4-класстар үчүн окуу китептерине сынак өткөрүү жөнүндө

  • 31.05.2013
  • 0

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2013-ж. 2-майдагы № 229/1 буйругу

4-класстар үчүн окуу китептерине сынак  өткөрүү жөнүндө

 Республиканын жалпы билим берүү  мектептери  (кыргыз, орус, өзбек тилдеринде)  үчүн Дүйнөлүк банк  тарабынан жарыяланган 2-4-класстардын  жаӊы муундагы окуу китептерин жазуу боюнча  2009/2010-окуу жылында өткөрүлгөн Эл аралык конкурстун жыйынтыгын чыгарган эксперттик  комиссиянын жана Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеӊешинин  чечимине ылайык 4-класстын окуу китептерин сынактан өткөрүү жана  2014/2015-окуу жылына карата  окуу китептерин   мектептерге өз убагында жеткирүү  максатында 

БУЙРУК КЫЛАМЫН:

1. Мектеп, мектепке чейинки жана  мектептен тышкаркы билим берүү   башкармалыгы (М. Усеналиев):

— сынак өтүлүүчү  мектептердин  тизмесин  тандасын жана ал боюнча   буйруктун долбоорун даярдасын;

— сынакка коюлган окуу китептердин 2013-жылдын   20-майына    чейин   сынак өтүлүүчү  район, шаарларга  жеткирүүсүн көзөмөлдөсүн.

2. „Билим  берүү секторун жаӊылоону  колдоо“ долбооруна даярдык көрүүнү жүзөгө ашыруу  бөлүмү (PPF) тарабынан  (А.Айнекенова):

— сынакка коюлган китептер сынакка өткөрүүгө катышкан  район, шаарларга  жеткирилсин;

— сынак өткөрүүүчүн Кыргыз билим берүү академиясына, Ош  билим берүү институтуна  жана   Окуу китептерди адаптациялоо, которуу жана жазуу иштери боюнча борборуна алардын сынакка байланыштуу чыгымдарын  (мугалимдердин эмгек акысы, эксперттердин иш-сапарына барганын, семинарларды уюштурууну) „Билим берүүнүн жаӊылоого бөлүмдүк колдоо көрсөтүүгө багытталган” долбоордун даярдоо координациялык бөлүмүн   ратификацияланган  долбоор тарабынан  каражат   өз убагында бөлүнүп  берилсин. 

3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим  министрлигинин  № 5/1 24.05.2012-жылындагы коллегиясынын чечимин ишке ашыруу  максатында Кыргыз билим  берүү академиясына (А. Мамытов):

— 2013-жылдын 1-сентябрынан  2014-жылдын 30-мартына чейин  Республиканын жалпы билим берүүчү   мектептеринде (окутуу кыргыз, орус жана өзбек тилдериндеги мектептерде) сынак өткөрүү уюштурсун;

— сынак өтүүчү мугалимдер жана авторлор менен бирдикте иш алып   барсын;

— окуу  китептерди   сынактан өткөрүүнү  илимий   жетекчиликке алсын;

— сынактын жыйынтыгы боюнча  педагогикалык кызматкерлер менен талкуу  уюштурсун;

өткөрүлгөн сынактын  жыйынтыгынын  негизинде Окумуштуулар кеӊешинин  чечимин чыгаруу менен  министрликке  сунуш  кийирүү жана  окуу китептин оӊдолгон вариантынын макетин жана дискетин басуу үчүн министрликке  2014-жылдын 30-майына  чейин  тапшырсын. 

4. Ош  билим берүү институтуна (А. Муратов) жана Окуу китептерди адаптациялоо, которуу жана жазуу иштери боюнча борборуна (М. Мамасаидов):

— 2013-жылдын 1-сентябрынан 2014-жылдын 30-мартына чейин   Республиканын түштүк  регионундагы  жалпы билим берүүчү мектептеринде (окутуу кыргыз,  орус жана  өзбек тилиндеги мектептерде)    сынак өткөрүүгө Кыргыз билим берүү академиясынын жетекчилиги катышсын;

— сынак өтүүчү мугалимдер авторлор менен бирдикте  иш алып барсын;

— окуу  китептерди   сынактан өткөрүүнү илимий жетекчиликке алсын;

— сынактын жыйынтыгы боюнча  педагогикалык кызматкерлер менен талкуу уюштурсун;

өткөрүлгөн сынактын  жыйынтыгынын  негизинде Ош  билим берүү   институту (А. Муратов) жана Окуу китептерди адаптациялоо, которуу жана жазуу иштери боюнча борбору (М. Мамасаидов)  Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеӊешине чечимин чыгаруу үчүн окуу  китептин оӊдолгон вариантын 2014-жылдын  15-апрелине чейин тапшырсын.  

5. Аймактык,  шаардык билим  берүү  башкармалыктарынын  жетекчилери сынак жүргүзүлө турган мектептерде зарыл  болгон  бардык шарттарды түзүүнү уюштурсун.

6. Бул  буйруктун  аткарылышын  көзөмөлдөө  министрдин орун басары  Д.Кендирбаевага  тапшырылсын. 

Министр К. Садыков

 

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2013-ж. 14-майдагы № 251/1 буйругу

4-класстын окуу китептери  сынактан өткөрүлүүчү мектептерди  бекитүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын билим берүү жана  илим министрлигинин 2013-жылдын    2-майындагы № 229/1 буйругун  ишке ашыруу  максатында

 БУЙРУК КЫЛАМЫН:

1. Кыргыз билим берүү академиясы, Ош билим берүү институту, Чүй областынын Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмү, Нарын билим берүү округу, Талас  билим берүү усулдук борбору, Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борбору, Баткен билим берүү округу, Ысык-Көл областтык билим берүү институту тарабынан сунушталган сынак өтүлүүчү  мектептердин  төмөнкү  тизмеси  бекитилсин

1. Ысык-Көл  областы                   

Ак-Суу району:

1. Рахманбердиев  ат. ОМ.

Каракол шаары:

2. № 1  ОМ.

3. Киров ат. ОМ. (кыргыз, орус)

  2. Талас областы  

Бакай-Ата району:

1.  Б. Сатыбалдиев ат. ОМ. (кыргыз)

2.  У. Акынбеков ат. ОМ. (кыргыз)

Талас шаары:

3.  №1  Р. Я. Рысакова  ат. ОМ. (орус)

4.  № 2  А. Чолпонкулов ат. ОМ. (орус)

 3.Нарын областы     

Нарын шаары:

1.  №8  А. Буйлаш ат. ОМ. (орус)

2.  №2 Чкалов   ат. ОМ. (орус)

3.  №7  М. Сыдыков ат. ОМ. (кыргыз)

4.  №10 Ж. Чолпонбаев ат. ОМ. (кыргыз)

 4. Жалал-Абад областы

Аксы району: 

1. №35  Т. Үмөталиев  ат. ОМ.  (кыргыз)

2. №39   Ж. Бөкөнбаев ат. ОМ. (орус)

Жалал-Абад шаары:

3. №4  ОМ. (кыргыз)

4. №2  ОМ. (өзбек)

5. №4  ОМ. (орус)

5. Баткен областы

Кызыл-Кыя шаары:

1. № 1 Карбашев  ат. гимназия мектеби (орус)

Баткен шаары:

2.  В. И. Ленина  ат. ОМ. (кыргыз)

3.  Ж. Бөкөнбаев ат. ОМ. (орус-кыргыз) 

Лейлек району: 

4. Токтогул ат. ОМ. (өзбек)  

 

6. Ош областы

Кара-Суу району:

1. А. Рахманалиев  ат. ОМ. (кыргыз)

2. В.И. Ленин ат. ОМ. (орус)

Ноокат району:

3. Б.Борбаш ат. ОМ. (кыргыз)

4. Р. Хужамов ат. ОМ. (өзбек)

Өзгөн  шаары:

5. Амир Темир ат. ОМ. (өзбек)

 

7. Чүй областы 

Ысык-Ата району:

1. Кант шаары № 2  К. Рыскулова  ат. ОМ. (кыргыз) 

Чүй району:

2. №2 С. Ибраимов ат. ОМ. (кыргыз) 

Аламүдүн  району:

3. №1 Лебединовка ОМ. (орус)

Жайыл району:

4. Кара-Балта шаары, № 6 мектеп гимназиясы (орус)

8. Ош  шаары  

1.№18 А. Навои  ат. ОМ. (кыргыз)

2. №6 А. Макаренко  ат. ОМ. (орус)

3. №35 Ж. Атабаев  ат ОМ. (кыргыз)

4. №23 В. Панфилов ат  ОМ. (өзбек)

5. №24  М.В. Фрунзе ат ОМ. (өзбек)

9.  Бишкек шаары  

1. №72  ОМ. (кыргыз) 

2. №68  ОТРКА (кыргыз) 

3. №20  мектеп гимназиясы (орус)

4. №28  ОМ. (орус)

 

5. Бул  буйруктун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Мектеп, мектепке чейинки жана  мектептен тышкаркы билим берүү   башкармалыгына (М. Усеналиев) тапшырылсын.                                  

Министр К. Садыков   

Поделиться

Комментарии