“2015-ЖЫЛДЫН МУГАЛИМИ” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

  • 16.10.2015
  • 0

2015-жылдын 16-сентябрында болгон «Жыл мугалими» республикалык сынагынын жыйынтыгы жана жеңүүчүлөрү жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 1118/1-буйругу менен, 2015-жылдын 7-8-октябрында өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими” “Мыкты мектеп”, “Мыкты балдар бакчасы” наамдары боюнча сынакка Республиканын бардык аймактарынан келип катышкан өкүлдөрүнүн финалдык  турунун жыйынтыгы тууралуу жана сынакты өткөрүү боюнча калыстар тобунун мүчөлөрүнүн чечиминин негизинде буйрук  кылам:

1.  “Жылдын мыкты мугалими — 2015” Республикалык сынагында

1.1.  “2015- жылдын мыкты мугалими” номинациясы боюнча жеңүүчү  деп төмөнкү мугалимдер  табылсын:

  • 1-орун – Алиева Нургуль Согушбековна – Ысык – Көл облусунун Балыкчы шаарындагы  № 4 орто мектебинин география мугалими;
  • 2-орун – Бокубаева Тамара Жанболотовна — Талас облусунун Бакай – Ата районундагы Д. Батырбашиев атындагы орто мектебинин математика мугалими;
  • 3 – орун – Нарынбаева Элвиза Тойчубековна – Ош шаарындагы Ж. Боконбаев атындагы № 5 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими.

1.2.  “2015-жылдын мыкты айылдык  мектеби” номинациясы  боюнча  жеңүүчү  деп  төмөнкү мектептер табылсын:

  • 1-орун- Ош облусунун Алай районундагы  И. Адишев атындагы орто мектеби;
  •  2- орун- Ысык – Көл облусунун Ак – Суу районундагы А. Истамбеков атындагы орто мектеби;
  • 3-орун – Жалал – Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул атындагы орто мектеби.

1.3.  “2015-жылдын мыкты  инновациялык мектеби” номинациясы боюнча жеңүүчү  деп  төмөнкү мектептер табылсын:

  • 1-орун – Бишкек шаарындагы И. В. Панфилов атындагы № 6 мектеп –гимназиясы;
  • 2-орун – Чүй облусунун Жайыл районунун Кара – Балта шаарындагы №6 мектеп – гимназиясы;
  • 3-орун – Ош облусунун Өзгөн районундагы В.И. Ленин атындагы № 5 мектеп – гимназиясы.

1.4.   “2015-жылдын мыкты балдар бакчасы” номинациясы боюнча жеңүүчү деп  төмөнкү мектепке чейинки билим берүү уюмдары табылсын:

  • 1-орун –Бишкек шаарындагы № 82 мектепке чейинки билим берүү уюму;
  • 2 -орун – Ысык – Көл облусунун Жети Өгуз районундагы “Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюму;
  • 3-орун –Ош облусунун Кара – Суу районундагы Ы. Ахмадалиев атындагы  мектепке чейинки билим берүү уюму.

2. Окуу-тарбиялоо ишинде педагогикалык жана методикалык чеберчиликтерин арттырып,  өз иштерине чыгармачылык менен мамиле кылгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мактоо баракчасы менен Чүй облусундагы А.С. Пушкин атындагы № 1 мектеп – гимназиясынын тарых мугалими Джумагулов Алмазбек Муратбекович сыйлансын.

3. Билим берүүнүн приоритеттүү милдеттерин ишке ийгигиликтүү ашырууда, окутуунун инновациялык түрлөрүн өркүндөтүүдө жана окуучулардын арасында окутуп-тарбиялоонунун жагымдуу чөйрөсүн түзгөндүгү үчүн республиканын педагогикалык жамааттарынын, администрацияларынын жетишкендиктерин баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мактоо баракчасы менен:

  •  Баткен облусунун  Баткен районундагы  Кара-Токой орто мектеби;
  • Нарын облусунун Ат – Башы районундагы К. Кермалиев атындагы орто мектеби сыйланышсын.

4. “2015-жылдын мыкты  мугалими” Республикалык сынагынын жыйынтыгы “Кутбилим” газетасына жарыялансын.

5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөл Мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгына (М.Үсөналиев) жүктөлсүн.

 

ОБ ИТОГАХ РЕСПУБЛИКАНСКОГО КОНКУРСА «УЧИТЕЛЬ ГОДА -2015»

Во исполнение приказа Министерства образования и науки Кыргызской Республики  № 1118/1    от 16 сентября 2015 года «О проведении республиканского конкурса «Учитель года — 2015» в номинациях: «Лучший учитель года», «Лучшая школа», «Лучший детский сад»  7-8 октября 2015 года были проведены финальные туры с участием представителей  из всех регионов  республики.

На основании решения жюри по итогам проведенных конкурсов приказываю:        

1. Считать победителями республиканских конкурсов:

1.1.   «Лучший учитель — 2015» следующих учителей:

  • 1-е местоАлиева  Нургуль Согушбековна – учитель географии средней школы-гимназии № 4 г. Балыкчы Иссык-Кульской области,
  • 2-е место  —Бокубаева Тамара Жанболтовна — учитель математики средней школы — гимназии им. Д. Батырбашиева Бакай-Атинского района Таласской области
  • 3-е место —  Нарымбаева Элвиза Тойчубековна – учитель кыргызского языка и литературы средней школы-гимназии № 5 им. Ж. Боконбаева г. Ош.

1.2.    «Лучшая школа-2015»

В номинации «Лучшая сельская школа — 2015»:

  • 1-е местосредняя школа им. И. Адишева Алайского района Ошской области,
  • 2-е место — средняя школа им. А. Истамбекова Ак-Суйского района Иссык-Кульской области,
  • 3-е место —  средняя школа им. Токтогула Токтогульского района Джалал-Абадской области.

1.3. В номинации « Лучшая инновационная школа — 2015»:

  • 1-е местосредняя школа-гимназия № 6им. И. В. Панфилова г. Бишкек,
  • 2-е место —   средняя школа-гимназия № 6 г. Кара-Балта Жайыльского района Чуйской области,
  • 3-е местосредняя школа-гимназия № 5 им. В. И. Ленина Узгенского района Ошской области.

1.4. В номинации «Лучший детский сад — 2015»:

  • 1-е место — детский сад № 82 г. Бишкек
  • 2-е место —   детский сад «Наристе» Жети-Огузского района Иссык-Кульской области,
  • 3-е место —  детский сад им. Ы. Ахмадалиева Кара-Суйского района Ошской  области

2. Отметить высокий уровень педагогического и методического мастерства учителей, творческий подход к обучению и воспитанию учащихся и наградить Почетной грамотой Министерства образования и науки Кыргызской Республики:

— Джумагулов Алмазбек Муратбекович, учитель истории средней школы-гимназии № 1 им. А. С. Пушкина г.Токмок  Чуйской области,

2.1.   Отметить положительную работу администраций, педагогических коллективов образовательных организаций республики по реализации приоритетных задач образования, внедрению инновационных форм обучения, активных методик, созданию благоприятной среды обучения и воспитания учащихся и наградить Почетной грамотой Министерства образования и науки Кыргызской Республики следующие образовательные организации:

—  средняя школа Кара-Токой Баткенского района Баткенскойобласти,

 — средняя школа им. К. Кермалиева Ат-Башинского района Нарынской области.

3. Итоги  республиканского конкурса “Учитель года — 2015” опубликовать в  общественно-педагогической газете «Кутбилим» (К. Чекиров).

4. Контроль над исполнением настоящего приказа возложить на Управление дошкольного, школьного и внешкольного образования. (М. Усеналиев).

          Министр                                              Э. К. Сариева

Поделиться

Комментарии