Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоону стандартташтырылган тест аркылуу сынап көрүү

  • 15.04.2016
  • 0

DSC_0476Долбоор

2015-2016-окуу жылында жалпы билим берүү мекемелеринин 11-классынын бүтүрүүчүлөрүн

мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоону стандартташтырылган тест аркылуу сынап көрүү жөнүндө жобо

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2016- жылдын 25-мартындагы №353/1 буйругу менен бекитилген

Жалпы жобо

Бул Жобо Кыргыз Республикасындагы 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн стандартташтырылган тест (мынданары – СТ) түрүндөгү мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоонун (мындан ары ЖМА-СТ) максаттары менен милдеттерин, аны өткөрүү жана каржылоо, натыйжаларды иштеп чыгып, жыйынтык чыгаруу тартибин аныктайт.

2012-жылдын 23-мартындагы № 201 Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында Билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө» токтомун ишке ашыруу чегинде (2-Тиркеме, 2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын 2-бөлүмү, Мектепте билим берүү жана мугалимдердин квалификациясы. Саясаттын артыкчылыктуу багыттары: 6) Билим берүү процессинин натыйжаларын диагностикалоо жана контролдоо) мектепте билим берүүнүн башкы индикаторлорунун бири болгон «№4. Мектеп окуучуларын (11-класс, 9-класс) калыс баалоого (улуттук стандарттык тесттер)» жетүү.

СТ түрүндөгү ЖМАны сынап көрүү жөнүндө жобо Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик билим берүү саясатын аныктоочу ченемдик-укуктук жана мыйзамдыкактылардын негизинде иштелип чыкты.

СТ түрүндөгү ЖМАнын максаты – бүтүрүүчүлөрдү жалпы орто билим берүү курсу боюнча аттестациялоонун жаӊы моделин мындан ары киргизүү үчүн сынактан өткөрүү.

Милдеттери:

1. Жалпы билим берүүчү мекемелерде мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке ашыруу;

2. Жалпы орто билим берүү курсу боюнча билим берүүнүн жетишкендиктерин табууга багытталган, буга чейинки мектеп бүтүрүүчүлөрүн баалоо системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү;

3. Жалпы орто билим берүү курсу боюнча бүтүрүүчүлөрдүн окуудагы жетишкендиктерине талдоо жүргүзүү;

ЖМА-СТны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борбору (мынданары – УТЖБ) Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 16, 25-беренелерине жана Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы – 2020га ылайык сынактан өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүдөгү жалпы орто билими жөнүндөгү документи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары КРББИМ) жалпы орт билим берүү программаларын өздөштүргөндүгү жөнүндө нормативдик укуктук документтерине ылайык, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны ийгиликтүү тапшырган жалпы билим берүүчү мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнө берилет.

СТ түрүндөгү ЖМА баскычменен 2015-2016-окуу жылында сынап көрүү максатында Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Каракол, Талас жана Токмок шаарларынын жалпы билим берүүчү мекемелеринин 11-класстарына окутуу жүргүзүлгөн тилинде (кыргыз, орус, өзбек) киргизилет.

II. ЖМАСТнысынапкөрүүнүнордужанамөөнөтү

2.1.      ЖМА-СТны сынап көрүү Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринин облустук борборлоруна жана Токмок шаарына жайылтылып, аларда тест жүргүзүүүчүн бирден пункт (мынданары – ТЖП) ачылат. Ошшаарында 2 ТЖПиштейт.

2.2. ЖМА-СТны өткөрүү күнү КРББИМ тарабынан белгиленет.

III. ЖМАныуюштуруп, өткөрүүчүтүзүмдөр

3.1. ЖМА-СТнысынапкөрүүнүУТЖБ, шаардыкбилимберүүбашкармалыгы (Ошш.), шаардыкбилимберүүбөлүмдөрү (мынданары – ШБББ), коомдукбайкоочулар (мынданары – КБ), билимберүүмекемелерининадминистрациясыжанаБилимберүүнүнсапатынкөзөмөлдөөбашкармалыгынын (мынданары – ББСКБ) жетектөөсүмененжүзөгөашырылат.

3.2. ЖМА-СТнынжумушчумүчөлөрү: УТЖБ, шаардыкбилимберүүбашкармалыгынынкомиссиялары (Ошш.), шаардыкбилимберүүбөлүмдөрүнүнкомиссиясы (мынданары – ШБББкомиссиясы), республикалыкэкзаменалуукомиссиясы (мынданары – РЭК), мектептердинадминистрациясы (мынданары – ортомектеп). КомиссиямүчөлөрүншаардыкбашкармалыкжанашаардыкбилимберүүбөлүмдөрүжанаРЭК – КРББИМтарабынанбекитилет.

3.3. ЖМА-СТнын жумушчу органдарынын негизги иш-милдеттери:

РЭК ЖМА-СТны өткөрүү боюнча бирдиктүү талаптардын сакталышын камсыздайт. РЭК төрага, төраганын орун басары, катчы жана комиссия мүчөлөрүнөн (5 адамга чейин) түзүлөт. РЭК өз ишмердигинде ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын жетекчиликке алат. РЭКтин башкы милдети – Кыргыз Республикасынын шаарларында 11-класстын бүтүрүүчүлөрүүчүн ЖМА-СТны даярдап өткөрүүнү координациялоо. РЭКтин иши комиссиянын төрагасы менен комиссия мүчөлөрү кол коё турган протоколдор менен таризделет;

3.4. ЖМА-СТны сынап көрүүнүн жүрүшүн коомчулукка жеткиликтүү маалымдоо максатында жана тестирлөөнүн жүрүшүнө көзөмөлдүк кылуу максатында КБ түзүлөт. КБ курамы мектеп администрациясы тарабынан түзүлөт.

3.5. КБнын милдеттери:

— тестирлөө күнүөздүгүн тастыктаган документи менен мектепте болуусу;

— ЖМА-СТны даярдап, өткөрүү баскычтарында бир же андан көп аудиториялардагы ишке катышуу;

3.5.1. КБ түзүмү (бир ТЖПда 3төн көп эмес адам) төмөндөгүдөй курамда болот:

— массалык маалымдоо каражаттарынан;

— бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелеринен;

— жергиликтүүөзүн-өзү башкаруу органдарынан.

3.5.2. ЖМА-СТнын жүрүшүнө КБ көзөмөлдөөгө укуктуу.

3.5.3. ЖМА-СТны сынап көрүүдө КБнын ыйгарым укугу жок:

— ЖМАны даярдап, өткөрүүнүн жүрүшүнө кийлигишүүгө;

— тестирлөөдөн өтүүчүлөргө, администраторлорго суроо, эскертүү берип жолтоо болууга;

— тестирлөө учурунда аудиториядан кирип-чыгууга;

— аудиторияда мобилдик байланыш, фото, аудио жана тартуучу аппараттарды, анын ичинде чөнтөк компьютерлерин колдонууга.

3.6.      ЖМА-СТны сынап көрүү боюнча комиссия жер-жерлерде ЖМА-СТны уюштуруу үчүн түзүлөт. Комиссиянын курамына (район/шаар боюнча 5 адамдан көп эмес) төрага, катчысы жана комиссия мүчөлөрү кирет. Комиссия мүчөлөрүн билим берүү башкармалыгынын (Ош ш.), ШБББ башчылары бекитет. Комиссия шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн аппаратынын кызматкерлеринин, райондук мектептердин директорлору жана мугалимдеринин ичинен түзүлөт.

3.6.1    Комиссиянын негизги милдеттери:

— ЖМА-СТны даярдап, өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана жер-жерлерде алардын аткарылышын ББСКБ жана УТЖБ менен биргеликте ишке ашыруу;

— 11-класстар үчүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны стандарттык тест формасында сынап көрүү жөнүндө буйрук менен жобону жалпы билим берүүчү уюмдарга маалымат ирээтинде жеткирүү;

— ЖМА-СТнын баардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо;

— ЖМА-СТны өткөрүү тартибине кошумчаларды жана өзгөртүүлөрдүөз учурунда киргизүү;

— ЖМА-СТны сынап көрүү тартибин жөнгө салуу, ошондой эле маалыматтык материалдарды таркатуу;

— ТЖПда бүтүрүүчүлөрүнүн тизмесин аныктоо;

— ЖМА-СТны даярдап, өткөрүү боюнча ТЖПда жооптуу адамды бекитүү;

-УТЖБны ыкчам маалыматтар менен камсыздоо;

— ЖМА-СТны өткөрүү мөөнөтү жана орду боюнча бүтүрүүчүлөргө маалымдоо багытында уюштуруу иштери;

— ТЖПда ыӊгайлуу шарт түзүү;

3.7. Мектеп администрациясы:

— мектептин педкеӊешинин чечими боюнча 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн тизмесин бекитет;

— 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн тест тапшырууга даярдануусун уюштурат;

— окуучуларга жана алардын ата-энелерине тест өткөрүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө кабарлайт;

— ар бир бүтүрүүчүнүн тест тапшыруусуна, ошондой эле зарыл болгон кеӊсе буюмдарынын (чымкый көк же кара түстөгү калемсап) болушу үчүн жооп берет;

— ЖМА-СТны ТЖПда өткөрүү боюнча жооптуу адамды дайындайт;

— коомдук байкоочулардын тизмесин бекитет;

— ШБББдан турган комиссия менен биргеликте орто мектептерде “ЖМА-СТга даярдык көрөбүз” аталышындагы маалымат такта даярдайт;

3.8. Тест жүргүзүү пункттарынын (ТЖП) администрациясы:

— белгиленген мөөнөттө тест өтүүчү жайды даярдайт (санитардык-гигиеналык, коомдук тартипти сактоону камсыздайт, башталгыч мектептин жана медициналык кызматтын өкүлдөрүнөн нөөмөтчүнү дайындайт);

— тест өткөргөн күндөрү ТЖП иштөөүчүн шарт түзүүнү камсыздайт;

— тест өткөргөн күндөрү орто ТЖПнын ашканасынын иштөөсүн камсыздайт;

— УТЖБ менен ШБББге ТЖПнын даярдыгы жөнүндө маалыматты өз мөөнөтүндө жеткизет;

3.9. Улуттук тест жүргүзүү борбору:

— мазмуну жалпы орто билим берүү курсу боюнча мамлекеттик окуу программаларынын талаптарына шайкеш келген тест топтомун берет;

— тестти өткөрүү учурунда бардык окуучулар үчүн бирдей шартты камсыздайт;

— тесттерди сактоодо жана иштетүүдө жашыруундукту бекем камсыздайт;

— тест жыйынтыктарын иштетүүдө купуялыкты жана калыстыкты камсыздайт;

— ЖМА-СТны сынап көрүүнүн жалпы тартибин аныктайт;

— ЖМА-СТны сынап көрүүнү даярдап өткөрүүгө жетекчилик кылат;

— сынап көрүүгө катыша турган мектептердин мугалимдери менен 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында маалымат-түшүндүрүү иштерин уюштуруп жүргүзүү боюнча иш-чаралардын планын, тартибин бекитип, тест материалдарын ТЖП жана андан кайра УТЖБга жеткирүү тартибин, мөөнөттөрүн жана ташуу схемаларын бекитет;

— бүтүрүүчүлөрдү каттоо формасын бекитет;

— тесттин маалыматтарын иштетүү жол-жоболорун жана механизмдерин даярдайт;

— ЖМА-СТны өткөргөндөн кийин ар бир катышуучунун жыйынтык баасын аныктоо үчүн предметтер боюнча тест жыйынтыгын баалоо системасын иштеп чыгат;

— ЖМА-СТ боюнча тест жыйынтыгын чыгарууну жана КР ББИМ тарабынан белгиленген мөөнөттө жыйынтыгынын өз учурунда берилишин камсыздайт;

— ЖМАнын жыйынтыктарынын негизинде КР ББИМге сунуштарды иштеп чыгат;

— ЖМА-СТны сынап көрүү жөнүндө маалыматтарды жарыялоого даярдайт жана ЖМА-СТны киргизүү боюнча илимий-практикалык изилдөөлөрдү уюштурат;

— окуучулардын билим деӊгээлин жыйынтыктоочу баалоону андан ары өркүндөтүү жөнүндө Министрликке концептуалдык отчет берет;

— тестирлөөнүн жыйынтыгын чыгарат жана ЖМА-СТны сынап көрүү боюнча катышуучулардын документтеринин архивин түзөт.

3.10.    Тест администраторлору:

3.10.1. Тест администраторлору КР ЖОЖдор менен колледждердин өкүлдөрүнөн турат. Администраторлор тестирлөө аяктаганга чейин аудиторияны таштап кете алышпайт жана төмөндөгүлөргө милдеттүү:

— тест жүргүзүүнүн бардык эрежелерин сактоого;

— аудитория менен залдарда тартипти камсыздоого;

— тесттен өтүүчүлөргө карата ак ниеттүү жана ынтызар мамилени жаратуу.

3.10.2. Тест администраторлору камсыз кылууга тийиш:

— тест китепчелеринин (брошюраларынын) түпкү (титулдук) барактарынын жана жооптордун бүтүрүүчүлөр тарабынан туура толтурулушу;

— тест материалдарынын купуялыгы жана сакталышы;

— алынган тест материалдарынын тыкыр отчеттуулугу.

IV. Бүтүрүүчүлөрдү ЖМА-СТга киргизүү тартиби

4.1. Бүтүрүүчүлөрдү ЖМА-СТны сынап көрүүгө жалпы билим берүү мекемесинин педагогикалык кеӊешинин чечими менен пилоттук мектептердин баардык бүтүрүүчүлөрү киргизилет.

4.2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен тестке катышуудан бүтүрүүчүлөр төмөндөгүдөй учурда бошотулат:

4.2.1. эл аралык алмашуу иретинде чет мамлекетте убактылуу окуп жаткан бүтүрүүчүлөр;

4.2.2. белгилүү тартипте, ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөр) менен чет мамлекетке туруктуу жашоого кеткен бүтүрүүчүлөр;

4.2.3. үй шартында окуп жаткан бүтүрүүчүлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген майыптар;

4.2.4. тест жүргүзүү учурунда эл аралык олимпиадалардын, кайрымдуулук акцияларынын, марштардын катышуучулары, гастроль жана мелдештерге чыгып жаткан артист, спортсмен бүтүрүүчүлөр;

4.2.5. качкындар жана кайрылмандар макамына ээ бүтүрүүчүлөр;

4.2.6. чет тилинде окуп жаткан жалпы билим берүүчү мекемелердин бүтүрүүчүлөрү;

4.2.7. тест жүргүзүү учурунда стационардык дарылоодо жаткан бүтүрүүчүлөр.

Эскертүү:

1. 4.2.1., 4.2.2., 4.2.3., 4.2.4., 4.2.5., 4.2.6., 4.2.7. пп. боюнча категориялары тастыкталган адамдардын документтеринин көчүрмөсү жана жалпы билим берүү мекемелеринин тиешелүү чечимдери, ошондой эле билим берүү органдарынын өтүнүч каты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тестирлөө башталганга чейин бир жума мурда жөнөтүлөт.

  1. ЖМА-СТден бошотулган бүтүрүүчүлөр белгиленген талаптарга ылайык жалпы негизде, жалпы билим берүү мекемелеринде жалпы орто билим берүү курсу боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны тапшырат.

V. Тест өткөрүү тартиби

5.1. ЖМА-СТны сынап көрүү ушул жобонун талаптарына ылайык өткөрүлөт.

5.2. ЖМА-СТны сынап көрүүнү уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, шаардык билим берүү башкармалыгы, шаардык билим берүү бөлүмдөрү, жалпы билим берүү мекемелеринин (мектеп) жетекчилери жана мугалимдери;

5.3. Сынакты өткөрүүүчүн жоопкерчилик ББСКБ, УТЖБга жана республиканын билим берүүнү башкаруу органдарына жүктөлөт.

5.4. СТ түрүндөгү ЖМАны сынап көрүү мезгилинде орто мектепте төмөндөгү адамдар болууга милдеттүү:

— администраторлор тобу;

— коомдук байкоочулар;

— мектеп администрациясы;

— коомдук тартипти камсыздоочулар, сакчылар;

— медициналык кызматкер;

— мектеп ашканасынын кызматчылары.

5.5. ЖМА-СТны өткөрүүгө катышпай турган бөтөн адамдардын (мектеп кызматкерлеринин жана мугалимдердин, окуучулардын ата-энелеринин) ТЖПда болушуна тыюу салынат.

5.6. ЖМА-СТ катышуучулары белгиленген мөөнөттө ШБББ жана УТЖБ бекиткен тизмелер боюнча мектепте каттоодон өтүшөт.

5.7. Тест жүргүзүү күнү бүтүрүүчүлөр каттоодон өтүп, математика, эне тили жана Кыргызстандын тарыхынан тест тапшырышыт, 40 мүнөт тыныгуудан кийин бүтүрүүчүлөр мамлекеттик (кыргыз) тилден (орус тилинде окуткан мектептер үчүн) жана расмий (орус) тилден (кыргыз тилинде окуткан мектептер үчүн) жана тандоосуна жараша бир сабактан тест тапшырышат.

5.8. Тест иши башталар алдында администраторлор ТЖПда бүтүрүүчүлөргө ЖМА-СТны жүргүзүү тартиби жана тест тапшыруу учурундагы жүрүм-турум эрежелери жөнүндө нускама беришет.

5.9. Тест жүргүзүү белгиленген мөөнөттө башталат. Уюштуруу иш-чаралары: тангактарды ачуу, экзамендик тапшырмаларды берүү, бүтүрүүчүлөр үчүн нускама өткөрүү, тест барактарынын каттоо бөлүгүн толтуруу үчүн бөлүнгөн убакыт тесттен өтүү убактысынын узактыгына таасир этпейт.

Бүтүрүүчүлөр администратордун көрсөтмөсүнөн кийин тестти аткарууга киришет.

5.10. ЖМА-СТны өткөрүүдө ар бир бүтүрүүчүгө жекече жумуш орду бөлүнүп, өзүнчө экзамендик тапшырма берилет.

5.11. Бүтүрүүчүлөр администраторлордун көрсөтмөлөрүн так аткарууга милдеттүү. Тест учурунда сүйлөшүүгө, ордунан турууга, уруксатсыз орун алмашууга, тест материалдарын алмашууга тыюу салынат.

5.12.    Бүтүрүүчүлөрдүн кол телефон же башка байланыш каражатын, жазуу жүзүндөгү басылмаларды ала киришине катуу тыюу салынат. Бул талаптарды бузган учурда бүтүрүүчү экзаменден чыгарылып, бул тууралуу протокол толтурулат да, ага комиссия мүчөлөрү кол коюшат.

5.13. Математика, физика, химия, геометрия жана информатика боюнча тесттерди аткарууда окуучулар маселелердин чыгарылышын атайын берилген барактарга жазышат.

5.14.    кечигип келген (30 мүнөттөн ашпаган убакыт) бүтүрүүчүлөр тестке киргизилип, калган убакыттын чегинде катыша алат.

5.15.    Купуялык бузулганда, тест материалдары жоголгондо, тест тапшыруучулар тестирлөө эрежелерин бузганда, же жасалма документтерди жана жалган маалыматтарды бергенде, УТЖБ ЖМА-СТнын жыйынтыктарын жокко чыгаруу укугуна ээ.

5.16.    Тест жүргүзүүдөн кийин окуучулар ЖМА-СТнын бардык материалдарын (тест тапшырмаларын, жооп баракчаларын, черновикти) администраторлорго тапшырат.

5.17. Окуучулардын тесттик материалдары оромдолуп, мектептин мөөрү бастырылат жана администратор тарабынан УТЖБ өкүлүнөөткөрүп берилет.

VI. ЖМА-СТ формасындагы сынап көрүүгө катышуучулар

6.1. ЖМА-СТны сынап көрүүгө облустук борборлордун жана Токмок шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринин 2015-2016-окуу жылындагы 11-класстын бүтүрүүчүлөрү катышууга милдеттүү.

6.2. “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын алууга талапкерлер ЖМА-СТдан бошотулуп, “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын алууну тастыктоого белгиленген тартипте катышышат жана өткөрүү күнү КР ББИМ белгиленет.

6.3. Бүтүрүүчүлөрдү каттоо үчүн жалпы билим берүү мекемелеринин жооптуу кызматкерлери педкеӊешинин чечиминин негизинде бүтүрүүчүлөрдү ЖМА-СТны сынап көрүүгө киргизүү жөнүндө протоколдорунун көчүрмөлөрүн тест администраторго берет да, алардын курамындагы соӊку өзгөрүүлөр тууралуу кабарлайт.

6.4. ЖМА-СТге жүйөлүү себептерге байланыштуу тест жүргүзүүгө келбей калган бүтүрүүчү билим берүү башкармалыгынын, ШБББ комиссиясынын чечими менен өздөрү окуган жалпы билим берүү мекемесинен жыйынтыктоочу аттестацияны тапшыра алышат.

6.5. ЖМА-СТге катышуучу бүтүрүүчүлөр тест жүргүзүүгө төмөндөгүлөрдүн негизинде киргизилет:

— кара же чымкый көк сыялуу акма калемсап;

— паспорт же өздүгүн аныктаган документ;

— өздүгүн аныктаган документ жок болсо, алдын-ала мектептин мөөрү басылган, окуучунун сүрөтү бар билдирме сунушталат.

VII. Тесттердин мазмуну

7.1. Тест жүргүзүү УТЖБ түзгөн стандартташтырылган тесттердин негизинде өткөрүлөт.

СТге ачык жана жабык типтердеги төмөндөгүдөй тапшырмалар кирет:

— жабык типтеги тест тапшырмалары – бир туура жоопту тандоо тапшырмалары;

— тийиштүүлүктү аныктоо же ырааттуулукту белгилөө тапшырмалары;

— шайкештикти аныктоочу тапшырмалар;

— ачык типтеги тест тапшырмалары – кыска жооптуу же тест тапшыруучу барактагы атайын бөлүнгөн жерге туура жоопту өз алдынча толуктап, же кыстарып жазышы талап кылынган тапшырмалар.

7.2. ЖМА-СТ тест жүргүзүү 2 бөлүктөн турат:

Биринчи бөлүк: төмөнкү сабактар сөзсүз киргизилген:

— алгебра жана анализдин башталышы;

— эне тил жана адабият;

— Кыргызстандын тарыхы;

— мамлекеттик тил (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – кыргыз тили), расмий тил (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – орус тили).

Тестке бөлүнгөн убакыт:

алгебра жана анализдин башталышы – 1 саат;

эне тили (кыргыз тили, орус тили — тест) – 45 мүн;

адабият (кыргыз адабияты, орус адабияты — тест) – 45 мин;

мамлекеттик тил (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – кыргыз тили), расмий тил (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – орус тили) – 45 мин;

Кыргызстандын тарыхы –1 саат.

Экинчи бөлүк: жалпы билим берүүчү мекемелердин баардык бүтүрүүчүлөрү тандоого алган предметтик тесттер:

геометрия, физика, химия, биология, география, англис тили, немец тили, француз тили, информатика, жаран таануу (бир предмет окуучу тарабынан алдын-ала тандалып алынат).

Предметтик тесттерге: геометрия, физика, химия, информатика, география, биология, жаран таануу, чет тилдери – 1 саат (ар бир предметке) бөлүнөт.

VIII. Тест жүргүзүүнүн жыйынтыгын иштеп чыгуу жана баалоо (шкала менен)

8.1. Тест жүргүзүүнүн жыйынтыктары беш баллдык тутум боюнча бааланат. Бүтүрүүчүнүн арызына ылайык тест жүргүзүүнүн жыйынтыгы мектептин педкеӊеши тарабынан каралып, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация катары орто билими тууралуу аттестатка коюлат.

8.2. Баллдардын эсеби ар бир предмет боюнча алынган баллдардын суммасы аркылуу алынат.

8.3. Баллдардын суммасынын баага айланышы баалоо жөнүндөгү заманбап технологияларды пайдалануу менен илимий тыянактын негизинде ишке ашат.

8.4. “жакшы”, “канааттандыраарлык”, жана “канааттандыраарлык эмес” баа алган бүтүрүүчүлөр жеке арызына ылайык, тест жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен алган баасын жогорулатуу үчүн мектептин педкеӊешинин чечими менен жалпы негизде жыйынтыктоочу аттестациядан өтүү мүмкүнчүлүгү бар.

8.5. Топтолгон балл тууралуу тизме беш баллдык баага өткөрүлүп, шаардык жана райондук билим берүү органдарына орто билими жөнүндө аттестатка баа коюу үчүн берилет.

8.6. ЖМА-СТ тестинин жыйынтыгы КР ББИМ бекиткен тизмеге ылайык ишке ашат.

IX. ЖМА-СТны жыйынтыктоо

9.1. Орто билими тууралуу документ ЖМА-СТнын жыйынтыгы менен шаар, райондордогу мектептердин администрациясы тарабынан таризделип, билим берүү жөнүндө документтерди сактоо тартибинин талаптарына ылайык белгиленген мөөнөттө берилет.

9.2. Бүтүрүүчүлөрдүн өз арызына ылайык тандаган сабагынан педкеӊештин чечими менен жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан тест жүргүзүүнүн жыйынтыгына жараша (толугу менен же толук эмес) бошотулат.

9.3. Мектептин педкеӊешинин чечими менен жалпы орто билими тууралуу курс боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан бошотулган бүтүрүүчүлөргө ЖМА-СТнын жыйынтыгында алган баалары төмөнкү сабактардан аттестатка коюлат:

— Алгебра жана анализдин башталышы (жазуу);

— Эне тили жана адабияты (жазуу);

— Кыргыз (мамлекеттик) тили (жазуу);

— Орус (расмий) тили (жазуу);

— Кыргызстандын тарыхы (оозеки);

— тандаган сабагы (жыйынтыкка ылайык).

9.4. Лицейлердин, гимназиялардын жана бир же эки сабакты базалык көлөмдөн сырткары, тереӊдетип окуган мектептердин бүтүрүүчүлөрү тандаган сабагы боюнча экзаменди жалпы негизде белгиленген тартипте тапшырат.

9.5. Аскерге даярдык жана дене тарбия сабактары мектептин нускамасына ылайык тапшырылат.

9.6. ЖМА-СТнын жыйынтыгы УТЖБ мөөрү басылып, мектеп администрациясына кагаз жүзүндө тапшырылат жана КР ББИМнин, УТЖБнын сайттарына жайгаштырылат: www.edu.gov.kg жана www.ntc.kg

X. Талаштуу жагдайларды чечүү тартиби

10.1. ЖМА-СТнын жыйынтыктарын чыгарууда келип чыгуучу бардык талаштар менен пикир келишпестиктерди РЭК карап чыгат.

XI. ЖМА-СТны сынап көрүүнүн каржыланышы

11.1. ЖМА-СТны сынап көрүү боюнча уюштуруу иш-чаралары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланат.

Поделиться

Комментарии