберчилиги”, “Манас” эпосунун варианттары”, “Манас” эпосунун генезиси” деген ж.б. монография, изилдөөлөрдүн автору. Ушул темалардын негизинде докторлук ишин жактаган. Эки томдук “Манас” энциклопедиясын чыгаруудагы мээнети илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлык менен 1998-жылы белгиленген.

Манастаануу жана адабият тармагындагы жаш илимпоздордун диссертацияларына жетекчилик кылуу менен 25тен ашык кандидатты, докторду даярдаган илимий устат. Шакирттеринин арасында Алтай, Тува фольклорун изилдөөчүлөр да арбын.

“Алыкул-100” мааракесинен кийин акын жөнүндөгү илимий эмгекти алгачкы болуп орус тилинде “Лирика Алыкула Осмонова” деген темада 1952-55-жылдарда жазган Раиса Кыдырбаевага жолугушуу ниетинде элем. Дагы бир жүйөө  — аталган эмгегинде А. Осмоновдун 1916-жыл – Үркүн тууралуу жазган “Кеӊеш Кыргызы” чыгармасын талкуулоосу жана акындын орус тилине которулушунун анча эместиги жөнүндөгү пикирлери менен бирге “Манас” эпосун иликтөөнүн соӊку жылдардагы абалы боюнча да баарлашуу эле.

Ушулар жөнүндө маекке даярданып жана Алыкул таануунун орус тилиндеги чыйырын баштоочу катары сый-сыпат көрсөтүүнү көздөй эженин үйүнө баргандан кийин дагы бир сонун жагдайга туш болдук… Көрсө, окумуштуу айымдын 85ке толо турган күнү – быйылкы күздүн соӊку күнү экен.

Ошентип, “Алыкул-100” майрамы менен Раиса Заитовна Кыдырбаеванын мааракеси бири-бирин толуктай, кыргыз фольклору, адабияты, “Манас” эпосу баш болгон дастандар жана Алыкул аркылуу өткөн-кеткендер ортого салынып, жаӊы булактардын көздөрү ачылып жатты.

Алардын эӊ башкылары:

1. А. Осмоновдун академиялык басылмаларын жаӊы толуктоолор, илимий түшүндүрмөлөр менен басып чыгаруу.

2. Орус тилине которулгандарын кайрадан редакциялоо, текстологиялык иликтөө, которуу жана орусча котормолорунун тандалма жыйнагын чыгаруу.

3. Алыкултаануунун илимий жактарына да көӊүл буруу менен совет учурундагы ар кандай конъюктуралык чен-өлчөмдөн чыкпай калган көз караштагы эмгектер негизинде жаӊы адабий-илимий иликтөөлөрдү жүргүзүү.

Эженин Алыкултаанууга, Манастаанууга кошкон илимий зор мээнеттерин кичине болсо да эске алып коёлу деген ниетибизде “Манас-1000” фотоальбомун, “Алыкул-100” Ардак грамотасын ж.б. белектерибизди тартуулаганда Р.З. Кыдырбаева өтө толкундана ыраазычылыгын айтканда, жүзү албырып, үнү каргылданып кетти. Дээрлик 60 жыл мурда  Алыкулдун ыр дүйнөсүнө аралашкан жаштык чагын, жигерин эстеген ак чач айымдын акын талантына дагы деле таазим этерине ынанган бизди да чексиз кубанычтын толкундары каптап турду. Эӊ башкысы – Алыкултаанууну дагы алга жылдыруу керектигине басым койгону.

Эже менен эки сааттан ашык адабият, маданият жаатында сүйлөшүүдө жубайы, айтылуу адабият сынчысы Кеӊешбек Асаналиев жана аталары, бир тууган эжеси Курман Кыдырбаева “Манас-1000” мааракеси боюнча да эскерүүлөр айтылды. Курман Кыдырбаева ХХ кылымдын 30-40-жылдары манасчылар Молдобасан, Шапак, Саякбайдын варианттарын жаздырууда стенограф жана машинкага бастыруу боюнча Ыбырайым Абдырахмановго жардамдашкан. Ал колжазмалар УИА фондунда. Ушулары жөнүндө “Манас-1000” де унутулуп калып, кийин “Тойдо унутулган кыз” деген кечирим суроо маанайындагы макала “ZК” гезитине жазылган. КР маданиятына эмгеги сиӊген ишмер “Ала-Тоо” журналында жооптуу катчы, “Кыргызстан Аялдары” журналында редактор болуп иштеген. Ата мекендик согуш маалындагы кыргыз акын, жазуучуларынын фронттон өзүнө жазылган каттарын сары майдай сактап жүргөндүктөн, алар 1995-жылы өзүнчө жыйнак болуп жарыяланган.

Алыкулдун замандашы катары жеке китепканасындагы акындын үч томдугун жана бир канча фотолорду Алыкул үй-музейинин фондуна колтамга коюп берген болчу.

Бар бол, Алыкул!

Бар болгула, Алыкулдун күйөрмандары!

П. Казыбаев,

 “Алыкул үйү-борбору”

Поделиться

Комментарии