• 22.09.2016
  • 0

IMG-20160907-WA0016 II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну көркөмдүү салтанаты менен көргөндөрдүн көөнүндө көпкө сакталып калары анык. Айрыкча, 1000 комузчу черткен “Маш ботой” жаңырганда, Кыргызстан эле эмес, бүт аалам шаңга бөлөнгөнсүп, толкундангандан көздөрүнө жаш тегеренгендер да болду. Комуздун сыйкырдуу добушу биздин көкүрөгүбүздү көккө учура кыргыздын аруу, сырдуу дүйнөсүн жар салып жаткансыды. 60тан ашык мамлекеттен келген меймандардын башын кошуп, алысты жакындаткан, жакынды тааныткан көчмөндөр оюнунда өзгөчө ырахат тартуулаган 1000 комузчунун аткаруусундагы “Маш ботой күүсүн” чертүүгө республикадагы музыкалык окуу жайлардын окуучулары, студенттер да тартылган. Алардын бири — борбор калаабыздагы №1 музыкалык мектептин окуучусу Таңсулуу Искандарова. Ал Бишкектеги №38 мектеп-гимназияда 6-класста окуйт. Бул күн өзгөчө эсинде сакталып калганын айткан чоң салтанаттын кичинекей күбөсүн кепке тарттык. — Комузчулар менен көчмөндөр оюнуна барарымды укканда аябай сүйүндүм. Бир чети толкундандым. Апам да мени менен кошо аябай толкунданып, мен үчүн кабатырланды. Анткени биринчи жолу апам жок, өзүм жалгыз бардым да. Бизди бул жерден самолет менен алып кетишти. Барганда “Ала-Тоо” пансионатында болдук. Өзгөчө эсимде калганы кооз салюттар, анан президентибиз Кыргызстандын туусу менен чыкканда аябай сүйүндүк. Биз комуз чертип бүткөндө, көрүүчүлөр көпкө чейин кол чабышты. Ал жерден биз көптөгөн эстрада жылдыздарын көрдүк, айрымдары менен сүрөткө түштүк. Президентибиз менен да аябай сүрөткө түшкүм келди, бирок жанындагы жан сакчыларынан сүрдөдүм, — дейт Таңсулуу сыймыктанганын жашырбай. Сөзгө аралашкан анын апасы Бүбүканым буларды кошумчалады: — Кызымдын эмоциясы чексиз. Келгенден бери эле айтып түгөтө албай жатат. Буга чейин өз алдынча эч жакка чыга элек эле. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, уюштуруучуларга ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Ушунча баланын башын бириктирип, сырт жакта алып жүрүш аябай эле кыйын да. Самолет менен алып барып, кайра самолет менен жеткиришти. Менин кызым окуган №1 музыкалык мектептен барган эжейи Майрамкүл Мамбетовага, комуз үйрөткөн агайы Майрамбек Абдыкеримовго өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем. Анткени кызымдын жөндөмүн ачып, жол көрсөтүп дегендей, өз баласындай кам көрүшүп, ийгиликтерине ата-энелеринен артык кубанышып, түйшүк тартып келатышат. Көчмөндөр оюнуна комузчулар чыкканда мени чулгаган сезимдерди сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Айрыкча, алардын арасында менин да кызым бар экенине аябай сыймыктандым, — дейт. Бишкек шаарындагы №1 музыкалык мектептин өзүнүн комузчулар ансамбли бар. Аны Толгонай Абдраева деген жаш таланттуу кызыбыз жетектейт. Мектептин кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн мугалими Майрамкүл Мамбетованын айтымында, 1000 комузчунун аткаруусундагы “Маш ботойду” чертүү идеясын ишке ашырган “Айгине” маданий-илимий изилдөө борборунун жетекчиси Гүлнара Айтпаева болгон. — Мен ушул мектепте 1993-жылдан бери иштейм. Балдарга комуздан сабак берем. Биздин мектептин 10 окуучусун Чолпон-Ата шаарында өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна жетектеп алпарып келдим. Жалпысынан айтканда, комузчулар курамы бүткүл республикадагы комузчулардан куралды. Ош, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй сыяктуу облустардагы музыкалык мектептин мыктылары, андан тышкары, музыкалык орто жана жогорку окуу жайдын студенттери тартылды. “Маш ботойду” чертебиз деп жайы бою даярдандык. Ушундай чоң салтанатта, ушунча көп сандагы комузчулар менен күү аткаруу идеясын ишке ашырып, уюштурган “Айгине” маданий-илимий изилдөө борборунун жетекчиси Гүлнара Амановнага да өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Бул Көчмөндөр оюнунун өзү эле уникалдуу окуя эмеспи. Аны көргөндөр күбө болушкандай, ырасында эле укмуштай кереметтүү номер болду деп ойлойм. Мындай тарыхый көрүнүш биринчи жолу болгондуктан, Гиннес китебине киргизиш керек деген сунушту биз да кош колдоп колдойбуз,-дейт Майрамкүл Мамбетова. Жаш комузчуларга кыргыздын кылымдарды карытып жаңырып келаткан добушун комуз кылында тыңдоого үйрөткөн музыкант мугалимдердин бири Майрамбек Абдыкеримовдун пикиринче, “Маш ботой” күүсү бекеринен тандалган жок. — Негизи, “Маш ботой” — техникалык күү болуп эсептелет. Бул күү ары шаңдуу, ары элге угумдуу, анын кол ойноткон жери да бар. Ошондуктан ушул күү тандалып алынса керек. Оюнду көрүп аябай сыймыктандык. Дүйнөлүк деңгээлде уюштурулуптур. Көрүп-уккандардын айткандарына караганда, айрыкча, комузчулардын музыкалык номери зор кызыгууну жаратты. Биздин мектептен эң мыкты ойногон балдарды тандап алдык. Алардын бири — Таңсулуу быйыл буюрса, кызыл диплом менен аяктаганы турат. Комузду жакшы чертет, жөндөмдүү. Андан тышкары, Карыбекова Айсулуу, Субанова Айдай деген келечекте көптү үмүттөндүргөн таланттуу кыздарыбыз да бар. Биздин максатыбыз – булак башатын ачып, балдардын шык-жөндөмүн арттыруу. Балдарыбыз ата-бабаларыбыз алмуздактан аздектеп келген аруу тилектерди, каада-салттарды унутпай, өздөрүнөн кийинки муунга татыктуу өткөрүп беришсе дейбиз. Кыргызстандын маданиятын бийик көтөргөн эн белгибиздин бири – комуз эмеспи. Ушул комузубуздун келечеги кең болсун, — деди Майрамбек Абдыкеримов. Жарым кылымдан ашуун тарыхы бар №1 музыкалык мектептин директору Чокон Кадырович Аламановду кепке тартканыбызда, ал мектептин тарыхы тууралуу мына буларды айтып берди: — Балдардын музыкалык мектеби 1963-жылы 1-сентябрда ачылган. 70 орундуу мектепте кыл аспаптар, фортепиано, орус элдик бөлүмү болуп, үч эле бөлүм болгон экен. Кыргыз элдик аспаптарынын багы 1980-жылдагы кайра куруу жылдарынан тарта ачыла баштады десек туура болор. Кыргыздын элдик аспаптарын үйрөтүү жеке эле бул мектепте эмес, ал кезде башка да чоң-чоң окуу жайларда сейрек кездешчү. Ал дээрлик жок эле десем да болот. Азыр бизде кыргыз, орус элдик бөлүмдөрү, кыл аспаптар бөлүмү, хореография, теориялык бөлүмдөр бар. Бюджеттик орундардан тышкары, каалоочулар контракттык бөлүмдөрдө окуй алышат. Контракттык бөлүмдөрдөн жыл аягында чындап музыкага ынтаа койгон шыктуу балдарды иргеп алабыз. Себеби, баары эле музыканын түйшүгүнө чыдап, жүгүн тартып кете алышпайт. Муну ата-энелер жакшы түшүнүшү керек. Маселен, жыл башында кабыл алуу жүрүп жатканда 201 баланы кабыл алабыз. А бирок окуу аяктаганда 10-15ке жакын бала калат. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ата-энелерге айткым келгени – балдарга үйдөн да жакшылап көңүл бурушса. Музыкалык аспап сатып берип, шарт түзгөнү өзүнчө бир маселе болсо, мугалимдин талабын туура түшүнүп, туура кабыл алганы өзүнчө маселе. Кээ бир ата-энелер балдарынын музыкалык жөндөмү бар-жогуна көп маани беришпейт. Аларга мугалимдин эскертүүлөрү, сын-пикирлери катуу тийип, баласына тоскоолдук жаратып жаткандай көрүшөт. Эсептеп көрсөм, бул мектептин тогузунчу директору экенмин. Келгениме декабрь айында бир жыл болот. Музыка чөйрөсү өтө аяр дүйнө экенин билсеңиздер керек. Бирок ошого карабай, каражат табуу, чарба жүргүзүү деген сыяктуу музыкадан алыс көйгөйлөр менен алектенүүгө туура келет. Андыктан, мүмкүнчүлүктөрдү издеп, каражат табууга аракеттенип жатабыз. Өзүңөр күбө болгондой, терезелеринин баарын заманбап пластик терезелерине алмаштырдык. Мугалимдерге да, окуучуларга да мыкты деңгээлде шарт түзүп берсек деген тилегим бар. Баары эле келип-келип каражат маселесине такалат эмеспи. Балдарды музыкага үйрөтүүгө дагы да болсо жетишерлик көңүл бөлө албай жатабыз деп ойлойм. Мен өзүм бул тармакта иштегениме 40 жылга жакындап калды. 1979-жылы борбор калаабыздагы П.Шубин атындагы балдардын музыкалык мектебине комуз баш болгон улуттук аспаптарды үйрөтүүгө тапшырма алып, комуз классын ачкандардын көч башында болгонума сыймыктанам. Ал кезде комуз, кыл кыяк сыяктуу саналуу аспаптар гана үйрөтүлсө, азыр кудайга шүгүр, улуттук аспаптардын чопо чоор, добулбас, керней, сыбызгы, аса таяк сыяктуу көптөгөн түрлөрүн үйрөнүүгө кызыккандардын саны жыл санап көбөйө баштады. Демек, элдин табити ойгонуп, кызыгуусу артып баратканы байкалат. Айрыкча аш-тойлорго барганда, балдардын кыргыздын нукура аспаптарын ойногондорун көргөндө ары кубанып, ары сыймыктанасың. Кыргыздын маданияты байыртадан эле бийик болгон эмеспи. Мезгил-мезгили менен солгундап кеткени маалым, бирок эгемендикке жеткен эл нукура маданий нарк насилин аздектей турган мезгил келди деп ойлойм. Анын бир далили катары кечээ жакында эле өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болду. Андагы 1000 комузчу чыгып шартылдатып черткен кыргыз күүсү далайга чейин жаңылык болуп жаңырып турары анык.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии