АК-ТАЛААЛЫК ОКУУЧУЛАР ИЛДЕТКЕ КАРШЫ ФЛЕШМОБ ӨТКӨРҮШТҮ
- 31.03.2020
- 0
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинин окуучулары коронавируска каршы флешмоб өткөрүштү. Бул тууралуу облустук усулдук билим берүү борборунан Гүлмира Танчиева маалымат берди.
Аталган мектептин окуучулары колдоруна коронавируска каршы ар кандай чакырыктар жазылган плакаттарды кармап алып, өздөрү үйдөн чыкпай, санитардык-гигиеналык эрежелерди сактап, үйдөн окуп, илдетти жеңүүгө өз салымдарын кошорун билдиришти.
Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»
Поделиться
Комментарии